Китеп дүйнөсүн унутуп кайда баратабыз?

Кечээ жакында “Диалог Евразия” коомдук фонду тарабынан “Китеп – билим булагы” аттуу темада тегерек стол уюштурулду. Ага “Биздин Мурас” коомдук фондунун жетекчиси Чоробек Сааданбеков, КР Китеп палатасынын директору Койчуман Момункулов, “Диалог Евразия” коомдук фондунун президенти Жакшылык Борочоров, Жазуучулар союзунун төрага орун басары Нурлан Калыбеков, Кыргыз Эл жазуучусу Мелис Абакиров, Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин бөлүм башчысы Мураталы Үчкемпиров, ”Ататүрк Ала-Тоо” университетинин мугалими Багышбек Райымбеков, “Ыйык Ата Журт” коомдук жаштар фондунан Абдулахат Матираимов, “Дил азык” басма үйүнүн директорунун орун басары Жаныбек Абдытегин, ж.б. коомдук активисттер катышып, китеп көйгөйү жөнүндө кеңири талкуу кылышты.

Тегерек столго модераторлук кылган Бакытбек Абдуллаев “Диалог Евразия” коомдук фонду тарабынан уюштурулган “Китеп – билим булагы” аттуу тегерек стол элдин руханий жактан туруктуу калыптанышына, билим, акыл- эс, маданиятын өстүрүүдө жана тарбиялоодо китептердин ролу эбегейсиз зор экендигине токтолуп, мындай китеп окуу маданияты, китеп чыгаруу, китеп таркатуу боюнча тегерек стол бир отурум менен эле чектелип калбасын, кийинки апталарда да уланып турарын билдирди.

Тегерек столдо Кыргыз Республикасынын Китеп палатасынын директору Момункулов Койчуман Кыргызстанда китеп окуу маданияты кандай, жылына канча китеп чыгат деген суроолордун тегерегинде катышкандарга кеңири маалымат берип өттү.

– Союз кезинде басмадан чыккан китептин 2000 нускасын мамлекет автоматтык түрдө сатып алчу. 1000 нускасын Маданият министрлиги алып, облустук жана райондук китепканаларга таркатчу. 1000 нусканы болсо Билим берүү министрлиги алып, мектеп китепканаларына берчү. Жазу­учунун эмгеги үчүн автоматтык түрдө гонорар акчасын төлөп койчу. Ал акчага адам жакшынакай жашап, өнөрүн уланта берчү да. А бүгүнкү күндө 1000 китеп чыгарсаң, жок дегенде 100 миң сом акча керек. Ал акчаны кайдан алмак эле. Бирөөдөн карызга акча алып, китебим сатылганда берем дейт. Китебин кантип сатат, ал да өзүнчө түйшүк. Негизи суроо-талап бар. Кеңири катмарга бүгүн китеп жетпей жатат. Райондук ки­тепканаларда 20 жыл мурун алган китептери турат. Жакында эле китеп фондунун маалыматы боюнча Маданият министрлигинен тактасак, бир китепканага китеп үчүн 1290 сом гана бөлүнөт экен. Бишкекте кыргыз китептерин саткан жалгыз “Нуска” деген дүкөнү бар. Аны да өгөйлөп жатышат. Кыргыз китеп долбоору алкагында жер, павильон сураганыбызга 5 жыл болду. Мына Апрель революциясынан кийин Бишкек мэри Иса Өмүркулов сөзүбүздү угаар деп кат жаздым эле. Жазуучулар менен окурмандар жолуга турган кече уюштурчу жер, же китеп дүкөнүн ачалы деп сунуш кылганбыз. Ал киши архитектура башкармалыгынан Мазманов деген бирөөгө тапшырды. Аны менен 12 жолу жолуксак да бир да жолу китеп жөнүндө сүйлөшө албай койдук! Анан айлам кеткенден кийин архитектура башкармасынын начальнигине ачык эле кат жаздым. “Кыргыз адабиятына, ма­даниятына өз улутубуз эле кызмат кылбаса башка улут бизге кызмат кылып бере албайт. Мазманов менен 12 жолу жолугуп бир да жолу китеп жөнүндө сүйлөшө албай койдум. Бул ишти башка адамга тапшырыңыз, Мазмановго чара көрүңүз,” – деп жазгам. 3 күндөн кийин менин катым жеттиби деп сурасам, жазган катымды Мазмановго берип коюптур, Мазманов териштирет деп. Андан кийин үмүт үзүлдү. Эми азыр үмүт Бишкек шаардык кеңешинде болуп жатат, – дейт Койчуман Момункулов өз сөзүндө.

Бүгүнкү күндө республикада 19 миллион китеп болсо, анын 18,5% гана кыргыз тилиндеги китептер экен. Улуттук китепканадагы 6 млн. китептин 6 % гана кыргыз тилиндеги китептер түзөт. Бул боюнча Улуттук китепкананын өкүлү Акыл Алыбекова төмөндөгүлөрдү айтты: – Биз китептерди китеп палатасынан эле алабыз. Калгандары өз каалоосу менен бе­лек катары берилген китептер. Китепканада бир канча зал бар. Жакында эле Чыңгыз Айтматов атындагы китеп залы ачылды. Британ, немец залдары бар. Жылына 400 миң окурман тейленет. Ошол 6 миллион китептин дээрлик көпчүлүгү орус тилинде. Анткени анын баары союз убагында чогулган.

Республика боюнча Маданият министрлигине караган 1401 китепкана болсо, алардын 335и оңдоп-түзөөгө муктаж, отузу авариялык абалда экен.

Кыргызстан Жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Нурлан Калыбеков да өз сөзүндө төмөндөгүлөрдү баса белгиледи:
– Илгери Жазуучулар союзунда талкуулар болуп, ошол жерде сунуш кылынган китептер чыкчу. Ички рецензияда 2-3 киши окуп чыгып, пикирин айтып, анан кийин басылмага кетчү. Азыр ар ким өзүнчө китеп чыгарат. Редакторго кааласа берет, каалабаса бербей деле коюшат. Азыр акчасы болсо эле ар ким өзү жазат да чыгара берет. Жаштар жазгандарынын электрондук версиясын фейсбукка чейин салып коет экен. Айрымдар “электрондук доорго ыкташкыла” деп жүрүшөт. Ушундан улам мындан ары китеп чыгабы, чыкпайбы деген суроо туулат. Балким, китеп чыгаруу маданияты калып калышы да мүмкүн. Бул шаардагы процесс. Эми айылдачы? Мамлекет китептен банкрот болбойт. Муну жеке кишилер деле кылса болот. Москвага чейин базар ачып жаткан Аскар Салымбеков басма үйүн ачса сонун болмок. Эгерде мамлекет жасаса деле мындан эч качан уттурбайт. Бир мыкты китепти адабият мугалими эле алып коёт. Мындай айтканда айылдарга жеткирүү үчүн 4000 тираж менен китеп чыгарса болот экен. Бир агайым китебиңди 4-5-курстарга стилистика сабагында студенттерге талдатсам, “бул ким?” деп таң калат дейт. Буларга акын-жа­зуучу десең баягы эле Алыкул Осмонов, Элебаев, Турусбеков, Бөкөнбаевди, 20-кылымды элестетишет экен. Студенттердин түшүнүгүндө акын-жазуучулар 20-кылымда жашаган деген сыяктуу элес бардай. “Китептин автору жаш, тирүү эле жүрөт, ушул жерде иштечү, сабак берчү” деп айттым дейт. Жазуучу десе баягы эски заманда калган түшүнүк бар экен, тилекке каршы… Эми бул таңкалаарлык да, чынбы? Пропагандалоо жок. Айтайын дегеним, автор менен окурман арасында тыгыз байланышты түзүү керек.

Кыргыз Эл жазуучусу Мелис АБАКИРОВ да өз оюн төмөндөгүдөй билдирди:
– Мамлекеттик китеп чыгарууну калыбына келтирүү мүмкүн эмес. Ал система талкаланган да. Орто Азиядагы эң чоң комбинат – полиграфкомбинат жок болуп кетти. Суткасына 100 миң китеп чыгарган басмакананы талкалап, сатып жиберишти. Ал бизде болчу. Эми Кыргызстанда окуу китептерин чыгарчу мамлекеттик басмакана жок. Бул деген атайын жасалган иштер! Кыргыз калкы китеп окубасын, билимсиз калсын, караңгы болсун деген саясат бар. Бул нерселер өзүнөн-өзү жок болгон жок. Китеп – идеологиянын куралы экенин билишет да. Жаман китеп жазса элди да жаманга тарбиялайт. Көп сатылган китептер бузулган китептер болуп жатпайбы. Ошон үчүн бизде министрдин ойношу, министрге тийген кыз, президенттин кечиккен махабаты жөнүндө жазуучулар жазып жатышат. Ушулар элди бузуп жатат. Ушуну түшүнүшүбүз керек. Мына ар жылы 80-90 миң алиппе китеп чыгыш керек. А биз 8-9 миң гана чыгарабыз. 10 балага бирден алиппе китеп түшүп жатат. Ушул жерден эле өзүңөр тыянак чыгарып көргүлө да.

Кыргыз китебинин башында кыргыз жигиттер туруш керек. Мына “Турар” басмасынын жетекчиси Тилек Мураталиев деген сонун жигит бар. Адабий китептерди чыгарып, авторлорго гонорар да берип жатат. Мен өзүм сурадым “айланайын Тилек, кандай кылып жатасың? – десем, “мен 20 миллион кредит алгам” дейт. Кантип кутуласың дедим. Эми бул эрдик да. Айтайын дегеним, өкмөт ушундай демилгечилерге кыска мөөнөткө эмес, узун мөөнөткө жеңилдетилген кредит бериш керек. Мамлекеттик колдоо деген ушул болмок.

Кыргыз китептеринин интернет базасынын (www.bizdin.kg) жетекчиси Чоробек Сааданбеков болсо китептин негизги келечегин интернетке байланыштырат:
– Бүгүнкү күнү сайтка кирген адамдардын саны өсүп баратат. Жаңы жылдан мурун 1200 киши кирсе, азыр 1400 киши кирип жатат. Эми жалпысынан пикиримди айтсам. Анткени китеп басып чыгаруу, таркатуу өзүнчө бир иш. Адабият өзүнчө бир иш. Китеп чыгаруу, аны сатуу кыйын эле. Мына, Манас жок деп кыйкырабыз. Биз сканерден өткөрүп “Манас”, “Семетей”, “Сейтек”, Сагынбай, Саякбай, Жусуп Мамайды баарын чыгардык. Бар, бирок окуган киши аз. Интернетте 50 миң киши жүрөт. Мисалы, www.mail.ru да 30 миң, www.facebook.com до 20 миң киши, www. literatura.kg де кишинин саны 1500гө жет­ти. Мамлекеттин экономикалык абалына караганда, китеп маселесин чече албайт. Бул иш да акырындап электрондук ишке айланат деп ойлойм. Ошондуктан мен китептин келечегин электрондук китепканадан көрөм,- дейт ал. БАРАТАБЫЗ?

“Дилазык” басма үйүнүн директорунун орун басары Жаныбек Абдытегин да өз оюн ортого салды:
– Жанатан бери китепке кантип кызыктырса болот деген суроого жооп издеп жатабыз. Менчик мектептерде балдарга атайын китеп окуу сааты бар (40 минут). Мамлекеттик мектептерде негедир ал саат жок. Кыргыз тили өнүкпөсө, кыргызча китептер да өнүкпөйт деп жатпайбызбы. Мен ал ойго такыр кошулбайм. Кыргыз тили качан өнүгөт? Кыргызча сүйлөсөк, кыргызча китептер­ди, илимий иштерди жазсак өзүнөн-өзү өнүгөт. Биз жазсак эч ким окубай коёт деген туура эмес деп ойлойм. Жетиштүү деңгээлде сонун кылып жазсак, бирөө окуйт жана таасир алат.

”Ататүрк Ала-Тоо” университетинин мугалими Багышбек Райымбековдун байкашынча, базарда иштеп жүргөн же миграцияда жүргөн адамдардын 90% китеп окубайт экен.

– Менин айтайын дегеним, элибиздин багытын жакшы бир жолго буруп алсак. Жакын арада миллион сом коротуп чыгарган китеп да окулбай калышы мүмкүн. Чет жердеги бир журнал акыркы жолу кагаз түрүндө басы­лып жаткандыгын, мындан ары электрондук вариантта гана чыгаарын айтты. Себеби, көрдүк, эл окубай калды дейт. Кыскача айтканда, буга азырынча биздин коом даяр эмес. Бирок улуттун тили, идеологиясы интеллиген­циянын мойнуна илинген жүк экендигин унутпашы керек,- дейт ал.

КР Китеп палатасынын директору Койчуман Момункулов Россия Президенти В. Путин мектеп окуучулары үчүн атайын 100 адабий китеп тизмесин даярдатып киргизгенин, ал 100 китептин ичинде кыргыздын “Манас” эпосу, Ч.Айтматовдун эки чыгармасы бар экенин айтып сүйүндү:
– Путиндин дагы ар бир супермаркеттин киришинде же чыгышында китеп сатылган жер болсун деген токтому чыкты. А биздин супемаркетте андай жокко эсе. Ошон үчүн мамлекет китеп окуганга бизди таңуулабаса болбой калды,- деди ал.

Тегерек столдун дагы бир катышуучусу Улан Усупов да ата-эне китеп окуган үй- бүлөдө бала дагы китеп окуп чоңоёт дейт.

– Бала дагы ошол адатты кичинесинен көрүп, китеп окуп чоңоёт да. Кечкисин кино көрөт, сабагын даярдайт, ушул сыяктуу эле 30-40 минута китеп окуй турган адат болуш керек. Эгерде үй-бүлөлөр ушул нерсени салт кылып алса, бул китеп окуганга стимул болот эле. Түркиянын тажрыйбасынан айта кете турган болсом, NT деген китеп магазиндери­нин сети бар. Кыргызстанда да филиалдары бар. Жаштарга китеп окуу максатында 81 облусунда магазиндер ачылган. Ал жерде адабий китеп, диний китеп, деги эле бүт жанрдагы китептер бар. Сөзсүз түрдө кеңсе буюмдарын жана китептин баарын бир жерге топтошкон. Китептерди окутууну үйрөтүүнүн жолун табышкан. Бул өзүнчө тажрыйба.

Илгиз Жамалбековдун айтымында, китеп окуу боюнча Япония мамлекети биринчи орунда турат экен. Андан кийин Америка, Германия сыяктуу өнүккөн Европа мамлекеттери. Японияда бир адамга 10-11 китеп туура келсе, Америкада 8-9 китеп туура келет.

– Бизде бул аябай көйгөйлүү маселе. Китеп окуу адамга аябай көп жакшы таасир тийгизет, мээнин иштешине да чоң таасир берет экен.

Чоробек Сааданбеков 1990-жылдардын аягындагы китептердин баары санжыра темасында, ар ким өз атасын мактап жазганын, ал эл тарабынан социалдык талап болгонун, азыр болсо санжыра акырындан кетип, ордуна дин келип жатканын айтты.

– Анткени азыр эл динге берилип жатат. Бул дагы социалдык сабак да. Азыр ага интернет кошулду. Бул маселе китепке гана барып такалбайт. Ошондуктан китеп чыгарууну эркин коюш керек. Кайсыл китеп көп чыгат? Эгерде Ж.Жанызактын китеби көп чыкса, анда талап ошондой. Менин айтайын дегеним, таңуулабаш керек, жакшы китеп чыкса эл өзү таап, тытып окуйт.

Тегерек столдун модератору Б.Абдуллаев жыйынтыктап жатып төмөндөгүлөргө токтолду: Түркиянын өкмөтү китеп үчүн НДСти 8%дан 1% түшүргөн. Бул бир жактан китеп чыгаруучуларга жеңилдик болсо, экинчи жагынан пираттыкты (уурдап китеп чыгаргандарды) да азайткан. Ошол эле учурда окурмандарга да арзаныраак китеп алганга мүмкүнчүлүк болгон. Россияда 17-январда мектеп окуучулары үчүн сабактан тышкары окуй турган 100 китеп тизмесин чыгарышты. Чыңгыз Айтматовдун эки чыгармасы жана “Манас” эпосу бул тизмеге кириптир. Түркияда дагы Түркиянын Билим берүү министрлиги тарабынан сабактан сырткары сунушталган өздөрүнүн идеологиясына жараша тарыхый, маданий, түрк элдик адабияты, дүйнөлүк адабият сыяктуу жанрларда жалпысынан 100 китептин тизмеси бар. Аларда да Чыңгыз Айтматовдун 2 чыгармасы бар. Ушул сыяктуу эле биз да КР Билим берүү жана илим министрлиги, Маданият министрлиги, Жаштар министрлиги жана коомдук уюмдар менен биргеликте 100 китеп тизмесин түзсөк болот.

Анан жаштарды китеп окууга үндөө максатында жаз айларында күнүн аныктоо менен бирге өлкө аймагында бирдей саатта коомдук уюмдар менен китеп окуу акциясын уюштурууну сунуштайт элем.

“Диалог Евразия” коомдук фондунун президенти Жакшылык Борочоров жогорудагы идеяларды колдоп, азырынча 50 китептин тизмесин түзүп беришин суранды.

– Биз мына жазында Жаштар министрлиги, Жаштардын коомдук фонду, акын-жазу­учулар менен балдардын баарын бир паркка чогултуп, китеп окуу акциясын уюштуралы. ММКларга алдын ала билдирип, чакыралы. Бир саат китеп окуп, коомчулуктун көңүлүн китепке буралы, – деген сунушун билдирди.

Ошентип, тегерек столдун аягында “Диалог Евразия” коомдук фонду баардык тилектеш коомдук уюмдар, мамлекеттик мекемелер менен бирдикте чогуу “Китеп окуу күнү” иш- чарасын өткөрүүнү максат кылды. Аталган темада тегерек стол дагы улана бермекчи.

М. ТОКТОРОВ

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*