Мектеп окуучуларынын арасында аскердик спартакиада өттү

 

Билим берүү жана илим министрлиги менен Коргоо министрлигинин  «Билим берүү мекемелеринин окуучуларынын арасында спорттун аскердик-прикладдык түрү боюнча республикалык спартакиадасын өткөрүү жөнүндө» биргелешкен Жобосун ишке ашыруу жана балдарды мекенин коргоого, патриоттуулукка тарбиялоо максатында Билим берүү жана илим министрлигинин атайын буйругунун негизинде 2013-жылдын 10-апрелинен баштап  мектеп окуучуларынын арасында аскердик спартакиада өткөрүлдү.

Спартакиаданын республикалык туру 2013-жылдын 15-18-майында Бишкек шаарында өткөрүлсүн деп белгиленген эле. Катышуучулар азиз жана начар көргөн балдардын республикалык жатак-мектебинде жайгаштырылып жана тамак-аш менен камсыз кылынды. Спартакиаданын ачылышы жана жүрүшү 16-май күнү  Куралдуу күчтөрдүн Аскер институтунда  болуп өттү.  

Спартакиаданын ачылышына Билим берүү жана илим министри К.Садыков, Коргоо министринин биринчи орун басары И.Субанкулов, Жогорку Кеӊештин депутаты И.Карамушкина катышып, салтанаттуу сөз сүйлөштү.  Мындан соӊ, Улуттук гвардиянын жоокерлери демонстративдик аскердик даярдыктарын  көрсөтүштү.

Спартакиаданын жүрүшүндө Республиканын  бардык аймактарынан келген командалардын ортосундагы таймашта Бишкек шаарынын окуучулары I орунду, Чүй областынын окуучулары II орунду жеӊсе, Талас областынан келген команда III орунду камсыз кылышты.

Спартакиаданын жеӊүүчүлөрү дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланды.

Республикалык аскердик прикладдык спартакиада балдарды патриоттуулукка, эли-жерин коргоого, улууларды урматтоого тарбиялоо менен окуучулардын аскердик өнөр боюнча билимдерин жогоруламакчы.  Мындай спартакиада эми жыл сайын өткөрүлүп турмакчы.

 

Н. Мусаева

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*