Кыргыз Эл акыны,Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, коомдук ишмер Эсенгул Ибраевдин 80 жылдыгын коомчулук кеңири белгиледи.
Кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал акын, куйкум сөздүү таамай сатирик Эсенгул Ибраев тирүү болсо быйыл жаздын жаркыраган айларында 80 жашка чыкмак. «Өмүр бизден өтүп кетсе эл эмгектен эскерсин» дегендей, акындын калтырып кеткен баа жеткис мурасы болгон ырлары атайын өткөрүлгөн кечелерде, конференцияларда көркөм окулуп, чыккан китептеринин көргөзмөсү Улуттук китепканада уюштурулду. Акындын мааракеси Улуттук филармонияда да чоң салтанат менен белгиленип, кечеге келген коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар маркум акынды жылуу эскеришип, ырларына чыккан обондор жаңырды. Мындан тышкары, Э.Ибраевдин туулган айылында да жердештери кечелерди өткөрүшүп, арбагына куран түшүрүштү. Залкар акын Эсенгул Ибраевдин эл, жер, мекенчилдик, тил маселесине арналган публицистикалык ырлары, сүйүү лирикалары экинчи өмүрүн татыктуу өтөп жатканына окурмандар өздөрү күбө болушту. Салтанатка келгендер «Бали, акындын ырлары!» дешип, Эсенгул аганын талантына таазим этишти.
Майрамбек ТОКТОРОВ
Оставить комментарий