Кесиптик багытта кыргыз тилин натыйжалуу окутуу – заман талабы

“Орто кесиптик атайын билим берүү окуу жайларында интерактивдүү ыкмаларды колдонуу менен кесиптик багытта кыргыз тили жана адабиятын натыйжалуу окутуу” аттуу шаардык семинар КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын демилгеси менен өткөрүлдү.

Бишкектеги курулуштагы архитектура жана менеджмент колледжинин директору Максат Дүйшөбаевдин айтканына караганда, бул окуу жайга жетекчи болуп дайындалгандан баштап бардык иш кагаздар, билим очогундагы бардык жазуулар кыргыз тилине өткөн.

– Биринчи кезекте кыргыз тилинде жазышат, андан кийин гана орус тилинде жазылат. Анткени биздин окуу жайга келген студенттердин 80-85% алыскы бийик тоолуу айылдардан келгендер. Анан орус тилин билбеген баланы эле кыйнап окута бергендин кажети жок, биринчиден. Экинчиден, “Ааламга жол айылдан башталат” дегендей, айылдан келген таланттуу балдарыбыз арбын. Алар орус тилин жеткиликтүү билбегени менен колунан көөрү төгүлүп, заманбап үйлөрдү куруудагы, эмеректерди жасоодогу долбоорлору мактоого арзыйт. Керек болсо, биздин студенттердин долбоорлору эл аралык сынакка татыйт. Белгилүү архитекторлор, Кыргыз-Орус Сла­вян университетинин күчтүү окутуучулары биздин студенттердин иштерин көргөзмөдө көргөндө абдан таң калышкан. Ошондуктан балдарга сапаттуу билим берүүдө эне тилинде берсек жаман болбостур. Өзгөчө биздин кесипке керектүү терминдерди терминком которуп беришсе жакшы болот эле. Албетте, “канча тил билсең, ошончо дил билесиң” дегендей, борбор калаага келгенден кийин идиректүү балдар өздөрү эле изденип олтуруп калган тилдерди үйрөнүп алышат, – дейт колледждин директору.

– Дегеле кыргыз тилин окутууда шаарда мектептерге гана көңүл бурулат. Бизди болсо эмнегедир унутуп коюшкан. Ошондуктан биз Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга кайрылып, тажрыйба алмашуу үчүн семинарларды өткөрө баштадык. Биздин окуу жай­да алты кесип боюнча даярдалат. 1-курстан баштап кесипке багыттайбыз. Ошол көп жылдан бери топтолгон иштерибизди көрсөтүп, тажрыйба алмашсак дедик. Окутуу эки тилде жүргүзүлөт, – деди окуу жайдын Мамлекеттик тил боюнча директордун орун басары Замира Берекебаева.

Семинардын ачылышында сөз алган КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрайымынын милдетин аткаруучу Чолпон Түмөнбаева, быйылкы жылды Президент “Иштерман” жылы деп бекеринен жарыялаган эмес экенин эске салды. Ошондуктан иштей турган, ишти сурай, талап кыла турган мезгил жеткенин, Өкмөт саясий эрк жасап, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кадамдарды жасап жатканын баса белгиледи.

– Эми кыргыз тилчи мугалимдерге мекемелерден, министрликтерден иш кагаздар боюнча окутуп бергиле деп кайрылышса баш тартпаңыздар. Көзөмөлдөн сырт­та калган окуу жайлар менен эми иштеше баштадык. Бүгүн 128 колледжден жок дегенде 100 мугалим келсе жакшы болмок. Болбой эле биздин кендирибизди кайдигерлик кесип жатат. Мейли аз болсо дагы, саз болсун. Чогуу иштешели, тил тилчилердин же Улуттук комиссия­нын менчиги эмес. “Жабыла иштеген иш жеңил” дейт, – деди Чолпон Түмөнбаева.

Андан соң, Ч.Айтматовдун 85 жылдыгына карата “Айтматов аа­ламы” аттуу ачык класстык саат сунушталды. Ириде улуу жазуучунун өмүр баяны жөнүндө слайд-шоу, ал тууралуу айтылган учкул сөздөр, анын “Манас”, Саякбай Каралаев жөнүндөгү эскерүү видеотасмалары көрсөтүлдү. Ошондой эле дасыккан актерлордой чыгармачыл студенттер улуу жазуучунун ар бир чыгармасынан үзүндүлөрдү аткарышып, көрөрмандардын купулуна толушту. Тарбиялык саат эң жогорку деңгээлде даярдалганын семинардын катышуучулары баса белгилешти. Ал эми Шарипа Исраилова өткөн “Сөз өстүрүү сабагында” 2-курстун студенттери “Архитектурадагы стилдер” темасы боюнча фразеологизмдерди, макал-лакаптарды колдонуп, анын маанисин, маңызын терең түшүндүрүп, өз ойлорун тартынбай кеңири айта билишти. Эң кызыгы, бул тайпанын студенттери журналисттердин дагы ролун аткарып, элден макал-лакаптын маанисин түшүндүрүп берүүсүн сурап чыгышкан. Аны студенттер өздөрү видеого тартып алышып, сыналгыдан көрсөтүштү. Шарипа эжейдин сабагы дайыма чыгар­мачылык менен өтөөрү билинип турду. Анткени балдар сабакта өздөрүн эркин сезишип, ойлорун так айтып, жооп берип жатышты. Баса, архитектура бөлүмүнүн иш- аракети боюнча 904-тайпанын студенти С.Ошкина кыргыз тилинде такылдап айтып бергени көңүл жылытты. Демек, бул окуу жайда кыргыз тилин өнүктүрүүдө мугалим­дердин эмгеги зор экенин айтпай кое албайбыз. Мындан сырткары, “Иш кагаздары” боюнча Замира Берекебаева өткөн сабакта студенттер эки топко бөлүнүп алып, эне тилибиздин кадыр-баркын өстүрүүдө иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү өтө чоң мааниге ээ экенин айтышты. Иш кагаздары стили деген эмне, аны жүргүзүүдө кандай талаптар коюлат, мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда иш кагаздары кандай жол менен жол-жоболоштурулат, ал жалпысынан канча топко бөлүнөт жана алар кайсылар ж.б.у.с. суроолордун тегерегинде ой жүгүртүшүп, каржы- бухгалтердик иш кагаздары менен практика жүзүндө иштешти.

Баса белгилей кетчү нерсе, ар бир сабакта мугалимдер заманбап технологияларды сапаттуу пайдалана билгенинде болду. Ошентип, семинардын катышуучулары Биш­кектеги архитектура жана менеджмент колледжинин кыргыз тили мугалимдеринин иш тажрыйбалары менен таанышып, керектүү, кызыктуу ыкмаларды өздөрүнө белгилеп алып, тил капчыктарын толтуруп кетишти.

Семинарда эң кызыктуу сабактардын бири болгон Шарипа Исраилованын иштелмесин сунуштайбыз.

Гүлнара АЛЫБАЕВА

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*