АР БИР БАЛА БИЛИМ АЛУУГА УКУКТУУ

Билим берүү жана илим министрлиги Эл аралык эмгек уюму,  “Балдар институту” коомдук фонду менен бирдикте “Ар бир баланын билим алуу укугун ишке ашыруу” аттуу өткөргөн тегерек столдо, Бишкек жана Ош шаарларында ар кандай себептер менен  мектепте окубай  калган балдар  үчүн кечки жана сырттан окутуу формаларын киргизүү маселеси талкууланды.

Тегерек столго катышкан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Н.Никитенко, Билим берүү жана илим министри К.Садыков, билим берүү башкармалыктарынын башчылары, мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрү ж.б. өлкөдөгү социалдык-экономикалык татаал шарт айрым социалдык жактан камсыз болбогон үй-бүлөлөрдүн балдарына билим берүү  жеткиликтүү болбогонун айтышты.

– Акыркы эки жылдан бери мектепке келбеген балдардын маселесин талкуулап келатабыз. Керек болсо, бул мектеп жашынан өтүп бараткан кыздар менен жигиттер, убагында кандайдыр бир себептер менен окуусун таштап, орто билим алалбай калгандар. Эл аралык уюмдардын иликтөөсүнө караганда, балдардын 6% ар кандай себептер менен мектепке тартылбай калгандар. Өлкө калкынын 30% жаштар түзөт, анын ичинде 1-11-класска чейин 1 млн. 18 миӊ окуучу бар. Демек, иликтөөнүн пайызына карасак, 60 миӊ окуучу мектепке барбайт дегенди билдирет. Бирок булардын ичинде ден соолугу чектелген балдар да бар. Акыркы маалыматка карасак, 23 миӊ мектеп курагындагы балдар – майып балдар. Алар үчүн инклюзивдүү билим берүүнү киргизип, бардык шарттарды түзүп бергенге аракет кылып жатабыз. Экинчи жагынан алсак, жумуш издеп борбор калаага келгендердин (мигранттардын) балдары, же болбосо камкорго алынбагандар ж.б.у.с. кандайдыр бир деӊгээлде тийиштүү себептер менен окууну таштап же дегеле мектептин босогосун аттабагандар бар. Конституцияга ылайык,  ушундай категориядагы балдарга жалпы билим берүүгө милдеттүүбүз. Ошондуктан тегерек столдо актуалдуу маселени жөн эле талкуулап кетип калбастан, Ош жана Бишкек шаарларындагы окубай калган балдарга билим берүү боюнча конкреттүү планды иштеп чыгуубуз зарыл, – деди министр мырза.

Чындыгында эле ушул эки ири борбор шаарларда мектеп курагында иштеп жүргөн балдардын саны арбын. Ошондуктан билим алууда сыртта калган балдар үчүн жалпы билим берүү мектептердин базасында кечки жана сырткы окуу класстарын ачуу учур талабы экени айтылды.

Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнара Тагаеванын айтымында, учурда борбор калаада 25 окуучу мектепке барбайт. Алар болгондо да ден соолугу чектелген балдар.

– Шаар ичинде №7 жана №10 кечки мектептер бар. Ал жерде 130-300 балага чейин билим алышат. Бул балдар түшкө чейин иштешип, түштөн кийин окушат. Учурда миграция толкуну абдан күчөп жатканда, кечки жана сырттан окутуу формаларын көбөйтүү зарыл. Маселен, 4-класстан баштап окубай калган балдар кездешет. Мына ушундай балдар  үчүн атайын 16-20 сааттык жеӊилдетилген программа түзүлгөн, – дейт жетекчи.

Ал эми Бишкек шаарындагы №43 мектептин директору Жамалкан Исмаилованын айтымында, алардын мектеби “Дордой” ири базарынын жанында жайгашкандыктан, иштеген балдардын саны арбын. Алар үчүн мектептин базасында кечки класстарды ачса болот.

– Кечки класстарга билим берген мугалимдер абдан күчтүү болуш керек. Анткени жумуштан чарчап келген балдарга түшүндүрүү кыйын болот. Күндүзгү мектепте кандай билим берилсе, кечки мектептерде дагы ошондой эле билим берилиши керек. Аларга керек болсо көбүрөөк көӊүл бөлүшүбүз зарыл. Анткени ал балдар  турмуштун түйшүгүн тартып, иштеп, чарчап, анан окуганга келишет, – дейт мектеп жетекчиси.

Балдарды мектепке тартуу боюнча иштеп жаткан пилоттук долбоордун негизинде Ош шаарындагы №18 Навои мектебинин базасында кечки мектеп ачылмак болду. “Балдар институту” коомдук фонддун кызматкери Кубанычбек Ормоновдун айтымында, ириде ар бир шаарда окубай калган балдардын тизмеси аныкталат. Андан соӊ, ошого жараша балдар пакеттер менен (канцтовар жана ар бир баланын үй-бүлөсүнө тамак-аш) камсыз болушат. Буюрса 1-сентябрдан баштап буга чейин окубай калган балдар кечки мектептерде, класстарда окуй башташат.

 

Г.А.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*