Бар болгула, эжейлерим, агайлар!

Арадан нечен жыл өтсө да ар бирибиздин жүрөгүбүздө “а” тамгасын тааныткан биринчи мугалим ата-энебиздей ардактуу орунда сакталып калат тура. Аалам сырын ачкан алгачкы мугалимдин ысмы кыпындай да көөнөрбөй, эс тутумубузда улам жаӊырып, жашарып, жаӊы ойлорду жаратып толкундатып жүрө берери турмуштук чындык экендигине дагы бир жолу ынанып отурам…

 

Биринчи мугалим

Мына ушул майрамга бай май айындагы майрамдарды жыйын­тыктаган 25-майда – канчасына акыркы коӊгуроо кагылып, чоӊ турмуш айдыӊына аттанып жа­тышканда, дагы канчасы бала­лыгыбыз жашынып калган алтын уя – мектебине жолугушууга ашы­гып турушканда, ар дайым бизди окуткан агай-эжейлерим эсиме түшөт. Алардын сап башында, албетте, биринчи мугалимибиз – Бурул Жээналиеваны атагым ке­лет. Минтип эжей-агайларды эске салган себеп да олуттуу болуп турат. Быйыл Кемин районундагы Т. Өмүралиев атындагы Алмалуу мектебин аяктаганыбызга туура 30 жыл толуптур. Үйүнөн алыс эки кадам чыгып көнө элек, мектепке энесинин этегине жармашып бар­ган биз үчүн мектеп өзүнчө чоӊ сырдуу дүйнө сезилип, бир чети сүрдөтсө, бир чети кооптондур­ган эле ошондо. Көз ирмемчелик өткөн өмүр башатынын башкы каармандарына айланган алтын адамдардын далайы азыр жок арабызда.

Биздин айылда бала бакча ал кезде жок беле, айтор, көзүбүздү ачып көргөнүбүз мектеп болду. Тамгаларды деле көпчүлүгүбүз мектепке барганда үйрөндүк. Бурул эжейибиз ар кимибиздин шык-жөндөмүбүзгө, мүнөзүбүзгө жараша мамиле кылаар эле. Урушканда урушуп, мактаганда мактап дегендей, кимибиздин кандай артыкчылыгыбыз болсо, ошол жагын ашыра көрсөтүп, де­милгелеп турчу турбайбы, көрсө. Ал кезде азыркыдай көрсөтмө ку­ралдар, техника кайдан. Ошондой шарттарда өткөн сабактарын, та­алим-тарбиясын бизге таасирдүү жеткире алышкандыгына мына азыр баа берип отурабыз. Ондо­гон, жүздөгөн балдарды окутуп жыл сайын туурунан учуруп, ак жол каалап, ак тилектерин айту­удан, ар биринин дайнын сурап, ийгилигибизге кубанып, жылуу сөзүн арнагандан айныбаган агай-эжейлерге ары ыраазы бо­луп, ары таӊ калам. Өгүнү немец тилинен берген Айсалкын эжей өзү окуткан окуучуларынын бал­дары канчага чыгып калганынан бери билгендигин угуп, дагы бир таӊ бердим. Ал коӊшу Борду айылынан барып-келип иштечү. Немец тилинен берген жападан жалгыз эжейибиз боло турган. Көп жыл иштеди. Азыр да айыл-апага барганда көрүп калганда көзүмө ошол кездегидей эле көрүнөт.

Кемин районундагы Борду, Ал­малуу, Кызыл-Суу айылдарынын балдарына ал кезде бир партада отуруп классташ болуу тагдыры буйруган экен, башталгыч классты аяктаган Бордунун балдары Алма­лууга келип окушса, 8 жылдыкты аяктаган эки айылдын окуучула­ры Кызыл-Суудагы орто мектепке барып жетилүү аттестатын алыш­чу. Ошол учурдун интеллигент адамдарына таандык ак буурул чачы артына таралган раматы­лык Тентике Өмүралиев агайыбыз мектеп директору болуп турганда (ал киши өмүр бою директор бо­луп жаралгандай сезилчү бизге) Алмалуу айылына эки кабаттуу орто мектеп курдурганга жетишти. Ошондон кийин балдардын жол азабы жоюлуп, өйдөкү Кызыл-Суу айылына барбай калышкан. Агай­дын агартуу тармагына сиӊирген эбегейсиз эмгеги татыктуу баала­нып, мектепке атын ыйгарышты. Азыр айлымдагы мектеп Тенти­ке Өмүралиев атындагы мектеп деп аталат. Мектепте кыйла жыл үзүрлүү иштеген завуч Бурулкан Кулбаеванын сүрү ушунчалык, ал эжей класска киргенде чымын уч­каны угулуп калаар эле. Биз эӊ тентек класс катары эжей-агай­лардын эсинде өзгөчө калса керек деп ойлойм. Баарынан кызыгы, класста балдарга караганда кыз­дар арбын эле. Тыӊ кыздар көп болгондуктан, жакшы окуган кыз­дарды да “жоош”, “тентек” деп эки­ге бөлүп коюшчу. Бурулкан эжей класска кирип келгенде, эми эле мектепти экиге бөлүп жиберчүдөй жаӊырып жаткан ызы-чуу тып ба­сылып, ортодо чаӊ гана чарчаӊкы жай учуп, жогору көздөй тарай баштачу. Эжей ордуларына шыл­кыйып баштарын салып отура ка­лышкан балдарды сыдыра сынай карап, үн дебей отура берчү ан­дайда. Көп учурда эч кимди эч нерсе деп урушпаса да, ошол көз караш жетиштүү болоор эле. Баш көтөргөнгө даай албай биз да от­ура берчүбүз.

Бизге 8-класска чейин Шакир Оморов агайыбыз класс жетек­чи болду. Ал агай менин эсимде көп сүйлөбөгөн, бирок колунан шаймандары түшпөгөн күжүрмөн адам катары сакталып калды. Анткени ал математика сабагынан тышкары кол эмгектен да сабак өтчү. Мектеп короосундагы эски мектептин имаратында жайгаш­кан кол эмгек бөлмөсүндө жал­пы эле мектептин чарба иштерин бүтүрүп, качан көрсөӊ да колунда балка-чоту боло турган. Эсимде, 8-классты аяктап жатканда беле, бир балабыз экзаменге келбей калса, анын үйүнө барып мотоци­клине учкаштырып алып келген. Шакир агай биздин “бери жыгыл десе ары жыгылган” тентектиги­бизге кейигенде “ай, балдарым ай, бир чөнтөгүмө салсам, бир чөнтөгүмдөн түшөсүӊөр” деп ка­лаар эле.

Мындан тышкары бизди Ал­малуу мектебинде Молдожапар агай, Сайракан эжей, Төлөбүбү эжей, Айнагүл эжей, Сайна эжей, Жыпар эжей, Абас агай, Венера эжей, Кубат агайлар жана окууну жаӊы аяктап келишкен жаш орус тилчилер Гүлжан жана Айнагүл деген мугалимдер окутушту. Дагы орус улутундагы Оля, Женя деген жаш эжейлер бар эле. Балалыгы­быз да, аларды атынан атачубуз, аталарынын ысмын кошуп айтуу керектигин кайдан билдик ал кез­де. Азыр ал экөө кайда болуш­ту экен деп кээде эстеп калам. Анткени бизден кеткенден кийин аларды эч жерден жолуктурба­дым.

Мугалимдердин ар бири өз предметтеринин өтөөсүнө чыга каныккан, өз заманынын мыкты адистери болушуптур. Биздин бышыктыгыбыздан чийкибиз ар­бын, жакшылыгыбыздан жаман­дыгыбыз үстөмдүк кылган бала­лык чагыбыздан “кулагыбыздан чоюп”, маӊдайыбыздан сылап, акыл-насаатын айтып, алга сүрөп, билим куржунубузду толтурушкан ошол асыл агартуучуларыбыздын катары суюлуп, жылдан жылга саны азайып баратканы зээнди кейитет…

Андан кийин Кызыл-Суу айы­лындагы Мукаш Өмүралиев атын­дагы мектептен билим алуубузду уланттык. “А” жана “б” класс бо­луп экиге бөлүнүп окудук. Класс жетекчибиз Зарыл Саркашкаева физика сабагын окутчу. Үнүн анча бийик чыгарбаганы менен өзү айт­кандай “ар кошкон балдарына” таасирдүү мугалим эле. Азыр ал эжейибиз ардактуу эс алууда. Биздин учурда мектеп директор болгон Ашырбек Бээрмановду өз заманынын мыкты жетекчиси, өз кесибинин чыныгы күйөрманы деп билебиз. Агай физика сабагын ушунча жеткиликтүү окуткандык­тан, физика сабагын сүйүп оку­ган балдар бар эле арабызда. Ал эми мектеп завучу Ася Зикеевна эжейибиздин таасиринен мектеп­те темирдей бекем тартип сакта­лып турар эле. Андан сырткары, математикадан окуткан Оморбек агай, химик Жумакан эжей, дене тарбиячы Жээнбай агай, физик Саадат эжей, тарыхчы Аскар агай, дагы-дагы канчалаган эжей-му­галимдерден билим алдык. Аз алдыкпы, көп алдыкпы, алардын ишенич-үмүтүн актадыкпы, жокпу, ага турмуш өзү тараза тартаар. 30 жылдык юбилей алдында тээ алыста калган алтын балалыгы­бызга, окуучулук мезгилибизге кайрылып, мына ушундай куса­луу ойлор каптап турат. Ушул чакан макалага сиздердин опол тоодой эмгегиӊиздерди камтыш кыйын экен. Эгерде эстен чыгып аты аталбай калса, кечириш­син бизди. Арийне, ар бириӊер көкүрөгүбүздүн тээ түпкүрүндө өзүӊөр үйрөткөн алтын тамгалар менен жазылып, түбөлүк сакта­лып жүрөөрүн унутпасаӊар экен, ардактуу агай-эжейлер!

“Ар бирибиз ар кай жакка кетсек да, Кайра кайтып, жолугушчу күндөр бар…”

 

Тирүүлүктүн түгөнбөгөн түйшүгүнөн көтөрүлө албай кан­ча жылдар артта калды. Анын үстүнө биздин пешенебизге кы­лым тогошкон өткөөл кырдаалдар, коом алмашкан олуттуу учурлар туш келбедиби… “Этиӊди эмес, табагыӊды таап алчы” дегендей, алапайыбызды таппай канча жүрдүк. Азыр шүгүрчүлүк айтып артыбызга кылчайганда, шуулдап мезгил кыйгачынан өтүп кеткендей сезилип калганын кантесиӊ…

Классташтардан да нечени көз жумуп кетишти, аттиӊ. Тур­мушта көп нерсени оӊдоп-түзөп, эгерде каалоо болсо кайра жа­сап алсаӊ болот экен, бирок бул дүйнөдөн өтүп кеткен адамдарды кайра таба албайт турбайсыӊбы. Арабыздан жаш кеткен Гүлнара, Талант, Эдил, Насирдин, Арсар, Бактыбек, Замира, Адил, Асыл деген классташтарыбыздын жар­кын элестери ар дайым эсибизде сакталат.

Окуучулук доордон берки 30 жылды артка таштап, элүүгө эӊкейип келаткан кезиӊде тестиер чагыбыздан бир партага отуруп, бирде тултуӊдашып таарынышсак, бирде чыпалак алышып кайра эл­дешип колтукташкан курбуларыӊ түшөт экен эске. Азыр классташ­тардын баардыгы очор-бачар орун алып, алды беш-алтыдан небере жыттап, бараандуу бакубат жашо­одо күн кечирип келишет. Мектеп­тен башталган чыйыр жолду улап, турмуштун чиелүү, оош-кыйыш жолунда ар кимибиз туш келген тиричилигибизди сүрүп дегендей, өз арабабызды сүйрөп келебиз ушинтип. Амандыкта алдыӊдан чыгып калса, кубанычыӊ төгүлө кучак жая учурашып, ал-жай сура­шып дегендей, жагымдуу жаӊылык уксаӊ, көкүрөгүӊ тиреле кубанып каласыӊ…

Эки класста ошентип үч айыл­дын балдары биригип 50дөн ашык окуучу аяктаган элек. Мектептен кийин ар бирибиз дараметибиз­ге жараша кесип аркаладык. Кай бири өзүӊөрдөй билим айдыӊында агартуучу болсо, кай бири эконо­мист, врач, ишкер, кай бири ис­кусство жаатында үзүрлүү эмгек­тенип келишүүдө. Азыр алардын биринин атын атасам, экинчиси таарынып калышпасын деген ойдо баардыгы жөнүндө жалпы сөз кыл­гым келди. Менде агартуучулар­дын жарчысы болгон “Кутбилим” аркылуу балалыктын айлына баш багып, ардактуу агай-эжейлери­ме ыраазычылык билдирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө бакты­луумун.

Ушул эрезеге жеткирген, ата- энедей алпештеген мугалимдерди ар дайым унутпай эстеп жүрөрүбүз анык. Силер сепкен үрөн өнүп, мол түшүм жараткандай эле, силер тиккен чырпык чынарлап кулач жайгандай эле, силердин мөмөлүү дарагыӊар гүлдөп, жыл сайын арбын мөмө берип, алдыда дагы-дагы ашууларды багынтып, аткан таӊдай нур чачып, айлананы жылуулукка бөлөй берери шексиз. Анткени мугалимдин турмуштагы ыйык вазийпасы – ааламга билим нурун чачуу тура.

Ардактуу агай-эжейлер! Урматтуу 1982- 1983-окуу жылында мек­тепти аяктаган жалпы классташтар!

Баарыӊыздарды мек­тепти аяктагандыгы­бызга 30 жыл толушу менен куттуктайм. Бул майрам болбосо да биз­дин турмушубузда эӊ маанилүү, эбегейсиз зор ку­баныч экендиги талашсыз. Анткени ушул бараандуу датага байланыштуу клас­сташтар менен жолугушу­уга мүмкүнчүлүк түзүлүп отурат. Баарыӊарга баку­бат турмуш, бакыт-таа­лай, аманчылык каалайм!

Алдыда жолугушчу күндөр арбын болсун!  

Айнагүл КАШЫБАЕВА

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*