«Керемет-бөбөк» керемет жайга айланат

Союз ыдырап, демократиянын жардамы менен район, айыл жергесиндеги китепкана, мончо, бала бакча, ФАП ж.б. бир нече социалдык жайлар таланып-тонолуп, айрымдары текейден да арзан сатылган. Демократиянын мындай терс көрүнүштөрүнөн айылдын жүздөгөн адамдары гезит-журнал, китеп окуй турган китепканаларга, жуунуп тазалануучу мончолорго зар болушса, он миңдеген жаш бөбөктөр бала бакчаларга барууга кезекте туруп келишет. Учурда жогоркудай жайларды калыбына келтирүү оңойго турбаса да жергиликтүү жетекчилердин иш-аракеттеринин натыйжасында социалдык курулуш объектилерин акырындык менен калыбына келтиришүүдө.

Алардын бирине Жайыл районунун Кара- Балта шаарынын төмөнкү аймагынан орун алган “Керемет-Бөбөк” бала бакчасынын ачылышы мисал болмокчу. Анын салтанаттуу ачылыш аземине райондун, шаар мэриясынын, билим берүү бөлүмүнүн жетекчилери жана ата-энелер катышты. Бала бакчанын ачылышы райондун тургундары үчүн өзгөчө маанилүү окуялардын бири болду. Союз кезинде шаардын бул аймагында жайгашкан ар бир мекеме-ишканалардын бирден бала бакчалары бар болчу. Ал мекеме-ишканалардын жоюлушу менен мындагы бала бакчалар да жоюлуп, райондун тургундары балдарын жогорку аймакка жиберүүгө аргасыз болушкан. Аталган бала бакча да жогорудагы көйгөйлөрдөн аттап өтө албады. Бала бакча ар кандай себептер менен жабылып, ичиндеги эмеректер таланып-тонолуп кеткен.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчи­лери имаратты жок болуудан сактап калуу үчүн 1-4-класска чейинки билим берүүчү мектепке ай­ландырышкан. Бирок кийинки учурда бакчаларда орун жетишпестик көйгөйүнөн улам 2012-жылдын июль айынан баштап башталгыч мектептин оку­учулары №1 орто мектепке которулат. Бош калган имарат 6 ай ичинде шаардык муниципалдык бөлүмү тарабынан 2 млн. сомго канализация, ысык жана муздак суу тармактары, санитардык бардык түйүндөр, ошондой эле имараттын бардык бөлмөлөрү капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, 1 млн. сомго ашканага керектелүүчү инвентарлар, балдар жатууга диван, матрацтар, тамактануучу стол, стулдар, кийим коюлчу шкафтар, балдардын оюнчуктары алынып, жеткинчектердин жеткилең тарбиялануусу үчүн баардык шарттар түзүлдү. Бала бакча менен таанышууда анын жетекчиси Бактыгүл Сыдыкова төмөнкүлөргө токтолду: – Бакчабыз шаардык муниципалдык бөлүмдүкү болгондуктан балдардын тамагы 50 сомду түзсө, анын 50% ата-энелер, калганы аталган бөлүм тарабынан каржыланат. Бакчада орус жана кыргызча топтон турган 200гө жакын балдар тарбияланып келет, – дейт.

Таанышуудан кийин бакчанын кеңсесинде кыскача жыйын өткөрүлдү. Жыйында райондун акими Т.Суванбеков жамааттын жаңы конуштуу болушу менен чын жүрөктөн куттуктап, бөбөктөргө жеткилең тарбия, жаркын келечек каалап, администрация тарабынан бир компьютер тартуулады. Шаардын мэри Д.Шабданов да союз мезгилинде КТРК ишканасынын каржылоосу менен шаардын жогорку аймагына билим берүү, медицина, ма­даният, спорт, бала бакчалары салынып, ал эми төмөнкү аймагы андай инфратүзүмдөр менен аз камсыз болгондугуна токтолуп, эми бул аймактарга да өзгөчө көңүл бурулуп, спорттук аянтчалар, эс алуучу жайлар курулаарын, ошондой эле бир канча жылдан бери мамлекеттик мүлк фондусунун кара­магына өткөрүлгөн “Колосок” жана бажыканадагы бала бакчаны кайтарып алуу жөнүндөгү маселе да оң чечилип жаткандыгын билдирип, жамаат ишине ийгилик каалады.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Гасанов билим берүү бөлүмү мектеп окуучуларына сапаттуу билим берүү менен гана чектелбестен, мектепке чейинки жаш бөбөктөрдүн жеткилең тар­бияланышында көптөгөн иш-чаралар жүргүзүлүп жаткандыгын, айыл өкмөттөрүндө да бала бакча­лар ачылып, өткөн жылы шаарда «Эркетай» бала бакчасы уюшулганын, өзү иштеген 2002-жылдан бери 18- бала бакча болуп “Керемет-Бөбөк” бак­часы ачылып жаткандыгын, жакында балдар үчүн атайын селкинчек, муз тебүүчү, балдар ойноочу аянтчалар курулуп, айланасына жаш балатылар кооз отургузулуп «Керемет-Бөбөк» келечекте ке­ремет жайга айланаарын баса белгиледи.

Жогоруда бөлүм башчысы белгилегендей, бир кезде мындай жайлар партия, Ленин доорунда болгон. Азыр балдар ата-эненин көз алдында тарбияланышы керек деп аларды эскинин калдыгы катары жеригенибиз менен мындай жайлар зарыл экендигин мезгил өзү тастыктап келет. Кандай болгон күндө да жаш бөбөктөрдүн бала бакча­ларда тарбияланышы кажет. Мында алар 6-7 саат тарбиячылардын көзөмөлүндө болушуп, өз алдынча сүрөт тартканды, кагаздан ар нерселерди жасаганды, музыка менен ыр ырдап бийлеген­ди, тамга таанып, кошуп окуганды үйрөнүп, б.а. 1-класска даяр болуп барат. Мына ошондуктан балдарды тарбиялоону бала бакчадан баштоо керек деп бекер айтышпаса керек.

Болот ЖУМАГУЛОВ, Жайыл району

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*