Чет тилин билген адистерди даярдоо – заман талабы

М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде өткөн “Чет тилин билген адистерди даярдоону өркүндөтүү” аттуу илимий-практикалык конференцияда катышуучулар коюлган маселенин орчундуулугун, аларды чечүү үчүн Кыргызстандагы жогорку мектептердин эл аралык билим берүү мейкиндигине кирүүсүнө, ошондой эле адистерди даярдоодогу сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөөрүн белгилешти.

Аталган иш-чаранын максаты – чет өлкөдөгү жогорку окуу жайлар менен өнөктөштүк байланышты өркүндөтүүнү, чет мамлекеттеги компанияларда иштөө үчүн чет тилин билген адистерди даярдоону, ошондой эле мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде чет тилин окутуу системасын өркүндөтүү аркылуу жогорку окуу жайларда диплом менен кошо тил билүү боюнча сертификатын тапшыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну көздөдү.

Конференциянын катышуучуларынын айтымында, Кыргызстандагы бардык эле жогорку окуу жайларда тил билүү боюнча сертификаттар берилбейт. Керек болсо, айрым жогорку окуу жайларда чет тилди окутуу боюнча аз эле саат бөлүнгөн. Эгерде мамлекеттик стандарт боюнча 240 саат бөлүнсө, анын 210 сааты активдүү, калгандары пассивдүү болуп эсептелинет.

Иш-чаранын катышуучулары төрт секцияга бөлүнүп иш алып барышты. Маселен, төртүнчү секцияда иштеген чет тили мугалимдери “Чет тилинде макалдарды пайдалануу – кошумча материал”, “Аткаруу оюндарын пайдалануу менен өткөн чакты бышыктоо”, “Чет тилди окутуудагы театралдык технологияны пайдалануу” ж.б.у.с. темаларда докладдарды окушуп, кызыктуу талкуу өткөрүштү.

Конференциянын жыйынтыгында, окутуучулар төмөндөгүдөй сунуш-пикирлерин билдиришти. Ириде гуманитардык эмес окуу жайларда адистик боюнча чет тилин өркүндөтүү менен катар тил билген адистерди даярдоо боюнча бирдиктүү программа иштеп чыгууну; келечекте багыты жана адистиги боюнча чет тилдерди окутууда Билим берүү жана илим министрлиги жаңы Мамлекеттик стандартка сааттарды жогорулатууну карап чыгууну; АУЦА, Кыргыз-Түрк “Манас” ж.б. окуу жайлардын айрым предметтерди чет тилинде окутуу тажрыйбасын жайылтууну, андыктан чет өлкөлүк жождордун профессорлорун жана окутуучуларын лекция окуп бергенге чакырууну, ошондой эле кыргызстандык окутуучуларды дагы тажрыйба алмашуу үчүн чет өлкөлөргө жиберүүнү; бөтөн тилди билген адистерди сапаттуу даярдоо үчүн жожго өтүүдө сөзсүз чет тилинен экзамен киргизүүнү; жыл сайын тармактык жождордо чет тили боюнча жождор аралык олимпиадаларды кезеги менен өткөрүүнү, ошондой эле эл аралык уюмдарга чыгып, керектүү окуу китептер жана методикалык пособиелер менен камсыз кылууну, чет өлкөлөргө мугалимдерди стажировкага жиберүүнү уюштуруу сунуштары менен чыгышты. Ошентип, жождордун чет тили мугалимдери аз болсо дагы саз болгон тажрыйбалар менен жакындан таанышып, уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.

Көбөгөн Атышов, КЭУнун проректору:

– Университеттин чет тилдер кафедрасы жылына бир жолу кыргыз, англис, орус, француз, немец тилдеринде илимий-практикалык конференция өткөрүп турушат. Өтүлгөн иш-чарада англис тилине басым жасалды. Анткени Кыргызстандын келечегин англис тилсиз элестетүүгө болбойт. “Канча тил билсең, ошончо дил билесиң” дейт бизде. Айрым тайпаларда окуу англис тилинде жүргүзүлөт. Алар тил боюнча дагы мамлекеттик экзамен тапшырышат. Биздин окуу жайдын артыкчылыгы – экономисттер диплом менен кошо кайсы тилди окуса ошол боюнча сертификат алып чыгат. Өткөрүлгөн илимий-практикалык конференцияда мугалимдер бири-бири менен тажрыйба алмашып, кандай жаңы ыкма менен студенттерге терең билим бериш керек, кантип аны жайылтуу керек экендигин талкуулашты. Дегеле Кыргызстанда англис тилин билген адамдардын саны 1% түзөт экен. Бул өтө эле төмөн. Келечекте бир нече пайызга көтөрүүгө биздин окуу жай салымын кошуп жатат. Биздин окуу жайдын студенттери чет өлкөлөргө барып, 6 айдан 1 жылга чейин практика өтүп келишет. Айрымдары ишке кызыгып, калып калгандар дагы бар. Негизгиси 2014-жылдан баштап кыргыз тили менен катар англис тили келечекте негизги тил болушу керек.

Бүбүанар Исабекова, КЭУнун чет тилдер кафедрасынын башчысы, профессор:

– Эл менен элди тааныштырган, эл аралык мамилелерди түзгөн, мейли билим жагынан болобу, мейли илим жагынан же ишкердик жагынан болобу, айтор, англис тили бул өзүнчө курал болуп эсептелет.

2003-жылы биздин окуу жай Болон системасына өткөн. Бул системанын артыкчылыгы – биринчиден, жагымдуу болуш керек. Экинчиден, мобилдүү. Бул деген мугалимдер тажрыйба алмашып, студенттер болсо практикага чыгып турушу керек дегенди билдирет. Маселен, туризм адистигине окуп жаткан биздин студенттер Түркиядагы, Бельгиядагы, Испаниядагы ресторандарга, мейманканаларга барып иштеп, тажрыйба топтоп келип, дипломдук иштерине колдонуп жатышат. Жылына 50дөн ашык студенттер чет өлкөгө барышат. Ал эми Түркиядан болсо өкүлдөр келип, өздөрү сынак өткөрүп, бардык каражаттарды өз мойнуна алат. Болгону студент жол киресин гана төлөйт. Кайсы өлкөгө биздин студенттер барбасын, аларды иш берүүчүлөр түз эле жумушка алышат. Жөнөкөй жогорку окуу жайларда чет тилдери болгону 30 сааттан эки жыл эле окутулат. 120 саат активдүү, калганы пассивдүү. Ал эмне берет? Эч нерсе бербейт. Биз болсо тандалма курс боюнча беребиз. Маселен, окуу жайга жаңы келген студенттерге 30 саат өтүлөт. Ал саатта мектепте чет тилди жакшы өздөштүрбөй калгандарды кайрадан окутуп, унутуп калгандарын кайрадан эсине салабыз. Андан соң гана адистигине карата төрт жыл окутабыз. Диплом менен кошо чет тилди билет деген сертификат берилет.

Бурул Аминова, КЭУнун чет тилдер кафедрасынын англис тили мугалими, доцент:

– Биздин максат – тилди сапаттуу үйрөтүү. Мисалы, мектептерде мугалимдердин билимин жогорулатуу үчүн ар бир 3 же 5 жылда Кыргыз билим берүү академиясы окууга чакырып турат. Ал эми жогорку окуу жайларда ар бир мугалим өзү изденип, чыгармачылык менен студенттерге билим берет. Ошол өзүбүз топтогон тажрыйбабызды кесиптештерибизге көрсөтүп, сунуш-пикирлерди уксак деген ой менен чогулганбыз. Менин оюмча, ар бир жогорку окуу жай окутуучуларды алыска жибербей эле коюшсун, жакынкы Өзбекстан, Казакстанга методикалык жактан тажрыйба алмашуу үчүн келишим түзүшсө жаман болбойт эле. “Жүз жолу уккандан көрө, бир жолу көргөн жакшы” дегендей.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*