Максат Дүйшөбаев: «Жаңы стандартка ылайык окутуу бир жылга кыскарат»

83 жылдык тарыхы бар Бишкектеги курулуштагы архитектура жана менеджмент колледжине жаңы жетекчи келгенине бир жылдан ашты. Ушул аз убакыттын ичинде иш билги жетекчи окуу жайдын эскилигине карабай оңдоп-түздөп, материалдык-техникалык базасын чыңдап, келечек муундарга сапаттуу билим берүү үчүн бардык шарттарды түзүп келет. Окуу жайдын бүгүнкүсү жана эртеңкиси тууралуу колледждин директору Максат Дүйшөбаев бизге маек куруп берди.

— Максат Жумагулович, ириде окуу жайдын тарыхына кайрылсак.

— Бул окуу жай тээ 1930-жылдары ачылган. Алгачкы 35 бүтүрүүчү 1934-жылы окууларын ийгиликтүү аяктап, республиканын курулуш объектилерине жөнөтүлгөн. Улуу Ата мекендик согуш учурунда окуу жайда убактылуу иш токтотулган. Ошол жылдары техникумдун имаратында аскердик пилоттордун 24 мектеби жайгашкан экен. Муну уюштурууда аскердик комиссар И. Панфилов активдүү катышканы тарыхта айтылып жүрөт. Мектептин базасында Ленинград, Калинин жана Волхов фронтторундагы салгылашууларда катышкан түнкү бомбардировщиктердин үч авиациялык полку түзүлүптүр. Ошентип согуш бүткөндөн кийин, 1947-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен кайрадан көп профилдүү индустриалдуу техникум болуп ачылган. Мында курулушчулардан сырткары жолчулар, энергетиктер, коммунальщиктер даярдалган. 1956-жылы унаа жана жол бөлүмү техникумдун курамынан чыгып, ал Автожол техникуму болуп уюшулган. Ал эми энергетика бөлүмү политехникалык техникумга которулуп, коммуналдык бөлүм – Жеңил өнөр жай техникуму болуп түзүлөт. 1960-жылы сырттан окуу бөлүмү, 1964-жылы кечки бөлүмү ачылган. Эгерде 1930-жылдары техникумда 150-200, 1980-жылдары 2950 студент окуса, учурда 1220 студент билим алышууда. Күндүзгү бөлүмдө – 1017, бюджеттик негизде – 583, контрактта 434 студент окуйт.

— Ал эми бүгүнкү күндө кайсы багыттагы адистерди даярдап жатасыздар?

— Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин чечимине ылайык, 2008-жылдын 13-ноябрынан бери техникум Бишкектеги курулуштагы архитектура жана менеджмент колледжи деп аталып, республиканын экономикасын өнүктүрүүгө абдан керектүү болгон алты багыттагы кесип боюнча адистерди даярдап келебиз. Маселен, “Имараттарды, курулуштарды куруу жана эксплуатациялоо”, “Архитектура”, “Ички санитардык-техникалык түзүлүштөрдү, вентилляцияларды монтаждоо жана эксплуатациялоо”, “Жыгач иштетүү технологиясы”, “Экономика жана бухгалтердик эсеп” жана “Жер-мүлк мамилелери” боюнча адистер даярдалат. Колледжде жумушка орноштуруу жана карьера борбору түзүлгөн. Өндүрүштүк практикаларды студенттер кесибине байланышкан мекемелерде жана уюмдарда өткөрүшөт.

— Сапаттуу билим берүү үчүн кандай иш-аракеттер бар?

— Жогоруда айтканымдай, окуу жайдын имараты абдан эски. Анан дагы окуу жай темир жолуна жакын жайгашкан. Жүк ташуучу поезд өткөндө жөн эле 4-5 баллдык жер титирөө болуп аткандай имарат кыймылдайт. Ал эле эмес, тыныгуу учурунда студенттер эшикке чыкканда полдор солкулдап турат. Эми ремонттоюн десек, бул имарат мыйзам боюнча тарыхый эстелик катары катталган. Ал үчүн Маданият министрлигинин уруксатын алмайынча эч нерсе кылууга болбойт экен. Бирок КР Билим берүү жана илим министрлигине кайрылып, (бул боюнча биздин министрибиз К.Ж. Садыковго абдан чоң ыраазычылыгыбызды билдиребиз, 83 жыл тарыхы бар окуу жайда ремонт иштери буга чейин болбой келген экен) 1,9 млн. сом өлчөмүндө каражат алып, эскилиги жеткен спорт залдын чатырын толугу менен, анын ичин, машыгуучу залды, ашкананы толугу менен ремонттон өткөрүп, ал эми №2 окуу корпусунун чатырынын бир бурчун бүтөдүк. Мен жаңыдан ишке келгенде ашканадагы антисанитариялык абалды көрүп иренжигемин, азыр ал жерде той өткөрсө болот. Министрликтин жардамы менен окуу жайды керектүү технологиялар менен, т.а. проектор, ноутбук, компьютерлер (буга чейин биринчи чыгарылыштагы эски үлгүдөгү компьютерлер болчу) менен камсыздоого жетиштик. Бирок бул дагы аздык кылат. Айта кетчү жагдай, кадрлар дагы айлык маянанын аздыгынан токтобой, кеткендер көп болуптур. Булардын айлык маселесин дагы чечтик. Буларды айтып жатканымдын себеби, ушунун баары билим берүүнүн сапатына таасир берет. Маселен, айлыкты көтөргөндө бизди дагы мектептердикиндей 1,5 ставкадан ашпасын деп коюшкан. Ал мугалимдер үчүн өтө аз. Ары жакта калган 0,5 ставкага ар кайсы окуу жайдан келип сабак берип, китептерди окугула, көчүрүп жазгыла деп коюп кетип турушкан экен. Ушул жарым ставка деген түшүнүктү окуу жайда 20-30 жылдан бери эмгектенип келаткан мугалимдерге берүү керек экенин педагогикалык кеңеште ортого салып, көп жылдык көйгөйдү ошол жерден чечтик. Сапаттуу билим бериш үчүн мугалимдерге жакшы айлык төлөш керек.

Өзүңүздөргө белгилүү, республикада (Болондук билим берүү) эки баскычтуу билим берүүгө, б.а. бакалавриат жана магистратура системасына өттүк. ЖОЖдордо эми төрт жылда жогорку билимге ээ боло турган болсо, колледждерде окуу мөөнөтү 9-класстын базасында 3 жыл 10 ай болуп эсептелет. Ушуга байланыштуу КРнын Өкмөтүнүн токтому менен орто кесипчилик окуу жайларынын окуу мөөнөтүн бир жылга кыскартуу менен, колледждер окутуучу кесиптердин тизмеси (классификатор) жана Мамлекеттик билим берүү стандартынын макети бекитилип, тез аранын ичинде жаңы Мамлекеттик билим берүү стандартын (ГОС) иштеп чыгуу Билим берүү жана илим министрлигине тапшырылган эле. Бүгүнкү күндө министрлик түзгөн мамлекеттик стандартты иштеп чыгуу атайын комиссиясы жумушун толук аяктап, ишти тапшыруу алдында турат.

Жогоруда айтылган жаңы билим берүү стандартына байланыштуу кереги жок сабактарды алып салуу, ошондой эле кээ бир кайталанган актуалдуу эмес ж.б. дисциплиналарды оптималдаштырдык, б.а. эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык компетенттүүлүк кадамга өттүк. Ушундай кадамдар менен окуунун мөөнөтүн кыскартса болот. Мамлекеттик билим берүү стандартын даярдоону министрлик тарабынан атайын базалык орто кесиптик окуу жайларга тапшырылган болчу. Мисалы, курулуш тармагы боюнча базалык окуу жай катары биз саналганыбызга байланыштуу, архитектура жана курулушка тиешелүү адистикти биз даярдадык, унааларды тейлөө боюнча Автожол колледжи ж.б.у.с. Эгерде өкмөт тарабынан биздин жаңы мамлекеттик стандартты бекиткен токтомго жакын арада кол коюлса, анда биз окууну бир жылга кыскартууну келе жаткан жаңы окуу жылынан баштап ишке кийиребиз. Демек, буга чейин 9-класстын базасында окуунун мөөнөтү 3 жыл 10 ай болгон болсо, эми 2 жыл 10 ай болуп кыскарат дегенди билдирет.

— Контракт бөлүмүнө канча төлөнөт?

— 9-класстын базасында бюджеттик жана контракттык бөлүмдөр бар. Ал эми 11-класстын базасында келгендер жалаң контрактта окушат. Биздин окуу жай башкаларга салыштырмалуу эң арзан, баасы төмөн. Өткөн жылы контракттын төлөмү 10387 сомду түзсө, жаңы 2012-2013-жылга карата 14500 сом. Бул төлөм башка орто кесиптик окуу жайларга салыштырмалуу бир топ эле арзан.

— Эл аралык көргөзмөлөргө катышкан студенттер барбы?

— Былтыр Жогорку Кеңештин билим берүү жана илим боюнча комитетинин көчмө жыйынына көргөзмө уюштурдук. Ошол кезде дипломдук коргоого даярдалган долбоорлор бар болчу. Ошол долбоорлордун экөөсүн Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин педагогдору бүтүрүү мамлекеттик аттестациялык комиссиясынын курамында болушуп, бүтүрүүчүлөргө эң жогорку баа беришип, эл аралык сынакка катыштырабыз деп алып кетишкен. Бизде аларды алып баруу үчүн каражат дээрлик жокко эсе. Ата-Бейит мамлекеттик комплексинин авторлорунун бири Кыргыз-Орус Славян университетинин окутуучусу, мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын төрагасы, архитектор М. Бейшенбаев баш болгон күчтүү окутуучулар биздин студенттердин иштерин көрүп абдан жогору баа беришкен. КР ЖКнын депуты К. Осмоналиев башында турган комитеттин депутаттары да көргөзмө учурунда студенттерге бир топ суроолорду берип, татыктуу жооп алышып, окуу жайда берилип жаткан билим сапатына ыраазы болушкан.

Мен буга чейин орто кесиптик окуу жайдын баалуулугун билбептирмин, өзүм жетекчи болуп келгенден бери көп нерсени түшүндүм. Керек болсо, мектептеги 10-11-класста алчу билимди кесиптик орто окуу жайлар эки эсе жакшы беришет экен, мындан сырткары эмгек китепчесине ээ болуу менен, биздин экономикабызга абдан керектүү кесиптерди алышат. Мен быйыл өзүмдүн 9-классты бүтүп жаткан кызымды колледжге (техникумга) гана тапшыртамын.

— Окутуу кайсы тилде жүргүзүлөт?

— Окутуу эки тилде жүргүзүлөт. Мен бул жумушка келгенден баштап бардык иш кагаздарды Конституцияда жазылгандай, мамлекеттик жана расмий тилге өткөрүп келе жатабыз. Мындан сырткары, өзүңүздөргө белгилүү кабыл алынган “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзам сөзсүз иштеш керек. Ал эми кыргыз тилин жогорку деңгээлде өстүрүүнү биз жетекчилер өзүбүздөн баштообуз абзел. Анан дагы биздин студенттердин 80-85% айыл-кыштактардан келгендер. Аларга сапаттуу билим бериш үчүн кыргыз тилинде да сабак берүү өз жыйынтыгын берүүдө. Керек болсо, колледжде башка улуттагы улан-кыздар азыр кыргыз тилинде такылдап сүйлөшөт. Дагы бир маселе, курулушка байланыштуу, өзгөчө техникалык терминдерди тилчилер которуп беришсе жакшы болоор эле.

— Жамаат жөнүндө айта кетсеңиз.

— Биздин окуу жайда көп улуттун өкүлдөрү эмгектенишет. 70 жаштан 78 жаштагы тажрыйбалуу беш мугалим иштейт. Мен аларды кетиргим келбейт, анткени алардын тажрыйбасы биздин жаштарга абдан керек. Учурда алардын ден соолуктары абдан жакшы. Ошондуктан ар бир устаттын алдында шакирти бекитилген. Албетте, карган адамдарды иштетүүгө болбойт, бирок аларга бардык шарттарды түзүп берип, билгендерин артында келаткан жаштарга үйрөтсө деген ой. Чындыгында эле ошол мугалимдердин берген сабагынан мыкты архитекторлор, курулушчулар чыгып жатпайбы. Алардын сапаттуу билим бергенине бир жагынан кубансам, экинчи жагынан жаш курагын эске алганда сарсанаа боломун. Ошондуктан жакшы эс алышсын деп жайында курортторго жиберемин. Учурда 73 мугалим үзүрлүү эмгектенип жатышат.

Гүлнара Алыбаева

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*