“Аялуу жан сырын адам дилинде, айта алат бир гана эне тилинде”

Билим берүү жана илим министрлиги жана “Себат” билим берүү мекемеси уюштурган Кыргыз тили жана адабияты боюнча республикалык олимпиадасы жыйынтыкталды.

Борборубуздагы Т.Абдымомунов атындагы улуттук драма театрынын имаратында “Аялуу жан сырын адам дилинде, айта алат бир гана эне тилинде” деген темадагы Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарынын 9-11-класстарынын окуучуларынын арасында кыргыз тили жана адабияты боюнча республикалык олимпиадасы жыйынтыкталды. Ага райондук, облустук, шаардык этаптардан жеӊип келген 56 окуучу катышып, өз күчтөрүн сынашты. Өткөн жылы ушундай эле аталыштагы олимпиада “Себат” билим берүү мекемесинин он төрт лицейинин арасында өтүп, биринчи жолу тажрыйбага ээ болгонбуз. Быйыл болсо ошол эле билим берүү мекемесинин демилгеси жана демөөрчүлүгү менен биринчи жолу жалпы республикалык олимпиада өткөрүлдү. Олимпиаданын максаты – азыркы окуучулардын, алар окутууну кайсыл тилде жүргүзүп жаткандыгына карабастан мамлекеттик тилди, каада-салтты кандайча биле тургандыгын аныктоо болгон. Алдын ала айта турган нерсе – олимпиада мектептердин, мугалимдердин, окуучулардын өзгөчө кызыгуусун жаратты.

Жыйынтык салтанатка Билим берүү жана илим министри К.Садыков, Маданият, маалымат жана туризм министри С.Раев, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Э.Эрматов, Жогорку Кеӊештин депутаты, комитеттин төрагасы К.Осмоналиев, эл аралык “Себат” билим берүү мекемесинин президенти О.Инанды катышып, азыркы учурдагы тилдин маани- максатына токтолушуп, жеӊүүчүлөрдү куттукташты. Андан соӊ калыстар тобунун башчылары А.Муратов, Ү.Култаева, А.Дүйшөмбиева жыйынтыкты угузду. Жеӊүүчүлөргө, жеке окуучуга жана алардын мектептерине баалуу сыйлыктар тапшырылды. Атап айтсак, биринчи орунга чыккандарга 10 миӊ сом, экинчи орундагыларга 7 миӊ сом, үчүнчү орунга 5 миӊ сом, төртүнчү 10 орунга миӊ сомдон акчалай сыйлык, диплом, грамоталар ыйгарылды. Олимпиаданын бардык чыгымдарын “Себат” билим берүү мекемеси мойнуна алды. Аягында мектеп окуучуларынын катышуусундагы кызыктуу жана мазмундуу концерт берилди.

 

Жыйынтык жүрөк толкутту

Үч багытта 1-3-орунга жетишкен окуучулар төмөнкүлөр болду:

1-багыт – эссе жазуу боюнча орундар:

Кыргыз класстар: 1-орун – Гүлжамал Жумабе­кова, Талас областтык “Мээрим”-“Себат” кыргыз- түрк кыздар лицейинин 10-классынын окуучусу; 2-орун – Алтынай Белек кызы, Нарын областынын А.Бостонов атындагы орто мектебинин 10-классы­нын окуучусу; 3-орун – Мээрим Тыныбек кызы, Ош областынын А.Юсупов атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу.

Орус класстар: 1-орун – Акыл Чаткалбай кызы, Ош шаардык “Ош-“Себат” кыргыз-түрк кыздар ли­цейинин 9-классынын окуучусу; 2-орун – Элиза Искендерова, Ысык-Көл областтык З.Бектенов атындагы кыргыз-түрк кыздар билим комплексинин 10-классынын окуучусу; 3-орун – Өмүрбек Тариэ­лов, Нарын шаарындагы М.Субакожоев атындагы кыргыз-түрк лицейинин 10-классынын окуучусу.

2-багыт – көркөм окуу жана фольклордук чыгармаларды аткаруу боюнча орундар:

Кыргыз класстар: 1-орун – Умсунай Өмүрбекова, Нарын областынын Жумгал райо­нунун Ж.Турусбеков атындагы орто мектебинин окуучусу; 2-орун – Азиз Биймырза уулу, Талас областынын Бакай-Ата районундагы А.Арстанов атындагы орто мектебинин окуучусу; 3-орун – Улан­мырза Карыпбаев, Бишкек шаарындагы Г.Гмайнер атындагы орто мектебинин окуучусу.

Орус класстар: 1-орун – Нурбек Абдыразаков, Бишкек шаарындагы №49 орто мектебинин оку­учусу; 2-орун – Мадина Саканова, Жалал-Абад шаарындагы З.Нурматова атындагы кыргыз-түрк кыздар лицейинин окуучусу; 3-орун – Мыктыбек Нурлан уулу, Ош шаарындагы “Ош-Сема” кыргыз- түрк уландар лицейинин окуучусу.

3-багыт – долбоорлорду жактоо боюнча:

Кыргыз класстар: 1-орун – Эрназар Шаршенбек уулу, Нарын шаарындагы М.Субакожоев атындагы кыргыз-түрк лицейинин окуучусу; 2-орун – Жаӊыл Абдылдаева, Чүй областынын “Беш-Күӊгөй” орто мектебинин окуучусу; 3-орун – Бегимай Мамбета­лы кызы, Жалал-Абад шаарындагы З.Нурматова атындагы кыргыз-түрк кыздар лицейинин окуучусу.

Орус класстар: 1-орун – Сайкал Болотбеко­ва, Ысык-Көл областынын З.Бектенов атындагы кыргыз-түрк кыздар окуу комплексинин окуучусу; 2-орун – Шергазы Турдукулов, Жалал-Абад об­ластынын М.Бабкин атындагы орто мектебинин окуучусу; 3-орун – Диана Акмат кызы, Ош шаарын­дагы “Ош-Себат” кыргыз-түрк кыздар лицейинин окуучусу.

Орхан ИНАНДЫ,

Эл аралык “Себат” билим берүү мекемесинин президенти:

– Биз олимпиаданын жүрүшүндө мектептерде окуган балдардын талан­тына таӊ бердик. Тилди, тарыхты, санжыраны би­лип чоӊойгон эӊ жакшы. Ал эртеӊки күнгө чоӊ үмүт бе­рет. “Манас” айтканда ушун­чалык эргип, токтоно албай калган балдарды көрүп, бул өзү түгөнбөгөн сырдуу кенч, улуу аалам экен го дедим. Балдарга түрткү, шарт түзүп берсек гана алардын таланты ар тараптан ачылып баштайт деп ойлойм. Биз өткөргөн олимпиада ошондой шарт­ты түзүп берди. Кыргыз тили жана адабияты боюнча ре­спубликалык олимпиаданын максаты – улуттук баалуулук­тарды, маданиятыбызды сак­тап өнүктүрүү, окуучулардын эне тилин, мекенин сүйүүгө шыктандыруу, оозеки, жазуу кебин калыптандыруу, сабат­туулугун арттыруу, илимий көз караштарын өнүктүрүү болуп саналат. Өз тилин мык­ты билүү менен бирге башка тилдерди да мыкты үйрөнүп, заманбап дүйнөнүн чыныгы, абийирдүү инсандары кылып тарбиялоо мектептен башта­лат. Ошондуктан мектептер­де уюштурулуп жаткан ар бир иш таасирдүү болууга тий­иш. Олимпиадага катышкан окуучулар чындыгында көп нерсеге жөндөмдүү экенин көрсөтө алышты.

Раина АСАКЕЕВА,

“Себат” билим берүү мекемесинин вице- президенти:

– Былтыр бул аталыштагы сынак “Себаттын” алкагында эле өткөрүлгөн болчу. Быйыл болсо республикалык маани­де өткөрөлү деп, Билим берүү жана илим министрлигине су­нуш кылып кайрылып, колдоо тапканбыз. Натыйжада, жо­босун, убакыт мөөнөттөрүн атайын буйрук менен беки­тип, иш-чараларды иреттүү уюштурдук. Биз балдарга бир нерсени сунуштабай туруп эле эч нерсеге кызыкпайт, билбейт дей беребиз. Ал эми тил сынагында окуучулардын өнөрлөрүн көрүп таӊ калдык. Былтыр “Себаттын” ичинде 7-8-класстарды катыштырсак, республикалык сынакка бый­ыл 9-10-класстарды кийридик. Анткени аларда билгичтик көндүмдөр калыптанып кал­ган. Олимпиада үч багытта өткөрүлдү. Биринчиси: эссе жазуу. Окуучуларга мунун чен-өлчөмү көрсөтүлдү. Биз­де кийинки күндөрү жалаӊ эле дилбаян жаздыра бере­биз. Анын жүздөгөн үлгүлөрү чыккан. Бирок дүйнөлүк прак­тикада бир ишке орношордо дилбаян эмес, эссе жаздырат. Ошондуктан эссени тандап алдык. Экинчиси: көркөм окуу жана фольклор болду. Мында окуучу элдик ырларды, сан­жыра, тарыхты, чечендикти жана жеке чыгармачылыгын көрсөтмөк. Бул абдан кызык­туу, чоӊ атаандаштыкта өттү. Үчүнчү багыт бул – долбоор­лор болду. Сынактын шар­тына жараша окуучу өзүнүн долбоорун кыргыз тилинде так, түшүнүктүү кылып жактап берүү керек болчу.

Долбоорлордогу олуттуу ойлор

Абдыкерим МУРАТОВ, долбоорлор боюнча калыстар тобунун төрагасы, И.Арабаев атындагы КМУнун педагогика кафедрасынын профессору, педагогика илимдеринин доктору:

– Мен олимпиаданын үчүнчү багытына – долбоорлорду жак­тоо багытына калыстар тобунун жетекчиси катары катыштым. Оку­учуларга алдын ала болжолдуу 9 тема сунуш кылынган. Ошол бо­юнча долбоор жазып, аны жактап берүү милдети коюлган. Ал үчүн ар бир жактоочуга 20 мүнөттөн убакыт берилди.

Ысык-Көл областтык “Чок- Тал” кыздар лицей комплекси­нин окуучусу Сайкал Болотбе­кова кыргыз тилинин өнүкпөй жатышынын себебин, сапаттуу китептердин аздыгы, жетишсиз­диги, саясатчылардын кыргыз тилин колдонбой жатышы ме­нен түшүндүрүп, бала бакча­лар үчүн кыргызча китептерди, кыргыз улутунун өзгөчөлүктөрү чагылдырылган оюнчуктарды, фильмдерди чыгаруу зарыл деп айтса, Жуманазар Асанов Кыргыз тили министрлигин түзүү керек деп, өз мектептеринде ушундай министрликтин иштеп жатканды­гын билдирди.

Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов атындагы кыргыз-түрк лицейинин окуучусу А.Туратбек уулу “Манас-ааламы” аталы­шында web-баракча түзүп, аны интернетке киргизүү далалатын көрсөтүп жатса, “Ош-Себат” ли­цейинин окуучу кыздарды кыргыз тилин үйрөтүүчү абдан майнаптуу web-баракча иштеп чыккан.

Кыргыз салттарын жана ти­лин мыкты үйрөтүү үчүн шаардык окуучуларга жайлоолордо жай­кы лагерлерди ачуу зарылдыгын Ж.Асанов, өзүнчө “Бөбөк” деген аталышта телеканал негиздөөнү Т.Акунов сунуштады.

Жалал-Абад шаарындагы М.Бабкин атындагы орто мек­тептин окуучусу Ш.Турдугулов кыргыз элинин байыркы салт­тары азыр түп тамырынан бери өзгөрүп кеткенин изилдеп чы­гып, кыз ала качуу, калыӊ сыяк­туу салттардын терс жактарын далилдеп берди. Нарындык окуучу Э.Шаршенбек уулу ма­кал-лакаптарды көчөлөргө чоӊ көрнөк кылып илүү, андай сөздөр менен кепкаларды, футболка­ларды кооздоо технологиясын иштеп чыккан. Жалалабаддык Бегимай Мамбеталы кызы кыр­гызда 3050дөй оюм-чийим түрү бар экендигин айтып, элдик кол өнөрчүлүк боюнча атайын журнал чыгаруу, Элдик кол өнөрчүлөр күнүн белгилөө, бул багытта улут ичинде, улуттар аралык таймаш­тарды өткөрүү, белекке жалаӊ улуттук кол өнөрчүлүк буюмда­рын берүү сунуштарын киргизди.

Чүй областынын “Беш-Күӊгөй” орто мектебинин окуучусу Ж.Абдылдаева кол өнөрчүлүктөгү кыргыз дүйнө таанымын изилдеп, накта улуттук куурчактарды, кий­им-кечелерди жасаганын көрсөтө алды.

Ош областынан келген Т.Турдумамат уулу жана Ош ша­арынын окуучулары Б.Нематулла уулу менен А.Шеров тарбиялык мааниси тереӊ видеороликтерди тартышкан жана аларды интер­нетке киргизебиз деп турушат.

Ошентип, долбоорлор боюн­ча окуучулар өздөрүнүн улуттук салтты, кыргыз тилин коргоо, аларды элге жайылтуу боюнча долбоорлорун жогорку даражада көрсөтө алды. Мындай окуучу­лар барда улуттук мурастары­быз, анын ичинде эне тилибиз ишенимдүү колдо деп айтууга негиз бар.

 

Бетти даярдаган М.ТОКТОРОВ, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*