«Кыргыз тилин үйрөнөбүз, билебиз! Кыргыз тилин ардактайбыз, сүйөбүз!»

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Коммуникация факультети менен бирдикте КРнын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия кыргыз элинин залкар жазуучусу, Кыргыз Эл Баатыры Чыӊгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата «Кыргыз тилин үйрөнөбүз, билебиз! Кыргыз тилин ардактайбыз, сүйөбүз!» аттуу семинар өткөрдү.

Семинардын максаты – кыргыз тилинде туура жана так сүйлөөнү үйрөтүү жана аны өнүктүрүү. Семинарда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенттери тарабынан атайын көргөзмө уюштурулду. Ошондой эле Коммуникация факультетинин 2-3-курсунун студенттеринин эне тилге арнап тарткан кыска даректүү роликтери көрсөтүлүп, мыкты деп табылган роликтердин ээлерине сыйлыктар тапшырылды.


Мадина ӨМҮРБЕКОВА, Ж.Баласагын атындагы КУУнун
журналистика факультетинин 2-курсунун студенти

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*