Эне тилин баалай билели

Кыргыз тили — Кыргыз Республикасынын негизги калкынын, кыргыз улутунун тили. Ырас, эне тилибизди сүйүү ар бир атуулдун адамдык парзы, б.а. эне тилибиз кан- жаныбыз менен кошо бүткөн, боор эт менен тең, эч нерсе менен алмаштыргыс ыйык дөөлөтүбүз, сыймыгыбыз.

Сайракан МАМБЕТАЛИЕВА,
Жалал-Абад областындагы Сузак районунун № 94 Б.Калымбетов атындагы орто мектептин директору

Эне тилибизди ата-бабаларыбыз көөнөрбөс мурас катары калтырган. Тилибиз байыркы бай тилдердин бири экендигин карт тарых айгинелеп турат.

Кечээ жакында лингвист-окумуштуу, австралиялык Венгер Стефенно Ворму дүйнөлүк тил атласын түзүп, 50гө жакын тил жок болуу коркунучунда экендигин тастыктады. Адистердин пикири боюнча бир элдин жеткинчек балдарынын 30%дан ашыгы эне тилинде сүйлөбөсө тилдин жок болуу коркунучу жаралат экен.

Ал эми кыргыз тилинде 3 миллиондон ашык адам сүйлөп турганда жоголуп кетет деп ойлобойм. Өзгөчө менин педагогикалык тажрыйбамдын дагы тереңдөө мезгили ушул «Кыргыз тили – мамлекеттик тил» деген статус алган жылдарында бир аз натыйжалуу жана ийгиликтүү жылдардан болду десем жаңылышпайм. Анткени Жалал-Абад шаарынын Р.Санатбаев атындагы гимназия мектебинде «Манас» эпосу – кыргыз элинин энциклопедиясы», «Манас — кыргыз элинин туу чокусу», «Манас — кыргыз элинин сыймыгы», «Урааным – Манас, улутум — Кыргыз!» — деген темадагы сабактарымда кыргыздын кыргыз экенин тастыктаган сы­нактарды өткөрүү менен бирге эне тилибиздин учу-кыйыры жок чексиз кең мекендей экендигине терең ишендим окшойт.

Анткени мектепте орус, кыргыз класстары арбын эле. Ошол мезгилдеги орус класстарындагы окуучулар менен окутуучуларынын эмгегин эскербесем болчудай эмес. Себеби, 7-8-9-10-11-класстагы окуучуларынын эне тилге болгон ма­милесин колдошуп, кыргызча декломация, ыр ырдоого жетишишти. Ошондой эле класс жетекчилери Мариям Хамзаева, Роза Александрова, Ирина Васильева, Людмила Алексеевалар кыргыз тилине аябай жоопкерчиликтүү мамиле жасашар эле. Бирикменин усулчусу катарында мектептен кандай кулактандырууну айтсам, мектептин талаптарын ушунчалык системалуу аткарышып жүрүштү. Алардын аракеттерин байкап, кароо сынактарды тайпаларга бөлүп, график аркылуу өткөрүп жүрдүм.

Ушундай жакшы саамалыктардан пайдаланып, «Эне тилим – эне сүтүм», «Тил тагдыры – эл тагдыры», «Тил — достукка чакырат», «Эне тил болбой эл болбойт», «Дил жоголсо дагы, тил жоголбойт», «Улутум менен улутмун», «Улут болсоң тилиң менен улутсуң» деген темада конкурстар, кечелер өткөрүлдү. Жогоруда аты аталган орус улутундагы эжекелердин калыстыгын, тактыгын, түшүнүктүүлүгүн жогору бааладым. Ал эми биздин айрым «киргиздерибиздин» терс мамилелерин көрүп туруп, өкүнөсүң. Эгемендүүлүккө жетсек деле эч натыйжа жок деп кол куушуруп, бири-бирибизди тиктеп тура бермей адатыбыздан кутулсак жакшы болоор эле.

Айрым маалыматтарга карасак, Канадада, Грузияда, Дагестанда ж.б. жерлерде өз тилин мамлекеттик тил катары жогору баалашат. Биз деле алардан калышпай өз тилибизди мамлекеттик деңгээлде өнүктүрүүгө тийишпиз.

Биздин элден деле сыймыктана турган улуу адамдар чыкты. Алардын атын атап калпагыбызды бийикке ыргытсак башкаларга жөн эле мактанып жатышат деп айта алышпайт. Тарыхта «Кыргызды Манас сактаган», «Кыргызды Чынгыз даңктаган» деген улуу сөздөр бекеринен айтылбаган чыгар.

Канча тил билсең ошончо адамсың дегендей, башка тилдерден келген сөздөрдү билип, сиңирип, өз эне тилибизге айкалыштырып байытуу зарыл. Бул багытта тилчилер эмнеге иштебейт?

«Биздин мамлекеттик тилге кам көрүп жатканыбыз эч качан расмий тилдүүлөргө терс таасирин тийгизбейт», — дейт Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаева. Биздин тил улуу тил. «Орто Азия жазма эстеликтеринде аты эң эрте эскерилген эл – Кыргыз эли» деп улуу окумуштуу В.Бартольд бекеринен белгилеп, айтып чыккан эмес. Улуттук ар намыс көп тил билүүдөн сыртта калуу дегендик эмес. Кыргыз жаштары өз эне тилинен тышкары зарыл делген дүйнөлүк тилдерди үйрөнүп жатышат. Орус тилин жакшы билишет. Башка тилдерди жакшы билүү менен өз тилиңди өнүктүрүп, өстүр дээр элем.

Кыргыз тили – кыргыз улутунун гана эмес, кыргыз мамлекетинин эне тили. Ырас, эне тили болгондон кийин мектепке чейинки тарбия иштеринде мамлекеттик тилди окутуу милдеттүү түрдө жүргүзүлсө. Мамлекеттик тилге мамлекеттик деңгээлдеги мамиле, жоопкерчилик болушу керек. Демек, ал тил мамлекеттин турмуш тиричилигинин тили катары жашашы парз. Мамлекетте жашаган ар бир жаран үчүн муктаждыктарын ошол тил аркылуу канааттандыра алгандай шарт, өзгөчөлүктөр түзүлүшү керек. Мамлекеттик тилге мамлекеттик деңгээлде кам көрүшүбүз зарыл. Себеби тил менен улут тагдыры, кыргыз улутунун улуттук жан дүйнөсүнүн тагдыры аныкталышы абзел.

Курч калемгер Шайлообек Дүйшеевдин:

«Жылт эткендин баары жылдыз эмес,

Кабыландын баары Манас эмес.

Калкын чанган, калкынын тилин чанган,

Хан болсо да кыргыздын баласы эмес!» — деген ыр саптары бекеринен айтылбаган.

Кыргыз элинин атуулумун деген ар улуттагы жаштарды мамлекеттик тилди үйрөнүүгө, өнүктүрүүгө чакырар элем. Мамлекеттик тил бирөө эле болот. Ошого баш ийип, аны сыйлайлы. Анткени мамлекеттик тилди билүү, өнүктүрүү ар бир кыргызстандыктын милдети.

Тил улуттун улут экенин аныктаган паспорт. Ошондуктан кыргыздын улуулугу, сулуулугу, баалуулугу анын кереметтүү тилинде экендигин унутсак, ата- бабалардын арбагы бизди кечирбейт.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*