“Эне тилим – эне сүтүм”

Балыкчы шаарындагы №8 «Ак тилек» бала бакчасынын жогорку тобунда өтүлгөн ачык сабактын конспектиси

Сабактын максаты: Балдарга кыргыз тилинин улуулугун, ыйыктыгын, тил тарыхыбыздын негизги куралы экендигин түшүндүрүү. Балдардын сөз байлыгын, сүйлөө речин, эске тутуусун, көркөм айтуусун калыптандыруу. Эли-жерин сүйүүгө, өз тилин сактай, барктай билүүгө, эстетикалык табитин өстүрүүгө тарбиялоо.

Күтүлүүчү натыйжа: Балдар мекенин, эли-жерин, эне тилин сүйүүгө үйрөнөт, экологиялык тарбия алат.

Керектүү материалдар: Китептер, сюжеттүү сүрөттөр, стол үстүндөгү театр, кыргыздын улуттук буюмдары, улуттук тамак-аштар, түстүү кагаздар, камыр, пластилин, түстүү боектор, түстүү калемдер, курулуш материалдары, ак барактар.

Сабактын жүрүшү: Саламатсыңарбы коноктор! Саламатсыңарбы балдар! Биз силер менен бүгүн «Эне тилим – эне сүтүм» деген темада сабак өтөбүз. Кыргыз тили байыркы тилдердин бири, ал далай кы­лымдарды басып өттү. Биз эне тилибизди барктап, аны терең үйрөнүшүбүз керек, анткени ал биздин ата-бабабыздан калган мурасыбыз, байлыгыбыз.

Актан, Акылай:

Саламатсыңарбы, биздин кичинекей достор!

Актан: Биз бүгүн «Ак тилек» бала бакчасында кыргыз тил сабагы болуп жатат деп конокко келдик. Силерге ырларды, табышмактарды ала келдик.

Акылай: Кыргызстан – жашыл жери, жашыл бакча жергеси.
Жайыт тору, дан талаасы, сан байлыктын энеси.
Кен казнасы, көл сулуусу, тунук суунун атасы.
Ак пейилдин, мартчылыктын, ырыскынын кемеси.

Актан: Кыргызстан – соолук айылы, таланттардын эшиги,
Тунук акыл, чебер көлдүн түгөнбөгөн кесиби.
Заманына, өз калкына ой-пикири санаалаш.
Кыргызстан – ыр калаасы, ырахаттын бешиги.

Актан: Акылай, кел эми, балдардан сурайлычы, кандай ырларды билишет экен?..

Акылай: Кана, биздин кичинекей достор. Мекенибиз, биздин эне-тилибиз жөнүндө кандай ырларды билесиңер?

Кылычын карап от чачып
Кызыгып кимдер келген жок.
Кыргында жанын берсе да
Кыргызым тилин берген жок.
Кыргыз тилин өзүм сүйүп үйрөнгөм
Мурунтадан ата-бабам сүйлөгөн.
Сен бар кезде мен тирүүмүн, мен бармын,
Сен жоголсоң мен жоголом дүйнөдөн.
Чыңгызымдын жат тили
Кылымдарды сапырган,
Доорлорду батырган
Ырдап бүткүс таңы бар.
Бирге жүрсөм кыргыз тилин кадырлайм,
Бул тил менен иштейм, сүйлөйм, ыр ырдайм.
Башка тилди жандай жакшы көрсөм да,
Өз тилимди сүйгөнүмдөн жаңылбайм.
Энең берген эне тил,
Эне тилди жакшы бил.
Атаң айткан алтын тил
Ата тилин жакшы бил.

Акылай: Рахмат менин кичинекей досторум, азаматсыңар.

Актан: Акылай, бул балдар макал-лакап билет бекен сурайлычы (шыбырап)

Акылай: Балдар, силер макал-лакаптарды билесиңерби?

– Ооба.

Актан: Анда эмесе айткылачы.

1. Адамды даңазалаган да сөз, маскаралаган да сөз.

2. Адам сөзүнөн сынат, уй мүйүзүнөн сынат.

3. Бирөөнүн өзү баатыр, бирөөнүн сөзү баатыр.

4. Аз сүйлөсөң элиңе жагасың, көп сүйлөсөң балээге каласың.

5. Ата сөзү алга сүйрөйт адамды. Эне сөзү эпке салат жаманды.

6. Ооздун көркү – тил, тилдин көркү сөз.

7. Адам сөзгө байланат. Айбан чөпкө байланат.

8. Ааламдын көркүн көз ачат. Адамдын көркүн сөз ачат.

– Оомий, балдар, азаматсыңар, силер чын эле кыйын турбайсыңарбы. Акылай, чоң атамдын табышмагын айтпайлыкпы. Бул табышмакты таба албай, айлалары кетсин.

Акылай: Анда эмесе балдар, биз си­лерге табышмак айталы. Жакшылап ойлонуп туруп жандырмагын тапкыла.

Манаска жүргөндөй аралаш,
Маанисиз көпкө карабас,
Ал жомокчу атаңдын
Атын билбесең жарабас. (Саякбай)

Актан: Оомийин! балдар, силер чын эле кыйын экенсиңер, табышмакты таптыңар, анда эмесе дагы кандай өнөрүңөр бар, көрсөткүлөчү?

Манастан үзүндү айтылат.
Бала Манас
Күндөп-түндөп күн өттү,
Күн мезгили да жетти.
7ге жашы келгенде,
Шер экени билинди.
Балага чуркап шашпады.
Калайманды баштады
8ге жашы келгенде
Күйүп турган чок болду
Кырк үйлүү кыргыз ичинде,
Мындай тентек жок болду.

Манастын уулу Семетей

Манастын уулу Семетей
Ары балбан, ары шер
Атасынан артык эр
Ат арытып жер чалып,
Ит агытып куш салып
Кызыл буурул ат минип
Кыл куйругун шарт түйүп
Ат аябай жол жүрдү.
Ала-Тоону кыдырып
Аттанып чыкты Таластан.

Акылай: Азаматсыңар, менин кичинекей досторум. Актан, сага балдардын жооптору жактыбы?

Актан: Ооба, азаматсыңар балдар, рахмат силерге. Акылай, жүрү тез, биз да чоң атага айтып барып кубанталы.

Акылай: Биз да кете турган убакыт келди. Саламатта калгыла, балдар!

Саламатта калгыла, биздин кичинекей достор.

Тарбиячы: Азаматсыңар балдар, силер чарчадыңар көрүнөт. Дене тарбиялык көнүгүүнү аткаралы.

Тыныгуу:

Бир, эки, үч
Турабыз түз
Муштумдарды түйөбүз
Оюн, жайын билебиз.
Бирде оң кол менен
Бирде сол кол менен
Алмей-тилмей урабыз.
Бир орунда турабыз.
Чаалыкканда токтойбуз
Боксерлорго окшойбуз.

Эми балдар, биз борборлорго бөлүнөбүз.

Изилдөө борборунда: улуттук буюмдар менен таанышасыңар. Улуттук суусундук жарманы кантип даярдайбыз? Ата-бабаларыбыз талканды кантип даярдашкандыгын көрүп үйрөнөбүз. Жаргылчак менен таанышабыз.

Искусство борбору: калпактын сүрөтүн тартабыз.

Аппликация: Боз үйдү кесип чаптайбыз.

Ийлеп чаптоо: Кесени ийлеп чаптайбыз.

Курулуш борбору: Жайлоо

Адабият борбору: Кыргыз эл жомогу: «Алданган карышкыр»

Балдардын иштеген ишин баалоо.

Оюн: «Сөз кутучасы»

Азаматсыңар, карагылачы биз канча буурчак чогулттук, демек, ушунча сөздү үйрөнүптүрбүз. Кийинки сабактарда да ушундай сөздөрдү көп үйрөнөбүз.

Тилиң – тарых, тилиң-кузгу дилиңе.
Кимдигиңе тилиң күбө ириде.
Өз тилиңди кадыр тутуп, туу тутуп
Өтүүң парыз, бу дүйнөдө, тирүүдө.

Тарбиячылар: А.Б.КАРАГУЛОВА, М.Б.СУПАТАЕВА

5 Комментарии

  1. Сабак абдан маанилуу жана тушунуктуу откон.Катуу сын айтуунун эч кереги жок деп ойлойм,себеби,коч бара- бара тузолот демекчи так мына ушундай сабактар менен келечекте жогорку денгээлднги сабактарды ото алабыз.

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*