Ордолуу Ошко оомат келди

№8 мектеп-гимназиясында өткөн "Достуктун күчү биримдикте" аттуу достук фестивалынан бир көрүнүш.
№8 мектеп-гимназиясында өткөн «Достуктун күчү биримдикте» аттуу достук фестивалынан бир көрүнүш.

Ош шаарындагы каргашалуу окуянын болуп өткөнүнө үч жылга чукулдап барат. Жергиликтүү бийликтин кагылыштын кесепетин жоюу, эки улуттун ынтымагын бекемдөө, тынчтыкты, биримдикти сактоо иштери натыйжасын берип, элдин экономикалык-социалдык абалы жакшырууда. Шаар бийлиги биримдикти чыңдоодо, ынтымакты бекемдөөдө зор күч болгон агартуу тармагынын кызматкерлерин социалдык жактан колдоо максатында отун-суу төлөмүнөн жүз пайызга бошотту.

Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовдун бул демилгеси республикада биринчи болуп иш жүзүнө ашырылууда. Бул мугалимдерге көрсөтүлгөн эң жогорку камкордук болуп саналат. Себеби Совет мезгилинде дагы мугалимдер отун-суу төлөмүнөн жүз пайызга бошотулган эмес.

— Республикада биринчи болуп мугалимдерди төлөмдөрдөн бошоттук. Биз аны жергиликтүү казынадан каржылап беребиз. Жергиликтүү бийлик мугалимдерди калктын эң аярлуу катмары катары колдоого алууга дайым даяр. Буюрса кийинки жылдан баштап социалдык багыттагы үйлөр курула баштайт. Ал үйлөргө кирүүгө биринчи талапкерлер дал ушул мугалимдер болуп саналат, — дейт Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов.

Шаарда жалпы 58 орто мектеп болсо, анын алтысы жеке менчик. Анда жалпы 3006 мугалим эмгектенет. Агартуучуларды бир жылдык отун-суу төлөмүнөн бошотуу үчүн шаардык бюджеттен 13 миллион 889 сом сарпталат. Аны берүү үчүн шаар бийлиги тарабынан атайын механизм иштелип чыккан. Алгач мектеп директорлору, профсоюз уюму менен биргеликте баардык мугалимдердин тизмесин тактап чыгышкан. Ага төрөт өргүүсүндө жүргөн мугалимдер дагы кошулган. Такталган тизменин неги­зинде тиешелүү мекемелерден тарифтик нормалар алынып, бир мугалимге кете турган орточо чыгым аныкталган. Аны шаардык каржы бөлүмү карап чыккандан кийин, Шаардык кеңештин депутаттарына сунушташкан.

— Тарифтик ченемдерди кароодо өтө кылдат болдук. Себеби Жапалак зонасында жети мектебибиз бар. Ал жакта көмүр пайдаланылат. Ошондуктан көмүрдү көмүрдөй эсептедик. Электр энергиясын, жаратылыш газын, жылуулукка кеткен чыгымдар, кыскасы, баардык жагын карап чыктык. Бул акчаны мекемелерге өткөрүп бербестен мугалимдердин өздөрүнө берүүнү чечтик. Себеби туруктуу үйү жок батирде турган же көчүп-конуп жүргөн мугалимдер да бар, — дейт Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Машрапова Гүлайым.

Шаар бийлигинин бул камкордугу мугалимдер үчүн материалдык колдоо гана болбостон, моралдык жактан стимул берип турат. Мугалимдер дагы ага жараша чоң жоопкерчиликти мойнуна алып, Кыргызстандын эртеңки келечеги болгон, жакшы тарбияланган, баардык тараптан маалыматка сугарылган, билимдүү балдарды тарбиялоого аракет кылышат.

— Шаар башчылыгынын отун-суу төлөмүнөн бошоткону биз үчүн абдан кубанычтуу. 28 жылдык эмгек жолумда мынчалык колдоону көргөн эмесмин. Мурун Совет мезгилинде 50% гана жеңилдик берилген. Мага шаардын сырт жагында жашагандыктан көмүрдүн акчасын беришти. Электр энергияга болгон төлөмдү дароо эле которуп коюшту. Бул абдан кубанычтуу нерсе да. Биз, мугалимдер, шаар башчылыгына абдан ыраазы болуп жатабыз. Кымбатчылык заманда беш баламды мугалимдин айлыгы менен багуу мен үчүн абдан оор эле, эми минтип бир топ жеңилдик алдык. Биз дагы шаар бийлигинин ишенимин актаганга аракет кылабыз, — дейт шаардагы №45 мектептин башталгыч классынын мугалими Назаралиева Урпия.

КҮЧ БИРДИКТЕ

Түштүк жергесинде ынтымак ыдырап турган кезде агартуу тармагынын кызматкерлеринин достукту чыңдоого, ынтымакты бекемдөөгө кошкон салымы зор болгон. Анткени коогалаң мектеп окуучуларына дагы таасирин тийгизбей койгон эмес. Элди ынтымакка чакыруу үчүн агартуучулар жапатырмак киришип, ар кандай иш-чараларды өткөрүп, ата-энелер менен байланышты күчөтүшкөн. Себеби мектептерде канчалаган ынтымакты чыңдоого багытталган, элдердин достугун даңазалаган фестивалдары, ар кандай иш-чаралар өтпөсүн, ата-эненин колдоосу жок болсо ал аракеттер суу кечпейт. Республикада канча улут жашабасын алар мекени — Кыргызстан экендигин билиши парз.

Биз Ошко болгон иш сапарыбызда №8 окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектеп гимназиясында өткөн “Достуктун күчү биримдикте” аттуу достук фестивалына катышып, шаардагы балдардын тынчтыкты, достукту сактоого кылган аракеттери зор экендигине дагы күбө болдук. Бул фестивалга ата-энелер баш болуп, окуучулар, мугалимдер биргеликте даярданышкан. Кичинекей бөбөктөр ар улуттун тилинде сүйлөп, улуттук кийимин кийип, ырдап, бийлеп күч биримдикте жана достукта экендигин даңазалашты.

МУГАЛИМ КООМДО ЗОР КҮЧ

Шаардык билим берүү башкармалыгы балага толук кандуу таалим- тарбия берүүдө, аны боорукерликке, мээримдүүлүккө тарбиялоодо ата-энелер менен болгон байланышты күчөтүү максатында 13 кишиден турган Ата-энелер кеңешинин ассоциациясын түзгөн. Себеби башкармалык мектептеги адистер менен иштесе, мектептеги эмгек жамаат ата-энелер менен иштешет. Шаардагы 12 аймакка ассоциациянын бирден мүчөсү бөлүнүп, аймактагы мектептер менен иштөө жооп­керчилигин алган. Алар ар бир мектептин ата-энелер комитеттеринин төрагалары менен кызматташып, таалим-тарбия маселелерин көзөмөлдөп, көтөрүлгөн маселелерди ассоциациянын жыйынына алып чыгып турушат.

— Биринчи баланын мектепке келүүсүнө, анын китеп менен камсыз болуусуна, билим сапатына ата-эне кызыкпаса жалгыз мугалимдин колунан эч нерсе келбейт. Ошондуктан мектепти ар тараптуу колдоо үчүн колубуздан келген аракетибизди кылып жатабыз. Менин жашым бир топко келип калса дагы акыркы күчүм калганчакты мектепке жардам берем деп турам. Учурда өзүмдүн жети неберем мектепте окуйт. Мен ошолордун келечегине кам көрүп жатам, — дейт ассоциациянын төрагасы Шакиров Турдубек.

Мектепке келген ата-энелер сыртта калбасын, мектеп проблемасы менен жакындан таанышып, өнөктөш болсун деген максатта ар бир мектепте ата- энелер каанасы уюштурулган. Бул ата- энелер үчүн дагы жакшы стимул. Себеби мектеп биздин балдар үчүн каана бөлүп берсе, биз дагы мектеп үчүн кам көрөлү деген ой ар бир ата-энеде пайда болбой койбойт. Шаар мектептеринде ар аптанын шаршембиси ата-энелер күнү деп белгиленген. Бул күнү ата-энелер комитеттеринин төрагалары мектепке келип, атайын түзүлгөн кааналарда жыйындарды өткөрүп, таалим-тарбия маселеси боюнча иш-чараларды уюштуруп, тарбиясы начар же начар окуган балдардын ата-энелерин чакыртышып, сабагына катыштырышат. Ата-энелердин айтымында, мектептен канчалык класстан тышкаркы иш-чаралар, тарбиялык сааттар өткөрүлбөсүн баардык нерсе үй-бүлөдөн башталат. Бала мектепте 5-6 саат гана болуп, калган убактысын үйдө өткөрөт. Ошондуктан ата-эне менен мектеп тыгыз карым-катнашта болушу керек.

— Шаардагы улуттардын ынтымакташышына ата-энелердин кошкон салымы зор болду. Бүгүнкү күндө ата-энелер өздөрүнүн жүзүн мектепке толук бурду деп ишендире алам. Негизи баланы достукка, ынтымакка, боорукерликке, мээримдүүлүккө тарбиялоо, анын Кыргызстандын жараны экендигине ынандыруу, маалыматка сугаруу мектеп менен ата-эненин колунда. Качан гана мектеп­тин, мугалим менен ата-эненин талабы, тарбиясы бир багытта кеткенде гана биз каалаган, келечеги кең бала тарбияланат, — дейт Гүлайым Эгимназаровна.

СОЦИАЛДЫК ӨНӨКТӨШТҮК ИЙГИЛИКТИН АЧКЫЧЫ

Республикада бул жыл “Иштерман жылы” деп жарыяланса, Ош шаары “Жергиликтүү жамааттардын демилгесин колдоо” жылы, Шаардык билим берүү башкармалыгында “Педагогикалык кызматташтык” жылы деп жарыяланган. Аты айтып тургандай, Билим берүү башкармалыгы жеке мектептер менен гана эмес, жергиликтүү жамааттар, коомчулук менен биргеликте иштешүүнү колго алган. Былтыркы жылы шаардагы 52 мектептин баардыгында Шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлайым Машрапова ата-энелер менен жыйындарды өткөргөн. Мектептеги, коомдогу көйгөйлүү маселелер, балдарды мектепке тартуу, аларды китеп менен камсыз кылуу, билим сапатын жакшыртуу, жашы жетпеген өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту жоюу, рэкетчиликке каршы күрөшүү боюнча ата-энелер менен ийри отуруп, түз кеңешип, алардын сунуштарын, ой-пикирлерин уккан. Жыйындын негизинде ар бир мектепте атайын балдар менен иштөө комиссиялары түзүлүп, анын курамына биринчи уюштуруучу катары социалдык педагог, ата-энелер комитетинин төрагасы, ошол аймактагы Аялдар кеңешинин төрайымы, Аксакалдар кеңешинин соттору, Жашы жете элек өспүрүмдөр менен иш алып баруучу инспекциянын кызматкерлери кирген.

Бул комиссия ар кандай рейддерге чыгып, тартип бузган балдардын ата-энесин мектепке чакыртып сүйлөшүүлөрдү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Мунун негизинде акыркы жылда шаарда рэкетчилик тыйылып, кылмыштуулук азайган. Бул ийгиликтердин ачкычын шаар башкармалыгы социалдык өнөктөштүктө деп эсептейт.

Билим берүү башкармалыгы жыл жыйынтыгы боюнча өткөргөн коллегияга дагы ата-энелер комитеттеринин төрагаларын, жашы жетпеген өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлорду, коомчулукту катыштырган. Аларга дагы бир жылдын ичиндеги жетишкен ийгилик дал ушул социалдык өнөктөштүктүн жыйынтыгы экендигин түшүндүрүп, баланын жакшы тарбияланышына, жакшы билим алышына шарт түзгөн ата-энелерге, жаш өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлорго Ардак грамоталар, Ыраазычылык каттары тапшырылган.

Шаар башкармалыгы январь айынан баштап тиешелүү мекемелер менен толук кандуу биргелешип иштешүү үчүн атайын иш-чаралардын планын түзгөн. Ар бир чейректин жыйынтыгы боюнча каникул мез­гилинде ата-энелер конференцияларын уюштуруп, бир ай бою шаардагы баардык мектептердин жамааттары менен жолугушууларды өткөрөт. Себеби жетекчи канчалык балага, мектеп директоруна, мугалимдерге, элге жакын болсо, алар менен пикир алмашып, проблемаларын угуп, аны чечүүгө аракет кылса ошончолук бири-бирин түшүнүү пайда болуп, иш алга жылат.

Шаарда мектеп окуучуларын мекенчилдикке, ата-мекенди сүйүүгө, коргоого, патриоттуулукка, кайрымдуулукка, мээримдүүлүккө, боорукердикке тарбиялоо үчүн атайын уюмдар жокко эсе. Ошондуктан Ош шаарында жаш курагына жараша “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” деген жаш өспүрүмдөр уюмдарын түзүү пландаштырылууда. Ал үчүн атайын жобо иштелип чыккан. Жазгы каникул учурунда уюмду түзүү боюнча мектеп окуучулары арасында конференция өткөрүлүп, уюмдардын атрибуттарын, символикаларын, гимнин, антын кабыл алуу боюнча сынак жарыяланат.

“БАЛАМДЫН КЫРГЫЗЧА ОКУШУН КААЛАЙМ”

Окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектептерде окуган балдардын ата-энелеринин ушундай сунушу менен 2011-2012-окуу жылында шаардагы №8 жана №23 орто мектепте башталгыч класста эки кыргыз классы ачылган. Оштогу каргашалуу окуядан кийин өзбек туугандар балдарын кыргызча окутууга белсене башташкан. Биз дагы бул мектептерде билим алып жаткан өзбек улутундагы окуучулардын кыргыз тилинде билим алып, кыргызча жазып, кыргызча сүйлөп, кыргыз ырларын ырдап калгандыгына күбө болдук. Баласынын кыргыз класста билим алуусун каалаган ата-энелердин суроо-талаптары көп болгондуктан, мындай класстарды башка мектептерде дагы ачуу пландаштырылып жаткандыгын шаар жетекчилиги кубануу менен маалымдады.

БИРИНЧИЛИК ҮЧҮН ЭКИ МИҢ ДОЛЛАР

Шаар башчысы Мелис Мырзакматов алдыда өтө турган окуучулардын республикалык олимпиадасында Ош шаарынын олимпиадалык командасы биринчиликти камсыз кылса, командадагы биринчи орунду алган окуучуга миң доллар, мугалимине эки миң доллар сыйлык берүү убадасын берген. Бул чечим олимпиадага катышып жаткан окуучуга дагы, мугалимине дагы чоң стимул болот. Учурда шаарда олимпиадага кызуу даярдык жүрүп жаткан учур. Акыркы жылдары республикалык олимпиадада шаардын окуучулары 5-6-орундарды алып келсе, былтыркы жылы 3-орунду камсыз кылышкан. Шаар бийлигинин бул олимпиадада окуучуларынын алдыңкы орунду багындырарына ишеними чоң. Себеби балдардын олимпиадага даярдануусуна жакшы шарттар түзүлгөн. Учурда атайын түзүлгөн олимпиадалык топтор балдар менен иштешүүдө. Бул топ балдарды олимпиада учурунда гана даярдабастан сентябрь айынан баштап окуучунун жөндөмүнө, шыгына жараша даярдоо үчүн уюштурулган.

Республикалык олимпиадага мыктыларды тандап алуу үчүн Ош шаарында оку­учулардын олимпиадасы былтыркы жылдан бери төрт баскычта өткөрүлүп келет. Биринчиси, мектептердин базасында, экинчиси, аймактарда, андан кийин шаардык деңгээлде өтсө, акыркы регионалдык туру жакында эле өткөрүлдү. Республикалык олимпиадага ушул төрт турдан суурулуп чыккан мыктылардын мыктысы гана аттанууда. Шаар бийлиги олимпиаданы ачык-айкын, таза өткөрүүгө аракет кылган. Анын жүрүшүнө Ата-энелер комитеттеринин ассоциациясы, ата-энелер комитеттеринин мүчөлөрү, мамлекеттик эмес уюмдар жана ата-энелер өздөрү байкоочу болушкан.

АТА-ЭНЕЛЕРДЕН МЕКТЕПКЕ БИР СОМ ДА ЧОГУЛТУЛБАЙТ

Шаар башкармалыгы мектептерде ата-энелерден акча чогултпоо үчүн атайын буйрук чыгарган. Учурда шаардагы 53 мектептин үчөөнүн гана адилет башкармалы­гы менен банкта эсеби бар. Калган бир дагы мектепте эч кандай акча топтолбойт. Өткөн жылы мектептердин ремонт иштерине ата-энелерден каражат чогултулган эмес. Бирок баланын санына жараша каражат берилгендиктен айрым мектептерде ремонт иштери өз деңгээлинде жасалбай калган.

Шаарда окуу китептери менен камсыз кылуу көйгөйлүү маселелердин бири болгондуктан, министрликтин окуу китептерине болгон ижара акысы тууралуу көтөрүп жаткан демилгесин колдойт. Себеби окуу китептерин ушул жол менен гана жүз пайызга толуктоого болот. Акысыз китептер айрым социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына таркатылууга тийиш. Мындай чечимди ата-энелер жана Ош шаарынын баардык эли колдоого алууда. Себеби баланын сапаттуу, толук кандуу билим алуусуна биринчи кезекте ата-энелер өздөрү кызыкдар. Болбосо билимдин сапатын көтөрүүгө канчалык аракеттер көрүлгөнү менен окуучунун колунда китеп болбосо, сапаттуу билим жөнүндө сөз кылбай эле коюуга болот.

— Ата-энелер конференциясын өткөргөндө алар мага министрликтин бул демилгесин колдой турушкандыктарын айтышкан. Министрликтен бөлүнгөн каражатты социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына берелик дагы, калганыбыз окуу китептерин сатып алалык дешкен. Ошондуктан министрлик Ош шаарында өз баасында сатыла турган китеп дүкөнүн ачып берсе жакшы болмок. Бул тууралуу министрликке кат жөнөттүк, эгерде бул идея колго алынып калса, Ош шаарында мыйзам чегинде китеп дүкөнүн ачабыз, — дейт Гүлайым Эгимназаровна.

Ош шаарында жаңы ачылган №52 мектептин окуучулары. Мектептин пайдаланууга берилгенине үч ай болду.
№8 мектеп-гимназиясында ачылган кыргыз классында окуп жаткан өзбек улутундагы балдар.

№53 «Мурас» бала бакчасында улуттук аспаптарды үйрөтүүчү тайпалар ачылган. Тарбиялануучулар комуз, ооз комуз, чопо-чоор сыяктуу улуттук аспаптарда ойногонду үйрөнүшүүдө.
Ата-энелер комитетинин ассоциациясынын төрагасы Шакиров Турдубек өзүнүн орун басары Казиев Мамат-Азиз жана №21 мектептин ата-энелер комитетинин төрайымы Аблазизова Халисхан менен мектептеги таалим-тарбия маселелерин талкуулашууда.

  

Чолпон КИЙИЗБАЕВА, “Кутбилим”,
Бишкек-Ош-Бишкек

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*