Экономиканы мыкты билген окуучулар аныкталды

Бишкек шаарындагы мектеп окуучуларынын арасында экономика боюнча олимпиада Кыргыз экономикалык университетинде болуп өттү.

КЭУнун философия жана социалдык-гуманитардык илимдер кафедрасынын башчысы А.Бегалиеванын берген маалыматына таянсак,  окуу жай көптөгөн мектептер менен кызматташып, экономика сабагын өтүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн алгылыктуу иштерди жасап келет. Бул багыттагы иштердин эӊ негизгиси болуп, окуучулар арасында өткөрүлгөн экономика боюнча олимпиада саналат. Аны өткөрүүнүн максаты – борбордогу мектептерде мыкты окуган окуучуларды тандоо гана эмес, орто билим берүүдөгү экономика сабагын өтүүдөгү проблемаларды алып чыгуу жана аны жакшыртуу үчүн иш-чараларды өткөрүү болуп эсептелет. 

Олимпиадага 250 окуучу катышып, өз күчтөрүн сынашты. Алардын билимин USAIDдин, Борбордук Азиядагы Евразия Фондунун, “EdNet”  билим берүү мекемелеринин ассоциациясынын, «Сапаттуу билим» долбоорунун, Карьераны колдоо борборунун, Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жана КЭУнун кызматкерлеринен турган калыстар тобу баалады.

Жыйынтыгында №18, 33, 65, 6, 47, 67, 26 мектептердин окуучулары жогорку көрсөткүчтөрдү берип, алдыӊкы орундарга чыгышты. 11-класстар арасында биринчи орунга 120 упайдан жогору топтогон №18 мектептин окуучусу Макарова Елена, №65 мектептен Аскат Болушев, №33 мектептен Алина Мирластар чыгып, баалуу белектер менен сыйланышса, 10-класстар арасында 1-орунду №18 мектептин окуучусу Эстебес кызы Айгерим жеӊип алды.

Сыйлыктарды тапшыруу аземинде КЭУнун ректору Т.Камчыбеков бул олимпиада өтө оор, бирок ошол эле учурда жаштар үчүн өтө пайдалуу экендигине токтолуп өттү.

«Бул олимпиадага экономикага, экономика илимине кызыккан келечектеги экономист-окумуштуулар, менеджерлер жана маркетологдор, ишкерлер катышты деп эсептейм. Бул таланттуу жаштардын Кыргызстандын өнүгүшүнө кошо турган салымы зор экендигине жана ал күн алыс эмес экендигине тереӊ ишенем», – деди өз сөзүндө Т.Камчыбеков. 

Ал эми окуу жайдын Илимий программалар жана Магистратура жогорку мектебинин директору Г.Байжанованын айтымында,  мындай олимпиада жыл сайын өткөрүлүп келет жана ага катышууну каалагандардын саны жылдан жылга көбөйүүдө. Бул коомчулуктун экономикага болгон кызыгуусу жогору экендигин тастыктап турат.

 Чолпон КИЙИЗБАЕВА, “Кутбилим”

5 Комментарии

  1. Also man ganz zum Beginn: Die Kommentare von deinem Freund sind ja immer die besten. Neulich hätte ich mich schon (tot)lachhen können bei den Zimtschnecken "nicht immer diese Fancycupcakes" du weisst sicher was ich meine. Und nun zu deinen leckereien. Das ist ja mal eine fantastische Kreation! Die Cupcakes sind der Hammer! Und das mit dem Schweineschmalz erinnert mich an die mit Senf gefüllten Berliner zu Fasching 😀 Ganz toll Vera!! 😀 (Ich will sie probieren….:))

  2. Comme je souligne fréquemment dans mon blog, déjà en maternelle y’a de quoi flipper en voyant certains élèves et on devine malheureusement comment ils vont tourner si les parents ne changent rien.Désobéissance, malpolitesse, arogance, violence, brutalité, grossierté, …Tout le monde ne part pas avec les mêmes chances dans la vie …

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*