Мектептерди каржылоо: Сарэсеп сарамжал жана сапаттуу башкаруу керек

Билим берүү жана илим министрлиги мектептерди каржылоо системасын бүтүндөй өз көзөмөлүнө алган жатат. Жаңы окуу жылы башталганга чейин райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүндө борборлоштурулган бухгалтериялар кайра түзүлүп, мугалимдердин эмгек акысын төлөө жана башка каржылык иштерди өздөрү аткарып башташат. Министрлик ошону менен эле катар жан башына каржылоо системасын кайра карап чыгып, өзүн актабай жаткан учурларды анализдеп, анын ордуна айрым жерлерде нормативдик каржылоо системасын ишке киргизиши мүмкүн.

Жан башына каржылоо механизми киргизилгенден бери анын республикадагы айрым мектептерге ылайык келбеген элементтери тууралуу коомчулукта ар кандай пикирлер айтылып келет. Айрыкча жергиликтүү бийлик органдарына өткөрүлүп берилген каржылоо жагы жана балдардын саны аз мектептерде пайда болгон маселелер бул ыкманы дагы өркүндөтүүгө негиз түзүп отурат.

Акыркы беш жылдан бери республикабыздын айрым областарынын (Чүй, Ысык-Көл, Баткен) мектептеринде пилоттук  долбоор катары иштеп жаткан жан башына каржылоо системасы былтыр Бишкек менен Ош шаарларынын мектептерине да жайылтылган эле. Билим берүү жана илим министрлигинин адистеринин айтымында, жан башына каржылоо системасы мектептерге бөлүнгөн каражаттарды үнөмдөө максатында киргизилген.

“Биздин анализ боюнча, ошол үнөмдөлгөн каражат биздин системага кайра түшпөйт экен. Анткени жан башына каржылоо болобу, же болбосо категориялык гранттагы каражатпы, түз эле айыл өкмөттөрүнүн бухгалтериясына түшүп, ошол аркылуу каржылоо болуп, андан сырткары Каржы министрлиги да өзү эсептеп эле үнөмдөлгөн каражат кыскарып калууда.

Азыр биз каржылоону кандай жүргүзүү керектигин тактап жатабыз. Билим тармагына берилген каражаттар биздин министрлик аркылуу башкарылышы керек. Ошондуктан айыл өкмөттөрүндө эмес, борборлоштурулган бухгалтерияларды кайра түзүп, айрыкча маянага төлөнчү каражаттарды колго алышыбыз керек. Азыр токтом даярдалып жатат. Бул система бардык регионго бирдей киргенине байланыштуу жан башына каржылоо өзүнөн өзү жоюлат. Ушул жылдын сентябрь айынан тарта каржылоону өз колубузга алгандан кийин нормативдик бюджеттик системага өтөбүз. Үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен мугалимдердин айлыгын он пайыз көбөйтүп, стимул берүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт, – деп билдирди министр К.Садыков “Азаттык” үналгысында сүйлөгөн сөзүндө.

Жан башына каржылоо модели Чүй облусунун билим берүү мекемелеринде 2008-жылдан бери ЮСАИДдин “Сапаттуу билим” долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылса, 2009-жылы Ысык-Көл жана Баткен облустарында Бүткүл Дүйнөлүк Банктын “Айылдык билим берүү” долбоорунун көмөгүндө, ал эми 2012-2013-окуу жылында Бишкек, Ош шаарларынын мектептеринде Европалык Союздун жардамы менен ишке ашууда.

Мугалимдердин эмгек акысын төлөө, окуучулардын окуу жүктөмдөрү, билим берүүнүн акы төлөнүүчү жана бекер түрүнө байланышкан бардык иш-чаралардын натыйжасында жогоруда белгиленген модель бирдиктүү минималдык стандарттын негизинде айкын бюджеттик каражаттарды түзүү жана жүргүзүүгө, мамлекеттик каржы ресурсун эффективдүү пайдаланууга, географиялык жайгашуусуна көз каранды болбогондой шартта бардык мектептерде окуган балдар үчүн жеткиликтүү билим берүүгө багытталган. Үнөмдөлгөн каражаттар мугалимдин иш сапатын баалоо боюнча эмгек акынын стимулдаштыруу бөлүмүнө жумшалат.

Ал эми пилоттук мектептин тажрыйбалуу адистери учурдагы заман талабына жараша мектеп жетекчилери, мугалимдер менеджер, бухгалтер болушу керек  экендигин белгилешүүдө. Ошондо гана мектепке бөлүнгөн каражаттын кайда, эмне үчүн кетип жаткандыгын эле эмес, өз маяналарын да  туура эсептеп,  туура коротууга да мезгил жеткендигине күбө болушары анык, мындай шартта сапаттуу билим берүүгө жол ачылары шексиз.

Мектептерди каржылоонун маселелери боюнча Билим берүү секторуна көмөктөшүү  долбоорунун эксперти Аят Жамансариев түшүндүрмө берди:

“2012-жылдын 27-ноябрда ЖБК натыйжалуулугу боюнча Жогорку Кеңеште комитеттин угуусу болгону маалым. Анын натыйжасында бир топ рекомендациялар, чечимдер өкмөткө сунушталган. Атап айтканда, алыскы тоолуу райондордо, чек араларда жайгашкан чакан мектептерди жан башына каржылоо системасынан тышкары дагы кошумча булактардын көмөктөшүүсүндө алардын муктаждыктарын толугу менен каржылоо маселеси. Анткени андай өзгөчө шарттарда жайгашкан мектептерди кошумча колдоого албасак, алар  кыйын абалга калышаары шексиз. Азыр андай мектептердин тизмеси такталып, долбоор даярдалып жатат.

Билим берүү жана илим министрлигинин борборлоштурулган бухгалтерия уюштуруу боюнча чечиминен кийин каржылоо системасына дароо эле бир топ өзгөртүүлөр кирет. Каржылоонун көпчүлүгү республикалык бюджетке өтүп кетет. Башкача айтканда, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө бөлүнгөн каражаттар борборлоштурулган бухгалтерия аркылуу мектептерге түз жеткирилет.

Андыктан жан башына каржылоо модели толугу менен өзгөртүлөт же жоюлат деп айтууга болбойт, анткени анын көптөгөн элементтери сакталып калат. Эң негизгиси, эсептелген стандарттын негизинде каржылоо системасы калат, ал эми аталышы, балким, башкача боөлушу ыктымал.

Азыр жан башына каржылоо жана борборлоштурулган бухгалтерия киргизүү жөнүндө токтомдун жаңы долбоору даярдалып жатат”.

Айнагүл Кашыбаева

2 Комментарии

Добавить комментарий для schnellkredit lohnpfaendung Отменить ответ

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*