ИШТИН КӨЗҮН ТАПКАН ИЙГИЛИККЕ ЖЕТЕТ

Мектепте мугалим болуп иштөө канчалык кыйын болсо, мектепте жетекчи болуп иштөө андан да кыйын. Анткени ал мектептин чарбалык жана окуу-тарбия  иштеринин жоопкерчилигин толук моюнга алуу менен күн сайын мугалимдер, окуучулар, ата-энелер, коомчулук, ошондой эле чиновниктер менен чиеленишкен иштерди жөнгө салып, көптөгөн көйгөйлүү маселелерди чечүүнүн аракетинде болот. Айрыкча эгемендүүлүктөн кийинки 20 жыл мектеп жетекчилери үчүн оор жылдардан болду. Ашкере менчиктештирүүнүн натыйжасында  чарбалар бүлүнүп-чачылып, таланып-тонолуп, талкаланды. Айыл кыштактардагы жана шаардагы көптөгөн бала бакчалар ишин токтотуп, менчиктештирилип, эл түзгөн балдардын ырысы  «шылуундардын» колуна өттү. Бул көйгөйдөн мектептер да четте калган жок. Менчиктештирилбегени менен республикабыздагы көптөгөн мектептер бүлүнүп, талкаланып кароосуз калды. Мамлекеттин, элдин, эртеӊки жаш муундардын келечегин ойлогон, өз ишине баш оту менен берилген айрым мыкты жетекчилер жогоркулардын буйругун, көрсөтмөлөрүн күтпөстөн, мектепти сактап калуунун, мектеп ишин жаӊыча уюштуруунун жолун издей башташты. Талас областтык чет тилдери  лицей-комплексинин директору  Момунбеков Станбек Жылдызович мына ошондой иштерман мыкты директорлордун бири десем жаӊылышпайм.

Тарбияданбы  же баланын өзүнүн дээриненби, жеринен зирек өскөн бала өзүнүн эмгек жолун 1978-жылы орто мектепти аяктаары менен Талас айыл чарба курулушунда слесарь болуп иштөөдөн баштаган. Бул анын турмушундагы эл менен, коомчулук менен иштеше билүүгө жасаган алгачкы кадамы болчу. Жаштарга замандын талабына жараша жогорку билимге ээ болуу керектигин сезген боз улан 1979-жылы  СССРдин 50 жылдыгы  атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин  тарых факультетине окууга тапшырып өтүп, ушул окуу жайда окуп билим ала баштайт. 1981-1983-жылдары  Советтик  Армиянын катарында кызмат өтөп келгенден кийин 1983-1986-жылдары ДОСАФтын Талас областтык  комитетинде  инструктор болуп иштейт. Ушул жылдары Станбек турмушту тереӊ үйрөнүп, окуу менен өндүрүштү  айкалыштырып  университетти ийгиликтүү аяктап, жогорку билимге ээ болуп, 1986-жылы Талас шаарындагы №7 мектепке тарых сабагынын мугалими болуп ишке орношот.

Мугалимдик турмуш аны  өзүнө тез эле кызыктырып, окуучулар менен тынымсыз иш жүргүзүп,  педагогдук ишке баш оту менен кирише баштайт. Ал канчалык жакшы иштеген сайын  окуучулардын сүймөнчүлүгүнө, ата-энелердин кадырлоосуна, мугалимдердин, мектеп жетекчилеринин ишенимине ээ болот. Келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаш жигитти  областтын жана райондун жетекчилери дагы такшалсын деген таризде 1991-жылы Талас районундагы Конезавод орто мектебине директордун окуу бөлүмү боюнча  орун басары  кызматына  жөнөтүшөт. Ак-Коргон айылында мектеп жок болгондуктан, бул айылдын балдары 10 чакырымдай алыстыктагы  Конезавод орто мектебине келип окушкан. Айрыкча кыш күндөрү балдар үчүн  өтө оор болгон. Тоонун аркыраган муздак шамалына карабай,  балдар  таӊ заардан  жөө-жалаӊ мектепке жөнөп, кайра кечки суукта күн бата үйлөрүнө кетишкен. Ит-куш жолукпагай эле деп, ата-энелер да аябай кабатыр болушкан.

Станбек райондук жыйындарда  Ак-Коргон айылына мектеп салып берүү жөнүндөгү  маселени бир эмес, бир нече жолу көтөрүп чыкты. Акыры жогору жактагылар  анын демилгесин туура таап, Ак-Коргон айылына чакан орто мектеп куруп бермек болушту. Ишти аягына чыгаруу үчүн Станбектин өзүн ошол курулушу түптөлө элек мектепке директор кылып дайындашты. Мектеп курулушу оӊой эле бүтө калган жок. Ал ар кандай бюрократтык, чиновниктик тоскоолдуктарга дуушар болду. Жаш жигиттин чечкиндүүлүгү,  кайраттуулугу, иштин көзүн таба билгендиги чоӊ роль ойноп, мектеп курулушу өз убагында бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Мына ушундан кийин райондун,  областтын жетекчилери  Момунбеков Станбектин уюштуруучулук  жөндөмдүүлүгүн баалап, 1994-жылы Конезовод орто мектебинин директору, 1995-1997-жылдары  райондук жана областтык элге билим берүү бөлүмүнүн усулкана башчысы кызматына дайындашат. Бул жылдары эгемендүү республикабызда  мектеп ишин реформалоо демилгеси көтөрүлүп, Бишкек шаарында лицей, гимназиялар уюштурула баштаган. Талас өрөөнүндө Ак-Сай айлында Манас лицейи, Кызыл-Адырда Бабанов лицейи түзүлүп, областтын борбору Талас шаарында бир да лицей жок болчу. Бул жаш жигиттин жарандык сезимин козгоп, намысын ойготуп, ойлонто баштады. Акыры Талас шаарына лицей ачуу керек деген бүтүмгө келип, областтын жетекчилерине сөз жүзүндө жана кат жүзүндө  бир нече кайрылуу жасады. Анын бул өтүнүчү орундалып, областтын жетекчилери аны 1997-жылы жаӊы түптөлө баштаган Талас областтык чет тилдери багытындагы лицей-комплекске директордук кызматка дайындашты.

Лицей — алгач сыноо аянтчасы катары уюшулуп, кадр топтоо, финансы булактарын табуу, ылайыктуу имарат караштыруу сыяктуу түйшүктүү маселелерди чечүүдөн башталды. Ашкере менчиктештирүүнүн натыйжасында  шаарда ырыстуу деле имарат калбаптыр. Областтын жетекчилери шаардын батыш тарабындагы ээси менчиктештирип карабай таштап койгон бала бакчанын имаратын сунушташты. Имараттын эшик каалгалары, айнектери талкаланып, жылуулук системасы таптаза иштен чыгып, тактайлары чирип, колдонууга мүмкүн болбой калган. Бирок Момунбеков Станбектин уюштуруучулук жигердүү иш-аракетинин натыйжасында  жыл бою тынбай оӊдоо, түздөө иштери жүргүзүлүп, имарат акырындык менен калыбына  келип, эмеректер менен толукталып, балдардын окуп билим алуусуна шарт түзүлүп, ашкана, жатакана уюштурулуп, өзүнүн алгачкы натыйжаларын бере баштады. Бирок имараттын  менчик ээси имаратты  кайра алып койгондугуна байланыштуу  лицей 2006-жылы  шаардын чыгыш тарабындагы  мурунку №8 бала бакчанын имаратына көчүрүлдү. «Кедей болсоӊ көчүп көр» демекчи, лицейди көчүрүү оӊой болгон жок. Бул имарат да кароосуз калып, таланып-тонолуп, тактайлары чирип, төбөсүнөн суу тамчылап токтобой калыптыр. Станбек ишти марафон уюштуруп, андан түшкөн каражатты  имараттын чатырын кайра жабуудан баштады.  Бөлмөлөр окуу процессине ылайыкташтырылып, оӊдоо-түздөө иштери жүргүзүлүп, иш күндөп-түндөп уланып жатты.  Мына ушундай оор шарттарда да окуу-тарбия процесси эч кандай үзгүлтүккө учураган жок. Лицейдин окуучулары олимпиадаларда, ар кандай кароо сынактарда алдыӊкы байгелүү  орундарга ээ болуп, ийгиликтерди жаратып жатты.Жогорку класстардын окуучулары Кушаинов Бектурсун физика, Өмүрбек кызы Айпери кыргыз тили жана адабияты,  Шаршенкулов Бекболот адам жана коом, Анарбекова Чолпон география сабактарынан областтык олимпиадада  биринчи орунду алышкан. 16 жылдын аралыгында 281 окуучу лицейден 11-классты ийгиликтүү аяктаган. Алардан  51 бүтүрүүчү артыкчылык аттестаттарына ээ болушкан. Дээрлик баардык бүтүрүүчүлөр  ЖОЖдорго өтүп студент болуп, бүгүнкү күндө айрымдары алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдө окууларын улантып жатышат.

Мамлекеттин лицейлерге бөлгөн каражаты абдан эле чектелүү. Аны менен лицейдин окуу материалдык базасын чыӊдоо мүмкүн эмес. Андыктан Момунбеков Станбек  иштин көзүн таап,  коомчулуктун жана ата-энелердин колдоосуна таянып, «Экономиканы өнүктүрүү башатына», «Айылдык  билимди өнүктүрүү» долбоорлоруна долбоор жазып, алардан алган акча-каражаттарына лицейдин имаратынын ичи-тышын толук ремонттон өткөрүп, эмеректерин толуктап, жылуулук системасын толук кишке киргизди.

Бүгүнкү күндө лицейде 35 мугалим-тарбиячы эмгектенет. Алардын бирөөсү Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген мугалими, ону Билим берүүнүн отличниктери, бирөөсү Президенттин алдындагы улуттук тил комиссиясынын «Кыргыз тил» төш белгисинин ээси. Алардын арасында көптөгөн долбоорлордун жана кароо сынактардын жеӊүүчүсү, англис тилин окутуу боюнча АКШдан стажировкадан өткөн Осмонкулова Гүлгаакы сыяктуу өз ишин мыкты билген  чыгармачыл, чыгаан мугалимдер бар. Быйылкы окуу жылында лицейден 246 окуучу окуп билим алышты.  Алардын 47си окуунун отличниктери болушту. Лицейде алыскы айылдардан жана райондордон келип окуган окуучулар үчүн 70 орундуу жатакана уюштурулган. Жатаканада жаткан окуучуларга төрт маал ысык тамак берилет. Окуучулар эс алуу убактыларында шахмат, тогуз коргоол, ыр, хор, сүрөт ийримдерине катышып, теннис, волейбол, футбол, ордо ойношот. 2012-13-окуу жылында мектеп окуучуларынын Талас шаардык  61-спартакиадасында лицей комплекстин окуучулары теннис, тогуз коргоол, ордо боюнча 2-орунду, шахмат, футболдон 1-орунду алышты. Ал эми областтык спартакиадада  тогуз  коргоол боюнча 1-орунга, шахмат боюнча 3-орунга ээ болушту.

Момунбеков Станбек мектеп жетекчилигинин иши менен гана чектелип калбастан, шаардын коомдук турмушуна да жигердүү катышып келе жатат. Ал Талас шаардык  кеӊешинин эки чакырылышынын депутаты. Талас шаарынын №4 орто мектебин капиталдык ремонттон өткөрүүдө, №1 орто мектебине сырткы тосмолорду орнотууда  мамлекеттик өнүктүрүү фондусунан гранттык каражаттарды алууга депутат катары жардам берди.

Станбек 1999-жылы  «Жылдыз-Транзит» коомдук фондусун уюштуруп, бул багытта коомго пайдалуу иштерди орундап келатат.  ОБСЕнин Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн долбоорунун негизинде Талас шаарын таштандылардан арылтуу боюнча иштеп, шаарды 1 таштанды чыгаруучу автоунаа менен камсыздоого,  таштандыларды салууга 160 челек,112 урна койдурууга жетишти.

Еврокомиссиянын өз алдынча башкаруу системасын өнүктүрүү долбоорунун негизинде Талас районунун Ак-Коргон,  Манас районунун Нылды айылдарында ТОСторду ачты. Ушул долбоордун негизинде Ак-Коргон мектеби капиталдык оӊдоолордон өткөрүлдү. Учурда Нылды орто мектебин капиталдык оӊдоолордон өткөрүү боюнча иштөөдө.

Анын бул аракети текке кеткен жок. Эл арасында урмат-сыйга ээ болуп, 1998-жылы Кыргыз Республикасынын «Билим берүүсүнүн отличниги» төш белгиси, 2001-жылы  Талас мамлекеттик администрациясынын  Ардак грамотасы 2004-жылы  Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды. 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген мугалими наамына татыктуу болду.

«Кудайды көрбөсөӊ акылыӊ менен тааны» дейт, Станбектин ыйык Меккеде зыяратта болуп келишинин өзү эле анын ыйманынын тазалыгын, жан дүйнөсүнүн кеӊдигин билдирип тургансыйт. Чынын айтсам, ушу кезге чейин анын «мен муну иштедим, аны иштедим» деп көкүрөк какканын деле көрө элекмин. Эр ишин эл баалайт эмеспи. Эл ичинде иштин көзүн тапкан, аткарган иштерине көөдөнүн керип көтөрүлбөгөн ушундай адамдар көп болсо.

 Акчал Атагулов, Талас шары

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*