К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети өлкөдө гуманитардык багытта билим берген жалгыз жогорку окуу жайы катары эсептелет. «Кутбилим» газетасына окуу жайдын ректору Абдылда Мусаев университетте жасалып жаткан иштер, эл аралык кызматташтыгы жана алдыга койгон максаттары тууралуу айтып берди.
– Урматтуу Абдылда Инаятович, өзүӊүз экинчи сапар жетектеп жаткан БГУ жөнүндө өлкөбүздүн билим берүү тутуму, жалпы эле коомчулук жакшы кабардар экендиги талашсыз. Ошондой болсо да, анын учурдагы абалы, жаштарды окутуп-тарбиялоодогу жүргүзүп жаткан иш-аракеттери, алдыга койгон максаттары туурасында сөз кылып кетсеӊиз.
– Университетибиз өзү адеп түптөлгөн мезгилден тарта, дээрлик 35 жылдык тарыхты башынан кечирип, ушул тушта толук бойдон калыптанып, табына жеткен, жекече жүзү, салты жана өзгөчөлүгү бар, аты алысты аралаган жогорку окуу жайына айланганы чын. Ал өлкөдөгү жападан жалгыз гуманитардык деген мартабага (статуска) ээ болуп, жаштарга дал ушул багытта тереӊдетилген билим берүүнүн лидери катары таанылганы буга айныгыс күбө. Бүгүн БГУнун түзүм-турпаты: кыргыз филологиясы, славянтаануу, европалык цивилизациялар, чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер, социалдык-психологиялык, экономика жана каржы, Кыргыз-Кытай, журналистика жана маалыматтык тутумдар, экология жана менеджмент деген тогуз факультеттен турат. Өз учурунда алардын курамына ар кыл мүнөздөгү 38 кафедра кирет. Мындан сырткары, бизге караштуу Үзгүлтүксүз жана дистанттык (аралык) билим берүү институту (ҮДББИ), колледж жана лицей иштеп жатат.
Жалпысынан алганда, факультеттер болочок адистерди – 46, ҮДББИ – 14, колледж менен лицей – 11 багыт боюнча даярдашат. Эми ошолордун бакисин бирден санап отуруунун кажети жок го деп эсептейм. Бирок алар өлкөбүздүн экономика, саясий, социалдык, билим берүү, маданий, агартуу, эл аралык мамилелер, экология, каржы, ж.б. чөйрөлөрүнүн муктаждыктарын толук канааттандыра ала турган, эмгек рыногунда талап кылынуучу атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдап чыгарып жатышканын сөзсүз белгилей кетүү шарт.
– Билим берүү жана илим министрлиги 2012-2013-окуу жылдарына карата абитуриенттерди кабыл алуунун жыйынтыктарын чыгарып, БГУну өлкөбүздүн эӊ алдыӊкы деп таанылган беш окуу жайынын сабына кошкондугу маалым. Ушундай бийик көрсөткүчтөрдүн сырын кандайча түшүндүрөөр элеӊиз?
– Аныӊыз ырас, бирок тактай кетсек, ошол бешөөнүн ичинен экөө: Кыргыз-Орус Славян жана КТУ “Манас” эл аралык статуска ээ экендигин эске алсак, анда биз Медициналык академия менен Техникалык университеттен кийинки 3-орунга чыгып жатпайбызбы. Политехтен айырмабыз болгону үч гана пайызды (156.1- 153 упай) түздү. Сиз азыр эскерте кеткен “сырга” токтолсок, анын анчейин деле купуялуулугу жок дегим келет. БГУ – республикабыздын көптөгөн “аксакал” окуу жайларынан кыйла кичүү экендигине карабастан, анын ишмердик таржымалы дайыма изденүү, жаӊычылдыкка умтулуу, сынам, билим берүү айдыӊында топтолгон алдыӊкы тажрыйбаларды өзүнө чыгармачылык менен сиӊирип алуу жана андан ары өркүндөтүү менен коштолуп келүүдө. Ушундай иш- аракеттердин натыйжасында ал бир кездеги катардагы көндүм институттан – учурдагы көп тармактуу, көп багыттуу, заманбап, эл аралык талаптарга жооп бере ала турган университетке айланып отурат. Анын рейтинги менен зоболо-беделинин улам өйдөлөп жатышынын негизги “күнөөкөрлөрү” болуп, албетте, биздин профессордук-окутуучулук курам, бүтүндөй ынтымактуу эмгек жамаатыбыз эсептелет. Аларды мен мурда да, азыр да ар дайым биздин “алтын фондубуз” деп атап келем, анткени анын ар бир мүчөсү өзүнүн “альма-матери” үчүн күйүп-бышып иштеген, окутуп-тарбиялоонун жаӊычыл, ийкемдүү ыкмаларын, башталмалары менен артыкчылыктарын өздөрүнүн практикасына киргизүүгө умтулган чыныгы сыймыккор, патриот насаатчылардан болуп саналышат.
Экинчиден, өткөн жылдагы жалпы республикалык тестирлөө улан-кыздардын гуманитардык (журналистика, социология, европалык жана чыгыш тилдери, эл аралык мамилелер, архив иштери, китепкана таануу, музей, котормо ж.б.) кесиптерге карата кызыкчылыктарынын улам артып бара жатканын айгинеледи. Мына, дал ушул адистиктердин дээрлик баардыгы, ал эми, китепкана таануу, архив, музей иштери боюнча жападан жалгыз БГУда даярдалып жатат. Ошондуктан былтыркы кабыл алууда бизде ушул тармактарга атаандашуу өтө күчтүү жүрүп, бир орунга орто эсеп менен 10-15ке жакын талапкерлер ат салышканы бекеринен эмес.
– Кыргызстандын жогорку окуу жайларында эл аралык байланыштар жаатында сөз жүрсө эле каадада, эӊ алды БГУнун аты туруктуу түрдө аталып келатканын билебиз. Эгерим, ылайык көрсөӊүз, барган сайын мындай кызматташтыктын маанисинин улам өсүп жаткандыгын эске алып, ушул маселенин тегерегинде арбыныраак пикир алышсак.
– Мунун толук негизи бар. Себеби азыр биздин борбордук гана тургай, аймактык жождорубуз да өздөрүнүн чама-чаркына жараша, чет өлкөлөр менен мамилелерди жөнгө салууга же кеӊейтүүгө көп далалат кылып жатышканы – табигый көрүнүш. Бүгүнкү дүйнөлөштүрүү жараянынын шартында алардын билим берүү, илимий жана маданий борборлору менен эки жактуу кызматташтыкты түзбөй, эл аралык деӊгээлде таанылган прогрессивдүү тажрыйбаларынан өрнөк албай туруп, чыныгы кесипкөй адистерди даярдап чыгуу иши татаалдана баштады. Мындан улам, БГУ жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн алдыӊкы окуу жайлары менен өз ара пайдалуу мамилелерди түзүүнү өзүнүн артыкчылык берүүчү чөйрөсү катары кабыл алып, бул багытта жетишилген ийгиликтери менен сыймыктана алат. Биздин мындай алакаларыбыздын чечүүчү милдети болуп, БГУнун эл аралык рейтингин жогорулатуу, аны дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграциялоо (жуурулуштуруу), окутуп-тарбиялоодогу практикалык жандуу ишмердигин, өзүнүн программаларын Болон жарыянын алкагына ылайыкташтыруу саналат. Булардан сырткары биз, албетте, университеттердин окутуучулары, бакалавриат, магистратурада билим алып жаткан студенттер жана докторантурадагылары менен алмашуу; биргелешкен билим берүү, анын ичинде эки жактуу диплом тапшырууну алдын ала караштырган программаларды иштеп чыгып, жүзөгө ашыруу; академиялык кезигишүүлөр менен симпозиумдарды уюштуруу; университеттин профессордук-окутуучулук курамынын мүчөлөрү, студенттери менен кызматкерлеринин макала, баяндама ж.б. илимий эмгектерин өнөктөш окуу жайынын мезгилдүү басма сөзүндө чыгаруу; илимий изилдөө, маалымат, жарыялоолор жана билимдер менен алмашуу сыяктуу билим берүү жана илимий кызматташтыктын башка түрлөрүн да өбөлгөлөмөкчүбүз.
– Учурда кайсы мамлекеттердин университеттери менен айрыкча тыгыз карым- катнаштарды сактап келе жатасыздар?
– Биз өзүбүздүн туруктуу өнөктөштөрүбүз катары таанылган Европа, Америка жана Азиянын 70ке тете окуу борборлору менен ишкер байланыштарды улантып келүүдөбүз. Бул жерден мен Орусия, Кытай, Жапония, АКШ, Германия, Түштүк Корея, Иран, Түркия, Египетти бөтөнчө белгилеп кетер элем. Ар жыл сайын 300дөн ашуун студенттер менен жаш окутуучуларыбыз Москванын Мамлекеттик жана Мамлекеттик лингвистикалык, Кытайдын Гуанчжоу, Сиян, Үрүмчү; АКШнын Питтсбург, Канзас, Жапониянын Токио, Цукуба, Кокушикан, Осака; Кореянын Сеул; Малайзиянын Куала-Лумпур; Ирандын Тегеран; Түркиянын Анкара; Египеттин Каир, ошондой эле Украина, Казакстан, Беларусиянын алдыӊкы базалык университеттеринде окуп, практика жана такшалмалардан (стажировкалардан) өтүп турушат.
Ушул тапта БГУда башка 27 улуттун өкүлдөрүнөн турган жарым миӊден арбыныраак жаштар окутуунун бардык баскычтары боюнча билим алууда. Окутуу 16 европалык жана чыгыш тилдеринде жүргүзүлүп, аны четтен келген 50дөн ашык өз эне тилин алып жүрүүчү тажрыйбалуу профессорлор менен адистер ишке ашырууда.
Кийинки эле эки жылдын аралыгында Орусия, Жапония, Англия, Корея Республикасы, Польша, Түндүк Кипрдин алдыӊкы окуу жайлары менен байланыштарды түзүү боюнча 11 келишимге кол коюлду. БГУ мындан ары да башка өлкөлөрдүн окуу борборлору менен билим берүү, илим, агартуу, маданий, жалпы эле гуманитарий тармагындагы ишмердикти, студенттер жана окутуучуларды алмаштыруу боюнча аракеттерди күчөтө бермекчи. Биз Бишкекте аккредитацияланган чет өлкөлүк көптөгөн элчиликтер, эл аралык уюмдар, миссиялар, корлор менен тыгыз катнаштарды түзүп, алар менен туруктуу байланышта турабыз.
– БГУда бөлөк өлкөлөрдүн көмөгү менен түзүлгөн билим берүү, маданий борборлордун жүргүзүп жаткан иштери дагы оозго алаарлык.
– Биздин ар кыл мүнөздөгү, атайлаштырылган, студенттер менен окутуучулардын арасында жигердүү ишмердикти жүргүзүп келаткан 16 борборубуз бар. Алар өздөрүнүн көздөгөн максаттары жана милдеттери боюнча маданий – билим берүү очоктору деп аталып, дал ушул багытта натыйжалуу аракеттенип жатышат. Эми ар бирин санап отурбай, айрымдарын эле атай кетейин. Алар: Жапондук укма- көрмө, Иранистика жана Ислам таануу, Маалымат–телекоммуникациялык технологиялар; Кытай ресурстук билим берүү; “Орус дүйнөсү” корунун, “Кыргызстан Италия” маданий-билим берүү, Чыгыш Европа, Махтамы Ганды атындагы индиялык, Малайзия мультимедиялык университетинин Маалымат-технологиялык борборлору. Мындан сырткары, 2007-жылы Бишкекте өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) атайын чечими менен уюштурулган Конфуций; корей тили менен маданиятын үйрөнүү боюнча Борбор Азиядагы жападан жалгыз “Седжонг”, Аймак таануу жана маданияттар аралык коммуникациялар институттары; Жапониянын Кокушикан университетинин филиалы иштеп жатат. Биздин Конфуций институтубуз өткөн окуу жылынын жыйынтыгы боюнча Кытай
тарабынан Кыргызстандагы эӊ алдыӊкы окуу жайы деп таанылып, наркы 45 миӊ долларды түзгөн жаӊы “Джип-Лексус” автоунаасы жана Мактоо грамотасы менен сыйланды.
– Сиз БГУнун мурдагы ректору, кийин Билим берүү жана илим министри болуп турган чагыӊызда да жогорку окуу жайлардын эл аралык байланыштарын күчөтүп, мезгил талабына жараша аларга жаӊы маани, жаӊы түс берүүгө көп аракет жасап келгениӊиз белгилүү. Университетке кайра келгенден бери өзүӊүздүн жеке катышууӊуз менен бул багытта кандай кадамдар жасалып жатат?
– Өйдөдө белгиленип кеткен 11 келишимди эсепке албаганда, өткөн эки жыл ичинде Кытай, Жапония, Малайзия, Түркия, Казакстан тараптардын чакыруусу менен бул өлкөлөрдө болуп, алардын окуу жайлары менен өз ара байланыштарды кеӊейтүү боюнча бир кыйла орчундуу маселелерди чечүүгө жетиштим. Тактап айтканда, Кытайдын Гуйлинь технологиялык, Далянь чет тилдер университеттери, Конфуций институту; Жапониянын Аояма Гакуин жана Хоккайдо педагогикалык, Германиянын Ганновер, Казакстандын Гумилев атындагы Евразия; Башкортстандын мамлекеттик, Мамлекеттик техникалык жана Педагогикалык үч университети, Түркиянын эл аралык “Тико” фирмасы ж.б. менен кызматташтыктар боюнча келишимдер түзүлдү.
Соӊку чактарда биздин Польша Республикасы менен болгон байланышыбыз жаӊы деӊгээлге көтөрүлүп жатканын белгилей кетүүм зарыл. Алсак, БГУ менен бул өлкөнүн Гейштор атындагы академиясынын биргелешкен долбоору боюнча “Коом жана саясат” деген журналдын польша, англис жана орус тилиндеги төрт саны жарык көрүп, анда биздин окутуучулардын макалалары басылып чыкты. Азыр Кыргыз-польшалык социалдык- саясий изилдөөлөр борбору тарабынан “Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртеӊ” деген жумушчу аталыштагы китеп даярдалып жатат. БГУга караштуу Конфуций институту, биздин тиешелүү факультеттер Синьцзян мамлекеттик университети менен бирдикте кытай тилиндеги эл аралык журналистика боюнча магистратураны, Кыргыз тили жана маданий борборун ачуу, “Кытайдагы кыргыз калкынын тарыхый жана маданий мурасы” деген илимий-изилдөөчүлүк долбоорду түзүү боюнча даярдык иштери кызуу жүргүзүлүп жатат. Айтмакчы, акыркы 10 жылдан бери Москванын мамлекеттик лингвистикалык университетинин алдында биздин демилгебиз менен түзүлгөн кыргыз тили жана маданий борбору ийгиликтүү иштеп жатат.
Өзүм ар кайсы өлкөлөрдө өткөрүлгөн бир топ иш-чараларга катышып келдим. Соӊку эки жылдын ичинде жапониялык жана малайзиялык кесиптештердин чакыруусу менен бул өлкөлөрдүн Сока жана Мультимедиялык университеттериндеги билим берүүнүн инновациялык технологиялары менен таанышып, алар менен болгон мамилелерди өркүндөтүү боюнча маселелерди чечүүгө жетиштим.
Сока университетинде Кыргызстан, анын билим берүү тутуму, эки өлкөнүн ортосундагы өз ара байланыштар менен мамилелер жөнүндө дарс окудум. Эки өлкөнүн ортосундагы байланыштарга кошкон салымым жана дипломатиялык байланыштардын 20 жылдыгына карата окуу жайынын жетекчилигинин чечими менен мага анын ардактуу профессору деген наамы ыйгарылып, колледжи болсо өзүнүн алтын медалы менен сыйлады. Кыргызстандын Кытайтаануучулар ассоциациясынын президенти жана Кытай-Кыргыз “Контимост” журналынын аткаруучу редактору катары Пекинде дүйнөнүн 90го жакын өлкөлөрү катышкан Конфуций институттарынын эл аралык 5-форумуна катышып, сөз сүйлөдүм. Анын жүрүшүндө мени Кытайдын Борбордук улуттар университетинин Ардактуу профессору кылып шайлашты.
Ушул жылдын март айында ҮДББиде Конфуций институтунун борбору ачылып, ага КР Билим берүү жана илим министри К. Садыков, Кытай Эл Республикасынын бизге жаӊы дайындалган элчиси Ци Даюй катышып, сөз сүйлөштү. Борбор Кытай тарабынан 60 миӊ доллар өлчөмүндө гранттык негизде бөлүнүп берилген эӊ акыркы үлгүдөгү маалыматтык-телекоммуникациялык шаймандар, көп функциялуу телевизор менен жабдылып, аларды Пекинден атайын келген адистер жыйнап- монтаждап кетишти. Бул уникалдуу техника жана технологиянын жардамы менен сырттан окуп жаткандарга аралыктан билим берүү маселесин толук чечүүгө болот. Үстүбүздөгү окуу жылында эле чет өлкөлүк өнөктөштөр (Иран, Жапония, Корея, Түркия, Аравия, Кытай) бизге жалпы суммасы 200 миӊге жакын долларды түзө турган каржылык жана техникалык жардам көрсөтүштү.
Апрелдин башында Түркиянын Стамбул шаарында түрк тилдүү өлкөлөрдүн алдыӊкы университетинин 1-саммити өткөрүлүп, ага кожоюндардан тышкары, Казакстан, Азербайжан жана Кыргызстандын 12 ректору катышып келдик. Бизден Улуттук, Эл аралык университеттердин ректорлору жана мен бардым. Саммиттин жыйынтыгында түрк тилдүү жогорку окуу жайлардын кеӊеши түзүлүп, анын уставы бекитилди. Биздин өтүнүчүбүз боюнча анын 2-саммити 29-майда Ж.Баласагын атындагы Улуттук университеттин 80 жылдыгына карата Бишкекте өтө турган болду.
БГУ 2010-жылдан тарта ШКУнун тармактык университеттеринин “Аймактаануу” багыты боюнча координациялоочу жогорку окуу жайы жана ага кирген өлкөлөрдүн гуманитардык университеттеринин Консорциумунун мүчөсү болуп эсептелет. Ушул жылдын 16-апрелинде Алматы шаарында “КМШ жана ШКУнун эл аралык илимий- билим берүү өнөктөштүгү: кызматташтыктын жаӊы түрлөрү” деген темадагы эл аралык форум болуп өттү. Анын алкагында КМШ мамлекеттеринин тилдер жана маданият боюнча Базалык уюму менен ШКУга катышкан өлкөлөрдүн гуманитардык университеттеринин Консорциумунун биргелешкен отуруму өтүп, ага сегиз өлкөнүн өкүлдөрү катышты. Анын жүрүшүндө бул маселе боюнча негизги баяндама менен Москванын мамлекеттик лингвистикалык университетинин ректору, профессор И.И.Халеева чыгып сүйлөп, ал эми “Илим менен билим берүүнүн өнөктөштүгү – Шанхай кызматташтык уюмунун жолу” деген тема боюнча негизги баяндаманы Кытайдын эл аралык бизнес жана экономика университетинин президенти, доктор Ши Цзяньцзюн жасап, мен кошумча баяндама менен чыгып сүйлөдүм. Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча “КМШ жана ШКУнун илимий-билим берүү өнөктөштүгүн мындан ары да тереӊдетүү жана кызматташтыктын түрлөрүн кеӊейтүү жөнүндө” деген Меморандум кабыл алынды. Анын кезектеги форуму келерки жылы биздин университетте өткөрүлө турган болду. Форумдун алкагында Абылай хан атындагы Казак эл аралык мамилелер жана дүйнөлүк тилдер университетинин 70 жылдык мааракеси кошо уюштурулуп, анда мага республикабыздын атынан куттуктоо сөз сүйлөөгө туура келди. Албетте, мен муну БГУнун эл аралык аброюн тааныгандык жана бизге көрсөтүлгөн зор ишенимдин айкын-ачык белгиси деп эсептейм.
– Абдылда Инаятович, Сиздердин университетте ар кандай маанилүү иш-чараларды өткөрүп турууга чоӊ көӊүл бөлүнөт эмеспи?
– Ооба, өткөн жылдан бери эле бизде, жалпысынан алганда 100дөн ашуун ар кыл мазмундагы эл аралык илимий конференциялар, семинарлар, тегерек столдор, чет элдик делегациялар, бөлөк өлкөлөрдүн биздеги элчилери, белгилүү адабий, маданий, көркөм өнөр ишмерлери менен жолугушуулар сыяктуу иш-чаралар уюштурулду. Алардын айрымдарына токтоло кетсек, былтыр орустун улуу окумуштуусу М.В.Ломоносовдун 300 жылдыгына арналган эл аралык конференция, Азербайжандын улуу ойчулу, илимпоз, акын Низаминин 700 жылдыгына арналган адабий-музыкалык кече, АКШнын Миннесота университетинин журналистика факультетинин медиаэтика жана укук боюнча профессору Джейн Кертли менен семинар, “Коом жана саясат” деген кыргыз-польшалык журналдын бет ачары ж.б. иш-чаралар өткөрүлдү. Булардан сырткары “Ийгиликтин жапондук үлгүсү: Кыргызстан үчүн сабактар” деген жана ушул эле тема боюнча Түштүк Кореянын тажрыйбасына арналган илимий-практикалык конференция өткөрүлүп, алар республиканын билим берүү жана илимий чөйрөсүндө чоӊ резонанс туудурду. Июнь айына белгиленген ушундай эле иш-чара эми Түркия Республикасынын экономикалык ийгиликтерине арналмакчы. Ноябрда “Ислам жана үй-бүлөлүк укук” илимий-практикалык конференция, февраль айында “Чыгыш поэзиясынын жылдыздарынын поэтикалык мурасы” деген адабий кече, Кыргыз-Араб Билим берүү-маданий борборунун ачылыш аземи, апрелдин аягында Кыргыз Эл жазуучусу Өскөн Даникеевдин үч томдугунун бет ачары, 7-майда Жеӊиш күнүнө карата Т.Сатылганов атындагы филармониянын жетекчилиги жана чыгармачыл жамаатынын өкүлдөрү менен жолугушуу кечеси болуп өттү. 15-майда биздин грант берүүчүбүз, жапондук белгилүү “Бирдиктүү Азия” (“One Asia”) фондусунун президенти Йодзи Сато “Дүйнө бирдиктүү болот” деген кызыктуу дарс менен чыгып сүйлөдү.
– Ушул жерден Сизге дагы бир суроону берүүгө туура келип олтурат: БГУнун студенттеринин чет тилдер боюнча университеттердин ортосундагы республикалык жана эл аралык сынак-таймаштарда кандай көрсөткүчтөргө жетишип жатышат?
– Бул жагынан биздин тарбиялануучуларыбыздын жетишкендиктери менен табигый түрдө сыймыктана алабыз. Алсак, бир нече жылдардан бери алар кытай, жапон, корей, перс, араб тилдери боюнча спич- сынактарга үзбөй катышып, эӊ алдыӊкы, лидерлик, байгелүү орундарды колдон чыгарбай келе жатышат. Буга бир-эки эле далил: Жапониянын Билим берүү министрлигинин үлүшү (квотасы) боюнча быйыл бул өлкөгө бир жылдык такшалмага барыш үчүн уюштурулган атайын экзаменде биздин Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин 3-курсунун студенттери: Ш.Заитова, Ж.Байбураева, Ж. Бегалиева жана Т.Асанкулов бардык алдыӊкы орундарды түгөл ээлешип, Күн Чыгыш өлкөсүнө жолдомо алышты. Жапон тили боюнча республикалык чечендик сынакта ошол эле Ш.Заитова (1-орун), Н. Үшкемпирова (2- орун) жана 1-курста окуп жаткан А.Бекболотова 3-орунду ээлеп, май айынын этегинде Алматыда өтө турган Борбор Азиялык таймашка катышуу укугуна ээ болушту. Анын үч жеӊүүчүсү Москвада уюштурулуучу КМШ өлкөлөрүнүн студенттеринин сынагына жолдомо алышат. Биз мындан да үмүт байлап жатабыз, анткени буга чейин Астана, Ташкент, Бишкек, Алматыдан жана ошол эле Москвада өткөн кароолордо да биздин өкүлдөр эӊ алдыӊкы орундарды жеӊип келишкен.
БГУда студенттерге жапон тилин тереӊдетип окутуп- үйрөтүү, аларды жогорудагыдай сынактарга даярдоодо биздин эне тилин алып жүрүүчү окутуучубуз – Нами Удзихара айымдын салымы чоӊ экендигин белгилей кетким келет. Муну эске алып, Жапония менен Кыргызстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулушунун 20 жылдыгына карата жана БГУда жапон тилин үйрөнүүнү таркатып, өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн бул өлкөнүн тышкы иштер министри Коитиро Гэмба мырза аны министрликтин Мактоо грамотасы менен сыйлады.
Баарыдан кызыгы, бизде француз тили боюнча адистер даярдалбай, ал кошумча үйрөнүүчү сабак гана экендигине карабастан, быйыл март айында Бишкекте Франция менен Швейцариянын элчиликтери өткөргөн француз тили жана маданиятынын жумалыгында БГУнун Европалык цивилизациялар факультетинин студенти А.Кузнецова тил боюнча баш байгени (Гран- при) жеӊип, Францияга бир жумага барып келүүгө жолдомо алды. Ал эми А.Тажибаева 1-орунду ээлесе, француз ырларын аткаруу боюнча К.Ельникова 2-орунга татыктуу болду. Санай берсек, мындай мисалдар бизде өтө эле арбын.
– Республиканын жогорку окуу жайлары абитуриенттер үчүн өзүнүн эшиктерин ача турган мезгил чукулдап келүүдө. БГУ алдыдагы кабыл алуу сынактарын кандайча уюштурууну мерчемдештирип жатат?
– Биз бул маселе боюнча ойлонуштурулган, максат ченемдүү уюштуруу иштерин жүргүзө баштадык. Өткөн жылдарда өздөрүн практика жүзүндө толук бойдон актай алган түшүндүрүү, үгүт, пиар-өнөктүктөрдү кеӊири түрдө колдонмокчубуз. Борборубуздагы жогорку окуу жайлардын ичинен эӊ алгачкылардан болуп, биз 20-апрелде эле быйылкы бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелери үчүн салттуу “Ачык эшик” иш-чарасын өткөрүп, ага 500дөн ашык адам тартылды. Бишкектен тышкары, өлкөнүн айрым райондоруна мугалимдерден, алдыӊкы студенттерден, концерттик топтон турган атайын үгүт биргадаларды жөнөтүүнү баштадык. Жакында эле алар Панфилов жана Жайыл райондорунда болуп, болочок абитуриенттер менен аӊгемелешүүлөрдү өткөрүп, БГУнун тарыхы, өзгөчөлүгү, каада-салттары, бүгүнкү абалы, артыкчылыктары, студенттерди окутуп-тарбиялоо иштеринин коюлушу жана келечеги жөнүндө кеӊири маалымдап, келип чыккан суроолорго жооп беришип, бизге келип билим алууну каалагандардын тизмесин алдын ала аныктап кайтышты. Мындан тышкары, телекөрсөтүү, радиоуктуруу каналдары боюнча жарнама, көрмө сюжет, ролик, пиар- өнөктүктөр уюштурулат. Мындай иш-чаралардын баары жаштарга кесиптик багыт берүүнү күчөтүүгө баш ийдирилмекчи. Сиздердин мени менен аӊгемелешүүнү жүргүзүп жатканыӊызды да ошонун жандуу практикалык түрү деп кабыл алсак болот.
Белгилүү болгондой, быйыл да жаштарды жогорку окуу жайларына кабыл алуу жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт. Мында бул маанилүү иш- чаранын, анын бүтүмдөрүнүн ачык, акыйкат жана ынанымдуу болушу зор роль ойнойт. Анткени тестирлөө улан-кыздардын жөндөмдүүлүктөрүн максималдуу түрдө аныктоого, алардын жождордо андан аркы окуусун, интеллектуалдык жактан өсүп- өнүгүшүн, ошондой эле, жашоого жана эмгекке даярдоону камсыз кылууга чакырылган эмеспи.
Маектешкен Т.АЛЖАМБАЕВ
Оставить комментарий