Китеп күнү КМУда белгиленди

23-март – Китеп күнүнө карата И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде майрамдык салтанат өттү.

Иш-чара китеп көргөзмөсү менен ачылып, университеттин кура­мына кирген институт, факультеттердин ортосунда өткөн сынактар менен коштолду. Алсак, китеп көргөзмөсү боюнча уюшулган сынакта Гран-прини Кадрларды даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту, 1-орунду Тарых жана социалдык билим берүү институту, 2-орунду Педагогика институту алса, 3-орунга Мамлекеттик тил жана маданият институту ээ болду. Ал эми дубал газета конкурсу боюнча 1-орунду Педагогика институту, 2-орунду Квалификацияны жогору­латуу институту, 3-орунду көркөм өнөр жана исскуство факультети багындырып, акчалай сыйлыктарга ээ болушту.

Мындан сырткары, окуу жайдын өнүгүүсүнө чоң салым кошкондугу үчүн Шералы Жапаровго «Университеттин алдыңкы окумуштуусу» деген наам жана алдыңкы окутуучуларга, студенттерге «Мыкты окур­ман» деген грамоталар тапшырылды.

– Учурда китеп окурмандардын саны мурункуга салыштырмалуу бир топ төмөн. Анткени техниканын өнүгүүсү менен коомчулук электрондук китептерге кызыгууда. Бирок китепсиз маданияттын да, мамлекеттин да келечегин көрө албайбыз. Эгер китеп окулбаса адамдардын жан дүйнөсү кедей болот. Ошондуктан мындай иш-чаралар майрамда гана эмес ар дайым өткөрүлүп туруусу шарт, – дейт өз сөзүндө окуу жайдын ректору Т.Абдырахманов.

Иш-чаранын 2-бөлүгү жалпы окурмандарга арналган викторина, “Жаш калемгерлер” клубунун Ч.Айтматовго арналган арноо ырлары жана студенттердин майрамдык концерти менен коштолду.

Чолпон КИЙИЗБАЕВА

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*