Ментор-насаатчы деген ким?

Жамаатка жайылтылуучу жаңычыл сабактар жөнүндө

Кечээ жакында Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинде «Менторлук-насаатчылык» деген темада семинар–тренинг өткөрүлдү.

Кыргызстандагы Эл аралык кызматташуу Германиялык коомунун (ГИЦ) «Борбордук Азиядагы билим берүү системасын реформалоо» регионалдуу программасы «Педагогикалык кадрларды даярдоо» маселесинин үстүндө иштейт. Бул долбоордун координатору Чолпон Айтматованын жана Т. Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин демилгеси менен 2013-жылы Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс–гимназиясынын базасында педагогикалык практиканын маселелерине арналган «Менторлук-насаатчылык» темасында семинар–тренинг болуп өттү. Мында азыркы студенттер келечектеги педагог адистерге ментор-насаатчынын педагогикалык жана психологиялык жүзү, иш-аракеттери, өзүн алып жүрүүсү жана ар кандай абалдарда өзүн кармай билүүсү, ар түркүн кырдаалдардан чыга билүүсү өңдөнгөн мугалимдик такт, жесттерге жаш адистерди даярдоо, багыттоо усул-ыкмалары тууралуу түздөн-түз практикалык көрсөтмөлүү тренинг-машыгуулар болду.

Семинар-тренингди Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык коллед­жинин окуу-өндүрүштүк иштер боюнча башчысы Динара Кутманалиева жана БК-43 группасынын практика жетекчиси Жаңыл Нуруева алып барышты.

Алар өздөрү 2012-жылдын январь айында ГИЦ тарабынан уюштурулган «Менторлук-педагогикалык практиканы уюштуруунун формасы катары» деген аталыштагы тренинг курсунан өтүп, сертификат алышкан. Андан соң Д.Кутманалиева жана Ж.Нуруева семинар-тренингди БМПКнын «Башталгыч класстарда окутуу», «Дене тарбия жана мектепке чейинки билим берүү» бөлүмдөрүнүн башчыларына жана практиканы жетектеген оку­туучуларга өткөрүшкөн.

Семинар №69 жана №68 окуу-тарбия комплекс–гимназияларынын, практиканы мектеп шартында жетектеген башталгыч класстардын мугалимдери үчүн уюштурулду. Семинардын катышуучулары – Кыргызстандагы ГИЦтин папкалары, «Борбордук Азиядагы билим берүү системасын реформалоо» регионалдуу программасы жөнүндөгү маалымат баракчасы, семинар-тренингдин программасы жана башка материалдар менен камсыз болушту.

Солдон оңго: Ж. Нуруева – БМПКнын окутуучусу, С.Атаева – №69 мектеп-гимназиянын директору, М.Иманалиева – КАОнун улук илимий кызматкери, Д.Кутманалиева – БМПКнын окуу-өндүрүштүк иштер боюнча жетекчиси.

Семинар-тренингдин ачылышында №69 гимназиянын директору С.Атаева педагогикалык кадрларды даярдоо багытында мектептин салымын белгилеп, катышуучуларга семинардын кызыктуу жана пайдалуу өтүшүн каалады.

Д.Кутманалиева семинарды тааныштыруудан баштады. Ар бир катышуучу «Мени тааныткан эн белги» деген темада өздөрүн тааныштырды. Андан соң, сөз Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкери Макил Иманалиевага берилди. Ал ГИЦ тарабынан берилген тапшырма боюнча жаңыдан түзүлгөн «Ментор-насаатчынын колдонмосун» презентациялады. Д.Кутманалиева семинардын катышуучуларын эки топко бөлүп, менторлук боюнча эксперимент жүргүздү. Мында катышуучулардын биринин көзүн байлап, экинчиси ээрчитип жетелейт, анан алар орундарын алмашып, коридордо (залда, ачык жерде) коюлган ар кандай тоскоолдуктарды аттап, айланып басышат. Басып бүткөндөн кийин ар бир катышуучу өзүн жетеленген жана жетелеген учурда кандай абалда болгондорун, өзүлөрүн кандай сезгенин айтып беришет. Бул эксперименттин маанисин Д.Кутманалиева төмөнкүдөй чечмеледи: жетелеген адам бул ментор-насаатчы. Ал туура жолду, туура багытты көрсөтүп, студент–практикантка этияттык мамиле кылып, туура багыт, түз жолго түшүрүүгө аракеттенет. Ал эми көзү байланган, жетеленген адам бул студент–практикант. Студент–практикантта эч кандай тынчсыздануу болбостон, ментор- багыттоочуга терең ишенич гана болууга тийиш. Бул устат менен шакирттин адистик берүү жана алуу жолундагы ишеним кредосу десек болот.

Семинардын кийинки этабында катышуучуларга геометриялык фигураларды тандап алуу сунушталат (үч бурчтук, тик бурчтук, тегерек жана квадрат). Ал фигуралар адамдын мүнөзүндөгү эмненин көрсөткүчү экенин тактадагы плакат аркылуу тааныштырылат. Окшош фигураларды тандагандар төрттөн биригип команда түзүшөт. Бардыгы 4 команда болот. Ар бир топ өздөрүнө ат коюп, «Ментор» түшүнүгү боюнча насаатчылык жана шакирттик б­юнча өзүлөрүнүн элестетүүлөрүн, көркөм образда жана тилдик ыңгайда чагылдырып, кластер жана синквейн түзүп, кагазга түшүрүп, аларды презентация жасашат.

Д.Кутманалиева латвиялык университеттеги менторлук жана БМПКдагы практика жөнүндө маалымат берди. Ошого далил катары БМПКнын «Башталгыч класстар» бөлүмүнүн, БК 43-группасынын студенти Бердибек кызы Кенжегүл математика сабагынан окутуунун активдүү формаларын колдонуп сабак өтүү боюнча фрагмент көрсөттү.

1-сүрөт

Андан соң семинар-тренингди Жаңыл Нуруева улантты. Ал «Мектеп менторунун функциялары», «Жаш мугалим, тажрыйбалуу мугалим, практиканттын оң жана терс жактары» аталышындагы топтор менен практикалык иштерди жүргүздү. Семинарга тажрыйбалуу жана жаш мугалимдер катышкандыктан, бул тапшырмаларда ар тараптуу позициялар, көз караштар чагылдырылды. Андан ары «Теория менен практиканын айкалышы Айсберг» (1-2–сүрөт), «Жаш мугалимдин эмоционалдуу өнүгүүсү», «Ментордун түрлөрү», «Түгөйлөшүп иштөө – пикирлердин дал келүүсү» темаларына даярдалган слайд-шоу менен тааныштырып, түшүндүрмөлөрдү берип өттү. Бул усул-ыкмалар катышуучулар тарабынан практикаланды. Ошондой эле семинар-тренингдин катышуучуларына «Педагогикалык кырдаал» усулундагы диалогдор, таркатылып ролдоштуруп аткаруу жана талкуулоо болду. Ага улай «Өтүлгөн сабакты кантип талкуулоо керек?», «Сабакты натыйжалуу анализдөө», «Сабакка анализ берүүнүн планы» деген слайддар көрсөтүлүп жана материалдар сунушталды. Семинар-тренингдин кийинки этабын Ж.Нуруева кайрадан практикалык иштерди аткаруу менен улантты, б.а.

2-сүрөт

«Байкоо. Интерпретация. Угуу» ыкмалары боюнча эксперименттерди жүргүзүп, педагогикалык практикада мугалим тарабынан дагы, студенттер тарабынан дагы байкоолорго көп көңүл буруу ке­рек экендигин белгиледи. Практикадагы байкоолор учурунда туура эмес кабыл алуулар тууралуу маалыматты берди. Кабыл алуунун бир жактуулугун көрсөттү. Угуу, кабыл алууда катачылык кетирген учурлар жок эмес эке­нин семинардын катышуучулары түшүнүштү. Ж.Нуруева байкоо­лордун күндөлүгүнө да катышуучулардын көңүлүн бурду. Мектеп- менторунун да байкоо-күндөлүгү болууга тийиш деген сунушун киргизип, катышуучулар да ал сунушту колдошту. Топ мүчөлөрү абдан активдүү иштешти.

Д.Кутманалиева семинар- тренингди улантып, «Ментор менен студенттин мамилеси», «Конфликтти чечүүнүн жолдору» аттуу слайддар менен таанышты­рып, ар бир топтун, жамаат, коом, уюмдун ичинде конфликттер (чыр-чатактар) болушу мүмкүн экенин, аларга барбоонун жана болуп калса алардан чыгуунун педагогикалык, психологиялык усул-ыкмаларын белгиледи. Семинардын катышуучулары ментор менен практиканттын ортосундагы конфликттерге жеткирген каталарын, абалдарын аныкташып, чыр-чатакка алдырбоо жана аларды жоюу жолдорун талкуулашты.

Семинар-тренингдин соңунда ар бир катышуучу «Мен кандай ментормун?» деген суроого «Мен мактанбайм, бирок мен мактана алам…» деген оюн аркылуу, ментор-насаатчы кандай болушу шарт экендигин учкул сөздөр менен далилдеп айтып өтүштү.

ГИЦтин координатору Чолпон Айтматова семинардын катышуучуларына «Педагогикалык кадрларды даярдоо» долбоору пилоттук мектептерде жүргүзүлүп жаткандыгын айтып жана мектеп мугалимдерин менторлукту иш жүзүндө активдүү аткарууга чакырды. Ошондой эле семинардын катышуучуларына сертификат берилерин белгиледи жана семинар-тренинг www. mugalim.kg сайтына жарыяланарын айтып кетти. Семинар- тренингдин аягында тренерлер «Педагогикалык рефлексия» анкеталарын берип, семинардын катышуучулары менен кайтарым байланыш түзө алышты. Семинарда колдонулган материалдын электрондук варианты ар бир катышуучуга сунушталды жана ар бир катышуучу менторлук боюнча портфолио топтоду.

Семинар-тренинг уюштуруучулардын жана катышуучулардын позитивдүү маанайында өткөрүлдү. Семинар-тренингдин катышуучулары ар бир тапшырмага көңүл коюу менен, кылдат мамиле жасап, өздөрүнө берилген тапшырмаларды так, ылдам, туура аткарышып, топтор менен иш алып барууда жогорку деңгээлде чеберчиликтерин көрсөтүп жатышты. Семинар- тренинг жаздын алгачкы күнүндө өткөрүлгөндүктөн, ардактуу кесип ээлери болгон мугалим-эжелерибиз жаздай аруулукту, сулуулукту, жаңыланууну ар бир жасаган иштеринде көрсөтө алышты.

 

Насаатчы тууралуу накыл сөздөр

Акылдуу насаатчынын ар бир иши сүйкүмдүү.

Жакшы насаатчы алкыш алар,
Жаман насаатчы каргыш алар.

Акылдуунун айтканын бек туталы,
Акылдуу – адамдарга чоң насаатчы.

Сен эми акылдуу насаатчынын кеңешин ук,
Сөзүнөн бермет нуру турат чыгып.

Угуп ал, насаатчынын кеңеши ушул,
Билим ал, чынчыл, кайрат – жакшы сапат.

Акылман насаатчынын сөзүн тыңша,
«Жүзүң эмес, ичиңиз болсун таза!»

Акылдуу насаатчынын сөзү сабак,
Билими, токтоолугу, бийик адат.

Д.Кутманалиева, Ж.Нуруева

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*