Архитектурадагы стилдер

Шарипа Исраилова ачык сабак учурунда

Сабактын темасы: С өз өстүрүү сабагы.

Сабактын максаты: Билим берүүчүлүк: Сүйлөө кебинде си­ноним, антонимдерди жана фра­зеологизмдерди, макал-лакаптар­ды колдоно билип, маанисин, маңызын терең түшүнүп, өз оюн кеңири айта билүүсүнө шарт түзүү.

Студенттердин эске тутуу жана өз алдынча ой жүгүртө билүүсүн өстүрүү.

Өнүктүрүүчүлүк: Кесиби бо­юнча кызыктуу маалыматтарды берүү жана кесиптик билим алууга багыттоо.

Тарбия берүүчүлүк: Сабак­та колдонулган материалдардын негизинде студенттердин өз кеси­бине болгон кызыгуусун артты­руу. Кыргыз тилин ата-бабалары­быздан калган улуу мурас катары ыйык тута билип, эне тилибиздин мындан ары өнүп өсүшүнө ар бири­биз өз салымыбызды кошуу менен аны сүйө билүүгө тарбиялоо.

Сабактын түрү: Аралаш.

Сабактын ыкмасы: Интерактивдүү-инновациялык ыкма.

Сабактын жабдылышы: DVD, проектор, телевизор, “Керемет та­лаасы”, карточкалар.

Сабакты уюштуруу: (журнал боюнча тактоо, классты сабакка даярдоо)

1. Өтүлгөн теманы кайталоо.

2. Жаңы теманы түшүндүрүү.

3. Сабакты жыйынтыктоо.

Балдар, бүгүн биз үч топко бөлүнүп алып иштейбиз.

Эми, өтүлгөн темалар боюн­ча суроолорго жооп берип, өз командаңарга көбүрөөк упай топ­тогонго аракет кылгыла. Сабактын аягында кайсы топ көп упай чо­гултса ошолор жалаң беш деген баа алышат.

Биз өткөн сабакта фразеоло­гизимдер менен таанышканбыз.

Кана ким айтат?

1. Фразеологизм деп эмнени айтабыз?

Жообу:

2. Эмне үчүн даяр түрүндө кол­донушубуз керек экен?

3. Эмне үчүн фразеологизмдер өтмө гана мааниде колдонулат?

Азаматсыңар, эми ушул “Кере­мет талаасында” фразеологизмдер коюлган ар бир топтон бир киши чыгып, алган фразеологизмдердин маанисин түшүндүрүп бересиңер.

1-топ

2-топ

Көнүгүү иштөө

Берилген фразеологизмдерди мааниси боюнча туура келген жер­лерге койгула (төбө чачы тик турду, уядан учуруу, ыгынан чыкпоо, эгиз козудай, тамырына балта чабуу, шапар тебүү, чоң муштум)

1. Сагынбек бой­го жетсе да ата-энеси­нин……………………………………..

2. Капысынан алдынан чыга калган итти көрүп, Асандын ………………

3. Дүйнө жүзүндө канчалаган жаштар баңгизаттын азабынан …… …………………………………….жатышат.

4. Студенттик күндөрүбүздү …. ………………………………. өткөрөлү.

5. Манас кичине кезинен эле…………………….болуптур.

6. Батма менен Зухра бири- бирине ……………………окшош болуптур.

7. Баатырбек карыя уулун шаарга узатып жатып: “ ………….. ……………………………… д е г е н ушу, балам, мындан аркы жашооң өз колуңда!” – деди.

Жебени колдонуп, сүйлөмдөрдү маанисине дал келген фразеоло­гизмдер менен бириктиргиле.

Видеоролик (телевизордон, DVD) фразеологизмдер боюнча

Балдар, бүгүн биз текст менен иштейбиз.

Тексттин темасы: “Архитекту­радагы стилдер” (теманы доскага жазуу)

Эң алды:

а) Архитектура деген сөз эмне?

б) Стиль деген эмне?

в) Кептин стилдери жана архи­тектуранын стилдеринин айырма­чылыгы эмнеде?

Архитектурадагы стилдер

– Архитектура – курулуштун ис­кусствосу, имараттын, курулуштун стилинин көркөмдүгү.

– Стиль (лат. тили)- бир сүрөтчүнүн, замандын же улуттун чыгармаларына таандык болгон көркөмдүк каражаттардын жый­ындысы.

Архитектурадагы стилдер – белгилүү бир заманга же кылым­га тиешелүү курулуштардын, има­раттардын, көркөм каражаттардын негизинде кооздолушун, ыңгайлуу, жайлуу көркөмдөлүшүн айтабыз.

Архитектура байыркы мезгил­дерден бери жашап келе жатат.

Ар бир мезгилдин архитектура­сы жана өз стили болгон. Мисалы:

1. Готика стили XII- XIII кылым­дарда борбордук жана чыгыш Ев­ропада пайда болуп, өнүгө баш­таган.

2. Романтизм стили

3. Барокко стили XVI- XVIII кы­лымдардагы өтө кылдат форма­дагы кооздолгон архитектуралык стиль.

4. Классицизм – XVII-XIX Европада пайда болгон стиль жөнөкөйлүгү, ыңгайлуулугу менен өзгөчөлөнүп турат.

5. Модерн – XIX-XV к. заман­бап, жаңы архитектуралык стиль (хайтек).

Парижде көбүнчө готика стили колдонулган. Мисалы, Нотэрдам де Пари собору. Россияга чейин готика жеткен эмес. Россияда архи­тектуранын эң эле кызыктуу агымы жыгач өнөрчүлүгү болгон. Ага Ки­жактагы он тогуз баштуу чиркөө ми­сал боло алат. Россияда барокко стили кеңири жайылтылган. Петр сарайы барокко стилинде курул­ган, куруучулар ушул күнгө чейин анын каскаддарынын, скульптура­ларынын, тарыхынын кооздугуна суктанышат.

“Веер” ыкмасы

Азыр эки топко бөлүнүп алып, текстти окуп түшүнөбүз.

а) Берилген текстти окуп түшүнөсүңөр.

б) Эми түшүнгөнүңөрдү бирин­чи топ экинчи топко, экинчи топ биринчи топко айтып бересиңер.

в) Ар ким өзүнүн тексти боюнча суроолорду жазат.

Керемет талаасына коюп теге­ретебиз. Ар бир командадан ким көп суроого жооп берсе, ошол топ уткан болот.

Тексттин толук варианты про­ектордон көрсөтүлөт. Ушул текст менен таанышканда биз үчүн жаңы сөздөр пайда болду. Азыр биз түшүндүрмө сөздөрүбүздү баштайбыз. Ар бириңер бирден сөзгө түшүндүрмө же презентация жазайсыңар.

Кана, ким бизге готика деген сөздүн тарыхы жана мааниси жөнүндө айтып берет?

1. Готика – Азиз

2. Романтизм – Аскар

3. Барокко – Нуралы

4. Классицизм – Азамат

5. Модерн – Куштарбек

Эми биз келечекте архитектор болобуз, бүгүнкү сабагыбыз да сөз өстүрүү сабагы болгондуктан, болочок архитектор Азиз өзүнүн сүйлөө жана архитектордук та­лантын көрсөтөт. Өзү түзгөн дол­боорун барктап, мактап, сапаттап айтып берет.

Азиздин долбоордук макетин жактоо.

Сабакты бышыктоо: Биз бүгүн сиздер менен бирге АР­ХИТЕКТУРАНЫН ажайып кооз дүйнөсүнө саякат жасадык. Дүйнө жүзүндөгү ар кандай архитектура­лык стилдеги кооз. көркөм има­раттарды көрдүк.

Мындай кооздук өз ишин жак­шы билген чыныгы архитекторлор­дун гана колдорунан келет. Силер да келечекте ушундай ажайып кооз стилдеги имараттарды куруп, сүйүктүү Бишкек шаарыбызды эң кооз шаарга айландырарыңарга ишенебиз!

Кыргыз тили жөнүндө декламация айтуу.

Сабакты жыйынтыктоо:

Сабакты баалоо:

Шарипа Исраилова

1 Kомментарий

1 Trackback / Pingback

  1. Кесиптик багытта кыргыз тилин натыйжалуу окутуу – заман талабы | Кутбилим

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*