Жол кырсыктары жылына миллиондон ашык адамдын өмүрүн кыюуда

6-майдан 12-майга чейин Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун колдоосу менен «Жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн» деген ураан алдында жол кыймылынын коопсуздугу боюнча глобалдык жумалык өткөрүлдү.

Жылына бир миллиондон ашык адам жол кырсыктарынан көз жумууда. Анын ичинде 270 миӊ адам жөө жүргөндөр. Жумушка же мектепке баратып, аялдамада туруп жол кырсыгынан жылына беш миӊ адам каза болууда.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул маалыматтарды билдирүү менен Жол коопсуздугунун экинчи глобалдык жумалыгын жыйынтыктады.

Жөө жүргөндөрдүн коопсуздугу бардык дүйнөдөгү өлкөлөр үчүн актуалдуу маселе бойдон калууда.

Кыргызстан жол кырсыктарындагы адам өлүмү боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи орунда турат. Жол кырсыктарында көбүнчө 15 жаштан 29 жашка чейинки жаштардын өмүрү кыйылууда.

“Жол коопсуздугу” бирикме­синин өкүлү Чынара Касмамбетованын айтымында, 2012-жылы республика боюнча жол кырсыгынан 1054 адам каза болгон. Кырсыктын эӊ чоӊ көрсөткүчү Чүй областында катталган. Сегиз миӊден ашык адам жол кырсыгынан жаракат алып, майып болуп калышкан.

БУУнун демилгеси менен Кыргызстанда да өтө турган “жол коопсуздугунун экинчи жумалыгынын” максаты – ушул жумада бир дагы жол кырсыгына жол бербөөгө жетишүү. Бул жумалыктын алкагында өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуулар, мектеп окуучулары жана студенттер арасында ар кандай иш чаралар өткөрүлөт.

“Тынчтык заманда көчөдө күн сайын адамдар каза табууда, анын 80 пайызына айдоочулар күнөөлүү. Жол кырсыгында көз жумгандардын арасында 46 пайызы жөө жүргөн адамдар болуп саналат”, – дейт Чынара Касмамбетова.

А.КАШЫБАЕВА

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*