Коопсуздукка – глобалдык модель

Эл аралык инновациялык технологиялар университети (ЭИТУ) эл аралык долбоорлор менен тыгыз иш алып барууда. Алардын ичинде ЭИТУ Глобалдык Жер титирөө модели (GEM) долбоорунун ичиндеги курулуш имараттарынын жер титирөөгө туруксуздугуна баа берүү боюнча Орто Азиядагы жер титирөө модели (EMСА) долбооруна координатор.

GEM фонду 2009-жылдын март айында Италиянын Павия шаарында Глобалдык Илимий конференцияда коммерциялык эмес уюм катары уюшулган. GEM – жүздөгөн улуттук, регионалдык жана эл аралык уюмдардын, серепчилердин, бул тармактагы адистердин жана практиктердин бирдиктүү маалыматтык базанын астында иштөөсү, биргелешип аракеттенүү менен заманбап илимди калыптандырууда. GEM – жер шарындагы жер титирөөлөрдү, кооптонууларды баалоо үчүн куралдарды жана каражаттарды иштеп чыгуу жана өркүндөтүү багытында иш алып барат. GEM фонду дүйнө коомчулугуна бардык дүйнөлүк жер титирөө коркунучуна (тобокелчилигине) баа берүү үчүн, ушул тармакта алардын азыркы абалынын моделин долбоорлоо, иштелмелерди өркүндөтүү жана күчөтүү милдетин өзүнүн алдына койду. Акыркы 10 жыл ичинде жер титирөөгө байланыштуу, жарым миллиондон ашуун адамдар каза болду. Алардын көпчүлүгү өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө тиешелүү. Жер титирөө коркунучу бул калктын тез темп менен өсүүсү жана урбанизациянын кеңейүүсү менен байланыштуу. Болуп өткөн жер титирөөлөр окуясы (Гаити, Япония, Жаңы Зеландия, Нура-Алай ж.б.) дүйнөгө катуу азап-кайгырууну эскертти.

Орто Азия дүйнөдөгү жер титирөө коркунучунун эң бир очогундагы аймактарынын бири. Акыркы жүз жыл ичинде борбор шаарлар олуттуу түрдө бузулууга учураган. Мисалы Ашхабадда (Түркмөнстан) 1948-ж. жана Алма-Атада (Казахстан) 1887-1910-ж.ж. Кеминде (Кыргызстан) 1911-ж, Суусамырда 1992-ж, Нурада 2008-ж. Ташкентте 1966-ж. (Өзбекстан) Орто Азиядагы көпчүлүк өлкөлөр, (Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан) түзүлүштүк жана коомдук көз карашта жер титирөөгө турушсуз экендигин көрсөтөт. Ошондуктан Орто Азия жер титирөө коркунучуна жана тобокелчилигине баа берүүнү жаңылоо керектиги далилденди. Эл аралык инновациялык технологиялар университети аркылуу Бишкек шаарындагы миңдеген (т.а. 2350) имарат курулуштардын жер титирөөгө туруктуулугу тууралуу маалыматтары Европалык макросейсмикалык шкалага киргизилген. Анын ичинен жүздөгөн үй (1408) Глобалдык жер титирөө уюму тарабынан түзүлгөн таксономияга киргизилди. Орто Азия мамлекеттеринин курулуш имараттарынын түрлөрү негизинен окшош болгонуна карабастан алардын учурда бирдиктүү регионалдык стандарты жок, же аларды бирдиктүү бир форматтагы таксономияга киргизүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлбөгөн. Азыркы убакта бул региондогу мамлекеттер түрдүү классификацияларды колдонуп келүүдө. 1998-жылкы Европалык макросейсмикалык шкала боюнча жалпысынан курулуш имараттары жер титирөөгө туруктуулугу боюнча 6 топко бөлүнгөн (A, B, C, D, E, F)

Орто Азиянын жер титирөө модели (EMСА) – регионалдык долбоор болуп саналат. Жакында эле илимий изилдөөлөрүн баштап, жергиликтүү өнөктөштөрү менен бирге азыркы коопсуздукту камсыздоо, кооптонууну баалоо үчүн, жана ошондой эле локалдык шарттардын баасын жакшыртуу үчүн EMСА жаңы жолдорун жана методологиясын сунуштайт. Долбоордун иштөө мөөнөтү 2011-2014-жылдарды түзүп, географиялык аймагы Орто Азиядагы 5 өлкөнү – Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстанды камтып иш жүргүзүп келет. ЕМСА долбоорунда Кыргызстандан Эларалык инновациялык технологиялар университети иш жүргүзүп, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларындагы курулуш имараттар жөнүндөгү толук маалыматты ГИС программасынын жардамы аркылуу электрондук картага түшүрүүдө. Инженердик жана географтардын тобу илимий бул долбоордо студенттик жаштар менен тыгыз иш жүргүзүшүүдө. Студенттер үйлөрдүн сапатын, анын туура эмес салгандагы коопсуздугун ынтызарлык менен практика жүзүндө билим алышууда. Турак жайлар жөнүндө көптөгөн маалыматтар географиялык информациялык система (ГИС) технологиялары менен киргизилүүдө.

Алар: имарат үй курулуштардын жайгашкан жери, кабаттын бийиктиги, конструкциялык чечими, курулган жылы ж.б. Илимий долбоордун негизинде Германиянын Потсдам жер изилдөө борборунда жана Эл аралык инновациялык технологиялар университетинде семинарлар, тажрыйба алмашуулар болуп турат. Бул семинарлардын болуп туруусу адистер жана студенттер үчүн кызыгууларды арттырып, билимдерин дайыма толуктап турууда чоң ролду ойнойт.

Такелеев Бектурсун, Имаров Булутбек,
Жумабек уулу Жаныш. 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*