Жалал-Абад мамлекеттик, университетинин 20 жылдык мааракесине карата 2013-жылдын 12-апрелинде ЖАМУнун Кочкор- Ата колледжинде орто кесиптик билим берүү окуу жайларынын студенттеринин арасында жалпы билим берүүчү предметтери боюнча олимпиада өткөрүлдү.
Бул олимпиадага ЖАМУнун курамына кирген Жалал-Абад, Кочкор- Ата, Майлуу-Суу, Аксы, Кара-Көл колледждеринен жана Таш-Көмүр аймактык колледжинен жалпысынан 84 студент катышты. Олимпиаданын суроолору, маселелери орто кесиптик билим берүү программасынын негизинде 7 предметтен: математика, кыргыз тили, орус тили, тарых, англис тили, информатика жана физика предметтери боюнча тест жана жат жазуу жүзүндө түзүлдү.
ЖАМУнун Кочкор-Ата шаарындагы колледжинде өткөрүлгөн олимпиаданын ачылышына Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору, профессор Абдрашев Акунжан катышып, олимпиаданын катышуучуларын жана алардын жетекчилерин ЖАМУнун түзүлгөндүгүнүн 20 жылдык мааракеси менен чын дилден куттуктап, ЖАМУнун тарыхына кыскача токтолуп, кесиптик билим берүүнүн зарылдыгын айтып өттү.
Калыстар тобунун жыйынтыгы менен Жалал-Абад колледжи 8 биринчи орун, 3 экинчи, 3 үчүнчү орундарды, Кочкор-Ата колледжи 5 биринчи орун, 6 экинчи орундарды, 1 үчүнчү орунду, Таш-Көмүр аймактык колледжи 3 биринчи орун, 3 экинчи орун, 1 үчүнчү орундарды ээлешти. Майлуу-Суу, Аксы, Кара-Көл колледждери да ар кандай байгелүү орундарга ээ болушту.
ЖАМУнун 20 жылдык мааракесине арналган олимпиаданын жыйынтыгында Жалал-Абад колледжинин жалпы командасы I орунду Кочкор-Ата колледжи II орунду, Таш-көмүр аймактык колледжи III орунду ээлешип, дипломдор менен сыйланышты.
М.КАЙЫПОВ
Оставить комментарий