Эл аралык усулдук ыкмалардын билим-тарбия пайдубалын бекемдөөгө пайдасы

Бишкектеги №162 “Азем” бала бакчасында шаардык мектепке чейинки мекемелердин адистерине арналган семинарда кичинекей бөбөктөрдүн жайын канткенде мындан да жагымдуу кылууга болоорун талкуулашты. “Кадам сайын кадам” программасынын координаторлору Анастасия Кутепова, Татьяна Матохина бөбөктөргө кандай шартта бакчага келүү көңүлдүү болоорун айтып беришти.

“Азем” бала бакчасынын “Доброта” коомдук бирикмесинин төрайымы Нина Григорьевна СЕРГЕЕВА:

“Доброта” – бөбөктөрдүн жаркын келечегине кам көрөт

– Бул бала бакчада менин үч неберем чоңойду. Мен өзүм 14 жылдан бери ушул “Доброта” коомдук бирикмени жетектейм. Биз­дин максат – бала бакчага ар тараптан көмөк көрсөтүү. Мамлекет бөлгөн акча каражаттарынан тышкары да көптөгөн муктаждыктар бар. Ата-энелер өз чүрпөлөрүнө ыңгайлуу шарт түзүп берүү үчүн жардамдарын аяшпайт. Коомдун, ата-энелердин колдоосу жок бала бакчаларга өтө эле кыйын экенин жакшы түшүнөбүз. Бирикменин иши ачык айкын жүргүзүлөт. Бардык сунуштарды биргелешип, талкуулап чечебиз. Ушул бирикменин каражатынан бала бакчанын кем-карчтарынан тышкары тарбиячыларга кошумча айлык берүүгө, аларга керек болуп калганда материалдык колдоо көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Мына жакында эле бир тарбиячынын баласына кымбат баалуу оор операция жасалганда, акчалай жардам бердик. Бала бакчанын жетекчиси Нурания Абдугапуровна дайыма изденип, заман талабына шайкеш иштегенге аракеттенет. Ал өзү “Кадам сайын кадам” программасынан сырткары да көптөгөн эл аралык программалар менен тыгыз кызматташып иштейт. Балдарга жогорку деңгээлдеги билим тарбия берүү иштери ушул бала бакчалардан башталат эмеспи. Биздин бала бакчадагы балдар ар түрдүү ийримдерге катышып, кыргыз тилин үйрөнүшөт. Жумасына бир жолу эки сааттан волонтерлор келип англис тилин да окутушат. Бакчадагы жаратылыш бурчу, музыкалык зал, методикалык кабинеттер чынында эле башкаларга үлгү болгудай. Балдардын ден соолугуна кам көрүү максатында февраль айынан бери ар бир топто “Алтын булактын” минералдык суусу орноштурулду. Самын сыяктуу жуучу каражаттардын баарын акча которуу жолу менен атайын Россиядан фирмалардан алдырышат. Бул да болсо балдардын ден соолугуна көрүлгөн зор камкордук деп ойлойм.

Нурания КАСЫМОВА, №162 “Азем” бала бакчасынын директору:

“Бала бакча бөбөктөрдүн хан сарайындай болушун каалайм”

– 1999-жылы “Кадам сайын кадам” программасы шаардагы эң четки бала бакча катары бизди тандап алганда аябай кубанган­быз. Биздин жамаат жаш, иннова­циялык багытта иштейт. Бул программадан биз борборлор менен иштешүү ыкмаларын үйрөнгөнбүз. Бала бакчаларга партнерлорду издеп табуу идеясы да ушул программага таандык. Мына семинарда бөбөктөрдү бакчага канткенде ыйлатпай, сүйүнүп келгидей кылуу маселесин талкуулап жатпайбызбы. Бала бакчаларды бөбөктөрдүн чыныгы сүйүктүү жайына айландыруу үчүн бардык шарттарды түзүп берсе болот. Балдардын сүйүктүү оюнчуктары аларды дайыма керебеттеринде күтүп турушат. Бул тууралуу да мында айтылып жатат. Чет өлкөдөгү мыкты делген алдыңкы тажрыйбаларды үйрөнүп, өзүбүздүн шартыбызга жараша айкалыштырып иштөөгө умтулуп келүүдөбүз. Бала бакча мекемелери тартыш болгондуктан, ырас, азыр бизде да баланын саны көп, бирок биз ар бир балага ыңгайлуу бирдей шарт түзүп берүү үчүн кошумча матрацтарды алып колдонобуз. Бала бакча бала үчүн хан сарай болуш керек. Ал үчүн чыгармачылык менен изде­нип иштөө гана талап кылынат. Бизде бакчаны баланын чындап сүйүктүү жайына айлануусу үчүн бардык шарттар бар десек аша чапкандык болбос. Бүгүн ушундай мүмкүнчүлүк түзүлүп, башкаларга үлгү катары жакшы жактарыбызды көрсөтө алганыбызга кубанып отурам. Мында баарынын салымы бар. Андыктан андай коллективге, жетекчиге стимул берүү керек деп эсептейм. Эгерде ата-эне бала бакчага жардам берсе, ал бала бакчага эле эмес, азыркы учурда бала бакчада отурган Кыргызстандын келечегине жардам берип жатат деп ойлойм. Мен көптөгөн эл аралык уюмдар менен иштештим, чет өлкөлөргө да көп чыктым. Кай­да барбайын, өз бала бакчама, мектепке чейинки билим берүү тармагына жакшы бир жаңылык алып келгенге аракеттенем.

“Эшигин көрүп төрүнө өт” деген кыргызда жакшы макал бар. Бала үчүн бала бакча өз үйүндөй болушу керек. Эң биринчи тазалык болушу зарыл. Бала биякка ыйлап келбей, сүйүнүп келиши үчүн бардык шарттарды түзүп берүүгө даярбыз жана ошол багытта аракеттенип келебиз. Азыр деле кыйынчылыктар жок эмес. Айрыкча жаш мамлекетибиз үчүн оор экенин баарыбыз туюп, ар бирибиз өз колубуздан келген көмөгүбүздү беришибиз керек. Жана да бюджеттин тартыштыгына карабай, балдарга камкордук көрүп, биздин мекемелерди каржылап жатышкандыгы үчүн ыраазычылыгыбызды билдиргим келет.

Былтыр мен үчүнчү жогорку билимге, логопед кесибине ээ болуп, дагы да болсо үйрөнө турганыбыз, окуй турганыбыз көп экендигине ынандым. Билим берүү тармагынын ар бир жетекчиси балдар жөнүндө баардыгын билүүсү керек. Мен өз билимим­ди Кыргызстандын келечегин түптөгөнгө жардам берүүгө арнап жаткандыгыма кубанам. Анткени өлкөбүздүн эртеңки келечеги ушул азыр биздин бала бакчаларда түптөлүп жатат. Андыктан биз аларга бардык шарттарды түзүп, татыктуу билим-тарбия берүүгө милдеттүүбүз.

Айгүл КАМАЛОВА, Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын мектепке чейинки билим берүү боюнча жетектөөчү адиси:

“Чет элдик билим берүү программаларынын бизге ылайыктууларын алып, жайылтуубуз керек”

– Мына ушундай семинарлар тез-тез өткөрүлүп турса биздин адистерибиз жаңы идеялар менен сугарылып тургандай эле болоорунда шек жок. Чындыгында Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы ар кыл темалардагы семинарларды ай сайын өткөрүп турат. Бүгүнкү семинардын максаты – бала бакчада иштеген адистердин билим деңгээлин жогорулатуу. Семинардын темасы “балага багытталган окутууга” арналып жатат. Бул теманын айланасында көп талкуулоолор бар. Баланын көп-аздыгына карабай, ар бир баланын мүнөзүнө, өзгөчөлүгүнө жараша жекече мамиле жасоо керектиги айтылып жатат. Биз да ушул багытта иш алып баруудабыз. Ар түрдүү темаларды камтыган “Кадам сайын кадам” программасынын семинарларынан биздин адистер өздөрүнө тийиштүү ыкмаларды үйрөнүп, аны эртеңки ишинде пайдаланаарында шек жок. Айрыкча программанын усулдарын, ыкмаларын өзүбүздүн шартыбызга, балдардын өзгөчөлүктөрүнө ылайыкташтырып, муктаждыгына жараша кандайдыр бир принциптерин колдонууну пландаштырып жатабыз. Булардын максаты материалдык жактан жардам берүү эмес. “Кадам сайын кадам” программасы балага багытталган окутуу принциптерин жайылтуу жана киргизүүгө арналган. Адистер бир нече видеороликтерди көрүшүп, чет өлкөлөрдөгү бала бакчаларда колдонулган ыкмалардын пайдалуу жана биздин шартка ылайык келбеген жерлерин кызуу талкуулашты.

Биз “Мугалим – билим булагы” деп келебиз. Мындай олуттуу иште мугалимге сөзсүз түрдө ата-энелер жардамга келиши максатка ылайык. Бала бакчадагы ишти жакшыртуу үчүн баардыгыбыз биргелешип аракеттенүүбүз зарыл.

Асел ЖУНУШАЛИЕВА, Бишкектеги №113 бала бакчанын методисти:

“Алдыңкы иш тажрыйбалар бизди да алга сүрөйт”

– Бул семинар биз үчүн аябай пайдалуу деп ойлойм. Анткени биздин практикада теориянын колдонулушу сейрек кездешет, балким бул кээ бир ыкмалардын биздин шартка шайкеш келбегендигинен улам чыгаар. Ал эми бул программа аябай өнүккөн программа экендиги маалым. Анын принциптери дүйнөнүн бардык мамлекеттеринде колдонулуп келет. Андыктан мен бул жерде айтылган ыкмаларды, жаңылыктарды колдон келишинче үйрөнүп, практикада колдонууну көздөп отурам. Биздин мугалимдер, адистер заман талабына шайкеш иш алып барышыбыз керек. Балдарга бардык жаңы, жагымдуу, керектүү маалыматтарды берип, үйрөтүүгө түздөн-түз милдеттүүбүз деп эсептейм. Мына ушундай семинарлар биздин ишибизге чоң жар­дам берет. Кесиптештерибиз менен жолугушуп, ой-пикир бөлүшүп, “Азем” сыяктуу алдыңкы бала бакчалардын мыкты иш тажрыйбаларын көрүү да бизга бир чети жагымдуу, бир чети пайдалуу.

Айнагүл КАШЫБАЕВА

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*