«Кутбилимдин» маараке салтанаты Куш ысымдуу Лейлектен башталды

«Кутбилим» гезитинин 60 жылдыгына арналган мааракелик иш-чаралар Кыргызстандын эң четки аймагы болгон Лейлек районунан башталды.

29-30-март күндөрү Исфана шаарында «Билим менен тарбиянын сапаты – биз сыйлаган мугалимдин канаты» аттуу республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Ары мазмундуу, ары маанилүү бул иш-чарага  жарым кылымдан бери кыргыз жаштарына орус тилин үйрөтүп келе жаткан атактуу мугалим Марьям Ирисова, биология, адеп сабактары боюнча көптөгөн колдонмо китептеринин автору Айна Осмонова, жаш мугалимдердин ишенимдүү насаатчысы Гүлүмкан Асанкадырова, «Манас» эпосунун жаштарды мекенчилдикке тарбиялоодогу ролун иликтеп жүргөн Акчал Атагулов, өз сабактарында Айтматовдун чыгармаларын орто мектепте окутуу маселелерине өзгөчө маани берип, бул багытта бир топ мазмундуу сабак иштелмелерин жараткан Сыдык Мамыров, былтыркы жылдын чыгаан мугалими, республикалык «Жыл мугалими – 2012» сынагынын баш байгесинин ээси Калыбек Ийбаков сыяктуу агартуу майданында төбөсү көрүнгөн  чыгармачыл мугалимдер катышты.

«Кутбилим» гезитинин 60 жылдыгына арналып, республикабыздын эң алыскы районунда башталган бул жакшы саамалыкты уюштурууда чоң эмгек өтөгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдулхак Жамилов конференциянын ишин алып барды. Түндүк менен түштүк мугалимдеринин байланышын чыңдаган, тажрыйба алмашуусуна жол ачкан бул конференциянын соңунда  Кыргызстандын бардык агартуучуларына  Кайрылуу кабыл алынды.

«Кутбилим» гезитинин уюшулганына быйыл 7-апрелде 60 жыл толот. Агартуу тармагынын зор жүгүн  көтөрүп келаткан гезиттин мааракесине арналган иш-чаралар райондордо пландаштырылууда.

КУШ ЫСЫМДУУ ЛЕЙЛЕКТЕГИ ЗОР САЛТАНАТ

Ошентип, «Кутбилим» гезитинин 60 жылдыгына арналган «Билим менен тарбиянын сапаты  — биз сыйлаган мугалимдин канаты» аттуу республикалык илимий-практикалык конференция Лейлек жергесинде зор салтанат менен аяктады. Тоолуу мекенибиздин туш тарабынан ат арытып келишкен  агай-эжейлер өздөрү даярдаган кызыктуу докладдарын окуп, жергиликтүү мугалимдер менен ой бөлүштү.  Алар  атактуу мугалим Гапыр Мадаминовдун №3 эксперименталдык гимназиясына, өрнөктүү тажрыйба топтогон бир топ башка мектептерге, гимназияларга, бала бакчаларга барып, лейлектик мугалимдердин ийгиликтерине күбө болушту. Төмөндө конференция катышуучуларынын бул маанилүү иш-чарадан алган таасирлери менен тааныштырабыз.

Мирбек Дюшембиев, жаш педагог, Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Өмүр баатыр атындагы орто мектептин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары:

— Конференцияга чакырылганымда абдан кубандым. Анткени Кыргызстанда жашап туруп түштүк тарапка бара элек болчумун. Экинчиден, билим берүү ишинде ал жакта топтолгон тажрыйба менен таанышууга кызыктым. 28-март күнү республикабыздын Ысык-Көл, Нарын, Чүй жана Талас облустарынан жана Бишкек шаарынан тандалган тогуз мугалим Билим берүү жана илим министрлигинин алдына топтолдук.  Саат жебеси 10ду көрсөткөндө топ башчыбыз, «Кутбилим сабактын» редактору Алимжан Алибеков тапкан жайлуу автобуска түшүп түштүктү көздөй жөнөп калдык. Кубанычыбызга чек жок. Жол ката кобурашып, жакындан таанышып бардык. Ар ким өз мектебиндеги, өз ишиндеги табылгалар менен бөлүшүп баратты. Айтылуу Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларын артка калтырып, түн жарымда ордолуу Ошко жетип бардык. Бир аз эс алып алган соң, биз түшкөн автобус  Баткенди көздөй жөнөдү. Кадамжайга барганда «Семетей» кыргыз-түрк лицейи менен таанышып, Азирети Алинин мазарына куран окудук. Автобустан кайда караба Баткендин өрүкзарлары көзгө урунат. Өрүкзарлар гүл ачып, айлана укмуш кооз. Теребелдин сулуулугуна арбалып, атайын токтоп өрүкзарлар арасында сүрөткө түштүк. Бешим маалында Баткен облусунун борбору Баткен шаарына жетсек, ал жердегилер Лейлекке дагы эки сааттык жол калганын айтышты. Ошентип, 1250 чакырым жол жүрүп кечи саат сегизге чукул Лейлектин борбору Исфана шаарына жетип, заманбап конок үйүнөн орун алган соң, эртеңки конференцияга даярдык көрдүк.

Кенжегүл Бектемирова, Нарын облусунун Нарын районундагы Актан Тыныбек атындагы орто мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими:

— Мени конференциянын алдында өткөрүлгөн иш-чаралар абдан таасирлентти. Биз эки топко бөлүнүп, Лейлек районундагы эң алдыңкы окуу мекемелеринин иши менен таанышып чыктык. Биздин топ Исфана шаарындагы А.Навои атындагы окутуу  өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектепте, №4 гимназияда жана «Наристе» бала бакчасында болду. Усман Маткеримов атындагы №4 гимназияда бизди мектеп жетекчиси Хабибулла Саттаров баш болгон мугалимдер жылуу маанайда тосуп алышты. Мектеп 2000-жылы түптөлгөнүнө карабастан таалим-тарбия берүү жаатында алгылыктуу тажрыйба топтогону байкалып турат. Биз алдыңкы мугалимдер – Кулдашева Хурматайдын, Отобабаеванын  окуу кааналарында болуп, кабинеттердин жасалгаланышы, жабдылышы менен жакындан тааныштык.  Окутуу кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн Исфана шаарындагы Алишер Навои атындагы орто мектепке барганыбызда мугалимдердин эки тилде бирдей таза сүйлөгөнү бизди таң калтырды. Мектеп директору Орозгүл Саттарованын айтуусунда, мектепте 1057 окуучу билим алып, аларга 92 педагог билим-тарбия беришет экен. Көп жыл ушул мектепти жетектеп келген Шакиржан Тойчиев агай мектептин өткөн тарыхынан кызыктуу кеп куруп берди. Мектепте мамлекеттик тилге абдан маани берилерин байкадык.  Мындагы бардык жасалгалар мамлекеттик тилде экендиги бизди кубандырды. Биз Далиева Ферузанын 4-класстарда өткөн математика сабагына бир аз болсо да күбө болдук. Мугалимдин окуучуларга жасаган энелик мамилеси бизде жакшы ойлорду жаратты.

Ырыс Карачева, Чүй районундагы Үкүев атындагы орто мектептин башталгыч класстар мугалими, Билим берүүнүн отличниги:

— Биздин топ райондогу Т. Жапаров атындагы орто мектепте, №1 гимназияда жана №1 «Барчын» балдар бакчасында болду. Мага мугалимдердин, тарбиячылардын өз ишине жасаган мамилеси, мектептердин, бала бакчасынын эстетикалык жактан жогорку деңгээлде жасалгаланышы абдан жакты. Бул мекемелерде да мамлекеттик тилге өзгөчө мамиле жасалары байкалып турат.  Биз кайсыл мектепке барбайлы кыргыз элине таандык меймандостук менен тосуп алышты. Сүмөлөктөн ооз тийип, элибиздин биримдигин, окуткан балдарыбыздын ыймандуу болуусун тилеп бата кылдык.

Айзада Салиева, Сокулук районундагы С.Абдылдаева атындагы орто мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими:

— Лейлектик боордошторубуздун мекенчилдиги, Раззаковду туу тутушу өзүнчө сөз кылууга татыктуу көрүнүш деп ойлойм. Лейлекте Раззаковду ушунчалык урматташат экен. Бардык окуу мекемелеринде Раззаков бурчтары түзүлүп, Раззаков сабактары өтүлгөнү башка мугалимдер үчүн колго аларлык табылга. Бизде мектептерге кээ бир учурда анчейин эмгеги сиңбеген, бирок урук-тууганы чоң жерлерде иштеген кишилердин ысымдары берилип жүрөт. Мисалы, Чүй боорундагы Кегетини алалы. Бул айылдан академик Салмоорбек Табышалиев чыккан. Бирок азыркы кегетиликтер  агайдын илимге салган чыйырын баалай элек. Ал киши төрөлүп өскөн жердеги мектеп башка кишинин ысымын алып жүрөт. Менимче, мектептерге Раззаковдой улуу инсандардын ысымы берилсе балдарга да тарбиялык таасири болор эле. Мендеги бул ойлор Исхак Раззаковдун жана Советтер Союзунун баатыры Самат Садыковдун мемориалдык музейлери менен таанышып жатканда пайда болду. Бул эки музейдин заманбап имараттары, ички жасалгалары, тарыхый экспонаттардын өз орду менен коюлганы, экскурсоводдун так маалыматтары – Лейлек жергесинде улуу инсандардын өрнөктүү өмүр жолу аркылуу жаш муундардын атуулдук сезимдерин калыптандырууга өзгөчө маани берилерин айгинелеп турат.

Гүлүмкан Асанкадырова, Бишкек шаарындагы №5 Улуттук компьютердик гимназиянын башталгыч класстар мугалими, Билим берүүнүн отличниги:

— Мектептин жөнөкөй мугалими катары мага Лейлек районунун акиминин орун басары Марипат Ташполотованын жетекчилик, адамгерчилик мыкты сапаттары өзгөчө таасир калтырды.  Курманжан датканын улуу салтын улаган бул жетекчи тууралуу айта берсе сөз көп. Марипат Жалиловна эки күн бою бизден карыш жылбай жаныбызда жүрдү. Мектептерге барганда мен ал кишинин сыртта турбай, мектеп маселелерине оңой аралашып, ким менен болбосун бир тепкичте туруп, жөнөкөйлүгүнөн жазбай, салабаттуулук менен аңгемелешип жатты. Билим берүү, маданият маселелерин тейлеген аким орун басарына Лейлектин бардык агай-эжейлери терең кадырлоо менен мамиле кыларын байкадым.  Марипат Жалиловна биздей мугалимдер үчүн чынында улуу тарбиячы боло алды. Бизде мамлекеттик гимнди билбеген мамлекеттик кызматкерлер, депутаттар канча? Марипат Жалиловна Исхак Раззаковдун эстелигине гүл чамбарды коюуда болсун, конференциянын ачылышында болсун оң колун көкүрөгүнө алып, мамлекеттик гимнди башкаларга үлгү болуп ырдады. Акырында эл-журт башында Марипат Жалиловнадай акылдуу, жөнөкөй, көрөгөч жетекчилер көп болсун деген тилекти айтар элем.

Бусара Калмурзаева, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ы.Чанаков атындагы орто мектептин директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары:

— Лейлектик устат педагог Тайир Аширбайды кимдер билбейт? Кыргызда «Баатырдын атын алыстан ук, жанына барсаң жөн киши» деп айтылат.  Анынсыңарындай, Тайир Аширбай ушунчалык жөнөкөй, бирок өтө билимдүү, чыгармачыл инсан экен.  Лейлекте «Кутбилим» гезитинин 60 жылдыгына карата конференция өткөрүү демилгесин көтөргөн да ушу биздин Тайир Аширбай! Эгерде ар бир аймакта, райондо ушул Тайир Аширбайдай чыгаан мугалимдер болсо, алар «мен кыйынмын» деп жатып албастан, башка жактардан дагы өзүндөй чыгаандарды топтоп жанагыдай конференцияларды уюштуруп, түштүк менен түндүктү жанаштырса кандай сонун болор эле! Азырынча бизде эл мугалими, эл баатырын көксөп, эмгек сиңирген эл мугалими болуунун камын жеп жүргөн кез. Тайирдей өзүнүн эмес, жалпы элдин камын ойлогон азаматтар жокко эсе.

Акчал Атагулов, Талас облустук чет тилдер багытындагы лицейдин директорунун илимий-методикалык иштер боюнча орун басары, Билим берүүнүн отличниги, «Кыргыз тили» төш белгисинин ээси:

— Мен конференцияда «Манас» эпосунун жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялоодогу ордуна токтолдум.  Өзүңөр билгендей, биз Манаска  эпос, жомок катары карап жүрөбүз. Бул таптакыр туура эмес. Биз Манасты, эң биринчиден, элдик баатыр катары карашыбыз керек. Манас эпос же жомок болгондо ал окуу китептеринде гана калып калат. Кыргыз үчүн Манас – баатыр, кыргызды колдоочу күч.  Биз Манастын чыныгы болгонуна, анын «курама жыйып журт кылганына» ишенсек, аткарган иштерине баа берсек, суктансак, алар менен сыймыктансак, анда мектептеги билим-тарбия ишибиз жугумдуу болмок. Ар бир мектептеги биринчи тарбия сааты Манастан башталып, Манастан бүтсө, элибиз бүгүнкүдөй кокту-колотко, түндүк-түштүккө бөлүнбөс эле. Манастын урпактары коррупция деген кылтактарга илинбейт болчу. Ошон үчүн биздин тарбиянын башаты – Манас деп ойлойм.

Республиканын туш тарабынан келген агай-эжейлерди Лейлек жергеси кучак жайып тосуп алды.
Улуу инсан Исхак Раззаковго таазим.
Советтер Союзунун Баатыры Самат Садыковдун мемориалдык музейинде.
Конференцияга карата коюлган көргөзмө менен таанышуу.
Ардактуу коноктор сыйлыкка, сыймыкка бөлөндү.

А. Алибеков, Бишкек — Исфана – Бишкек

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*