Манас таануучулар кесиптик чеберчилигин жогорулатышты

Манас таануучулар И.Арабаев атындагы КМУда бир жума окуп, кесиптик чеберчилигин жогорулатышты. Курстан Бишкек жана Чүй облусундагы жогорку окуу жайлардын жана мектептердин 72 мугалими өттү.

Мугалимдерге алгачкы лекцияны Билим берүү жана илим министри, Манас таануучу Канат Садыков окуду. Канат Жалилович кириш сөзүндө бул предметтин жождордо, мектептерде окутулуп жаткандыгынын себептерине, максатына жана келечегине кыскача токтолуп өттү.

– Биз фольклор аркылуу балдарды окутуп, тарбиялашыбыз керек. Оозеки чыгармачылыкты калыптандырганда гана жаштар туура сүйлөгөнгө, жазганга үйрөнүп, тарыхты унутушпайт. Негизи макал- лакап, оозеки чыгармачылык аркылуу көп нерсени үйрөтүүгө болот. Эпикалык чыгармалардын түбүндө терең философиялык, мифологи­ялык түшүнүктөр бар, – дейт К.Садыков.

Министрдин айтымында, “Манас” эпосу дагы эпикалык чыгарма болгондугу үчүн ушул күнгө чейин сакталып калган. Мифтик чыгарма жарата албай, болсо дагы аны өнүктүрө албай калган улуттар да бар. Алардын баатырдык чыгармалары мифтик түшүнүктүн жок бол­гондугунан жомокко айланып кеткен же болбосо такыр болгон эмес. Кыргыздарда бул түшүнүк болгондугу үчүн “Манас” эпосу ушул күнгө чейин сакталып келет.

Андан сырткары, К.Садыков чоң жана кенже эпостордун фило­софиялык негиздерине жана алардын кыргыздардын турмушундагы ордуна, ролуна кенен токтолду.

Чолпон КИЙИЗБАЕВА

5 Комментарии

Добавить комментарий для Estella Отменить ответ

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*