Сабактын темасы: С өз өстүрүү сабагы.
Сабактын максаты: Билим берүүчүлүк: Сүйлөө кебинде синоним, антонимдерди жана фразеологизмдерди, макал-лакаптарды колдоно билип, маанисин, маңызын терең түшүнүп, өз оюн кеңири айта билүүсүнө шарт түзүү.
Студенттердин эске тутуу жана өз алдынча ой жүгүртө билүүсүн өстүрүү.
Өнүктүрүүчүлүк: Кесиби боюнча кызыктуу маалыматтарды берүү жана кесиптик билим алууга багыттоо.
Тарбия берүүчүлүк: Сабакта колдонулган материалдардын негизинде студенттердин өз кесибине болгон кызыгуусун арттыруу. Кыргыз тилин ата-бабаларыбыздан калган улуу мурас катары ыйык тута билип, эне тилибиздин мындан ары өнүп өсүшүнө ар бирибиз өз салымыбызды кошуу менен аны сүйө билүүгө тарбиялоо.
Сабактын түрү: Аралаш.
Сабактын ыкмасы: Интерактивдүү-инновациялык ыкма.
Сабактын жабдылышы: DVD, проектор, телевизор, “Керемет талаасы”, карточкалар.
Сабакты уюштуруу: (журнал боюнча тактоо, классты сабакка даярдоо)
1. Өтүлгөн теманы кайталоо.
2. Жаңы теманы түшүндүрүү.
3. Сабакты жыйынтыктоо.
Балдар, бүгүн биз үч топко бөлүнүп алып иштейбиз.
Эми, өтүлгөн темалар боюнча суроолорго жооп берип, өз командаңарга көбүрөөк упай топтогонго аракет кылгыла. Сабактын аягында кайсы топ көп упай чогултса ошолор жалаң беш деген баа алышат.
Биз өткөн сабакта фразеологизимдер менен таанышканбыз.
Кана ким айтат?
1. Фразеологизм деп эмнени айтабыз?
Жообу:
2. Эмне үчүн даяр түрүндө колдонушубуз керек экен?
3. Эмне үчүн фразеологизмдер өтмө гана мааниде колдонулат?
Азаматсыңар, эми ушул “Керемет талаасында” фразеологизмдер коюлган ар бир топтон бир киши чыгып, алган фразеологизмдердин маанисин түшүндүрүп бересиңер.
1-топ
2-топ
Көнүгүү иштөө
Берилген фразеологизмдерди мааниси боюнча туура келген жерлерге койгула (төбө чачы тик турду, уядан учуруу, ыгынан чыкпоо, эгиз козудай, тамырына балта чабуу, шапар тебүү, чоң муштум)
1. Сагынбек бойго жетсе да ата-энесинин……………………………………..
2. Капысынан алдынан чыга калган итти көрүп, Асандын ………………
3. Дүйнө жүзүндө канчалаган жаштар баңгизаттын азабынан …… …………………………………….жатышат.
4. Студенттик күндөрүбүздү …. ………………………………. өткөрөлү.
5. Манас кичине кезинен эле…………………….болуптур.
6. Батма менен Зухра бири- бирине ……………………окшош болуптур.
7. Баатырбек карыя уулун шаарга узатып жатып: “ ………….. ……………………………… д е г е н ушу, балам, мындан аркы жашооң өз колуңда!” – деди.
Жебени колдонуп, сүйлөмдөрдү маанисине дал келген фразеологизмдер менен бириктиргиле.
Видеоролик (телевизордон, DVD) фразеологизмдер боюнча
Балдар, бүгүн биз текст менен иштейбиз.
Тексттин темасы: “Архитектурадагы стилдер” (теманы доскага жазуу)
Эң алды:
а) Архитектура деген сөз эмне?
б) Стиль деген эмне?
в) Кептин стилдери жана архитектуранын стилдеринин айырмачылыгы эмнеде?
Архитектурадагы стилдер
– Архитектура – курулуштун искусствосу, имараттын, курулуштун стилинин көркөмдүгү.
– Стиль (лат. тили)- бир сүрөтчүнүн, замандын же улуттун чыгармаларына таандык болгон көркөмдүк каражаттардын жыйындысы.
Архитектурадагы стилдер – белгилүү бир заманга же кылымга тиешелүү курулуштардын, имараттардын, көркөм каражаттардын негизинде кооздолушун, ыңгайлуу, жайлуу көркөмдөлүшүн айтабыз.
Архитектура байыркы мезгилдерден бери жашап келе жатат.
Ар бир мезгилдин архитектурасы жана өз стили болгон. Мисалы:
1. Готика стили XII- XIII кылымдарда борбордук жана чыгыш Европада пайда болуп, өнүгө баштаган.
2. Романтизм стили
3. Барокко стили XVI- XVIII кылымдардагы өтө кылдат формадагы кооздолгон архитектуралык стиль.
4. Классицизм – XVII-XIX Европада пайда болгон стиль жөнөкөйлүгү, ыңгайлуулугу менен өзгөчөлөнүп турат.
5. Модерн – XIX-XV к. заманбап, жаңы архитектуралык стиль (хайтек).
Парижде көбүнчө готика стили колдонулган. Мисалы, Нотэрдам де Пари собору. Россияга чейин готика жеткен эмес. Россияда архитектуранын эң эле кызыктуу агымы жыгач өнөрчүлүгү болгон. Ага Кижактагы он тогуз баштуу чиркөө мисал боло алат. Россияда барокко стили кеңири жайылтылган. Петр сарайы барокко стилинде курулган, куруучулар ушул күнгө чейин анын каскаддарынын, скульптураларынын, тарыхынын кооздугуна суктанышат.
“Веер” ыкмасы
Азыр эки топко бөлүнүп алып, текстти окуп түшүнөбүз.
а) Берилген текстти окуп түшүнөсүңөр.
б) Эми түшүнгөнүңөрдү биринчи топ экинчи топко, экинчи топ биринчи топко айтып бересиңер.
в) Ар ким өзүнүн тексти боюнча суроолорду жазат.
Керемет талаасына коюп тегеретебиз. Ар бир командадан ким көп суроого жооп берсе, ошол топ уткан болот.
Тексттин толук варианты проектордон көрсөтүлөт. Ушул текст менен таанышканда биз үчүн жаңы сөздөр пайда болду. Азыр биз түшүндүрмө сөздөрүбүздү баштайбыз. Ар бириңер бирден сөзгө түшүндүрмө же презентация жазайсыңар.
Кана, ким бизге готика деген сөздүн тарыхы жана мааниси жөнүндө айтып берет?
1. Готика – Азиз
2. Романтизм – Аскар
3. Барокко – Нуралы
4. Классицизм – Азамат
5. Модерн – Куштарбек
Эми биз келечекте архитектор болобуз, бүгүнкү сабагыбыз да сөз өстүрүү сабагы болгондуктан, болочок архитектор Азиз өзүнүн сүйлөө жана архитектордук талантын көрсөтөт. Өзү түзгөн долбоорун барктап, мактап, сапаттап айтып берет.
Азиздин долбоордук макетин жактоо.
Сабакты бышыктоо: Биз бүгүн сиздер менен бирге АРХИТЕКТУРАНЫН ажайып кооз дүйнөсүнө саякат жасадык. Дүйнө жүзүндөгү ар кандай архитектуралык стилдеги кооз. көркөм имараттарды көрдүк.
Мындай кооздук өз ишин жакшы билген чыныгы архитекторлордун гана колдорунан келет. Силер да келечекте ушундай ажайып кооз стилдеги имараттарды куруп, сүйүктүү Бишкек шаарыбызды эң кооз шаарга айландырарыңарга ишенебиз!
Кыргыз тили жөнүндө декламация айтуу.
Сабакты жыйынтыктоо:
Сабакты баалоо:
Шарипа Исраилова
Албетте, кызыктуу болуптур десек болот, өзгөчө архитектурадан берген маалымат жакты.