Англис тилин мыкты билген студенттер күч сынашууда

 

Борбор шаардагы кесиптик орто окуу жайларынын студенттеринин арасында англис тили боюнча олимпиада И.Арабаев атындагы КМУда өтүүдө.

Ага Кыргызстан эл аралык, Кыргыз улуттук жана Кыргыз мамлекеттик университеттеринин колледждеринен алтымышка чукул студент катышууда. Сынак үч этапта жүрүүдө. Биринчи этабында студенттер тесттик суроолорго жооп беришсе, экинчи этабында топиктерди айтып, үчүнчүсүндө оозеки түрүндө баарлашышат. Алардын билим деӊгээлин сырттан чакыртылган калыстар тобу баалайт. Жеӊүүчүлөргө 1-2-3-даражадагы дипломдор жана баалуу белектер ыйгарылат.

Белгилей кетсек, орто окуу жайларынын студенттери үчүн мындай сынак КМУнун демилгеси менен биринчи жолу өткөрүлүүдө.

– Бул олимпиаданы өткөрүүнүн биринчи максаты – студенттердин билим деӊгээлин баалоо болуп саналат. Себеби маалыматтык технологиялар заманы өкүм сүрүп турган кезде чет тилин билбеген, технологиядан кабары жок студент турмуштан өз ордун таба албайт. Экинчиден, орто окуу жайлардын ортосундагы байланышты чыӊдоодо жана тажрыйба алмашууда мындай сынак жакшы шарт түзөт, – дейт КМУнун колледжинин директору Карымшаков Өмүрбек.

 

Ч. Кудайбергенова, «КБ»

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*