БИЗДИН МИЛДЕТ – АГРАРДЫК БАГЫТТАГЫ ЭКОНОМИСТТЕРДИ ДАЯРДОО

Өлкөнүн экономикалык абалы  анын материалдык байлыгы болгон жер, суу ж.б. ресурстарынан көз каранды болот. Ошол байлыктарды туура, рационалдуу пайдалануу илгертеден эле биздин доорго чейинки гректердин кул ээлөөчүлүк заманында  ЭКОНОМИКА  деген сөз менен белгилүү болуп келген. Бүгүнкү күндө бүтүндөй мамлекеттин экономикасын көтөрүү бул бардыгыбыздын экономика багытындагы адистерди тарбиялап чыгаруу, аларды өз кесиби менен жумушчу орундарды камсыз кылуу  алдыбыздагы чоӊ милдет.

Батыш өлкөлөрүндө (АКШ ж.б.) жогорку башкаруу чөйрөсүндө эмгектенген адистердин 70% жакыны экономисттерден тураары бизге маалым. Кыргызстанда болсо башка адистиктердеги депутаттардын, министрлердин, деги эле чиновниктердин экинчи  адистиги  экономист  экендиги  буга далил. Биздин республикадагы 53 мамлекеттик жана жеке ЖОЖдордун  дээрлик көпчүлүгү экономика багыты боюнча адистерди даярдап чыгарууну колго алышкан. Ошол  ЖОЖдордон бүтүп чыккан адистер бүгүнкү күндүн талабына жооп береби же бербейби ал өзүнчө маселе.

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин билим берүү системасындагы жүргүзүп жаткан алгылыктуу реформасы коомдо колдоого гана ээ болууда. Анын ичинде бүтүндөй республиканын билим берүү системасын эки тепкичтүү Болон принцибине өткөрүү бул эл аралык стандартка жооп бере турган билим берүү системасынын  деӊгээлине чыгуу дегенди түшүндүрөт. Ушул максатта К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин экономика жана бизнес факультети айыл чарбасына  экономика багытындагы күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмү аркылуу жылына 250-300 адистерди даярдап келет.

Факультеттин тарыхына кайрыла турган болсок, 1970-жылы ал экономикалык факультет болуп түзүлүп, экономика жана айыл-чарба өндүрүшүн уюштуруу кафедрасы негизделген. Кыргыз ССРинин Эмгек сиӊирген экономисти, профессор Эркин Ишеналиевич Арабаев ошол кафедраны жетектеген. Бул мезгилде факультетке кабыл алуу 50 студенттен ашкан эмес жана аларга “Айыл-чарбасын өндүрүүдөгү агроном-экономист окумуштуусу” деген адистик наам берилген. Ошол мезгилден баштап төмөндөгү кафедралар уюштурулган. Айыл-чарба өндүрүшүн уюштуруу (каф.башчысы, доцент Яковлев Г.И.), экономикалык кибернетика (каф.башчысы, доцент Колобаев Ж.Р.), бухгалтердик учет жана чарба ишмердүүлүгүн талдоо (каф.башчысы, доцент Маралов Т.М.), айыл чарбасын башкаруу (каф.башчысы, доцент Мирумянц А.И.), саясий экономика (каф.башчысы, проф. Сидоров А.Ф.), финансы жана каржылоо (1991-ж.чейин каф.башчысы, доцент Сарыбаев А.С., андан кийин доценттер Эрдөөлөтов А.Э., Саккараева Р.Д., Чынгышев К.Ч., Кожогулова В.С.). 1991-жылы экономикалык кибернетика кафедрасынын негизинде статистика, моделдештирүү жана талдоо (каф. башчысы, доцент Колобаев Ж.Р., 1995-жылдан 2011-жылга чейин доцент Батырканов М.Ш.) жана информатика (каф.башчысы, доцент Табышев Р.Т.) кафедралары уюштурулган. Ушул мезгилде айыл-чарбасына керектүү жети миӊден ашык экономисттерди, финансисттерди, бухгалтерлерди, менеджерлерди, статистиктерди жана маркетологдорду даярдап чыгарды. Алардын ичинде республикага белгилүү болгон инсандар: Асанов Карыпбек, Акматалиев Темирбек, Шакиев Нурлан, Имашев Чоро, Тойчубеков Юруслан, Жумалиева Эльмира ж.б. бар.     

Өткөн окуу жылынан баштап аталган адистиктин бакалавр багыты  жана дистанттык окуу боюнча студенттерди кабыл алдык. Окуу процессине окутуунун кредиттик технологиялары, талапка ылайык окутуунун методикалык комплекстери силлабустар киргизилүүдө. Ошондой эле электрондук китептерди түзүү жана алардын базасын кеӊейтүү боюнча бир топ иштер жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө биздин факультетте алты кафедра бар, алар төмөндөгү экономика багытындагы жана менеджмент адистиктерин даярдап чыгарууга өз салымдарын кошуп келишет.

Келе жаткан окуу жылынан баштап  логистика, бухгалтердик эсеп жана аудит багытындагы англис тилин тереӊдетип окутуу адистиктерди даярдоону колго алып жатабыз. Буларды ишке ашырууда, өзүбүздүн эмгек жамааттын ичинде жүргүзүлүп жаткан алгылыктуу иштер өбөлгө түзүп жатат. Айтсак, университеттин жетекчилигинин жигердүү эмгегинин натыйжасында жамааттын материалдык-техникалык базасынын чыӊдалышы (окуу корпустарынын бүгүнкү күндүн талабына ылайык ремонттон өткөрүү, жатаканалардагы студенттердин жашоо-турмушун оӊдоо, территорияларды иретке келтирүү ж.б.), илим менен окуу системасын интеграциялоодогу жетишкендиктери ж.б. буга далил боло алат.

Экономика жана бизнес факультети университеттин сегиз факультетинин ичинен контракттан түшкөн бюджеттин 31% ашыгыраагын камсыздайт. Факультетке кабыл алуу жалаӊ гана контракттын негизинде жүргүзүлөт. Анын көлөмү бир студентке эсептегенде жылына 17 миӊден 23 миӊ сомго чейинки шкаланы түзөт. Окуу процесси мамлекеттик жана расмий тилде жүргүзүлөт. Факультетте күндүзгү, сырттан жана дистанттык окуу боюнча 1700гө жакын студенттер билим алышат. Студенттердин окуп, билим алуусуна бардык шарттар түзүлгөн. Бизде төрт компьютердик класс, бир лингафондук кабинет, заманбап үлгүдөгү аудиториялар жана кабинеттер, студенттердин дене тарбиясын чыӊдоодогу спорт аянтчалары, жабык спорт залдар, кафе, буфеттер, медициналык пункттар жана студенттердин жатаканалары бар. Университеттин алдында аскерге даярдоо кафедрасы студенттердин аскердик кызмат өтөө милдетинин проблемасын чечүүгө көмөк көрсөтөт.  Каалоочуларга айдоочулук, чет тилдерди тереӊдетип окуу, экономиканын ар кандай багыттары боюнча кошумча курстар уюштурулуп турат.

Студенттерге билим, тарбия берүүдө факультеттин  педагогикалык жамааты үзүрлүү иш алып барып жатышат. Алардын ичинде Улуттук илимдер академиясынын бир корреспондент-мүчөсү, үч илимдин доктору, 21ден ашык илимдин кандидаты жана доценти, 20дан ашык улуу окутуучулар бар.  Активдүү студенттер илимий иштерге жана ар кандай республикалык, эл аралык масштабдагы долбоорлорго тартылып турушат. Эл аралык кызматташуунун рамкасында Германиянын ЖОЖдорунун базасында биздин студенттер окуу-өндүрүштүк практикаларын конкурстун негизинде өтөп келүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Мөөнөтүнүн өлчөмү болсо алты айдан бир жылга чейинки убакытты камтыйт.

Факультет келечектеги кадрларды даярдоого чоӊ көӊүл буруп келет. Ушул максатта жаш окумуштуулар кеӊеши, студенттер парламенти факультеттин окумуштуулар кеӊешинде алдыдагы боло турган иш-чараларды бекитип, ошолордун үстүнөн эмгектенип келишет. Экономика жана менеджмент багытындагы ар кандай тегерек столдорду, диспуттарды жана семинарларды уюштуруп турушат. Акыркы эки жыл аралыгында Алматыда өткөн эл аралык студенттердин конференциясында биздин тогуз студент экономикадагы эӊ көйгөйлүү темадагы докладдары үчүн Казак улуттук агрардык университетинин Ардак грамоталарына ээ болуп кайтышты. Жаш окумуштуулардын илимий иштеринин негизинде акыркы эле үч жыл аралыгында сегиз окутуучу-илимпоздор экономика багыты боюнча кандидаттык диссертацияларын ийгиликтүү коргошуп, илимий даражаларга ээ болушту. Факультет жамааты республикалык бюджет темасындагы илимий иштерди аткарып жана алардын күнүмдүк-практикага колдонулуш мүмкүнчүлүгүн алышты. Окутуучулардын жүргүзүп жаткан илимий-методикалык иштеринин жыйынтыгын белгилеп койсок болот. Анткени акыркы бир жыл аралыгында эле төрт окуу китеби, бир монография, 16дан ашуун методикалык көрсөтмөлөр жана 40тан ашуун макалалар жарык көрдү. Ошондой эле окутуучулардын жардамы менен ар бир адистик боюнча электрондук окуу куралдар, студенттердин рейтингин аныктай турган модулдук тесттер жана практикалык, лабораториялык сабактар үчүн тапшырмалар иштелип чыкты. Сабактардын көпчүлүгү компьютердик класстарда өткөрүлөт жана прикладдык мүнөздөгү маселелерди чыгарууда даяр пакеттер колдонулат.

Студенттерге таалим-тарбия берүүдө жана аларды патриоттук духта тарбиялоодо атайын пландар иштелип чыгып, аларды ишке ашырып келебиз. Буга,  Улуу кыргыз каганатынын 1170 жылдыгына карата, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор Ө.Осмоновдун 15-ноябрда  куратордук саатта “Улуу кыргыз каганаты жана анын мааниси” деген темадагы лекциясы мисал боло алат. Өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы, жакырчылыктан чыгуунун жолдору ж.б. көйгөйлүү маселелер боюнча студенттердин КР ЖК спикери А.Жээнбеков, вице-спикери Б.Мамырова, ЖК депутаттары Г.Бекматов, Э. Джумалиева, Б.Узакбаев жана Билим берүү жана илим министри К. Садыков менен 13-ноябрда болгон жолугушууда кеӊири талкууланды. Студенттерге диний экстремизмге каршы туруу, спортко, маданиятка тартуу жана алардын таланттарын тандоо үчүн көптөгөн иш-чаралар өз учурунда өткөрүлүп турат. Айталы, студенттер менен 13-декабрда өткөн “Айтматовдук окуу”, 14-декабрда КУАУнун студенттеринин арасындагы КВН конкурсу, 20-декабрда Питсбург (АКШ) университетинин профессору Чунг Ян Ли менен жолугушуу, 21-декабрда “Чет тилдерге арналган оюн-зоок” кечеси ж.б. буга далил. Ошондой эле бизде салтка айланып калган ар бир майрамга арналган оюн-зоок кечелер, жолугушуулар, сүрөт көргөзмөлөрү, дебаттар, дискуссиялар, экономикалык темага арналган тренингдер тынымсыз уюштурулуп турат. Студенттерге Мамлекеттик тилдин барктуулугун, ыйыктуулугун даӊазалоо иретинде 25-сентябрда “Өнөр алды кызыл тил” аттуу  салтанат өткөрүлдү. Факультетте өткөрүлүп жаткан ушундай пландуу иш-чаралар жаштардын нравалык, эстетикалык жактан өсүшүнө чоӊ көмөк көрсөтөт.

Келечекте өлкөбүздүн айыл чарбасына азыркы замандын талабына жооп бере тургандай жогорку деӊгээлдеги адистерди чыгаруу бул биздин эӊ  жогорку даражадагы милдет болуп саналат.

Мырзабек Батырканов, К.И.Скрябин атындагы  Кыргыз улуттук агрардык университетинин экономика жана бизнес факультетинин деканы, доцент 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*