Манас, Чыӊгыз, кыргыз руху бийик Таласта!

Кара-бууранын кире беришинен ардактуу коноктор менен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бактыбай Калыбаев жылуу маанайда учурашып, райондогу мыкты мектептердин иш-тажрыйбалары менен тааныштыруу үчүн жол баштады. Чындыгында эки күндүк иш-чаралардын программасы абдан жыш түзүлүптүр. Биз бир мектептен экинчи мектепке шашылып жаттык. Бардык жерде ак дасторконго үйүлгөн ак нан, таттуу боорсок  менен тосуп алышты. Мектептер биринен бири таза, биринен бири кызыктуу. Кимисине көз кыйырыӊды токтотоорду билбейсиӊ. Баары сонун. Баарында «Кутбилимдин» 60 жылдыгына арналган атайын дубал газеталар илинген. Алардагы «Кутбилимге» арналган жылуу сөздөрдү, ырларды окуп Эверестке чыккандай болдук.

Эстен кеткис эки күндүн модератору

 Эстен кеткис эки күндүн модератору – Кара-Буура райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бактыбай Калыбаев болду. Сылыктыгы, жөнөкөйлүгү, эмгекчилдиги Ош пединститутунда окуп жүргөндө калыптанган сапаттары белем, айтор, Бактыбай Ашымович  бизди бир көргөндө эле өзүнө имерип алды. Мен журналист катары жетекчинин келген коноктордун кимиси менен болбосун,тартынбай  ой бөлүшүп жатканын байкап жаттым. Ал чыгармачыл мугалимдердин ар бири менен кенен-чонон таанышып, ачык сабактар, мектептердин иш-тажрыйбалары тууралуу пикир-сунуштарын билип чыгууга үлгүрдү. Ал эми жетекчинин кол алдындагы мектеп, бала бакча директорлоруна жасаган мамилеси баарыбызга үлгү болорлук. Бактыбай Ашымович ар бир адамга, мейли ал жетекчиби, мейли ал мугалимби, окуучубу аяр мамиле жасайт. Дипломаттык тубаса шыгы элдин ишине бир ирет пайда алып келди. 2010-жылдагы коогалаӊдан көп өтпөй улуттук араздашуунун эпицентри болгон Наримандан мектеп директорунан, мугалимдеринен, окуучуларынан, ата-энелерден турган делегацияны тосуп, Шекер айылына чейин коштоп, жер көрсөттү. Кийинчерээк Нариманга бир топ мугалимдерди баштап барып, эки элдин достугун, ынтымактыгын бекемдөөгө зор салым кошту. Азыр деле түзүүчүлүк, жаратмандык позициясынан кайта элек. Келечекте республика боюнча Айтматов ысмын алып жүргөн билим берүү мекемелерин бир уюмга бириктирүүнү ойлонуштурууда.

 Бабалар салты – сармерден

 Ар бир эл өзүнүн каада-салттары менен улук. Кылым карыткан каада-салттарыбыз мектептерди да айланып өтпөй, күнүмкү окуу-тарбия ишинде жаӊы мазмун менен толукталып, улам жаӊыланып, компьютер заманындагы балдар-кыздарга жетик тарбия берүүдөөзгөчө орунду ээлеп калганы кубанычтуу көрүнүш. Буга  биз райондогу Анарбек Мадымаров атындагы орто мектепте болгонубузда күбө болдук. Бул жердеги кайсы сабакка кирбейли мугалимдин айтканы элдик накыл сөз, тарбия менен жуурулушуп, өзгөчөлөнө алды. Ошондонбу, айтор, балдар биринен бири өтүп жооп берүүгө ашыгышты.  Мугалим менен окуучулардын бир максатка умтулган аракети, жуурулушкан эмгеги Субанбекова Асиранын 2-класстагы «Билим уюткусу — башталгыч класс», Балтабаева Татыгүлдүн англис тил сабагынан 8-класстагы «Кыргызстан», Алтымышова Меликандын 3-класстагы «Акыл-ой таймашы», орус тилчи мугалим Артыкбаева Венеранын 6-класстагы «Көӊүлдүү грамматика», Исакова Расиянын 4-класстагы «Адеп эмнени үйрөтөт?», Жаманкулова Нурзаданын 3-класстагы слайд менен коштолгон «Талас аймагы», Касымбекова Нурзаттын 10-класстагы «Элдик чыгармачылык», Жаманкулова Нурзаданын «Талас аймагы» аттуу ачык сабактарында, тарбиячылар Ашырбаева Клара менен Субанкулова Нурзаданын «Таластан чыккан жылдыздар, Манас менен Чыӊгыз бар»  деп аталган жалпы мектептик иш-чараларында айдан-ачык байкалып турду. Ата-бабаларыбыздын генийлигин караӊыз! Тээ жоокер заманда эле «Улууга урмат, кичүүгө ызаат», «Баланын периштеси улук» деп ар бир куракка жараша сый мамилени аныктап, тактап коюптур. Ошону таластык мугалимдердин  күнүмкү сабактарында жапырт колдонуп жатышы, ал гана эмес район боюнча жума күндү «Улуттук кийим» күнү деп даӊазалап, агай-эжейлерден баштап мектеп окуучуларына чейин улуттук кийимдердин кийиши биз үчүн жаӊылык болду. Ал эми бабалар салты сармерденчи? Кожобекова Анаранын 7-класстардын окуучулары менен чогуу-чараан  даярдаган ушундай мазмундагы тарбиялык сааты көбүнесе баарыбыз көрүп жүргөн «Сармерден» көрсөтүүсүнөн кем калган жок. Боз үйдүн ичине ай-тегерек болуп олтурган балдар-кыздар акыйнек, жаӊылмач айтышып, ыр ырдап, манас айтып далайга жарышты. Ата-энелердин өкүлү ….. таймашты так баалап гана тим болбостон, комузда чебер ойноп, уккулуктуу үнү менен баарыбызды тамшантып ырдап берди.

 

«Манас» менен Айтматовдун ааламына аралаштык

 Анарбек Мадымаров атындагы орто мектептен кийин биз Бакайырдагы М. Чалданбаев, Аманбаев айылындагы Чыӊгыз Айтматов жана Шекердеги Төрөкул Айтматов атындагы орто мектептерде болдук. Бизди Айтматовдун каармандарынын образын аткарган окуучулардын чебердиги таӊ калтырды. Балдар-кыздар биринен бири өтүп, апаат согушта балдарынан айрылган Толгонай, апасына кат жазган Майсалбек, «Ак кемедеги» кара портфелине жүрөк жарыла кубанган бала, өзү эки сөздү кошуп окуганына карабай мугалимдик кесиптин жоопкерчилигин өз мойнуна коркпой алган биринчи мугалим – Дүйшөн, Султанмуратка сүйүүсүнө бет аарчыдагы саймасы менен жооп берген Мырзагүл болуп аткарып жатышты. «Манас» темасы океанга тете болду. Манастын төрөлүшү, биринчи кармашы, элин Ала-Тоого баштап келиши, Манастын Каныкейге үйлөнүшү, Семетейдин атасы, ата-мекени тууралуу чындыкты угушу, Каныкей менен Айчүрөктүн адамдан ашкан акылы балдар-кыздардын чебер аткаруусунда таасын чагылдырылды. Ал эми бул мектептерде манас айткан балдарга сан жетпеди. Аларды угуп отуруп, Сагымбай, Саякбай сыяктуу алп манасчылар чыккан кыргыз элинин уучу кур эмес экен дедик. Ушунча болду алыстан коноктор келет деп көрсөтмөлүү сабактарын даярдаган эр жүрөк мугалимдердин аты-жөнүн айтпай кетпесек болбойт. Алар Бакайырдагы М. Чалданбаев орто мектебинен – А. Жапаркулова, Ж. Сыдыкова, Э.Боромбаева, К. Жакыповалар, Аманбаев айылындагы Чыӊгыз Айтматовдун ысмын алып жүргөн мектептен – Калдарбай кызы Гүлмира, Саадат Жайчыбекова,Татьяна Мачугина, Айманбетова Дамира, Иманалиева Салидат, Абдрахманова Анара, Орозбаева Айнагүл, Арыкбаев Рахман, Касымбекова Зарина, Төлөгөнова Гүлмира жана Жумашева Гулнара, Шекердеги Төрөкул Айтматов атындагы орто мектептен – Сманова Айгүл, Ниязбекова Рыскул, Айталиева Жаӊыл жана Усубалиева Токтокан. Жогорудагы мугалимдердин баары сый-урматка татыктуу деп ойлойм, анткени алар Дүйшөндүн, Иӊкамал апайдын улуу көчүн бүгүнкү күндө татыктуу улантып, жаштарды тарбиялоо ишине өз үлүштөрүн кошууда.

 Ата-энелердин кайдигерлигин ашкерелеген Форум театры

 Аманбаев айылындагы Чыӊгыз Айтматов атындагы орто мектепте 9-11-класстардын окуучуларынан түзүлгөн Форум театры иштейт. Жаштардын чыгармачыл бирикмесине Айманбетова Дамира менен Иманалиева Салидат жетекчилик кылат. Бул эки мугалим алты окуучу бала менен биргеликте өткөн жылдын жай айларында Айрекстин тренингинен өтүп келишкен. Театрдын максаты — жаштарды ар кандай конфликттерди тынчтык жол менен чечүүнүүйрөтүү болуп саналат. Учурда театрда 25 окуучу бала эмгектенет. Буларда даяр пьеса деген болбойт. Баарын мектеп турмушунан алышат. Көрүүчүлөр да оюнга катышып, аны башка туура нукка салып кетүүгө укуктуу. Бүгүнкү күнгө чейин театрдагылар райондогу 9 мектепке барып, конфликттерди чечүүгө жардам беришти. Алар мугалимдерди да тарбиялап жатышат. Мисалы, өткөндө сабак учурунда телефон менен сүйлөшкөндөрдү аткарып беришкенден бери, мектепте мугалимдер арасында бул адат кескин тыйылган. Форум менен катар мектепте «Авангард» агитбригадасы жаштар арасында толеранттуулукту, кечиримдүүлүктү, маданияттуулукту пропагандалап активдүү иштеп келет. Бул чыгармачыл ийримдин жетекчиси, орус тили мугалими Абдрахманова Анара.  Бул эки чыгармачыл топтон башка бул мектепте бизди таӊ калтырган дагы бир жаӊылык – мектептин китепканасы болду. Мында окуу, адабий, илимий-популярдуу болуп баш-аягы 32 миӊ китеп бар экен! Китептердин тематика боюнча бөлүнүп коюлганы, китепкананын ички жасалгасы, окурман үчүн ыӊгайлуу шарттардын бардыгы чынында кубандырбай койбойт. Китепканадан биз «Кутбилимдин» мааракесине арналган атайын бурчту, «Кутбилим», «Кутбилим сабактын» беш жылдан берки сандарын көрө алдык. Ушул кооздукту жараткан адам – Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн отличниги, китепкана башчысы Кашкатаева Бурулбүбү. Ал 26 мектептин китепканачыларын бириктирген райондук секцияны да жетектейт.

 Райондун мыкты мугалиминин мектебинде

 Сапарыбыз карып бараткан кезде Чымкент айылындагы Сыйнат Садыкова атындагы орто мектепте жана мурун Мээрим фондусу ээлеп келген имаратка кайрадан ачылып, иштеп жаткан балдар бакчасында болууга үлгүрдүк. Сыйнат Садыкованын ысмын алып жүргөн мектеп бир кабат, эски имаратта жайгашканына карабастан, ички жасалгасы, тазалыгы менен айырмаланып турат. Мында окуучулар, мугалимдер баары бирдей үйдө кийүүчү жеӊил бут кийим менен жүрүшөт. Мектеп директору боекко кетчү акчага  короого таш төшөөгө жумшаарын айтты.  Бул мектепте быйылкы жылдагы райондук «Жылдын мыкты мугалими» сынагынын жеӊүүчүсү – Акимбекова Назгүл эмгектенет. Ал былтыр райондогу англис тилчи мугалимдер үчүн семинар өтүп берген. Назгүлдүн келечеги кеӊ экени анын сүйлөгөн сөзүнөн, ишке жасаган мамилесинен көрүнүп турат.

 А.Алибеков, «Кутбилим», Бишкек – Кара-Буура – Бишкек

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*