Борбордук Азиядагы педагогикалык кадрларды даярдоонун теориясы жана практикасы

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту жана Казакстан Республикасынын окумуштуулары тарабынан өткөрүлгөн “Борбордук Азияда Педагогикалык кадрларды даярдоонун теориясы жана практикасы” аттуу II эл аралык илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө эки өлкөнүн окумуштуулары тарабынан таасирдүү ойлор айтылып, бүгүнкү күндө келечек ээлерин мугалимдик кесипке даярдап, тарбиялоодогу анын кадыр-баркы, коомдогу ээлеген орду баса белгиленди. Эки тараптын окумуштууларынын илимий көз караштары келечекте мугалимдерди даярдап, кадр маселесин чечүүдөгү ынанымдуу жасаган баяндамаларынан улам, кызматташтыкты арттырууга мындан ары да ишенимдүү жол ачыларына ишеним артылды. Ошондо й эле, педагогикалык кадрларды даярдоодо Борбордук Азия өлкөлөрүнүн бирдиктүү эл аралык концепциясы иштелип чыгышы заман талабына ылайык келери белгиленди. Газетабыздин бул санында ушул иш-чарада айтылган асыл ойлорго, сунуштарга орун бердик. 

Мукаш БАЗАРКУЛОВ,
Кыргыз Республикасынын Эл мугалими:

— Мектептерди мугалим кадрлары менен толук камсыз кылуу үчүн өкмөттүн деңгээлинде атайын иш- чара иштелип чыгыш керек, анда төмөндөгүдөй маселелерди эске алуу зарыл: Педагогикалык орто кесиптик (педучилище) жана жогорку кесиптик билим берүү системасын сактап калуу, аны бүгүнкү күндүн талабына ылайык уюштуруу, кесип берүүнүн сапатын жогорулатуу; ар бир райондун, шаардын, облустун педагогикалык кадрларга болгон керектөөсүн так эсепке алып, мугалим кадрларын даярдаган жогорку окуу жайларында бюджеттик орундарды көбөйтүү; жаштар татыктуу жашоо үчүн жакшы кесип алууга умтулат. Мамлекет мектепти жакшы бүтүргөн жаштардын мугалимдик кесип алууга кызыккыдай шарт түзүүсү керек; мугалим кадрларын даярдоонун эсебинен каражат үнөмдөө — калктын, мамлекеттин алга жылышына тоскоолдук болууда, андан ата-энелер да, балдар да, мамлекет да зыян тартууда. Мындай мамиле коомдун интеллектуалдык потенциалынын төмөндөшүнө алып келүүдө. Ошондуктан ар кандай кыйынчылыкка, тартыштыкка шылтабай мугалимдердин жашоо-шартын жакшыртып, алардын коомдогу кадыр-баркын көтөрүү керек; Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин курамындагы Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун жүргүзүп жаткан иштери колдоого татыктуу. Улуттук университетте орто кесип алып жаткан окуучуларга илимдин докторлору, кандидаттары, доценттер жана профессорлор сабак беришет. Бул мугалимдерди даярдоонун сапатын жогорулатууга шарт түзөөрү талашсыз; бюджеттин эсебинен окуп педагогикалык кесип алган бүтүрүүчүлөрдүн милдеттүү түрдө 2-3 жыл мектепте иштөөсү боюнча юридикалык-укуктук жагын кароо зарыл. Азыр жыл сайын 1,5 миң улан-кыздар педагогикалык окуу жайларын бүткөрүшөт. Алардын 15-20 пайызы гана мектепке келет, көпчүлүгү бир жылдан кийин мектептен кетип калышат; педагогикалык окуу жайларын бүтүрүп мектепке келген жаш адистерди биринчи жыл иштегенде квартира менен камсыз кылуу, жыл ичинде аларды квартира, отун, свет үчүн коммуналдык төлөөдөн куткаруу маселесин чечүү керек.

Азыр республикада атайын мугалимдерди даярдаган бир дагы жогорку окуу жайы калган жок. Мугалимдерди даярдоо экинчи, үчүнчү планга калтырылган. Мектепке, мугалимге жасаган мами­лесине жараша тигил же бул коомго, тигил же бул мамлекетке так мүнөздөмө берсе болот. Билим берүү системасындагы орун алган кемчиликтерди терең талдап чыгып, жыйынтыгын өкмөттө карап, бул абалдан чыгуу боюнча план-программа түзүп чыгуу – бүгүнкү күндүн талабы.

Искендер ИСАМИДИНОВ,
Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор:

— Аталган конференция университетибиздин 80 жылдык мааракесине арналды. Боордош Казакстан Республикасынын илимий-педагогикалык борборлору менен тыгыз карым-катышта эки тараптуу кызматташуу мамилелерин жүргүзүп келе жаткан Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун бир топ алгылыктуу иштери бар. “Борбордук Азиядагы педагогика­лык кадрларды даярдоонун теориясы жана практикасы” аталган конференцияда окумуштуулардын мугалимдик кесипке арналган салмактуу илимий-теориялык жактан терең талданган, практикалык мааниси күчтүү баяндамалары угулду жана талкууланды. Баяндамалардын көпчүлүгүндө бүгүнкү күндөгү педагогикалык кадрларды даярдоонун актуалдуу көйгөйлөрүнө басым жасалып, аны чечүүнүн жолдору айтылып, сунуштар киргизилди. Албетте, бул маселе азыр эле чыга калган жок. Канткенде мектептерде жетишпеген мугалим кадрларын камсыздай алабыз деген суроо турат. Ушул маселени чечүү үчүн жогоруда аталган институт түптөлгөн болчу. Ал жаш, болгону төрт жылдын гана жүзү болду. Бирок ушул аз убакыттын ичинде Кыргызстандын жети дубанынан мугалим болууну самап келген улан-кыздарды тарбиялап, бир топ алгылыктуу иш-чараларды жасап келишүүдө. Бул жолку өткөн эл аралык иш-чара дагы эң жогорку деңгээлде уюштурулду. Менимче, эл аралык кызматташуулар, келечектүү максаттар улантылып, тереңдетилет деген ишенимдемин.

Исак БЕКБОЕВ,
КР Эл мугалими, КББАнын мектепке чейинки жана мектептик билим берүү борборунун директору, педагогика илимдеринин доктору, профессор:

— Билим берүү мекемелеринде иштей турган адистерди даярдоочу жогорку окуу жайлар менен орто кесиптик окуу жайларынын бүтүрүүчүсү адеп мектепке жумушка барган күндөн тартып кыйла көйгөйлөргө тушугат. Андай көйгөйлөр дегеле көп. Мен алардын маанилүү деп табылган айрымдарына гана токтолоюн. Алар: баланын өз алдынчалуулугунун калыптануу абалы; сабак жүктөмдөрүнүн көптүгү, балдардын моралдык-психологиялык түйшүгүнүн оордугу жана аларды жолго коюунун айрым ыкмалары; билим берүүдөгү заманбап технологияларды колдонуунун долбоорлорун иштеп чыгуу; баланын өзүн-өзү өнүктүрүүсүнө карата шарт түзүүдө мугалимдер кезиге турган кыйынчылыктары; балдардын ички ишенимдерин калыптандыруу маселелери.

Америкалык белгилүү психолог Карл Роджерс, адам төрөлгөндөн тартып эле өзүнүн жеке мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө умтуларын белгилеген. Бирок жашы жеткен бала мектепке келери менен анын мындай мүмкүнчүлүгү менен ар нерсени билүүгө ынтызарлыгы жоголот. Чынында эле бала мек­тепке келери менен биз анын “Мен мунун өтөөсүнө өзүм чыгам, китептен окуп, маселени чечүүнүн жолун өзүм табам” деген сөзүн укпай калабыз. Мунун себеби эмнеде? Качан, кантип биз анын табигый демилгесин, “мен өзүм” деген өз алдынчалуулугун өчүрүп алганбыз? Мындай суроолорго жооп табуу үчүн окумуштуулар, методисттер менен мугалимдер “өзүн-өзү өнүктүрүү” феноменине кайрылышат. Ошондуктан бүгүнкү жаңы педагогиканын формуласы педагогикалык мамилелердин: өнүгүүдөн – мугалим менен окуучунун өзүн-өзү өнүктүрүүсүнө карай орун алмашуусу болуп калды. Өзүн-өзү өнүктүрүү баланын өзүнүн “менин” ачуусунан баш­талып, өзүн өз жашоосунун ээси катары сезе баштаганда калыптана баштайт.

Өзүн-өзү өнүктүрүүнүн негизи болуп: адамдын “идеалдуу-мени” менен “реалдуу-менинин” дал келбешин сезе башташы; ички карама-каршылыктар – адам жашоосундагы максат-милдеттер менен аларды орундатуунун каражаттарынын жоктугу, умтулуулар менен аларга жетүүнүн мүмкүнчүлүктөрүнүн ортосундагы карама-каршылыктар. Ошентип, өзүн-өзү өнүктүрүүнүн түпкүрүндө адамдын инсан катары толук кандуу калыптануусуна болгон муктаждыктары жатат. Теорияда мунун баары кызыктуу угулуп, кооз көрүнгөнү менен иш жүзүндө башкача – мектеп, ошол баланын “менин” басмырлабаган, анын өнүгүшүнө өбөлгөлөрдү түзүүчү мекеме катары кандай уюштурулушу керек? Муну чечүүнүн жолдору көп. Биздин оюбузча, өзүн- өзү өнүктүрүүнүн башаты тыкан, интеллектуалдык жактан калыптанган окуучуну тарбиялап чыгарууда жатат, арийне, андай окуучу эмоционалдык жана практикалык жактан бир максатка багытталган абалда болушу керек. Мектеп практикасында, адатта, акыл аң-сезим менен жуурулуштурулуп каралат эмеспи. Ошол себептен мугалимдер ар кандай амалдар менен балага түркүн билимдерди “сиңирүү” аракетинде болушат. Мектеп окуучусуна конкреттүү билимдин суммасын берип гана чектелбей, андай билимдердин базасында өз алдынча корутунду чыгарууга, чыгармачылык менен иштөөнүн көндүм-адаттарын үйрөткөнү оң, тагыраак айтканда, өз алдынча ой-жүгүртүүгө даярдалышы шарт. Ошентип, мектеп билим менен тарбия берүүгө “Знания. Умения. Навыки” (ЗУН) деп аталган демейки түшүнүктүн призмасынан карабай, кыйла ке­ненирээк караганы оң.

Дидактиканын негизги принциптеринин бири – окутуунун жеткиликтүүлүгү, окуучу өздөштүрө турган окуу материалынын ашыкча болушуна жол бербөө. Тилекке каршы, мектеп практикасында сабак жүктөмдөрүнүн үч түрүн жолуктурууга болот, алар: окуучунун моралдык-психологиялык, интеллектуалдык жана биологиялык- физиологиялык ашыкча жүктөмү. Айрыкча, окуучунун моралдык-психологиялык ашыкча жүктөмү көбүрөөк кездешип, ошонун айынан окуучу мектепке баргандан коркуп да калган. Айталы, окуучу жооп берип жатып жаңылса, биз анын кетирген катасын эмес, өзүн кысмакка алып күнөөлөйбүз! Ушунун айынан бала өзүнүн кемсингенин сезет. Жазалоо – педагогикадагы эң бир копол, осол каталардын бири. Ал амалдын эң бир айла кеткендеги жолу.

Билим берүүнүн инновациялык технологияларын иштеп чыгып колдонуу иштери бүгүн долбоор түзүүдөн башталат. Ошондуктан мугалимдин изденүү иштери мугалим, окуучу, предмет деген түшүнүктөрдү чечмелөөдөн башталганы оң. А мунун артында дайыма мындай маселелер жатат: өзүн-өзү сыйлоо, урматтоо, өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн реализациялоо, өз жашоосунун кунарын ачууга болгон каалоо-тилеги… Педагогдун профессионалдуулугу – бул ар кандай предметти кызыктуу кылып өтүү дегендик. Мугалим үчүн мында кыйынчылыктуу эки маселе келип чыгат. Биринчиси, окуучуларга бериле тургандардын татыктуусу эмне экендигин так аныктоо. Экинчиси, аны кантип ишке ашыруунун жолун табуу. Биринчи маселеде мугалим башын оорутпайт, анткени билим берүүнүн мазмуну программада аныкталат. Экинчи маселеде, мугалимге дал мына ушул иши үчүн акча төлөнүшү керек. Кванттык теориянын негиздөөчүлөрүнүн бири, Нобель сыйлыгынын лауреаты Макс Планк минтет: “эмнени окутуу анчейин деле маанилүү эмес, маанилүүсү – кантип окутуу”.

Педагогикалык түйшүктөрдүн объективдүү себептери – бул педагогикалык кырдаалдагы реалдуу кыйынчылыктар, алар түбүнөн мугалимге байланыштуу нерселер эле, айталы, мугалим жаңы класс алып жатканда же ал жаңы программаны өздөштүрүшү керек болгондо жаралган кыйынчылыктар. Субъективдүү себептери ошол мугалимдин жеке, индивидуалдык өзгөчөлүктөрү менен, анын психикалык абалы (толкундануусу, тынчсыздануусу, коркуу сезими) менен түшүндүрүлөт. Мындай учурда профессионалдык даярдыгы төмөн мугалимге кыйынчылыктар тескери таасир берет да анын бүтүндөй ишине таасирин тийгизет. Андайлар тандаган кесибине канааттанбаганын сезишип, инсан катары деструктивдүү абалга түшүп кесибин алмаштыргысы келип турат. Ал эми профессионалдык даярдыгы мыкты мугалимдер үчүн мындай кыйынчылыктар жакшы жагынан таасир этип, алар кесиптин жакшы жактарын табууга, изденүүгө индикатор болуп берет.

 

Советбек БАЙГАЗИЕВ,
Кыргыз билим берүү академиясынын вице- президенти, ф.и.д., профессор:

— Даяр билимди окуучуга даяр түрүндө маалымдоого эсептелген формалдуу окутууга карата алдыңкы педагогикалык теория алда качантан бери эле альтернативаны издеп да, сунуш кылып да келатат. Бирок теориянын айтканына педагогикалык практика көп учурда кулак какпай, өз көнүмүшүнө ыктап турганы турган. Ал альтернативдүү педагогикалык көз караштын маңызы мында туруп атат. Биринчи иретте, балага карата бол­гон көз караш өзгөрүш керек, бала деген ар кандай билим маалыматтарынын чогундусу менен толтурула бере турган челек эмес, ал — алоолонтуп жандыра турган факел. Мына ушул көз караштан алганда, өзүнүн жаңычылдыгы менен атагы чыккан Бектур Исаковдун класстагы балдарга кайры­лып айтып турган төмөнкү сөздөрүн эске түшүрүү актуалдуу: «Силер киши-робот эмессиңер, эркин дүйнөсүңөр. Ар бириңердин мүмкүнчүлүгүңөр чексиз. Ар бириңде таң калаарлык шык, жөндөм, талант бугуп жатат. Адам кээде өзүндөгү ошол улуу, асыл-нарктарды ойготпой жүрүп өтүп кетет. Биздин максат — ошолорду ачуу. Дүйнөнү өз колуңар, өз акылыңар менен ача аласыңар. Силер миң тилдүү, миң үндүү конгуроосуңар. Баарыңардын коендой окшош болуп калышыңарды каалабайм».

Окутуу процесси деген нерсе кош бирдиктүү процесс. Бул процесс ичине өз ара шартташып, бири-бирине жуурулушуп турган эки башталмадан турат: биринчиси — мугалимдин окутуу ишмердиги, экинчиси — билимди өздөштүрүү боюнча окуучунун иш-аракети, окуусу (учение). Окутуу процессинде ушул эки башталма бири-бири менен эриш-аркак активдүү кыймылга келгенде гана билим-тарбия алуу жана окуучунун өнүгүшү деген нерсе жүзөгө аша баштайт, башкача айтканда, “сабактын кушу” эки канатын тең шилтеп көкөлөп учат.

Эми окутууга мамиле башкача болуп өзгөрөт. Сабактын уюштурулуш формасы, анын бүткүл методикалык технологиясы ушуга – окуучунун субъективдүү активдүүлүгүн арттырууга багытталат. Модулдап окутуу, интерактивдик усулдар, проблемалык кырдаалдарды түзүү, талаш-тартыш, диалог-дискуссия, окуу оюну, сынчыл ойлом, “мээге чабуул”, евристикалык усул, изилдөө усулу, тегерек стол, ар кандай притчаларды, ичине маанилүү турмуштук сабактарды камтыган икаяларды пайдалануу, дилбаяндарды талдоо-талкуулоо, сахна-сабак, сабак-конференция ж.б. – мугалимдин усулдук технологиясы негизинен ушундай болуп калат. Айтмакчы, кыстарып айтып өтө турган нерсе, бул жерде бир маселе бар. Бирок бул усулдук амалдар кимдин колунда кандай иштейт? Кеп ушунда. Кээ бир мугалимдердин практикасына келгенде мындай методика формалдуу пайдаланылып, сабак сырткы “кабыгы” жагынан кооз, модалуу көрүнүп, бирок ички мазмуну жагынан “дан” байлабай, окуучулардын ички руханий жана аң- сезим жактан өсүшү үчүн түшүмсүз болуп калган учурлар көп кездешет. Тилекке жараша, бул усул-куралдар бир катар алдыңкы изденгич мугалимдердин колуна тийгенде жакшы түшүм берет, жаркырап “жылдызы жанат” десек жаңылышпайбыз.

Бир сөз менен айтканда, жаш адамдын ич жактан тутанып «от алышына», дүйнө кубулуштарын таанып-билүүгө ич жактан куштарланышына, өзүн-өзү изилдөөгө, өзүн-өзү таанууга, өзүн-өзү тарбиялоого, өзүн-өзү ачууга, өнүктүрүүгө, өзүн-өзү реализациялоого, турмушка өз алдынча чы­гармачылык менен мамиле жасоого, талдагыч, сынчыл ой жүгүртүүгө козгоп-козуткан, шыктандырган, сүрөө болгон окутуу — бул чыныгы педагогикалык асыл-нарк, сөздүн нагыз маанисиндеги инсанчыл билим берүү, бийик гуманисттик акция.

Рахат СУЛАЙМАНОВА,
Ж.Баласагын атындагы КУУнун алдындагы Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун директору, педагогика илимдеринин кандидаты:

— Кыргызстанда социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн саны көбөйүп, анын натыйжасында көптөгөн проблемалар келип чыгууда. Билим берүү жана илим министринин орун басары Д.Кендирбаеванын айтымында, 58,4 % бала социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө жашайт. Мезгилдик жумуштарда 2600 бала иштесе, 2500 бала укук коргоо органдарынын каттоосунда. Учурда республикада кароосуз калган балдар үчүн 425 орунга эсептелген беш мекеме, 944 орунга эсептелген жетимдер жана атасы же энеси жок жетимдер үчүн төрт мекеме, Билим берүү жана илим министрлигине караштуу 45 баланы камтыган бир реабилитациялоо борбору бар. Аталган мекемелерге адистерди даярдоо үчүн институттун алдында атайын бөлүм ачылган. Учурда “Социалдык педагогика” адистиги боюнча жалпысынан 61 студент билим алууда. Алар окууларын аяктаган соң, социалдык муктаждагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үйлөрүндө иштейт.

Бул студенттер негизинен окуу жана педагогикалык практика өтөөдө мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үйлөрүндө эки жумалык жана он эки жумалык мөөнөттөгү практикага барышат. Эгерде аталган балдар үйлөрүнө мамлекет тарабынан дайыма колдоолор көрсөтүлсө, өлкөнүн экономикасы жак­шырса, мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны кескин кыскараар эле.

Алтынай ЖАЙТАПОВА,
доктор педагогических наук, профессор, г. Алматы, Казахстан:

— В современном Казахстане становление собственной национальной модели образования сопровождается изменением образовательной пара­дигмы, которая выдвигает на первое место не знания, умения и навыки, а личность обучающегося, ее развитие посредством образования.

Органичной частью процесса совершенствования качества образования является подготовка педагогических кадров и систематическое повышение их квалификации, так как сама система образования в свою очередь, нуждается в кадровом потенциале, способном ответить соответствующим вызовам времени. В связи с этим функционирование организации образования должно осуществляться на стратегически выверенном управлении и научно-методически обоснованном сопровождении.

Система повышения квалификации (СПК) как организованное последипломное образование представляет собой один из уровней непрерывного педагогического образования. СПК как составная часть управления развитием человеческих ресурсов должна строиться в рамках концепции каче­ства и поэтому одной из важнейших тенденций развития стало освоение новой системы управления – Всеобщего Управления Качества.

В условиях СПК организуется профессиональная деятельность педагогов с использованием таких гуманитарных технологий как: портфолио, кейсы, проекты, дискуссии, мастер-классы, публичные отчеты, конкурсы, презентации, технологии социального взаимодействия, информационные, коммуникационные, рефлексивные технологии, которые формируют рефлексивно-аналитическую культуру и рефлексивно-креативное мышление у педагогов, а также обеспечивают реализацию ценностно-целевых ориентиров модернизации образования, компетентностный подход, иннова­ционность и совершенствование управления. То есть делаются попытки сформировать новое мышление, новые мыслительные алгоритмы, понимание и развивать рефлексивную культуру, но из-за отсутствия целостной методологии управления и научно-обоснованного внедрения новшеств в практику деятельности все эти устремления «пробуксовывают».

Стратегия инновационного обучения обеспечивает системную организацию управления курсовой и межкурсовой работой. В управлении необходимо выделить следующие компоненты: позиция руководителя методической службы (изменения его позиции в отношении к учителю и са­мому себе). В связи с этим изменяется и позиция личности педагога (учителя) на курсах, которая перецентрируется на активное взаимодействие; из­менения предметного содержания и способов организации процессов их усвоения. Процесс усвоения знаний на курсах организуется в многообраз­ных формах поисковой и мыслительной деятельности, как продуктивный творческий процесс; учет социальной природы андрагогического учения. Использование в учебном процессе многообразных форм взаимодействий, отношений и общения, интерактивное учение; совершенствование и изменение критериев оценивания, и мониторинг динамичности профессионального роста.

В современных условиях модернизации национальной системы многоуровнего образования Республики Казахстан на этапе реализации модели образования, ориентированного на результат и перехода к 12-летнему обучению имеются такие специфические требования к профессиональной квалификации педагогов как:

1. Соответствие широким базовым и ключевым компетенциям, являющимся ожидаемым результатам общего, среднего образования: трехъязычие, евразийская поликультурность, коммуникативность, технократичность и др; математическая компетенция, естественная научная и технологическая компетенция, личная и межличная компетенция, культурная и гражданская; компетенция работы и предпринимательства.

2. Переориентация на точное исследование, задаваемым образовательным стандартом конечным результатам при творческом варьировании способов их достижения, проявлении самостоятельности в определении содержания и технологии деятельности для достижения результатов, конструировании учебного процесса.

3.Усиление исследовательской направленности педагогической деятельности.

4. Конкурентоспособность за счет оптимального сочетания специальной, социальной, индивидуальной, личностной, экстремальной компе­тентностей;

5. Создание организационно-содержательных условий в качестве системной опоры при изменяющихся социально-экономических требованиях к образованию.

Таким образом, соответствующая организация последипломного педагогического образования в Республике Казахстан и обозначенные тенденции в нем осуществляют ключевую позицию к устойчивому развитию государства и общества, реализуют концепцию образования на протяжении всей жизни и обеспечивают готовность педагогических кадров к адаптации и реагированию на вызовы глобализации.

Зауре ИДИНБАЕВА,
мектепке чейинки окуу китебинин автору, Казакстан:

— Орус тилдүү бала бакчаларында казак тилин окутуп, үйрөтүү боюнча окуу китебин жазып чыктым. Казакстанда 144 улуттун өкүлү бар. Алматы калаа­сындагы 260 бала бакчада 6-7 миң бала тарбияланып жатат. Ушулардын ичинен 6-7 гана казак бала бакчасы, калганы орус бала бакчалары. Бирок ошого карабастан, маселен, 12 топтук бала бакча болсо, 6 казак тилинде, 6 орус тилинде окутулат. Мектепке чейинки балдар үч тилди таза үйрөнүшү керек. Биринчиден, казак тилин, орус тилин жана каалаган бир чет тилин. Орус бакчаларында кайсы улуттун өкүлү болбосун таптаза казакча сүйлөшөт. Мектеп менен бала бакчанын байланышы үзгүлтүксүз болушу керек. Бала бакчада билим алган бала мектепте билимин улантып кетиши керек. Тилекке каршы, бала бакчада мыкты тарбия бересиң, ал эми мектепке барганда ал байланыш жок болгондон үзүлүп калууда. Мисалга, педагог болууга ылайык эмес адамдар окууга өтүп алып, билим берүүнү талкалап жатышат. Башың кайсы десе, кулагын көрсөтөт. Негизинен мугалимдик кесипке адамгерчилиги бийик, ошол кесипти сүйгөн гана адамдар барышы керек. Артык сөз, жүрүм-туруму, сүйлөгөн сөзү аркылуу адамдын адамдыгы билинет. Ушул жылдар ичинде бир дагы кагазга үңүлүп алып сүйлөбөйм жана кесиптештериме да уруксат бербеймин. Анткени кагазды карады дегиче бала сенден үлгү алат. 25- 30 минуттук сабакты мугалим жүрөктөн чыгарып бериши керек. Эгерде мугалимдин жүрөгү сайраса, ал чыныгы педагог.

Даярдаган Гүлнара АЛЫБАЕВА 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*