Өз тамырыбызга балта чаппайлы

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.АТАМБАЕВге,
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы А.Ш.ЖЭЭНБЕКОВго
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Ж.САТЫБАЛДИЕВге
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри К.Ж.САДЫКОВго

КАЙРЫЛУУ

Урматтуу Алмаз Шаршенович, Сиздин «Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүүнү тереңдетүү жана жарандык атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндөгү» (27-январь, 2012-жыл) Жарлыгыңызды турмушка ашыруу максатында 2012-жылы Кыргыз билим берүү академиясы мугалимдер үчүн төмөнкүдөй наамдагы 7 китепти оперативдүү түрдө иштеп чыгып, басмадан чыгарды:

1. «Манас» эпосундагы баланы эркин тарбиялоо философиясы.

2. «Манас» эпосу: тарыхый эстутумга, антимаңкурттук рухка жана мекенчилдикке тарбиялоо.

3. «Манастын» ата-эне жөнүндөгү этнопедагогикалык осуяты.

4. Бала Манастын инсан катары калыптанышында эмгек тарбиясынын ролу.

5. «Манас» эпосундагы өнөр-билим педагогикасы.

6. «Манас» эпосунун биримдик, достук, ынтымак жөнүндөгү улуу идеялары – бүгүнкү жарандык тарбиянын тиреги.

7. Улуу «Манас» – улут тиреги.

Ошондой эле, Президенттин Жарлыгын реализациялоо үчүн Кыргыз билим берүү академиясында “Манасты” мектептерде жана жогорку окуу жайларында окутуунун концепциясы” иштелип чыгып, Билим берүү жана илим министрлигинин Коллегиясында бекитилди (июнь, 2012-жыл). Буга кошумча айтарыбыз, Кыргыз Өкмөтүнүн республикабыздын туруктуу өнүгүүгө өтүүгө карата түзгөн план-программасында (2013-2017-жж.) мектеп окуучуларын тарбиялоо концепциясын иштеп чыгуу белгиленген. Адеп-ахлак кризисинде турган Кыргызстандын шартында тарбия концепциясынын өтө зарыл экендигин эске алып, Кыргыз билим берүү академиясы “Жаш муундарды рухий-адептик жана патриоттук жактан тарбиялоо концепциясын” түзүп, министрликке өткөрдү (апрель, 2013- жыл). Ошондой эле, урматтуу Алмаз Шаршенович, өзүңүз баш сөз жазып, каржылап, 2012- жылы жарыкка чыгарган Кыргыз адабиятынын мектептерге арналган 10 томдук антологиясы да негизинен Кыргыз билим берүү академиясында түзүлгөндүгүн маалымдап өткүбүз келет.

Буларды эмне үчүн айтып жатабыз? Себеби, коомдун, мамлекеттин социалдык заказына ыкчам жана илимий негизде жооп берүү те башынан эле биздин мекеменин социалдык мүнөзүнө жана иштөө стилине тиешелүү нерсе болуп келген. Эгемендүүлүктүн жылдарында Кыргыз билим берүү академиясы өзгөргөн мезгилдин жаңы талаптарына чапчаңдык менен жооп берип, билим берүүнүн мазмунун жана окутуунун технологиясын жаңылоодо жана мектептер үчүн жаңы билим берүү стандарттарын, жаңы муундагы окуу программаларын, окуу китептерин, окуу куралдарын, инновациялык технологияны иштеп чыгууда демилгелүүлүктү, мобилдүүлүктү көрсөттү. “Кыргыз Республикасынын мектептеринде предметтик билим берүүнү жаңылоонун концепциялары” (КСХнын типографиясы, Бишкек, 1995), “Кыргыз Республикасынын мектептеринде предметтик билим берүүнүн мамлекеттик стандарттары” (Бишкек, “Билим куту”, 2006). 2000-жылга чейин социалдык жаңы шарттардын талабына ылайык республиканын окуу планындагы бардык предметтердин программалары жаңыртылып, анын негизинде окуу китептеринин жаңы муунунун биринчи этабы ишке ашырылды. Биринчи жолу математика предмети боюнча 1-класстан 11-класска чейин кыргызча оригиналдуу окуу китептери жазылып, ал окуу китептеринин комплекси КРдин илим жана техника жагындагы Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болду (профессор И.Бекбоев).

Кыргыз билим берүү академиясы өлкөнүн агартуу тарыхында зор роль ойноп келген. Мурдагы Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын Өкмөтүнүн атайын токтому менен 1951-жылы ноябрь айында Кыргыз педагогика илим-изилдөө институту (КирНИИП) түзүлгөн. 1950-жылдардан баштап бул мекеме Кыргызстандагы бирден-бир педагогикалык илимий борборго айланат. Аталган педагогикалык мекеме факты жүзүндө мектептердеги окуу-тарбия процессинин илимий-теориялык, илимий-методикалык таянычы болуп калган. 1951-жылдан ушул күнгө чейин академиянын аспирантурасы аркылуу 451 педагогика илиминин кандидаттары жана 52 илимдин докторлору даярдалган. Бүгүнкү күндө академиянын жогор­ку квалификациядагы илимий адистери иштеп жатпаган жогорку окуу жайлары республикада жокко эсе. Академиядан республиканын он миңдеген мугалимдери өздөрүнүн кесиптик чеберчилигин жогорулатышкан жана жогорулатып жатышат. Бул жылдардын ичинде академияда жыйырма төрт республикалык педагогикалык окуулар өткөрүлгөн. Соңку жылдарда алыскы элеттерден курска келген мектеп мугалимдери­нин 90 проценти академиянын окутуучуларынын лекциялык ишмердигине карата “4”, “5” деген бааны койгон папкалар бизде сакталып турат.

Урматтуу Алмаз Шаршенович, тилекке каршы, КРдин Президентинин алдындагы коомдук эксперттик кеңеш 2013-жылдын 26-апрелинде болгон өзүнүн кеңешмесинде, ачык эле айталы, өз өлкөсү менен узак тарыхый жолду баскан, агартуунун, билим берүүнүн түмөн түйшүктөрүн, азап-тозокторун башынан кечирип келе жаткан Кыргыз билим берүү академиясынын түптүү, тамырлуу тарыхына кол шилтеп, ал жөнүндө бир ооз сөз айтпай, кээ бир кемчиликтерди бетке кармап, академияны жоюу жөнүндө бир жактуу шашылыш чечим чыгарып отурат. Жоюу маселеси айрым “койнунда котур ташы бар” адамдардын эл аралык уюмдардан келип жаткан финансылык каражаттарды жеке кызыкчылыктар тарапка бурууга кээ бир учурда тоскоол болгон академияны жок кылуу максатын тымызын көздөп, уюштурулуп жатабы? Коомдук эксперттик кеңештин отурумунун чечими чын-чынына келгенде акыры барып келип мамлекетибиздин пайдубалына коюлган динамитти элестетпей койбойт же ваннадагы сууну төгөм деп, баланы кошо төгүп алганга тете десек эч жаңылбайбыз. Оозун куу чөп менен аарчыган эксперттик кеңештин айрым мүчөлөрү академияда олуттуу изилдөөлөр жок деп таңдайларынан чаң чыгарат. Ал эми соңку эле жылдарда академиянын кызматкерлери тарабынан даярдалган төмөнкү эмгектерди каякка алып барабыз? Маселен, көптөгөн эмгектердин четин эле чыгаралы:

1. И.Бекбоев. Ориентация на личность – Бишкек, 2000, 13 басма табак

2. И.Бекбоев. Инсанга багыттап окутуу технологиясынын теориялык жана практикалык маселелери – Бишкек, “Бийиктик”, 2012, 24 басма табак.

3. А.Мамытов. Дене маданияты теориясы – Бишкек, 2011, 11 басма табак

4. С.Байгазиев. Гумандуу педагогика – Бишкек, “Алтын тамга”, 2006, 39,25 басма табак.

5. С.Байгазиев. Окутуунун жана тарбиялоонун философиясы – Бишкек, “Алтын тамга”, 2012, 29,75 басма табак.

6. С.Рысбаев. Кыргыз балдар фольклорунун педагогикасы – Бишкек, “Гүлчынар”, 2010, 27 басма табак.

7. С.Рысбаев. Кыргыз тилин экинчи тил катары окутуунун теориялык жана практикалык маселелери – Бишкек, “Мега принт”, 2011, 17,5 басма табак

8. Коллектив. Из истории развития педагогической науки в Кыргызстане – Бишкек, “Педагогика”, 2003, 20 басма табак.

9. М.Субанова. Орто мектепте биологиялык билим берүүнүн мазмунун жана технологиясын өркүндөтүүнүн илимий-методикалык негизи – Бишкек, 2009, 12 басма табак

10. В.Мусаева. Кыргыздын чечендик кебин окутуу – Бишкек, “Бийиктик плюс”, 19,1 басма табак

11. С.Иптаров. Этнолингвопедагогикалык изилдөө – Бишкек, 2012, 7 басма табак. Булар академиянын эмгектеринин чети гана.

Илимий, илимий-методикалык эмгектерди чыгарууга Өкмөттөн акча бөлүнбөйт. Булар мамлекеттен бир тыйын албай, түрдүү финансылык булактарды таап чыгарылган монографиялык мүнөздөгү китептер. И.Бекбоевдин жогорудагы “Инсанга багыттап окутуу технологиясынын теориялык жана практикалык маселелери” аттуу китеби мугалимдердин талабы менен кыска мезгилдин ичинде үч жолу басылып чыкты. Академия 2012-жылы эле академиянын жетекчилиги атайын демөөрчү таап, 17 наамдагы илимий-методикалык колдонмолорду басмадан чыгарып, республиканын мектептерине бекер таратты.

Коомдук эксперттик топтун мүчөсү А.Дауталиева кыргыз адабияты 1993-жылы бекитилген программа менен окутулууда деген сынды айтат. А.Дауталиева Кыргыз адабиятынын мектептик программасы андан бери карай 4 жолу басылып чыккандыгын, алымча-кошумчаланып, акыркысы 2012-жылы жарык көргөнүн билбейт экен. Педагогикада “стабилдүү программа” деген түшүнүк бар. Кыргыз адабиятынын стабилдүү программасы өз ичине кыргыз адабиятынын өзөктүү алтын фондусун камтып турат. А.Дауталиева сындаган программа кыргыз эл жомокторун, “Манас”, “Семетей”, “Сейтек”, “Эр Төштүк”, “Курманбек”, “Кожожаш”, “Жаңыл Мырза”, Ж.Баласагын, М.Кашгари, Калыгул Бай уулу, Арстанбек, Токтогул, Молдо Нияз, Нурмолдо, Жеңижок, Барпы, Молдо Кылыч, Тоголок Молдо, К.Тыныстанов, А.Токомбаев, К.Баялинов, К.Жантөшев, М.Элебаев, Ж.Турусбеков, Ж.Бөкөнбаев, Т.Сыдыкбеков, А.Осмонов, Ч.Айтматов, М.Алыбаев, Р.Шүкүрбеков, Б.Сарногоев, У.Абдукаимов, Т.Касымбеков, С.Эралиев, С.Жусуев, Б.Жакиев, М.Байжиев сыяктуу элге кеңири таанылган акын-жазуучулардын чыгармаларын ичине алат. А.Дауталиеванын ою боюнча, 1993-жылдан бери карай мектептерде кыргыз адабиятынын ушул алтын фондусу окулуп келе жаткандыгы үчүн Кыргыз билим берүү академиясы күнөөлүү имиш. Мындай антилогиканы кандайча түшүнсөк болот? Балдар буларды окубаганда кимди окуйт? Маселен, Россиянын бүгүнкү орус адабиятынын программасы Слово о полку Игореве, М. В. Ломоносов, Г.Р.Державин, И.А.Крылов, В.А.Жуковский, А.С.Грибоедов, А.С.Пушкин, М.Ю.Лермонтов, Н.В.Гоголь, И.С.Тургенев, Н.А.Некрасов, А.Н.Островский, А.И.Гончаров, Ф.И.Тютчев, А.А.Фет, М.Е.Салтыков-Щедрин, Ф.М.Достоевский, Л.Н.Толстой, А.П.Чехов, А.М.Горький, А.И.Куприн, И.А.Бунин, В.В.Маяковский, М.А.Шолохов сыяктуу классиктерди ичине камтып турат. Бул акын-жазуучулар СССР доорунда дагы үйрөнүлгөн, бүгүн да үйрөнүлүп жатат. Анткени булар орус адабиятынын алтын фондусу. Орус адабиятынын ушул программасын эски деп күнөөлөөгө болобу? А.Дауталиеванын жаңы, “инновациялык” логикасын ээрчисек, анда кыргыз адабиятынын программасын күн сайын өзгөртүп, классиканы эски деп, мектептерге боевик жанрындагы чыгармаларды киргизип, “мезгилдин агымынан артта калбаган модачыл” экенибизди далилдеп турушубуз керек экен.

Академияда билим берүүнүн орчундуу концептуалдык маселелери, элдик педагогиканын, окуу-тарбия процессин модернизациялоонун проблемалары, окуу китебин жакшыртуунун теориялык-практикалык бүгүнкү актуалдуу маселелери изилденип, бул багытта мугалимдер үчүн эң керектүү бир нечелеген фундаменталдык жана прикладдык маанидеги монографиялар, илимий-методикалык китептер, усулдук иштелмелер жарык көрүүдө. Профилдик билим берүүнүн жана 12 жылдык мектепке өтүүнүн концепциялары даярдалган. Тарыхта биринчи жолу “Адеп” сабагы 1-11-класска чейин өзүнчө предмет катары киргизилип, бардык класстар үчүн “Адеп” окуу китептери, окуу колдонмолору басылып чыкты. Академияда алгач жолу ЖОЖ­дор үчүн “Манас таануу” окуу китеби жаралып, жарыкка чыкты. Илимий жамаат азыркы күндө билим берүү стандарттарынын, программалары­нын, окуу китептеринин экинчи баскычтагы жаңы муунун компетенттүүлүк идеясынын негизинде жаратуунун үстүндө иштеп жатат. Академия бүгүнкү күндө “Мектеп билим берүүсүнүн мазмунун компетенттүүлүктүн негизинде оптималдаштыруу жана баалоо проблемалары”, “Кесиптик билим берүүнүн теориялык жана методологиялык негиздери”, “Үзгүлтүксүз билим берүүдө педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу, даярдоо жана кайра даярдоону өркүндөтүүнүн илимий-педагогикалык негиздери” аттуу олуттуу илимий проблеманын үстүндө иштеп жатат. Академияда “Билим берүүнүн сапатынын абалы жана анын келечеги” деген эл аралык илимий конференция жана “Кыргыз Республикасында билим берүү системасын маданий-компетенттик негизде модернизациялоо” деген темадагы XXIV Республикалык педагогикалык окуулар өткөрүлдү жана булар­дын материалдары өз күчүбүз менен басылып жарыкка чыкты. Ошондой эле, өз күчүбүз менен 4-5 жылдан бери “Кыргыз билим берүүнүн кабарлары” аттуу илимий журналды чыгарып жатабыз. Эл мугалимдери Б.Батыркуловдун, Б.Исаковдун алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларын өзүнчө китеп түрүндө басып чыгардык.

Академиянын материалдык-техникалык базасын чындоого мамлекеттен бир тыйын бөлүнбөсө да, соңку беш жылда мекемебиздин жаңы маалыматтык технологиялык негизи кыйла чыңдалды. Чет өлкөлүк USAID, «Сапаттуу билим», Германия эл аралык кызматташтык коому, «Айылдык билим берүү», социалдык интеграция борбору жана башка долбоорлор менен кызматташуу активдешти. Академиянын бир катар илимий кызматкерлери чет өлкөлөргө барып, өз квалификацияларын жогорулатып келишти: АКШда — 8 адам, Германияда – 3 адам, Литвада – 1 адам. Академияда интерактивдик доскалар, интернет кызматы, илимий китепкана иштейт. Бардык лабораториялар жана кафедралар компьютердик техникалар менен жабдылган. Ушунун баарын Өкмөткө өлүмтүгүбүздү артпай, өз күчүбүз менен жасадык. Эми коомдук эксперттик топтун мүчөлөрүнүн академияны жоёбуз деген чечимин кандай түшүнсөк болот? Бул жерде коомдук эксперттик топтун мүчөсү Эл мугалими Мукаш Базаркуловдун конструктивдүү позициясын туура деп эсептейбиз. М.Базакулов эксперттин жыйынында академияны сактоонун, анын статусун көтөрүүнүн зарылдыгын белгилеп, эгерде бул мекемени жоюп жиберсек, республиканын мектептик билим берүүсү чоң жоготууга учураарын билдирди. Анткени М.Базаркулов академиянын ордун жакшы түшүнөт. Эксперттик кеңеште академиядан алыс адамдардын, биз да тааныбаган, эл-журтка белгисиз, жыйынды мамлекеттик тилде өткөрбөгөн, нукура кыргыздын элдик педагогикасын анча тааныбаган инсандардын чоң тарыхый жол баскан мекеменин үстүнөн жоюу жөнүндө өкүм чыгарып турганы этикага сыйбай турат.

Кыргыз билим берүү академиясынын көйгөйлүү проблемалары да бар. Коңшу КМШ өлкөлөрүндө билим берүү (педагогикалык) академиялары жаш муундардын билим-тарбиясынын илимий-теориялык тиреги катары, улуттун бирден-бир орчундуу мекемеси катары жогорку статуска ээ. Иликтеп көрсөк, канатташ мамлекеттерде аталган академиялар окуу-тарбиянын муктаждыктарына ылайык кеңири кызматтык штаттарга эгедер жана мамлекеттик бюджет тарабынан кеңири каржыланат. Мисалы, Украинанын педагогикалык академиясында жана анын илимий институттарында, борбор­лорунда 1185 илимий кызматкер эмгектенет, анын 181 адамы илимдин докторлору, 502 киши илимдин кандидаттары. Украинанын педаго­гикалык академиясынын 51 академиги жана 91 корреспондент-мүчөсү бар. Ушунун өзү эле Украинада педагогикалык академияга кандай чоң маани берилерин күбөлөп турат.

Ал эми Россиянын Билим берүү академиясында (РАО) Педагогиканын тарыхы жана теориясы институту, Билим берүүдөгү инновациялык ишмердик институту, Билим берүүнүн башкаруу институту, Коррекциялык педагогика институту, Психология институту, Курактык физиология институту, Окутуунун мазмуну жана методдору институту, Таланттуу балдарды педагогикалык изилдөө институту, Билим берүү системаларын өнүктүрүү институту, Билим берүүдөгү стратегиялык изилдөөлөр институту, Билим берүүнү информатизациялоо институту, Чоңдордун билими институту, Кесиптик билим берүүнүн педагогикасы жана психологиясы институту, Кесиптик-техникалык билим берүү институту, Үй-бүлө жана тарбия институту, Көркөм тарбия институту, Селолук мектептердин социалдык- педагогикалык проблемалары институту жана башка илимий борборлор иштейт. Бул институт борборлордо миңдеген окумуштуулар эмгектенип жатышат. Казакстандын билим берүү академиясында алты институт бар.

Биздин Кыргыз билим берүү академиясы да Кыргыз Республикасынын Россияга караганда кичине экенине карабастан ошол Россиядагыдай эле илимий-теориялык, методикалык, тарбиялык проблемаларды чечүүгө тийиш. Проблемалар өлкөнүн кичинелигинен азайбайт.

Бирок, тилекке каршы, Кыргыз билим берүү академиясында мектепке чейинки жана мектеп проблемалары менен алек болгон төрт гана кичинекей лаборатория, жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн маселелерин изилдеген 3-4 штаттуу чакан 2 лаборатория гана бар. Ушуга карабай, билим берүүнүн кучак жеткис сандаган проблемаларын кээ бир радикалдар “андай-мындай дегиче, ачып көздү жумгуча” чечип жиберүүнү талап кылышат. Салыштырып карай келгенде, башка коңшу өлкөлөргө кара­ганда Кыргызстанда педагогикалык академияга өтө аз көңүл бурулары өзүнөн өзү көрүнүп турат. Көңүл бурулмак турсун кээ бирөөлөр академияны тигинтип, жок кылып жиберүүгө даяр. Ушу күнгө чейин академиянын курамында дүйнөгө атагы чыккан океандай “Манас” эпосун бала-бакчаларда, мектептерде, жогорку окуу жайларында окутуунун технологиясы боюнча Өкмөт мамлекет тарабынан бир дагы штат бөлүнгөн эмес.

Билим-тарбия — бул республиканын келечеги. Ал эми билим-тарбиянын илимий фундаментин түзүп, миңдеген мектептердин, билим мекемелеринин, бала бакчалардын илимий негизин камсыз кылып, стратегиясын аныктап, коом үчүн түбөлүктүү мүнөздөгү эң орчундуу социалдык функцияны аткарып турган Кыргыз билим берүү академиясы мамлекет тарабынан чечкиндүү колдоого, структурасынын кеңейишине, статусунун көтөрүлүшүнө, юридикалык өз алдынчалыгынын бекемделишине муктаж. Анын структурасында Россиядагыдай көп болбосо да, эң негизги институттар, лабо­раториялар болуш керек. Мына ушундай учурда гана Республиканын жүзү болууга тийиш болгон Кыргыз билим берүү академиясы өзүнүн педа­гогикалык миссиясын эффективдүү аткармак. Кыргыз билим берүү академиясынын өзүнүн академиктери жана мүчө-корреспонденттери бар “Кыргыз педагогикалык илимдер академиясына” өсүп чыгууга тийиш жана бул мекеменин гана эмес, мамлекетибиздин аброюн көтөрө турган көрүнүш болмок. Бул маселе боюнча республиканын Өкмөтү жаңы кадамдарга барат деп ойлойм.

Албетте, биздин мекемеде кемчиликтер жок деп айта албайбыз. Экономикалык кризисте турган Кыргызстандын шартында анын бир мекемесинин телегейи тегиз болушу мүмкүн эмес. Коомдук эксперттик кеңештин кээ бир позитивдүү сын-пикирлерин кабыл албай кое албайбыз. Кеп академияны жоюуда эмес, тескерисинче, анын ишин мындан ары өркүндөтүүдө жана ага жардам берүүдө турат. Эксперттик кеңештин сын-пикирлери 29-апрелде акаде­миянын Окумуштуулар кеңешинде кеңири талкууланып, кеңештин жоюу жөнүндөгү чечими үстүртөн, конструктивдүү эмес экендиги белгиленип, бирок анда айтылган айрым туура сындарды кабыл алып, кемчиликтерди жоюу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу каралды.

Урматтуу Алмаз Шаршенович, коомдук эксперттик кеңештин академияны жоюу жөнүндөгү терең ойлонулбаган, шашылыш, жалаң кемчиликтерди чукуу идеологиясына негизделген чечимине Сизди сын-көз менен карайт деп ишенебиз жана Кыргыз билим берүү академиясын мамлекеттин кызыкчылыгы, жаш муундарыбызга билим берүүнүн ыйык мүдөөсү үчүн сактап, анын статусун көтөрүп, өлкөбүзгө жемиштүү кызмат кылышына жардам берет деп үмүттөнөбүз.

Кыргыз билим берүү академиясынын жамааты:

А.МАМЫТОВ – педагогика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер.

С.БАЙГАЗИЕВ – филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, КР илим жана техника жагындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.

И.БЕКБОЕВ — Кыргыз Республикасынын Эл мугалими, педагогика илимдеринин доктору, профессор, КР УИАсынын корреспондент- мүчөсү, КР илим жана техника жагындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.

Д.БАБАЕВ — педагогика илимдеринин доктору, профессор.

М.СУБАНОВА — педагогика илимдеринин доктору.

К.ДОБАЕВ — педагогика илимдеринин доктору, профессор.

С.РЫСБАЕВ — педагогика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.

Е.СИН — педагогика илимдеринин доктору.

С.ИПТАРОВ – белгилүү этнопедагог, КР Мамлекеттик Туусунун жана Бишкек шаарынын Гербинин авторлорунун бири.

Мындан башка алтымыш сегиз адам кол койгон.

5 Комментарии

  1. Es dificil dar consejos sin conocer el caso, pero claro, una de las posibilidades de incontinencia urinaria en hembras esterilzadas es hormonal, pero tambien hay otras. Sobre la protuberancia habria que investigar mas para saber si es algo maligno o benigno. Seria bueno investigar un poco mas, que le ocurre y porque dejo de comer y dependiendo de que se trate son las posibilidades de tratanientos curativos o paliativos.Saludos

  2. J'ai fait le même choix concernant le trampoline ou les autres sports acrobatiques qui me tentaient…J'en reste au yoga, et j'augmente ma consommation !!!Toujours étonnée du peu que tu manges (cf aussi mon message facebook).Prends soin de toi, tes genoux et keep your heart well 🙂

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*