МАНАСЧЫЛЫК ӨНӨРДҮ БАРКТАГАН ОКУУЧУЛАР АНЫКТАЛДЫ

Билим берүү жана илим министрлиги “Манас” эпосу боюнча мектеп окуучуларынын арасында биринчи жолу өткөргөн республикалык олимпиаданын  жеӊүүчүлөрүн  аныктады. Биринчи орунга Жалал-Абад областындагы Аксы районунун А.Осмонбеков атындагы орто мектептин окуучусу Куттубек уулу Болуш чыкса, экинчи орунду Кочкор районундагы  Н.Жүндүбаева атындагы орто мектептин окуучусу Эркинбек кызы Диляра ээледи, ал эми  үчүнчү орунга Кара-Буура районундагы Т.Бабанов атындагы лицейдин окуучусу Жумабекова Арууке татыды. Алдыга суурулуп чыккан жаш манасчылар жаӊы муундагы  компьютер (моноблок), ноутбук, ошондой эле  I, II, III  даражадагы дипломдор менен сыйланышты. Ал эми IY, Y орунду жеӊгендер демөөрчүлөр тапшырган фотоаппаратка жана уюлдук телефонго ээ болушту. Ошондой эле олимпиаданын  бардык катышуучуларына “Мактоо баракчалары” тапшырылды. Билим берүү жана илим министрлиги иш-чарага 150 миӊ сом бөлдү.

Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте,  мектепке чейин жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Кылым Сыдыкназарованын берген маалыматына таянсак, республикалык олимпиадага окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн жалпы билим берүүчү мектептердин 8-классынын окуучулары катышты. Адегенде олимпиаданын 1-баскычы мектептерде, 2-баскычы райондордо, 3-баскычы областарда өткөрүлүп,  областтык сынакта I, II орунду ээлеген окуучулар  республикалык олимпиадага жолдомо алышкан.

— Олимпиадага республиканын ар бир областынан эки окуучудан келип, бардыгы болуп  20 окуучу катышмак. Бирок ар кандай себептер менен үч окуучу келбей, жалпысынан 17 окуучу катышты. Республикалык олимпиада үч турда өттү. 1-турда  эки сааттык дилбаян жазышты. Окуучуларга 10 дилбаяндын темасы сунушталган, алардын ичинен үч тема билет менен тандалып алынды. “Азыркы кезде элге, жаштарга “Манас” эпосунун таасири канчалык?”, “Кыргыз ордосун  тебелетип өтмөкчү болгон текебер Дөөдүр алп эмнеликтен жеӊилип калды?” жана “Айчүрөктүн ак куу болуп учушу элдин асманда учуу жөнүндөгү кыялынын чагылышыбы?” деген темаларга окуучулар эки саат ичинде дилбаян жазышты. Окуучулардын көпчүлүгү биринчи теманы тандап алышты. Ал эми 2-турда катышуучулар “Манастан” үзүндүлөрдү обону менен  айтып, 3-турда болсо “Манас” эпосунан сюжеттик окуяларды кара сөз түрүндө оозеки баяндап беришти, — дейт Кылым Сыдыкназарова.

Негизинен олимпиаданын   2-3-тапшырмаларына  атайын  талаптар коюлган. Маселен, эпостон үзүндүлөрдү айтууда “Манастын” салттык обонунун сакталышын,  үзүндү айтуудагы дикциянын тактыгын, манас айтуунун кыймыл-аракеттүүлүгүн, жандуулугун, айтуучунун артисттик чеберчилигин, үзүндүнүн обонунун көркөмдүүлүгүн, айтуучунун интонациясынын эпикалык шаӊдуулугун жана окуянын баяндалышынын ырааттуулугун жана толуктугун катышуучулар так аткарууга аракеттенгени байкалды. Ошондой эле эпостун окуясын  кара сөзгө айландырганда дагы  окуянын мазмунунун толук берилиши, айтуучунун сөз байлыгы, кара сөз баянын  айтууда учкул сөздөрдүн, фразеологизмдердин, макал-ылакаптардын пайдаланылышы, “Манастын” текстинен кээ бир ыр саптарынын пайдаланылышы, сүйлөөнүн көркөмдүүлүгү жана  мазмундуулугу, сүйлөөчүнүн кепке чечендиги жана окуянын идеясынын ачылышы сыяктуу талаптардын аткарылышын “Кара кылды как жарган” калыстар тобу  тыкыр карап, өз бааларын беришти.

— Бул олимпиада  биринчи жолу өтүп жатканына байланыштуу көбүнчө жергиликтүү билим берүү бөлүмдөрү окуучулардын даярданышына көп маани бурбаганы байкалды. Анткени берилген тапшырма боюнча бир эле теманы тандап алып, ошону гана айтып бергендер четтен чыкты. Негизинен шаардык балдар “Манас” эпосуна көп кызыкдар эмес экен. Ал эми айылдан келген балдар манасты кырааты менен айтып, айрым учурда биз берген 5 минутадан да ашып төгүлүп, чачылып айтышты. Биз бул олимпиаданы өткөрүп жатып, бир эле манас айтууга басым  жасабай, жогоруда белгилеп кеткендей, манасчылар сабаттуу жаза да, кара сөз менен айта да билиши керек экенин эстен чыгарган жокпуз. Анан дагы быйыл болгону 8-класстын окуучуларын гана камтый алдык, келечекте окутуу башка тилде жүргүзүлгөн мектептердин бардык класстарынын окуучуларын катыштыралы деген оюбуз бар. Эми биринчи жолу өтүп жаткандан кийин сөзсүз кемчилик кетпей койбойт. Бул жолу катышуучулар өз каражаты менен келишти, бирок жатаканасынын, тамак-ашынын чыгымын министрлик өз мойнуна алды, — дейт олимпиаданын уюштуруучусу. — Илим менен техниканын өнүгүп турган мезгилинде, биздин кылымга чейин оозеки жаралып, айтылып, баркталып, муундан муунга өтүп келген «Манас» эпосун дүйнөлүк ааламдашуунун алкагында өнүктүрүү  ар бир кыргыз жаранынын көӊүлүндөгү эӊ башкы нерсе экендигин белгилеп, өткөрүлгөн олимпиада “Манас” эпосун окуучулар арасында жайылтууда чоӊ мааниге ээ болду деп эсептейбиз. Анан дагы бул сынак абдан таза жана адилеттүүөттү. Анткени комиссиянын курамында белгилүү окумуштуулар, манасчы жана Эл мугалими болду. Тактап айтканда, калыстар тобунун башында Советбек Байгазиев, анын  орун басары болуп Эл мугалими Бектур Исаков  жана мүчөлөрү Дамира Салиева,  Тамара Абылкасымова, манасчы Замир Баялиевдердин так жана таза өтүүгө кошкон салымдары зор.

Уюштуруучулардын пикиринде, “Манас” эпосундагы кыргыз элинин байыркы мезгилден бери колдонулуп келе жаткан каада-салты, элин-жерин сүйүү, коргоо, патриоттуулукка,  достукка тарбиялоо жана жашоо турмушу боюнча таалим-тарбия үлгүлөрү, жаӊыча ой жүгүртө билген, толеранттуу мекенчил инсанды тарбиялоо – мамлекеттин, коомдун, педагогдордун, үй-бүлөнүн ыйык милдети болуп саналат. Аталган милдеттерди иш жүзүнө ашырууга багыт алган  билим берүү уюмдары бардык мүмкүнчүлүктөрүн жумшагандары олимпиаданын жеӊүүчүлөрүнөн байкалды.

Кыргыз элинин тарыхында биринчи жолу “Манас” эпосу боюнча мектеп окуучуларынын арасында өткөрүлгөн республикалык  олимпиада өз максатына жеткени, таланттуу, чыгармачыл, эпоско кызыккан, тереӊ окуган, мекенчил,  билимдүү окуучулар бар экендиги кимди болбосун  кубандырбай койгон жок.

Өткөрүлгөн олимпиада келечек муундарыбыздын башын бириктирген, улуттук биримдигибиз менен туруктуу өнүгүүбүзгө салым кошкон иш-чаралардын бири болду жана келечекте эл аралык деӊгээлде өткөн олимпиадалардын бири болот деген ишеничтемин. Биздин уюштурган иш-чарабыздын негизги  максаты — окуучуларды “Манас” эпосун тереӊ окуп үйрөнүүгө, улуттук маданиятты, рухий дөөлөттөрдү даӊазалоого, жарандык атуулдукка, достукка, биримдикке, улут аралык ынтымакка тарбиялоого багытталган, — деди башкы адис.

Олимпиаданын жеӊүүчүлөрү жана катышуучулары

Окуучунун аты-жөнү келген жери мектеби ээлеген орду
  Баткен облусу      
1. Кудаяр кызы Садагүл Лейлек району Манас атындагы  орто мектеп 10-орун
2. Султанов Махмудали Баткен шаары №3 орто мектеп 13-орун
  Жалал-Абад облусу      
3. Куттубек уулу Болуш Аксы району А.Осмонбеков атындагы орто мектеп I орун
4. Анарбекова Акмарал Базар-Коргон району Б.Осмонов атындагы орто мектеп 8-орун
  Ош шаары      
5. Кубатбек уулу Бекболот Ош шаары №52 орто мектеп 5-орун
6. Орозбаев Эрзат Ош шаары №52 орто мектеп 14-орун
  Ош облусу      
7. Акунбек кызы Мухаббат Чоӊ-Алай району Көк-Суу орто мектеби 7-орун
8. Сыдык кызы Зуура Алай району С.Карыев атындагы орто мектеп 6-орун
  Ысык-Көл облусу      
9. Касиев Адилет Каракол шаары № 4 орто мектеп 11-орун
10. Айбеков Бакас Ак-Суу району М.Мамакеев атындагы орто мектеп 4-орун
  Нарын облусу      
11. Эркинбек кызы Диляра Кочкор району Н.Жүндүбаева атындагы орто мектеп II орун
  Бишкек шаары      
12. Шамудинова Азиза Бишкек шаары №68 орто мектеп 15-орун
  Талас облусу      
13. Жумабекова Арууке Кара-Буура району Т.Бабанов атындагы лицей III орун
14. Нурболот уулу Кубан Талас шаары Чет тилдер багытындагы лицей-комплекс 12-орун
  Чүй облусу      
15. Рысбек кызы Адинай Аламүдүн району №2 Лебединовка мектеп-гимназиясы 5-орун
16. Санжыбек кызы Адинай Москва району Сыйданов атындагы орто мектеп 9-орун
17. Адылбек кызы Арууке Бишкек шаары Улуттук компьютердик гимназия 13-орун

 

Калыстар тобу эмне дейт?

 Советбек Байгазиев, калыстар тобунун төрагасы:

 — Ооба, бул олимпиада  өзүнүн аты жагынан да өзгөчөлөнүп турат, анткени улуу «Манас» эпосубуздун духу, руху да таптакыр башкача таасирин тийгизди деп ойлойм. Олимпиаданын жүрүшүндө көздөрүндө оттору күйүп турган, «Манас» эпосунун идеяларына сугарылган, Манаска берилген окуучуларыбызды көрдүм. Биринчи орунду бардык жагынан төп келген Жалал-Абаддан келген жигитке бердик. Экинчи жана үчүнчү орунду кой десе болбой Нарындан жана Таластан келген кыздар алып кетишти.

 Бектур Исаков, Эл мугалими:

 — «Манас» эпосунда кыргыз элинин маданияты, тарыхы,  жашоо турмушу, дүйнө таануусу, көркөм ойлоосу тереӊ чагылдырылган. Ал эми бүгүнкү күндөгү балдардын манас айтуучулук дымагынан  манасчылык өнөрдүн өлбөстүгүнө ынандык. Окуучулардын арасында өткөн олимпиада үч тур менен өткөрүлдү.

Ушул олимпиаданын 2-турунун жүрүшүндө окуучулар колдоруна билет алып, кайсы  үзүндү чыкса, дароо ошону айтып кетиши керек эле. Дал мына ушулардын арасында айрым окуучуларга чындыгында эле даярданган суроолору түшсө, айрым окуучуларга  даярданбай калган темалар чыгып калып жатты. Ошондой эле бир окуучу колуна келген билеттин сюжеттик окуясын билет экен, сахнага чыга калып эле өзү жамактатып, күпүлдөтүп айтып жиберди. Мунун өзү укмуш болду.  Демек, манасчылык өнөрдүн баркын билген балдар табылды. Дегеле, кысталыш учурда токтолбостон айтып жиберүү да манасчылык өнөрдүн өлбөстүгүнөн кабар берди. Дал мына ушундай окуучулар жеӊиштүү орундарга татышты.  

 Дамира  Салиева, калыстар тобунун мүчөсү

 

— Мен да көптөгөн олимпиадаларга катышып жүрөм, бирок бул олимпиада окуучунун чыныгы билимине, «Манас» эпосуна жан дили менен берилгендигине,  көркөм өнөрүнө баа берилгендиги менен айырмаланды. «Манас» үчилтиги боюнча берилген тогуз тапшырманын ар бирине 5 мүнөттүк  үзүндүлөрдү жаттап, даярдоого канча убакыт корогондугун билдик. Окуучулардын көпчүлүгү бул олимпиадада жеӊишке өзүнүн гана тереӊ билими, чыныгы таланты жана талыкпас эмгеги менен гана жетерин толук билишкен. Ошондуктан айрым жоопторду  ушунчалык ыраазычылык менен угуп отурдум. Окуяларды кара сөзгө айландырып айтууда окуучулар  ар бир каармандын өзүнө окшоштуруп сүйлөп, ыйлачу жеринен отура калып, тура калып ыйлап да жиберип аткаргандары өтө таасир калтырды.

 Тамара Абылкасымова,  калыстар тобунун мүчөсү:

 

— Албетте, эпосту окуп-үйрөнүү  ар бир балага  келечек муундун ар биринин милдети деп эсептейбиз. Анткени элибиздеги асыл-наркты, салтты, баалуулуктарды барктоого, аларды кайра жандандырууда, өзгөчө элибиздин тилин сактап калууда, кыргыз элинин башка улуттарга окшобогон нарк-насилдерин  келечек муундарга  бузбай сактап өткөрүп берүүдө мааниси абдан зор. Калыстардын курамы да эӊ туура тандалганынан, баалоо да калыс өттү. Өзүмө  16-номерлүү (сыноодо ар бир окуучу жашырылган коддор менен келип киришти) окуучунун айтуучулук өнөрү, сүйлөөсүнүн көркөмдүүлүгү, кепке чечендиги абдан жакты. Кийин ал окуучуга өзүмдүн атымдан Ч.Айтматовдун 5 чыгармасы боюнча жаздырылган укма дисктерин белекке бердим.  «Манас» эпосубузду баалап-барктай билели.

 Замир Биялиев, калыстар тобунун мүчөсү:

 — Менин байкаганым, «убакыт бүттү», «темадан башканы айтып жатасыӊ» деген сыяктуу  сындардын айтылгандарына карабай окуучулар өздөрүн  абдан салабаттуу алып жүрүштү. Бул Манастагы сабырдуулук сапат эмей эмне? Айрым окуучулар мындай сынга өздөрүн жоготуп жибербей, өжөрлүк менен таймашкандары абдан кубандырды. Сынакта эркек балдар менен катар эле айрым кыздардын арасынан да айырмаланып, манасчылык өнөрдөн дараметтерин өзгөчөлөнтүп көрсөтө алгандар да көп болду. Мен өзүм манасчы катары да калыстык кылып отуруп, кээ бир окуучулардын айтуучулук өнөрлөрүнө карап, биздин келечек муундардан да манасчылар чыгарына толук ынанып калдым. Биздин таянарыбыз да  – «Манас»,  сыймыгыбыз да – «Манас».  Олимпиадада манасчылык өнөрдүн баркын билген балдарды таптым деп ойлойм. Олимпиада эсте кала тургандай жогорку деӊгээлде, катуу калыстык менен өткөрүлдү. Бул олимпиаданы жылдан жылга жандандырып өткөрүп турууну зарыл деп эсептейбиз.

Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*