Акын, агартуучу жана маданий ишмер Тынчтыкбек НУРМАНБЕТОВ 60 жашта

Т.Нурманбетов, азыркы “Кутбилим”, мурдагы “Мугалимдер газе­тасынын” редакторунун орун басары Ш.Сулейменова менен (1982-ж.)
Т.Нурманбетов, азыркы “Кутбилим”, мурдагы “Мугалимдер газе­тасынын” редакторунун орун басары Ш.Сулейменова менен (1982-ж.)

«КУТБИЛИМ» МЕНЕН ЖАШТАШ АКЫН АЛТЫМЫШТА

РЕДАКЦИЯДАН: Белгилүү акын, журналист Тынчтыкбек Нурманбетов агайыбыз мурдагы «Мугалимдер газетасында» (азыркы «Кутбилимде») бир топ жыл бөлүм башчы кызматында иштеп, журналисттик талантын, калемин курчутуп, ушул гезиттен торолуп өсүп, «Кырчын» журна­лына башкы редактор кызматына көтөрүлүп, ушу күнгө дейре ошол журналдын жүгүн татыктуу аткарып кел ет. Андан бери көп суулар акты дегендей, агайыбыз да «Кутбилимге» жашташ болуп апрель айында алтымыштын кырына чыгып, торколуу тоюна камынып турганын угуп кубандык. Тынчтыкбек агайыбыз кеңсебизге келе калганда редакцияда иштеп кеткен күндөрүн жылуу эскерип өтмөйү бар. Азыр деле ал «Кутбилимдин» күйөрманы бойдон калды. Ахыба­лыбызды сурап, кур келбей макалаларын сунуш кылып, билим берүүнүн күңгөй-тескейине көз салып, өз салымын кошуп келет.

– «Мугалимдер газетасынын» тарыхы өтө терең жана таасирдүү. Себеби, бул куттуу гезитте Жунай Мавлянов, Табылды Муканов өңдүү кыргыздын мыкты, таланттуу уулдары иштеген. Гезиттин тарыхы бай, баскан жолу ары байсалдуу. Азыр да бул гезит республикалык деңгээлде барктуу, окумдуу бойдон калды. Анда иштеген азыркы журналисттер да гезиттин коомдук ордун, кадыр барын түшүрбөй, өнүктүрүп өстүрүп келе жатканын сыймыктануу менен айтар элем, – дейт ал өз сөзүндө.

Биз да «Кутбилимдин» ардагери, таланттуу акын Тынчтыкбек Нурманбетов агабызды 60 жылдык торколуу юблейи менен чын дилден куттуктайбыз!

Төмөндө Т.Нурманбетовдун чыгармачылыгы туурасындагы материалдарга орун бердик.

АЗАПТЫ ФИЛОСОФИЯЛЫК КАТЕГОРИЯГА АЙЛАНТКАН АКЫН

Белгилүү акын, журналист, башкы редактор-жетекчи, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Маданияттын мыкты кызматкери”, “Кыргыз тили” төш белгилеринин ээси, КМУнун ардактуу профессору Тынчтыкбек Нурманбетовдун акындын чыгармачылыгы, акындын бейнеси жөнүндө көптөн бери көңүлүмдө жүргөн ойлорду айтуунун алдында, анын басып өткөн эмгек жолу, өспүрүмдөрдүн, боз уландардын рухий азыгы болгон “Кырчын” журналы үчүн жасаган эмгеги жөнүндө учкай болсо да, чын жүрөгүмдөн айта кетүүнү туура таптым.

Т.Нурманбетов кыргыз окур­мандарына 1970-жылдардын ортосунан баштап журналист катары тааныла баштаса, басма сөздөргө жарыяланган бирин-серин ырлары менен акын катары сүрмө топтун арасында жүрдү. Кыргыз мамлекеттик университетин аяктап, армияга барып келгенден кийин эки жылдай “Ленинчил жаш” гезитинде эмгектенип, кыргыз элинин адабиятынын, маданиятынын залкарлары, көркөм сөз чеберлери болгон далай-далай белгилүү инсандар өсүп чыккан куттуу жаштар ордосунда ошол алптар отурган орундукка отуруп, ошол залкарлардын элестери (азыркыча айтканда аурасы) калган имаратта иштөө бактысына туш болду. 1980-жылдан тартып “Мугалимдер газетасында” иштеп, элге билим берүү, педагогика багытында эң мыкты көркөм чыгармаларды жазган, ойчул жазуучу, нарктуулугу, алпейимдиги, жөнөкөйлүгү, акылмандыгы менен атпай кыргыз элинин урматтоосуна татыган Жунай аке Мавляновдун таалим-тарбиясын алды. Ошол залкар адамдын иштөө ык­масы, жетекчилик стилин үйрөндү.

Казакстандын Түркстан ша­арындагы Кожо Ахмед Яссауни­нин (көрүстөнүндө) күмбөзүндө 1989-ж.

Т.Нурманбетовдун балдар, өспүрүмдөр жана жаштар үчүн совет мезгилинен бери чыгып келаткан “Кырчын” (мурдагы “Жаш Ленинчил”) журналын мурда­гы деңгээлинен да өркүндөтүп, ушул мезгилге чейин чыгарып келүүдөгү жана эчен жолу чыкпай калуу коркунучуна кабылганда, тарыхый орду бар, өспүрүмдөрдүн, дегеле жаш муундардын рухий дүйнөсү болгон журналды төштү тосуп сактап калуудагы эмгеги өтө зор. Журнал бүгүнкү күндө кенже курактагы окурмандарга таанып- билүүчүлүк, педагогикалык, андан жогорку курактагыларга көркөм- адабий, илимий, тарыхый ж.б. багыттагы жүктү көтөргөн жакшы жыйнакка айланган. Журналдын барк-баасын билгендер мектептердин бардык класстарына, педагогикалык университеттердин студенттерине кошумча окуу куралы, кеңешчиси катары пайдаланып жүрүшөт.

Калемдеши, кызматташы, жазуучу Тойчубай Субанбеков экөө бул журналдын бардык азап-тозогун көтөрүп, көп жылдардан бери эч кимге доомат кылбай, жасаган иштерин элге жарыялап кыйкырбай эле моюндап келатышкан азаматтардан. Ал эми журналдын көтөргөн жүгү, андагы материалдардын көркөмдүк, илимийлик деңгээлдерин карап көрсөң, ушул эки азаматка жыл сайын төштөрүнө бирден орден тагып турса да аздык кылат деген ойго кетесиң.

Мен буга чейин Т.Нурманбетовдун кызматтык милдетин так аткарган агадил кызматкер, ишти уюштура билген мыкты жетекчи, чыгарып жаткан журналынын багытын туура түшүнүп, окурмандарынын сүймөнчүгүнө арналган материалдарды бере билген, чыгарган продукциясынын окурманын таба билген чыгаан жетекчи катары гана азыноолак ой толгодум.

Эми мезгилдин шоокумун тыңшап, учурдун демин сезип, көңүл элегинен далайды өткөргөн Т.Нурманбетовдун акындык таланты жөнүндө айтпай кетүүгө мүмкүн эмес. Макаламдын башында Т.Нурманбетов 70-жылдардын ортосунда адабиятка кошулгандыгын белгилегем. Адепки мезгилде ошол кездеги адабият талапкерлеринен анча деле өзгөчөлөнгөн жок. Анын акындын таланты 1985-жылы “Мекен мээри” деген ыр жыйна гы чыккандан кийин гана көрүндү. Окурмандар аны жылуу кабыл алып, адаби­ятка дагы бир келечектүү зирек акын башбагып калганын туюшту. Ошол биринчи китебинде “Менин ырым – менин тагдырым, ким экеним такыр сураба” – деп жазгандай, акын кийинки ыр жыйнактарында улантып, ак дилинен чыккан, жүрөгүндө кайнаган жан сырын поэзияга айлантып келет. Автор алгачкы китебинен тартып, андан кийинки чыккан “Эл деми” (1990), “Таш-Көмүр табы” (2002), “Азаптын элүүнчү ыры” (2009) жыйнактарында нукура нурманбетовдук ыкманы тапты – өзүнө гана таандык стилди калыптандырды. Албетте, бул талантын таптап өстүрүүнүн, талыкпас изденүүнүн жемиши болду. Бул жөнүндө басма сөз беттеринде бир топ эле изги пикирлер, омоктуу ойлор, канаттуу кептер жазылгандай эле болду.

Автор соңку ыр жыйнагын “Азаптын элүүнчү ыры” деп атаптыр. Башкалар айткандай, бир караганда акын Омор Султановдун “Чарчоонун жүзүнчү ырын” эске салган бул китептеги ырлары бир ыргакка баш ийбей, көнүмүш ойлорго чулганбай, жан сырын жүрөгүнүн толтосуна каптаган, ичине жашырбаган нурманбетовдук ыкмага салынган.

“Тирүү турган ата-энеңен
Бөлөк өстү болгондон

Тирүү жанга билгенге

Чындыгында эки дүйнө

Мындан өткөн АЗАП жок!

Элдин деми мына мени
Эрезеге, баралыма жеткирген.
Эки дүйнө укугум жок
Жашырууга эч кимден”.

же:

“Кыргыз бар кыргыз тилин билбей калган,
Азап жок каран калгыр мындан өткөн
Билгенге мындан оор болбойт арман!”

же болбосо:

“Арзыбаган мансабына менсинип,
Кыр көрсөтүп көрүнгөнгө эрсинип.

Кызык эле адамдар бар чынында
Ашка тойсо ыргыштаган желпинип”,
– деп автор “Азапты” философиялык категория, лирикалык каарман катары пайдаланган. Мына ушунусу менен, мына ушундай жымсалдабастан ачык айткандыгы менен Омор Султановдон кескин айырмаланып турат. “Азаптын элүүнчү ыры” автордун тагдыры, мекендин тагдыры, элдин тагдыры сыяктанат. Мында автор бири-бирин толуктап турган, салттуу ыргакта жазылган ыр, ак ыр, прозадагы ыр сыяктуу көркөм каражаттарды колдонуу менен ички сезиминдеги “мен” аркылуу бүтүндөй өлкөбүздөгү проблемаларды поэзия предметине айланткан. Жакшылап ой толгоп караганда, жакшылап сереп салганда, мына ушул “Азаптын элүүнчү ыры” өзүнчө бир поэма сыяктанып да кетет. Мында “Жерин саткан эл эгесин жектеймин” деп коомдо болуп жаткан саясий проблемаларды, “Ичээр ашты бирөө тартып алгандай. Ичибиз­де таруу турат айланбай” деп ичи тардык, “Карыганда жаш кылып” деп арак, Аксы алааматы, эне тил, ата-эне, үй-бүлө, ынтымак, ажал, өлүм ж.б. жөнүндө кеңири ой толгоолору поэзия тилинде жаралган.

Мекендин, элинин тагдырын өз тагдыры катары сезет. Автор азапка байлаган ырларында болобу, ар кыл ырларында болобу же төрт саптарындабы, айтор, өзүнүн өмүр жолуна кылчая көз чаптырып, өзүнүн өмүр жолунда басып өткөн азап-тозогу менен кубанып-ырахатын жуурулуштура ыймандай сырын оптимисттик маанайда окурмандарына тартуулайт. Тартуулап гана жөн болбой, окурмандарды ойлонууга мажбурлайт. Ошол эле учурда акындын ырлары өзүнүн турган турпатындай жөнөкөй. Ошондуктан окурмандар мындагы ырларды автордун тагдыры, мекендин тагдыры, ошол эле учурда өздөрүнө дагы тиешелүүдөй карайт, жүрөгүнө жакын кабыл алат. Зирек акындын ырлары мына ушунусу менен да баалуу.

Т.Нурманбетов алтымыштын туу кырына чыгып, алгачкы ашу­унун белинде турган кези. Чы­гармалык баралына жаңы гана келип, элге бергенден берелеги көп. Алдыда дагы далай ашуулар турат. Тынчтыкбек ойдун акыны, демек, ал дагы көптөгөн кырларды, көптөгөн белестерди ашып, дагы далай ийгиликтерди жаратып, чыгармачыл жаңы бийиктиктерге көтөрүлөт деп ишенимдүү ойлойм.

Ысмайыл КАДЫРОВ, акын, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
Тоголок Молдо атындагы сыйлыктын лауреаты

ӨМҮР ЖОЛДОН КЫСКАЧА СҮРТҮМДӨР

Белгилүү акын, агартуучу жана маданий ишмер Нурманбетов Тынчтыкбек Таш-Көмүр шаарында 1953-жылы кенчи­нин үй-бүлөсүндө туулган. Эмгек жолун 1970-жылы Токтогул ГЭСинде курулушчу болуп иш­теп баштаган. Кыргыз улуттук университетин 1976-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган соң, алыскы Чита областында аскердик кызмат өтөгөн. Аскерден кайтып келген соң жаштардын “Ленинчил жаш” гезитинде кабарчы, улук кабарчы, 1980-1987-жылдары республикалык “Мугалимдер газетасында” бөлүм башчы болуп иштеген. Педагогикалык алдыңкы тажрыйбаларды республиканын мугалимдери­не кеңири тараткандыгы үчүн “Кыргыз Республикасынын эл агартуу отличниги” деген наамга татыктуу болгон. 1987-жылдан бери Кыргыз Өкмөтүнүн “Кырчын” (мурдагы “Жаш Ленинчил” журналынын башкы редактору. Кыргыз улуттук журналистикасын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин буйругу менен Тынчтыкбек Нурманбе­товго 1993-жылы “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” деген ардак наам ыйгарылган.

2011-жылдан Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ардактуу профессору.

Тынчтыкбек Нурманбетов “Мекен мээри” (1985-жыл), “Эл деми” (1990-жыл), “Таш-Көмүр табы” (2002-жыл), “Азаптын элүүнчү ыры” (2009-жыл), “Ка­сиет” (2013-жыл) ыр китептеринин автору. Ал Кыргызстан Журналисттер (1980-жыл) жана Улуттук жазуучулар союзуна (1988-жыл) мүчө.

Кыйдырба, кырчынды кыйдыга

(Кымбаттуу иним Тынчтыкбекке)

“Кырчын” деп кыл чайнап келдиңиз,
Кыйындык күндөрү жеңдиңиз.
Кылычтай суурулуп курч туруп,
Кыйдынын катыгын бердиңиз.
“Кырчындын” жолуна ал тургай,
Кыйылып кетемин дедиңиз.
Кыргызды сүйүүнүн белгиси,
Кырчылдап муюбас эркиңиз.
Кырчылдап бөпөлөп өстүрүп,
Кысымдын кыйласын жеңдиңиз.
Кызыктуу чыкса деп ар саны
Кырчындай жаштыкты бердиңиз.
Кырчындай жаш бойдон жүрүңүз
Кызыган өчпөсүн демиңиз!
“Кырчынга” жашташсың өзүн да
Жүз жылдык маараке бериңиз!

Гүлсайра МОМУНОВА, Кыргыз Эл акыны

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*