Кыргыз тилин ыйык тутуп сактайлы

Балдарга кыргызча сүйлөп, кыргызча жомок айтып, кыргызча китеп окумайынча кыргыз тили өнүкпөйт

 

 «Кылым карыткан кыргыз тили улуттук тил катары жашай берет, бул тил өлбөйт. Биздин тил – улуу тил, Манастын тили, Чыӊгыздын тили, бүткүл жазуучулардын тили», – дешет И.Арабаев атындагы КМУда өткөн «Мамлекеттик тилдин абалы жана келечеги» аттуу тегерек столдун катышуучулары.

Иш-чарада коомчулук тарабынан кыргыз тилинин бүгүнкү күндөгү абалы, келечеги талкууланып, кыргыз тилинин мамлекеттик тил катарында статусун жогорулатуу, тил­дин бүгүнкү күндөгү медиамейкиндикте, Интернетте маалымат алып жүрүүчүлөр жана каражаттардагы кызматы, ЖОЖдордо жана мектептерде кыргыз тилин окутуудагы көйгөйлөр, келечеги тууралуу сөз болду. Төмөндө жарыш сөзгө чыккан, кыргыз тили үчүн күйүп-бышкан окумуштуулардын, коомдук ишмерлердин сөздөрүнө орун бердик.

Гүлжигит СОРОНКУЛОВ, КТУнун мамлекеттик тил боюнча проректору:

– Орус тили жок болсо эле кыргыз тили өнүгөт дегенге мен кошула албайм. Мен өзүм орус тилчи болгонум менен балдарым­дын баары кыргызча эле сүйлөйт. Мектептерде балдар бири-бири менен кыргызча сүйлөшүп жаткан­дарына дагы күбө болуп жүрөм. Орус тилин жоюп салуу менен маселе чечилбейт. «Канча тил билсеӊ ошончо дил билесиӊ» дейт кыргызда. Ар бир кыргыз өз балдарын, неберелерин кыргызча сүйлөтмөйүнчө, кыргызча жомок айтып, китеп окуп бермейинче эч качан кыргыз тили өнүкпөйт, өспөйт.

Окуу китептери жөнүндө сөз кыла турган болсок, чынында кыргыз тилинде окуган балдарга боорум ачыйт. Китептердин же­тишсиздиги бир маселе болсо, чы­гарылган китептердин деӊгээли, сапаты өзүнчө чоӊ маселе. Үч- төрт жыл мурун иликтөө жүргүздүк эле, ошондо кыргыз тил, адабияты китептеринин 60-70% жалаӊ тео­рия менен чектелгени аныкталган. Айрым авторлор өздөрүнүн дис­сертацияларын окуу китеби кылып чыгарып жатышат. Профессор, докторлорубуз өз каражатына китептерин чыгарып жатышканы менен, китепти барактай келсеӊ ар бир бетинен 20-30 ката чыгат. Тарых китебин ата-энелер бал­дар эмес биз түшүнбөйбүз дешет. №5 гимназияны таланттуу балдар үчүн жатак мектеп кылалы деген аракетибизден эч жыйынтык чык­пай келет.

Салмоор ДЫЙКАНОВ,

«Асаба» партиясы:

– Бизде эӊ ириде жогорку окуу жайларында окутууну кыргыз тилине өткөрүү зарыл. Анткени студенттердин баардыгы айыл­дан келгендер, мугалимдердин 99% пайызы кыргыздар. Анан алар эмне үчүн сабакты кыргыз­ча өтүшпөйт. Мейли орусча даяр дарстар көп болсун, бирок бал­дарга ал кыргызчаланып берили­ши керек да. Ошондуктан окутуу­чулар өздөрүнөн башташы кажет. Сабактар кыргыз тилинде өтүлсө айылдан келген балдардын көзү ачылат. Анан элестетсеӊер бир семестрде тааныбаган, мур­да угуп, билбеген эле он чакты сабакты жалаӊ орусча окуп жа­тышса, алар кантип жеткиликтүү билим алышат. Ошондуктан жаӊы окуу жылынан баштап лекци­яларды кыргыз тилинде окууга өткөрүшүбүз керек. Жыл сайын дарстарды кыргызчалата берсе беш жылда студенттердин баар­дыгына кыргызча лекция окулуп, өздөрүнө дагы материалдар топ­толуп калмак.

Үмүт КУЛТАЕВА,

Кыргыз улуттук университетинин Конфуций институтунун теӊ төрайымы, филология илимдеринин доктору:

– Мамлекеттик тилдин көйгөйлөрүн айтып, бири-би­рибизди күнөөлөп отурбай бир эле маселени чечип койсок, бул өзүнөн-өзү чечилмек. Бала бак­чаларды накта кыргыз тилине өткөрүп койгондо гана келечекке жол ачылат. Көп өнүккөн мам­лекеттер дал ушул жол менен келишет. Мисалы, Францияда бала бакчага барган бала кай­сы улуттан болбосун, ал сөзсүз түрдө француз тилинде сүйлөөгө милдеттүү. Эгерде ушул жагын колго алсак мамлекеттик дагы, чет тили маселесин дагы чечип алмакпыз. Анткени бул заман­да жалаӊ мамлекеттик тил деп чет тилдерин дагы унутуп кою­уга болбойт. Биздин балдар чет тилдерин билбесе өнүгө албайт. Экинчи маселе, мектепте кыргыз тилин окутуунун улуттук идеоло­гиясынын жоктугу. Шаарда жалаӊ кыргыз тилинде окуткан элитар­дык мектеп түзүү зарыл. Жогорку Кеӊештен Мамлекеттик тил мый­замынын аткарылышын талап кылуу жана мамлекеттик тилди сыртка чыгаруу зарыл. Мисалы, чет жерде жашап, иштеп жүргөн этникалык кыргыздар канчадан бери кыргыз мектебин ачып берүү тууралуу зар какшап жүргөндөрү менен бул маселе алигиче чечил­бей келет.

Назира НАРМАТОВА,

ЖК депутаты:

– Мамлекеттик тил кыргыздар үчүн гана керек. Себеби бул тил биздин мамлекеттин ичинде гана өнүгөт, өзүбүз үчүн зарыл. Бирок анын мамлекеттик тил катары өнүгүшү өзүбүзгө көз каран­ды болууда. Анткени ал биздин, өзүбүздүн күчүбүз менен гана өнүгөт. Чындыгында азыр мамлекеттик тилибиз чыныгы кыргыз тили деп күйгөн патриоттордун жардамына муктаж болуп турат. Ошондуктан ЖК депутаттары ушул жерде айтылган кесипкөй адистердин сөздөрүн угуп, ал айтылгандарды жогорку жакка түздөн-түз жеткирип, анын аткарылышын талап кылалы деп келип отурабыз. Азыр Мамлекеттик тил мыйзамы абадай зарыл болуп турган беренелер менен толукталды. Буюрса, Президент колдоп берсе, аны ишке ашырууда ушул жерде отурган адистердин жар­дамы керек болот. «Жабыла көтөргөн жүк жеӊил» деген сөз бар эмеспи, ошондуктан биз жана ушул жерде отурган кесиптештер, мекендештер баардыгыбыз биргелешип «Бир жакадан баш, бир жеӊден кол чыгаруубуз» керек.

Эгемберди ЭРМАТОВ, КР Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы:

– Бул кызматка мен өзүмдүн каалоом менен келдим. Мага кызматты сунуштап жатканда Президент Алмазбек Атамбаев: «Кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн бизде саясий эрк бар. Биз кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн колдон келгендин баарын жасап, жакшы жолго коюшубуз керек. Кыргыз тили Кыргызстанда улут аралык тил болуп, башка тилдерди алдыга сүйрөп кете ала тургандай болушу керек. Ал үчүн бардык мүмкүнчүлүк бар. Илимпоздордун башын бириктирип, жакшы иштеп бер», – деди.

Бизде, албетте, мурда Мамлекеттик тил мыйзамы иштебей келген, ар кандай бут тосуулар болгон. Азыр Жогорку Кеӊеште бул мыйзамга алымча, кошумчалар кирди. Мурда мыйзам бузулса эч нерсе кыла алчу эмеспиз. Азыр болсо кимдир бирөө мыйзамды бузса, ал Кыргызстандын жараны болсо, анда жаза тартат. Эми мамлекеттик кызматка барам деген ар бир жаран, улутуна, жашына, жынысына карабай кыргыз тилинен экзамен берет. Анткени качан талап катуу болуп, муктаждык пайда болгондо гана тил өнүгөт. Ошондуктан эми биз аларга шарт түзүп беришибиз керек. Муну ишке ашырууда бизге окумуштуулар, кыргыз тили үчүн күйгөндөр, партиялар жардам берет деген ишеничтемин. Себеби бул биздин мамлекеттүүлүгүбүздүн эртеӊки келечеги, улутубуздун уюткусу, маӊызы. Азыр бизге сөздөн ишке өтө турган мезгил келди.

Терминкомдун маселесин кайрадан карап, терминдерди кыр­гызчалатуу үчүн аракет кылып жаткан уюмдардын баардыгын бир жерге бириктирүү керек.

Бурул САГЫНБАЕВА,

Кыргыз-Түрк «Манас» университети, филология илимдеринин доктору:

– Мен ушул жерде отурган биздин жаштарга кайрылгым келип турат. Жаштар, эч ка­чан кыргыз тилин танбагыла да, кыргызча сүйлөгөндөн уялбагыла! Себеби азыр көбүнчө жаштар сыртка чык­канда орусча сүйлөшөт. Алар кыргызча сүйлөп «мырык» көрүнүп калбайын, уят бо­луп калбайын деп ойлошот. Ошондуктан кыргыз тили кол­донулбай келет.

Орфографиянын үч жолу өзгөрүшү трагедия эмес. Түрк тилинде орфография жыл сайын өзгөртүлөт. Ант­кени аны заман талап кылып жатат. Биз дагы жыл сайын жаӊы сөздөрдү, тактоолорду киргизе берүүбүз зарыл. Биз кыргыз тили боюнча көп олим­пиадаларды өткөрүп, экзамен­дерди алып жүрөбүз. Ошондо балдар тыныш белгилеринен көп ката кетирип жана татаал сөздөрдү жазганды билбеген­дигин көрөбүз. Ошондуктан бул жагынан күрөшүү үчүн биз, кыргыз тилчилер, дагы көптөгөн тактоолорду кирги­зишибиз керек. Бул жагынан алганда биздин уучубуз кур эмес.

Курманбек ТОКТОНАЛИЕВ,

филология илимдеринин доктору, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун директору:

– Кылым карыткан кыргыз тили улуттук тил катары жашап кел­ген жана жашай берет. Кептин баары ал мамлекеттик тил боло алабы деген проблемада жатат. 20 жылдан бери биз котормо тил менен жашап келе жатабыз. Алгач орус тилинде жазып, анан аны кыргыз тилине которуп алып мамлекеттик тил деп эсептеп келебиз. 24 жылдан бери бийлик алгачкы жолу мамлекеттик иш кагаздардын баардыгы кыргыз тилинде жүргүзүлсүн деп мам­лекеттик тилдин өнүгүшүнө шарт түзүп бергени менен ал ишке ашпай жатат. Эми азыр бизде термин маселеси келип чыгууда. Көрсө бизде 4-5 жерде өзүнчө терминком иштейт экен: Жогорку Кеӊеште, Өкмөттө, Мамлекеттик тил комиссиясында, Улуттук илимдер академиясында. Анан алар бир терминди ар башкача которот экен дагы окуй келсеӊ эмне жөнүндө жазып жатканын түшүнбөйсүӊ. Биз ушул терминкомдорду бириктирип бир мам­лекеттик терминком түзүп, аны Улуттук илимдер академиясына беришибиз керек. Себеби ал жакта окумуштуулар отурат, алар илимий көз карашта карашат.

Экинчиден, мамлекеттик тил бизнестин тили боло алабы, мамлекеттик тил илимдин тили боло алабы – кеп ушунда. Бүгүнкү күндө кыргыз тил, адабиятынан башка бир дагы илимий иштер кыргыз тилинде жазылбайт. Кыргыз тили улуттар аралык тил боло алабы? Жок. Себеби биз, кыргыздар, өзүбүз менен өзүбүз орусча сүйлөшөбүз. Демек, бул дагы чоӊ маселе. Кыргыз тили окутуунун тили боло алабы? Албетте, боло алат. Бирок ЖОЖдордо ушул күнгө чейин окутуу 60-70% орус тилинде жүргүзүлөт. Демек, биз алгач мамлекеттик тилде иш кагаздарын, мамлекеттик тилди жайылтуунун идеологиясын иштеп чыкпасак болбойт. Андыктан мамлекеттик тилдин өнүгүшүн, проблемаларын иликтөө үчүн максаттуу аспирантура ачуу зарыл. 24 жылдан бери бул багытта бир дагы диссертациялык иш жазылган жок. Ушул окуу жайга максаттуу аспирантураны ачууну сунуштайт элем. ЖОЖдун студенттеринин Кыргызстандын тарыхы боюнча мамлекеттик экзамениндеги үч суроонун бирөө кыргыз тилине арналышы зарыл.

Топчубек ТУРГУНАЛИЕВ, КМУнун алдындагы Манас таануу институтунун директору:

– Орус тилин жойсок эле кыргыз тили оболоп кетет дегенге кошула албайм. Албетте, орус тилин бул дүйнөдө жоюуга мүмкүн эмес. Орус маданияты, тили бизге мындан ары дагы керек. Англис тили 20 жылдын ичинде биздин жашообузга кандай тез арада сүӊгүп кирди. Азыр он миӊдеген жаштарыбыз бул тилде эркин сүйлөп, чет мамлекеттерде ушул тил менен билим алышууда. Бул турмуштук зарылчылыктан келип чыккан. Орус тили дагы бизге зарыл. Бирок мен аны Баш мыйзамдан официалдуу тил деген макамын алып салууну талап кылат элем. Себеби биз орусташуу доорунан алыс кете элекпиз. Азыр кыргыз тили жоголбойт, кыргыз тили бай тил деп жатабыз. Ооба, кыргыз тили бай болгон, бирок уламдан кедей болуп бара жатат. Илимпоздордун көбү, мамлекеттин башчылары, мамлекеттик кызматкерлер орусча ойлонуп анан кыргызча сүйлөшөт. Котормочулар дагы орусча ойлонуп анан кыргызча которушат. Жо­горку Кеӊештен мыйзамдар баш болуп, өкмөттө, прокуратурада, соттордо иш кагаздардын баардыгы адегенде орусча жазылат, анан кыргызча которулат. Аны дагы кыргызча эмес орусча ойлонгондор которот. Ошондуктан көп нерселер түшүнүксүз болуп, ушундай абалга кептелип калдык.

Мындан 60 жыл мурун жазылган тарых китебин окусам «… жогорку Радлов айткандай» деп жазылып жүрөт. Эмне төмөнкү Радлов барбы? Же дагы башкасы барбы? Андан кийинки сүйлөмүн окусаӊ деги эле түшүнбөйсүӊ. Мейли бул 40-50 жыл мурун жазылган китептер экен. Андан бери канча убакыт өттү, бирок дагы эле тилди өнүктүрө албай жатабыз. Биз Кыргызстанды унитардык мамлекет деп жазганбыз Конституцияга. Унитардык мамлекетте бир эле тил болушу керек. А бизде болсо иш жүзүндө расмий тил мамлекеттик тилден жогору турат.

Чолпон КИЙИЗБАЕВА, «Кутбилим»

1 Kомментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*