Мелис Мырзакматов: “Мугалимдерге биринчи кезекте камкордук көрөбүз”

Республиканын экинчи борбору – Ош шаарына болгон иш сапарыбызда шаар башчысы Мелис Мырзакматов менен жолугушууга дагы мүмкүнчүлүк болду. Мэр жергиликтүү бийликтин агартуу тармагынын кызматкерлерине көрсөтүп жаткан камкордугу жана келечектеги иш пландары тууралуу кабарчыбызга айтып берди.

– Үч жыл мурда болгон кайгылуу окуялардын кесепеттерин жоюуда агартуу тармагы жүргүзгөн иштердин маанисин кандай баалайсыз?

– Албетте, каргашалуу июнь окуясы билим берүү тармагына да өз таасирин тийгизбей койгон жок. Айрыкча мектеп окуучуларынын психологиялык жактан жабыркаган учурлары болду. Бул багытта шаарда ар кандай билим берүүгө көмөктөшкөн коомдук уюмдардын жардамы аркылуу калыбына келтирүү жумуштары аткарылды. Мектеп мугалимдери, окуучулары үчүн атайын семинар-тренингдер уюштурулуп, психологиялык жардамдар берилди.

Ал эми Ош шаарынын өнүгүүсүнө мугалимдердин кошкон салымы өзгөчө экендигин баса белгилөөгө болот. Окуучуларга таалим-тарбия берип жаткан мугалимдин өзү чынчыл, Ата мекенин жана өзүнүн кесибин чын дилден сүйгөн инсан болушу өтө зарыл. Азыркы күндө бардыгыбызга белгилүү болгондой, мугалимдердин айлык маянасы өтө аз. Ошондуктан республикада биринчи болуп, келечекте өсүп келе жаткан жаш муундарды жогорку деңгээлде окутуп, тарбиялап, туура жолду көрсөткөн мугалимдерибизди колдоо максатында 2013-жылдан баштап коммуналдык төлөмдөр үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 14 млн. сом бөлүнүп берилди. Ошондой эле ар жыл сайын билим берүү башкармалыгына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 170 млн. сом тегерегинде акча каражаты бөлүнүп берилет жана анын 15 миллиону оңдоп-түзөө иштерине жумшалат.

Ал эми мектеп директорлорунун, окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басарларынын компьютердик сабаттуулугун жогорулатуу боюнча түзүлгөн иш пландын негизинде 2012-жылда мэрия тарабынан 30000 сом бөлүнүп берилип, Ош шаардык билим берүү мекемелеринен 15 мугалим компьютердик курска жөнөтүлгөн жана алар атайын сертификаттарга ээ болушту. Андан тышкары, Ош шаарынын мэриясы тарабынан шаардагы мектептерге 2011-жылы 100 даана компьютер, 2012-жылы 150 даана компьютер алынган. Келечекте, тактап айтканда, 2013-жылы мектептерди 200 даана компьютер менен камсыздоо планга коюлган.

Билим берүү мекемелеринде жаштарды туура жолго тарбиялап, билим берүүдө чын дилин берип эмгектенип жаткан мугалимдерди дайыма колдоо максатында Ош шаарынын мэриясы тарабынан алгылыктуу иш-аракеттер жүргүзүлүп келет. 2012-жылы мэриядан 166000 сом бөлүнүп, Жалал-Абад санаториясында балдарды окутуу жана тарбиялоодо эң мыкты, алгылыктуу иши менен айырмаланган 21 мугалим ден соолугун чыңдап, эс алып кайтышты.

Ал эми ынтымакты бекемдөө үчүн көптөгөн иш-аракеттер жүргүзүлүп жатат. 2013-жылдын 29-январындагы Ош шаарынын мэриясынын “Жаштар арасында улуттар аралык мамилени чындоо” жөнүндөгү буйругунун негизинде шаардагы баардык окуу жайларда атайын иш-пландар иштелип чыгып, алар менен тыгыз байланышта иш-аракеттер жүргүзүлүүдө. Мындан сырткары Ош шаарындагы баардык билим берүү мекемелеринин иш пландарына өзгөртүү-толуктоолор киргизилип, жогорку, орто окуу жайларында жана мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде достук фестивалдары, кароо сынактар, семинар, тренингдер уюштурулду. Баардык өткөрүлгөн иш-чараларга шаарыбыздын мамлекеттик кызматкерлеринен сырткары эл аралык уюмдар, жалпы коомчулук катышкандыгына байланыштуу шаардык деңгээлде сынактардын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өткөрүлдү жана бул иш-чаралар жергиликтүү массалык маалымат каражаттары аркылуу элибизге жайылтылды. Бул маселеде келечек ээлерин достукка, тынчтыкка жана биримдикке, патриоттуулукка үндөө максатында ар тармактуу иш-чаралар бекитилип, окуу программаларына киргизилди. Эки элдин ынтымагын чыңдоо максатындагы иш-чараларды күчөтүү үчүн ата-энелер коомчулугун тартуу менен үзүрлүү эмгектер жаралды десем жаңылышпайм.

– Учурда бүтүндөй республикада мугалимдердин турак-жай маселеси чечилбей келет. Шаар жетекчиси катары Ош шаарынын мугалимдерине бул маселени чечүүдө кандай убадаларды бере аласыз?

– Ош шаардык билим берүү мекемелеринин кесиптик кошуундар комитетинин чечими менен бүгүнкү күндө турак-жайга муктаж 500 мугалим жана балдар бакчасында иштеген кызматкерлердин тизмеси такталган. Алардын турак-жай маселесин жакшыртуу максатында Ош шаардык мэриясы тарабынан Жапалак аймактык айылдык башкармалыгында жайгашкан “Катта Сай” массивинен жер тилкесин бөлүп берүү иши каралып, учурда ал ишке ашуу алдында турат.

Агартуу тармагынын кызматкерлеринин бул маселесин чечүү ушуну менен эле токтоп калбайт. Мугалимдерди мүмкүнчүлүккө жараша жер тилкелери менен камсыз кылууну улантып турабыз. Атайын социалдык кызматкерлер үчүн турак-жай куруу да планыбызда бар. Эгер ошол оюбуз ишке ашса, албетте, биринчи кезекте үйгө муктаж мугалимдерге берилет.

– Негизи билим-тарбиянын башаты – бала бакча эмеспи. Бирок учурда республика боюнча бала бакчалар жетишсиз болуп, үзгүлтүксүз билим берүү аксап келет. Ош шаарындагы бала бакчалардын абалы кандай жана бул кырдаалдан чыгуу үчүн кандай аракеттер көрүлүүдө?

– Сиз айткандай, билим-тарбиянын башаты бала бакча экендиги баардыгыбызга белгилүү. Бирок, тилекке каршы, бала бакчалардын жетишсиздиги Ош шаарында гана эмес, республика боюнча көйгөйлүү маселелердин бири болуп эсептелет. 2012-2013-окуу жылдарында эсеп боюнча Ош шаарындагы мектепке чейинки балдардын 2 жаштан 7 жашка чейинки саны 30830ду түзүп, шаардагы 30 бала бакчага каттаган балдардын саны 10527 болду. Ал эми бакчага каттабаган балдардын саны 20303 болуп, жалпы 34 пайызды түзөт.

Бул көйгөйлүү маселени чечүү максатында бүгүнкү күндө кыска мөөнөттүү программалар менен иштеп, аз болсо да кийинки үч жылдын ичинде үч бала бакчаны ачууга жетише алдык. Ошондой эле Төлөйкөн айылында буга чейин Москванын Ош шаарындагы Жеке ишкердүүлүк жана укук институтунун филиалы ээлеген жарым имаратын толугу менен №53 “Мурас” балдар бакчасына 2012-жылы сот аркылуу алып бердик. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 29 млн. сомго 90 орундуу бала бакча бүткөрүлүп берилди. Андан сырткары акыркы үч жыл ичинде 11 менчик балдар бакчалары ачылып, бардыгы болуп учурда шаарда 14 менчик бала бакча иштеп жатат.

Мындан ары бул маселе боюнча мектеп жашына чейинки балдарга билим берүүнүн социалдык теңчилигин жана жалпыга жеткиликтүү механизмдерин камсыз кылуу үчүн: – мектепке чейинки балдардын билим берүү мекемелерин куруу жана калыбына келтирүү, аларды максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу;

– мектепке чейинки билим берүүнүн ар түрдүү моделдерин (үй борборлорун, жамааттык бала бакчалар, күндүзгү кыска мөөнөттүү) өнүктүрүү;

– мектепке чейинки балдарга билим берүү менен камсыз кылуу маселелерине жамаатты жана аймактык кеңештерди тартуу; – мектепке чейинки балдарга билим берүүнү жана жардамдашууну кеңейтип жайылтуу жана тереңдетүү боюнча эл аралык уюмдардын социалдык өнөктөштүгүн чыңдоону колго алып жатабыз.

– Сиз Ош шаарындагы мектептердеги башталгыч класстар үчүн бөлүнүп жаткан шашке тамакка кетүүчү каражатты башка зарыл муктаждыктарга колдонуу зарылдыгын айтып келесиз. Мындай сунуштун дагы өзүнчө себептери болсо керек?

– Ар жыл сайын жергиликтүү бюджеттин эсебинен окуучулардын шашке тамагына киши башына 10 сомдон бөлүнүп, шаар боюнча мектептерде окуп жаткан 1-4-класстардын окуучуларына 22 млн. сомдун тегерегинде акча каражаты бөлүнөт. Бирок жогоруда бөлүнгөн акча каражатын мектеп окуучуларын китеп менен камсыздоого жумшасак, өзүнүн натыйжасын берет деп ойлойм. Себеби бүгүнкү күндө шаардагы окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерде окуу китеби менен камсыз болуу болгону 29% гана түзөт. Ал эми адабий китептер жана усулдук колдонмолор жокко эсе. Мындан сырткары окуучуларды окуу китептеринен сырткары көркөм адабияттар менен да камсыз кылуу керек.

Шашке тамагына көпчүлүк балдар муктаж эмес. Мектептердеги ашканалардын абалы ар түрдүү болгондуктан, окуучуларды тамактандырууда да бир топ көйгөйлөр кездешип калышы мүмкүн. Шаарда шарт жаратса болот, азык-түлүктөрдүн да өз убагында жаңыларын пайдаланууга болот. Ал эми айыл жерлеринде мындай мүмкүнчүлүк жок да. Ошондуктан сапатсыз тамактандыруудан көрө, ал каражатты билим берүү системасынын башка багытына жумшасак деген ойдомун.

– Иш сапары учурунда чыныгы чыгармачыл мугалимдерди, мыкты окуган, жакшы ийгиликтерге жетишкен алдыңкы окуучуларды колдоого алып жатканыңыздан кабар алдык. Республикалык олимпиададан биринчи орунду алып келген окуучуларга жана алардын мугалимдерине дагы чоң сыйлык акча каралып жатканын уктук.

– Өткөн окуу жылында Республикалык олимпиадада байгелүү орундарга ээ болгон окуучуларды жана аларды даярдаган предметтик мугалимдердин эмгегин баалап, сыйлоо максатында Ош шаарынын мэриясы тарабынан 121000 (бир жүз жыйырма бир миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилген. Быйылкы окуу жылында да республикалык олимпиадада байгелүү биринчи орунду ээлеген окуучуларга жана алардын предметтик мугалимдерине акчалай сыйлыктарды берүү пландаштырылган. Буюрса, ийгиликке жетишкен окуучуларды жана алардын мугалимдеринин эмгегин татыктуу баалайбыз деген ишеничтемин.

Маектешкен Чолпон Кийизбаева

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*