Достукту бекемдеген иш сапар

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Т.Абдырахманов баштаган делегация Ош мамлекеттик университетинде болуп, борбордо жана аймакта жайгашкан эки окуу жайдын арасындагы ынтымакты чыӊдоо, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп кайтты. 

Ошко И. Арабаев атындагы КМУнун ректору Төлөбек Абдырахманов окуу жайдын бардык институттарынын жана факультеттеринин жетекчилери менен бирге барган. Жолугушууда Т.Абдырахманов Кыргыз мамлекеттик университети менен Ош мамлекеттик университети үзөӊгүлөш окуу жай экенин  баса белгилеп, эки окуу жайдын кызматташтыгы мындан ары жаӊы максаттар, биргелешкен долбоорлорду турмушка ашыруу менен  уланаарын баса белгиледи.  

– Тилекке каршы, биздин жождор Америка, Европа жана Азия университеттери менен көп кызматташып, академиялык алмашууларды жүргүзүп, тажрыйба алмашып келе жатат да Кыргызстандагы жождор менен дээрлик алака-катышы жок. ОшМУга баруу менен биз Кыргызстанда дагы мыкты мамлекеттик жождор бар экенине, аларда дагы  материалдык-техникалык өнүгүүлөр жана окуу процесин жакшы, заманбап уюштуруу боюнча жакшы тажрыйбалар бар экенине күбө болдук. Эӊ негизгиси, мындай кызматташуу эки тарапка теӊ пайдалуу. Себеби Кыргызстандын ар бир окуу жайынын үйрөнө турган өзгөчөлүктөрү, улап кете турган жакшы жактары бар, – дейт Т.Абдрахманов.

Эки университеттин жетекчилеринин айтымында, бул демилгенин максаты – Кыргызстандын түндүк-түштүк аймактарынын ортосундагы достук жана бир туугандык мамилени жаӊыртып, бекемдөөгө салым кошуу болуп саналат. Мындан аркы боло турган бир топ багыттар боюнча эки университет ортосунда тыгыз кызматташтык  студенттер, магистранттар жана мугалимдерди алмашып окутууга шарт түзмөкчү. Бул нерсе жаштардын мамилелерин жакшыртууга жол ачат.

– Бүгүн окуу жайыбызга И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору баштаган проректорлору, декандары жана  жооптуу кызматкерлеринен турган делегация келип олтурат. Биз жалпы жамаатыбыздын ынтымагын, тилектештигин бекемдөөнү,  биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну ойлоп жатабыз. Андан сырткары айрым адистиктер боюнча студенттерди алмаштырып окутуу, биргелешкен илимий, маданий, спорттук иш-чараларды уюштуруп, башка окуу жайларга да тажрыйба жайылтуу боюнча жакшы тилектерибиз бар», – деди өз сөзүндө ОшМУнун ректору К.Исаков.    

Жыйынтыгында жакын арада Кыргызстандын ЖОЖдор арасындагы биргелешкен  фестиваль, эки окуу жайдын кызматташтык сапары биргелешкен илимий, спорттук, маданий иш-чараларды өткөрүү, студенттерди алмаштырып билим берүү, алдыӊкы окумуштуулардын лекцияларын  эки окуу жайда теӊ уюштуруу, аралыктан видео лекцияларды, он-лайн конференцияларды уюштуруу боюнча келишимдерге эки окуу жайдын жетекчилери кол коюшту.

Иш-чарада меймандар ОшМУнун музейи, Көз карандысыз тестирлөө борбору жана башка бир катар окуу кааналары менен таанышышты. Бишкектик делегациянын кийинки сапары ОшМУнун Түштүк-чыгыш жана Ак Буура  КАМПУСтарында уланып, медицина факультетинин материалдык-техникалык базасы, жаӊыдан курулган китепкана, Медициналык колледжде түзүлгөн  лабораториялык комплекстер жана студенттердин окуу шарттары менен таанышышты. Келген конокторго ОшМУнун искусство факультетинин таланттары концерттик программасын тартуулашты.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*