Таалим-тарбиянын гүлдөрүн чогулталы

"Гүлстан" гүлбагы.

Экологиялык тарбия эл аралык кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзүүдө.

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту (ПКМДИ) жана Казакстан Республикасынын “Гүлзар” коомдук бирикмеси, “Гүлстан” илимий-таанымдык журналы тарабынан “Билим берүү мекемелерин жашылдандыруу аркылуу окуучуларга экологиялык тарбия берүүнүн педагогикалык негиздери” аттуу семинарда катышкан Кыргызстандын Эл мугалимдери, белгилүү окумуштуулары, казакстандык коноктор келечек муунду мекенчилдикке тарбиялоо үчүн табиятты сүйүү зарыл экенин айтып, тажрыйбалары менен бөлүштү. ЖОЖдордун, мектептердин, бала бакчалардын айлана-чөйрөсүн көрктөндүрүү үчүн ПКМДИнин сегиз студентин казак тарап бекер окутуп, үйрөтмөк болду. Ошондой эле КУУнун 80 жылдыгына карата “Гүлзар” коомдук бирикмеси окуу жайдын айланасына Кыргызстандын Туусун жана КУУга 80 жыл деген жазууну гүл менен жазып, тартышмак болду.

Аталган семинарды КУУнун Педаго­гикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун директору, педагогика­лык илимдеринин кандидаты, профессор Рахат Сулайманова ачып, КМШ чөлкөмүндөгү окуу жайларда аталган маселени жайылтуу менен экологиялык билим берүүнүн жолдорун жогор­ку деңгээлде өркүндөтүү аталган иш- чаранын максаты экенин айтты.

— КМШ өлкөлөрүнүн келечек муунуна экологиялык жактан билим берүү тууралуу бирдиктүү эл аралык концепция иштелип чыгышы заманга ылайык, — деди иш-чаранын уюштуруучусу.

Семинар Ж. Баласагын атындагы КУУнун ректору, профессор И.Исамидинов жана Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университетинин профессору Бактияр Смановдордун куттуктоо сөздөрү менен башталды. Андан соң, келген коноктор биринин артынан бири чыгып, “кыргыз-казак бир тууган, калгандарын ким тууган?”, тили, дили ж.б.у.с. окшош жактарын баса белгилешип, ар кыл ойлор айтылып, экологиялык жактан калыптандырууга педагогикалык мекемелердин ролу зор экени баса белгиленди. Айрыкча, демилге көтөрүп жаткан окумуштуу казак боордошторубуздун асыл ойлору илимий жактан дүйнөдөгү экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдөгү негизги пайдубал катары кабыл алынып, эки тараптуу кызматташууга келечек муунду татыктуу тарбиялоонун мыкты жолу экени айтылды. Семинардын жүрүшүндө Казакстан Республикасынын “Гүлстан” республикалык илимий-таанымдык журналынын башкы редактору, “Өсүмдүктөр ааламы” окуу- методикалык комплексинин автору Гозел Кулжабаева “Билим берүү мекемелерин жашылдандыруу аркылуу окуучуларга экологиялык тарбия берүүнүн педагогикалык негиздери”, Казак мамлекеттик кыздар педагогикалык университетинин профессору, Казакстан Республикасынын билим берүү ишинин мыкты кызмат­кери, окуу китептеринин автору Рысбай Сатымбеков “Г.Кулжабаеванын окуу-методикалык комплексинин таанымдык жана тарбиялык мааниси”, Кыргыз билим берүү академиясынын лаборатория башчысы, профессор Сулайман Рысбаев “Казакстандагы мектеп айланасын жашылдандыруу аркылуу окуучуларды мекенчилдикке тарбиялоо тажрыйбасы” жана Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин ЮНЕСКО борборунун директору, профессор, “Өрүтпес” ОЮЛ АКНОнун президенти Лайла Ахметова “Экология боюнча медиа билим берүү” аттуу докладдары менен чыгышты. Андан кийин казак боордошторубуз алып келген окуу китептерин, дидактикалык материалдарды КУУнун, ПКМДИнин китепканаларына белек катары тартуулашты. Семинарды жыйынтыктап жатып иш-чаранын катышуучулары, эки тараптын демилгесин колдоого алып, ал жалпы билим берүү мекемелерине жайылтылсын, эки тараптуу кызматташтык күч алып, алардын ортосунда атайын келишим түзүлсүн, окутуучулардын усулдук чеберчилигин жогорулатуу иш-чаралары уюштурулсун жана илимий конференцияларды, форумдарды, фестивалдарды уюштуруу пландары иштелип чыгылсын деген чечим кабыл алынды.

“Билим берүү мекемелерин жашылдандыруу аркылуу окуучуларга экологиялык тарбия берүүнүн педагогикалык негиздери” аттуу семинарды өткөрүүгө, ошондой эле эл аралык билим берүү байланышын чыңдоого кошкон зор салымы үчүн иш-чаранын катышуучуларына КУУнун ректорунун Ыраазычылык каты тапшырылды. Семинарды Алматы шаарында өткөн «Тынчтык — ааламдын максат-мураты» аттуу II эл аралык жаштар жана студенттер фестивалында ПКМДИнин чыгармачыл студенттери даярдаган чакан концерт жыйынтыктады.

Бактияр СМАНОВ,
Абай атындагы Казак улуттук университетинин профессору, Казакстан Республикасынын улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Эл аралык илимий-педагогикалык билим берүү академиясынын (Россия) жана Ч.Айтматов атындагы эл аралык академиянын академиги (Кыргызстан):

— Эзелтен ата-бабаларыбыз бир болуп, куда-сөөк күтүп, каныбыз да, жаныбыз да бир. Ошол ата-бабалардын салган жолу али күнгө чейин уланып келатат. Мисалы, өткөрүлүп жаткан иш-чара кийинки урпактарыбызга, шакирттерибизге таасир калтырат деп ойлоймун. “Эски дос эстен кетпейт, жаңы дос баркыңа жетпейт” деген жакшы макал бар. Биз илгертен келаткан дос калктанбыз. Өлкөнү жашылдандыруу, көрктөндүрүү иш-чарасына чакыргандарга ырахмат. Исак Бекбоев башында турган бардык аксакалдар жеке эле кыргыз калкына эмес, казактарга дагы таандык. Мисалы, Исак Бекбоевич биздин окуу жайдын ректорунун устаты, илимий жетекчиси болгон. Искендер Исамидинов менин оппонентим болгон. Андыктан эки өлкөнүн флагман окуу жайларынын кызматташуусу мындан ары да чыңдалат.

Гозел КУЛЖАБАЕВА,
Казакстан Республикасынын “Гүлстан” республикалык илимий-таанымдык журналынын башкы редактору, “Өсүмдүктөр ааламы” окуу-методикалык комплексинин автору:

— Туугандыкта, достукта чек ара жок деп айтылат. Ошол сыяктуу экологияны сакташ үчүн чек аранын кажети жок. Өлкөнү көрктөндүрүүнү бала бакчадан башташ керек. Мисалы, мен Англиянын 31 университетинин төрт колледжинде үч жыл катары менен болдум. Ошол жерде балдарга мектеп жашында эле жашылдандырууну үйрөтөт экен. Польшада дагы ошондой. Ошол жерден ойлондум, казак менен кыргыз балдары бу­лардан эмнеси менен кем деп. Анан Кубага барып бактарды, гүлдөрдү олтургузганды үйрөндүм. 2005-жылы Казакстанда эң биринчи жолу көрктөндүрүү боюнча “Гүлстан” журналы жарык көрдү. Ошол журнал чыккандан баштап, Казакстан көрктөнө башталды. Жөн эле журналды чыгарып койбостон, айлана-чөйрөнү жашылдандырууну үйрөтүү боюнча “Гүлстан” гүл багы ачылды. Учурдан пайдаланып айткым келет, быйыл жаз айында ПКМДИнин сегиз студентин флористика боюнча окууга чакырамын. Албетте, жатакана, тамак-ашы, окуусун өз мойнума аламын.

Казакстанда “Табиятты коргойлу” деген чакырыктар аябай көп. Табиятты коргош үчүн аны тааный билүү керек. Мисалы, Казакстан боюнча мугалимдерди чогултуп семинар өткөргөндө алар болгону 3-4 гүлдүн түрүн билишет, болгондо да орус тилинде гана айтышат. Ошондуктан “Өсүмдүктөр ааламы” окуу-методикалык комплексинде гүлдөрдүн аттары орус тилинен казак тилине которулган. Дегеле бул окуу китептери жаш муундарды гүл дүйнөсүн таанууга, сыйлоого, коргоого багыттайт. Эң биринчи эле, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү окуусун баладан баштоо керек. Андыктан 1-класска арнап “Гүлдөр алиппесин” чыгардык. Эгерде кичинекей бала өсүмдүктүн касиетин тааный билсе, ал табиятты коргойт, кадырына жете билет.

Ар бир адамга таза аба керек. Табиятты таанытуу үчүн мугалим ар бир бала менен иштеши зарыл. Мисалы, алиппеден окуучу гүлдүн тарыхы менен таанышып, аны ар кандай түс менен боейт. Мындай ыкма баланын эс тутумун калыптандырат. Чындыгында эле бирөө окуганда эстеп калса, экинчиси тартканда же жазганда, үчүнчүсү боегондо эсинде калат. Эң башкысы, жазуу, ойлонуу, бое ыкмалары аркылуу окуучулардын чыгармачылыгы өсөт.

Казакстан менен бирге Кыргызстан гүлдөп кетсе экен деп ойлоймун. Кыргызстанда дагы ушундай китептерди чыгарсак. Кыргызстандагы ар бир айылдагы мектептерди көрктөндүрүүгө чакырамын.

Рысбай САТЫМБЕКОВ,
Казак мамлекеттик кыздар педагогикалык университетинин профессору, Казакстан Республикасынын билим берүү ишинин мыкты кызматкери, окуу китептеринин автору:

— 10 миң студенти, 70 жылдык тарыхы бар Казак кыздар педагогикалык университетинин атынан келдим. “Кыз жүргөн жерде Кыдыр жүрөт” дегендей, элдин касиети кызды сыйлаганынан билинет. Ылайым Гозел карындаштарыбыздай көп болсун. Бизде сөз бар: “Табият ана (эне), анан жер ана” дейбиз. Биз болсок табияттын перзентибиз. Демек, перзенттик карызыбызды эненин алдында орундатышыбыз зарыл. “Эмгегин жана берсин” дейт казакта. Башталгыч мекемеде эле тарбияланып келген бала табиятка өзгөчө карайт. Гозел Кулжабаева “Санак” китепчесинде гүл менен мате­матиканы байланыштырып олтурат. Дегеле бала бакчадан жождордун студенттерине чейин жашылдандырганды үйрөнүшсө, умтулушса баары болот.

Сулайман РЫСБАЕВ,
Кыргыз билим берүү академиясынын лаборатория башчысы, “Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер”, балдар жазуучусу, профессор:

— Гүл сүйгөн адамдын жүрөгү башкача болот. Кээ бир адамдар гүл өстүргөн адамды жаман көрсө, анын гүлүн өлтүрүш үчүн кайнак суу куят экен. Бул адамды, өмүрдү өлтүрүү менен барабар сыяктуу. Кыргыз Эл акыны Майрамкан Абылкасымованын мындай бир сөзү бар: ”Улуу согуш кезинде канчалаган гүлдөрдү танкалар тебеледи дейсиң” дейт. Албетте, гүлдөрдү тебеледи, гүлгө окшогон өмүрлөрдү да тебеледи. Гүлдү сүйгөн адамдар өзгөчө болот. Ошондой адамдардын катарында Гозел айым да бар. Алматыга барганда “Гүлстан” бирикмесине бардым. Киргенден баштап чыкканга чейин гүл экен. Ошол жерде жазуулары, жасаган боз үйү, жан-жаныбарлары деле гүл менен кооздолгон экен. “Бул эмне?” десем, “Мен дүйнөнүн гүлүн чогулттум” деди Г.Кулжабаева. Дүйнөнүн гүлүн чогулткан – бул чоң эрдик. Аравиядан, Англиядан, Кубадан ж.б. мамлекеттерден бирден гүл алып келип, Казакстандын шартына таанытып, өстүрүп, алардын тарыхынан баштап кандай өстүрүп, кандай багуу керек экенин балдарга окутуп, аларды мекенчилдикке, табият менен таттуу жашаганга тарбиялап жатканын кантип айтпай кетебиз. 41 гүлдүн аты менен алфавит түзүп, ошого карата гүлдөр алиппесин жазып, ар бир гүлгө ыр жазганы дагы кызык.

Искендер ИСАМИДИНОВ,
Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректору:

— Бишкек менен Алматага, кыргыз менен казактын ортосуна гүлдөр көпүрө болду. Жол ачты. Ошол гүлдөрүбүз жакшы өссүн. Биздин балдар ар бир мектепке ошол гүлдөрдүн үрөөнүн сээп, Кыргызстандын жождорун гүлчамбарга бөлөсөк деген үмүт бар.

Лайла АХМЕТОВА,
Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин ЮНЕСКО борборунун директору, профессор, “Өрүтпес” ОЮЛ АКНОнун президенти:

— Өткөндө кыргыз студенттери Алматы шаарына барганда атайын устат-класстарды өткөнбүз. Анын бирин мен өткөн элем. Эми Кыргызстанга келип, эл аралык деңгээлде окуучуларга экологиялык тарбиясы зор, практикалык семинарга катышып, күбө болдук. Ушул сыяктуу Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети Ж. Баласагын атындагы КУУ менен кызматташуу тууралуу асыл-ой, максаттарыбыз, алдыга койгон пландарыбыз бар. …Мен кызматташуулар жигердүү уланарына ишенемин.

Казакстанда экология боюнча медиа билим берүү бар. Маселен, Г.Кулжабаева ишин ириде практика жүзүндө баштаган болчу. Андан кийин гана методикалык иштелмелер чыкты, аны улай журнал жарык көрдү.

Өсүмдүктөрдүн аталыштары латын, орус тилдеринен казакчага которулду. Медиа билим берүү – бул окуу-методикалык комплекс. Маселен, алты айлык баласы менен сейилдегенге чыккан эне баласын олтургузуп коюп, маңдайында телефонду чукулап олтура берет. Аны көргөн бала сүйлөй элек жатып, жаңы технологиялар менен пайдаланганды билет. Бул дагы медиа билим берүүгө кирет. Казакстанда жаңы илимди жайылтуу боюнча үч борбор бар. Бири — биздин окуу жайда жайгашкан. Анын максаты – эл аралык стандартта билим берүү багыты боюнча журналисттерди даярдоо. Негизинен медиа билим берүүдө биз артта калдык. Ошондуктан өлкөнүн интеллектуалдык потенциалын түзүү үчүн медиа билим берүү технологиясынын иштелмелери фундаменталдуу изилденген. Андыктан жылдын аягына чейин Казакстан кабыл алыш үчүн медиа билим берүүнүн концепциясы иштелип чыгыш керек.

Мукаш БАЗАРКУЛОВ,
Кыргыз Республикасынын Эл мугалими:

— Тарыхта эки эл бирге сүйүнүп, кыйынчылык болсо бирге күйүнүп келген. Казактын улуу акыны Жамбыл айткандай “Кыргыз-казак төштө жайылса малы бирге, төшөктө жатса башы бирге” калк болгон. Жамбыл Алыкул, Калык, Осмонкул деген улуу акындарыбыз менен бирдикте болуп, эки элге тең акын болушкан. “Менин сөөгүм казак болсо, этим кыргыз” деп айткан ал. Кыргыздар Алыкулду, Калыкты кандай укса, Жамбылды дагы ошондой угат. Бул — духтун байланышы, эки элдин ой-пикири эмес, духу. Казак туугандар дайыма кыйын кезде жардамга келет. Аны биз жакшы түшүнөбүз. Учурунда Манаска чоң чабуул болгон. “Элдикпи же элдик эмеспи?” дегенде, көп элдер “элдик эмес, дин менен байланышкан, бул Кытайга каршы. Бул — элдик эпос эмес, чыгарбаш керек” деп чыкканда, биринчилерден болуп Манасты колдогон Мухтар Ауэзов болгон. “Манасчы жана манасчылар” деген чоң эмгек жазып чыгып, 1955-жылы Фрунзе шаарында өткөн чоң талкууда Мухтар Ауэзовдун идеясы өтүп, Манас элдик эпос деп катталып калган. Бул эмгекти кыргыз интеллигенциясы эч убакта унутпайбыз. Кыргыздар Абайды окуп чоңойду, өстү. Дүйнөдө окшош эл бар, бирок дүйнөдө кыргыз менен казактай тили, дили, дүйнө кабыл алуусу окшош эл жок деп айтылат. Бул чындык. Мына ошого далил катары өткөн иш-чарада эч бир котормочусу жок эле баарын түшүндүк.

Өзгөрүш ШАРШЕКЕЕВ,
КРнын Эл мугалими, физика-математика илимдеринин доктору, профессор:

— Педагогдорду даярдоо институту биофактын ролун аткарып жатканын биринчи көрүшүм. Буга чейин деле чоң иштер жасалып келген, бирок бул оригиналдуу иш экен. Ушул окуу жайдын директору Рахат кызыма чоң рахмат айтам, эки өлкөнүн окуу жайларын байланыштырып жатканына. Көрсө, Казакстанда биология боюнча чоң иш бар экен. Рахат Сулайманованын жетектеген институтунун максаты мектептерге педагогдорду даярдоо болчу. Көрсө, ал эң кенен багытта даярдап жатыптыр. Буюрса, бул окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү кийин иштей турган мектептеринин айланасын жашылдандыруу боюнча өзүнчө билим алып чыгышчудай. Эгерде институттун сегиз студенти флористика боюнча окуп келишсе, биздин республикада чоң иш жүргүдөй.

«Гүлстан» гүлбагы.

Гүлнара АЛЫБАЕВА

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*