Билим берүү уюмдарында мыйзамсыз чогултулган акчаларга тыюу салуу боюнча Билим берүү жана илим министринин буйругу чыкты.
Буйрукта КР мыйзамдарында укуктук-нормативдик актыларында көрсөтүлгөн билим берүүнүн акысыздыгы жана жеткиликтүүлүгү жөнүндөгү талаптарын милдеттүү түрдө так аткаруу жана аталган буйруктагы маалыматты билим берүү тармактарындагы ар бир кызматкерге, ата-энелерге билдирүү каралган. Буйрукта окуучуларды 1-класска кабыл алуудагы билим деңгээлин текшерүүнүн бардык түрүнө, мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү мекемелерине балдарды кабыл алууда ар кандай фонддор, камкордук кеңештер аркылуу жана башка жолдор менен “кирүү үчүн акчалай төгүмүн” чогултууга, мектептерде жайкы эмгек практикасынын иштелбеген күндөрү үчүн “компенсация” иретинде акча чогултууга, коомдук, кайрымдуулук жана камкордук фонддоруна, мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү мекемелеринин жетекчилерине, класс жетекчилерине, мугалимдерине, тарбиячыларына ата-энелер аркылуу белектер жана башка үчүн акча чогултууга тыюу салынат.
Эгерде акча чогултуулар, окуучуларга моралдык-психологиялык жактан кысым көрсөтүү фактылары аныкталса, мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилери, класс жетекчилери кызматтан бошотулуп, иши укук коргоо органдарынын кароосуна өткөрүлүп берилет.
Буйрукка ылайык, жогорку окуу жайлары коррупцияга бөгөт коюу максатында Камкорчулук кеңештерин түзүүгө тийиш жана алардын иши жөнүндө кызматкерлердин жана коомчулуктун арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек.
Нурия КУДАЙБЕРГЕНОВА
Оставить комментарий