ЖАМБЫ ЭЖЕНИН МЕКТЕПТЕРИ

Чоӊ Алайдын эле эмес, кыргыз жергесинин түштүк түпкүрүндөгү Кара-Мык айылында 1977/78-окуу жылында иштеген убагыбызда Сыргак уулубуз төрөлүп (5.Х.1977), аны менен бир күндө төрөлгөн Талант аттуу перзенттин ата-энелери Тажидин ака менен Базар эжедей аяштуу болгонбуз. Алар бизден улуу болгондуктан, ата-энелерибиздей эле элестеткенибиз эмгиче эсте…

Элетти сагынып

Мугалимдерди айтпаганда да айылдын ак жаркын мүнөз, карапайым адамдары жана алардын уяӊ, тартынчаак окуучу балдарычы…

Бизди: 10-класстын окуучусу, иним Тынчтыкты, тун кызым, бир жаштан жаӊы эле ашып, там-туӊ басып жүргөн Аиданы, тарых мугалими келинчегим Мистегүлдү жана өзүмдү өз туугандарындай бөпөлөп кам көргөн Бакир аксакал менен кемпиринин, уул, келини Абдыгапар менен Идаяттын жана Рыскул агайдын адамгерчиликтери жалпы эле чоӊ-алай элине таандык касиеттер экенин Дароот-Коргондогу «Коммунист» орто метебинде 1978-1983-окуу жылдарында иштегенде даана сезген элек.

…Дароот-Коргонго баш аягы төрт мектеп салдырткан күжүрмөн директор, КРнын эмгек сиӊирген мугалими Газыбекова Жамбы эжейдин иштермандыгы, уюштургучтугу ошол кездеги башка тармактардын жетекчилеринен жогору эле. Аны эми жылдар алмашып,  жаӊы мектеп алдына Курбанбеков Бакыт баштаган окуучулары өз каражаттарына тургузушкан эжекенин эстелиги даана тастыктап турат. Эстеликти  Чоӊ-Алай районунун 20 жылдыгы белгиленген 2012-жылдын 20-октябрында көрүп, сүрөткө түштүк.

Мындан 30-35 жыл илгери чогуу иштегендер, окуучулар жана ал турмак айрым ата-энелер менен жолугушуу көӊүлдү көтөрүп, маанайды жаркытканына  сөз жетпейт.

Окуучуларыбыздын алды элүүнүн ары жагы менен бери жагына жакындап, райондогу жогорку жана жооптуу кызматтардын дээрлик бардыгында үзүрлүү эмгектенип жаткандары да кубандырды.

 Эмгеги эске алынса

Жаӊы жол райондун борбору Дароот-Коргон аркылуу өткөнүнө азырынча кубанган менен келечекте көп маселелер чыга турганы туюлат. Эл аралык багытта 40 тоннадан жогорку жүк ташыган автоунаалардын күндүр-түндүр тынбай катташы айыл тургундары, өзгөчө окуучулар жана көчө боюндагы турак-жайлар менен имараттарга коркунучтуу, опурталдуу экени эске алынып, ошол оор жүк ташуучу машиналарга өзүнчө айланма жол салынышы зарылдык.

Чоӊ-Алай жергесинин тарыхый-маданий, археологиялык жана табигый эстеликтеринин, туризм-саякат багытынын мааниси зор экендигине бардык деӊгээлде көӊүл бурулбаганын эске салгансып, Дароот-Коргон сепилинин 2012-жылдын жазында кулап калышы деле кайдигерликтин калыӊ камышын кыймылдата албаптыр.

Мектептин тегерегин кар жааган сайын тындырбай күрөттүрүп, арт жагындагы күрткүнү калтырбай тазалаттырып турган Жамбы эженин эмгеги ушул сепил кулагандан кийин огобетер дааналана түшкөндөй. Анткени 2012-жылдын кышы оор болуп, улуу түшкөн кардан тазаланбаган пакса дубалдардын пайдубалына суу кириши 200 жылга жакын тарыхы бар чептин четинен урашын тездеткен.

Эми ушул тарыхый эстеликти оӊдоо, реставрациялоо менен бирге башка тарыхый-маданий мурастарга да көӊүл бурулабы деген опол тоодой маселе турат Чоӊ Алай чөлкөмүндө. Буга Ош, Бишкек ж.б. жакта жүрүшкөн чоӊалайчы чыгаандар чыгынып коюшса.

Жогоруда кеп башында айтылгандай, Чоӊ Алайдын агартуу майданына албан-субан салым кошкон, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиӊирген мугалими, Эл агартуунун отличниги Жамбы Газыбекованын да опол тоодой мээнети жердештери тарабынан калыс бааланбай калгандай…

Анткени 1967-жылдан 1990-жылга чейин өзү иштеген жана жаӊы курулуштарын ишке ашырган мектептердин эӊ соӊкусуна педагог-тарбиячы инсандын ысымы ыйгарылбаганы таӊданууну да, түшүнбөстүктү да жаратары талашсыз.

«Жамбы эженин мектебинде» деген макаламда («М.Г.» 22/XI.1978.):

“Мен 1967-жылы директорлук милдетти алганымда, окуу эски мектепте жүргүзүлчү. Төрт жүз чамалуу окуучу бар эле. Кийин биздин мектептен үч орто, эки сегиз жылдык мектеп бөлүнүп, ачылганына карабай класстык бөлмөлөр жетишпей калды. Тийиштүү жерлерге кайрылып жатып, ушул азыр окуп жаткан мектептин босогосун аттадык. Эски мектептин имаратын интернат жатаканасы жана башталгыч класстар үчүн пайдалануудабыз” – деп айткан Жамбы эже кийин фин тибиндеги эки мектепти жана заманга ылайык заӊгыраган 3 кабат мектепти салдырткан экен.

«Чындык ийилет, бирок сынбайт» демекчи, Жамбы эжейдин 2013-жылы боло турган 90 жылдык урматына мектепке ысымын коюп, музейин толуктап, эстелигин  да жаӊылап эскерүү китебин сүрөттөр менен коштой чыгарып район мектептеринде «Жамбы Газыбекова – 90» иш-чарасын өткөрүү эмитен эске алынса: «Өмүр бизден өтүп кетсе – эл эмгектен эскерсин» деген накыл кептин турмушка накта ашканына эжейдин арбагы ыраазы боло, ортодо орун алган анча-мынча түшүнбөстүктөр жоюлуу менен жаш муундар ынтымак-ырыскынын, эмгек тарбиясынын таалим-таасирине таазим этишер.

Экөө жети уул, кызды тарбиялаган

 Бул дүнүйө кептерканадыр. Бири учса, бири конадыр – деп уйгур эли айткандай бирге иштешкен агай, эжейлердин катары бир топ эле суюлуп калганы капалантты. Алардын жаркын элесин эске алып, мааракелик сөзүмдө таазим эттим.

– Кубаттарым, силерди кайра көргөндө өзгөчө кубаттандым! – деген сагынычтуу жана эргүү сезимимди үргүлжү эл дүркүрөтө кол чаба сүрөп кеткени бир чети сүйүнүчтүү, бир чети сүрдүү таасир этти…

Андан кийин учурашкандар, өзгөчө өзүм бир кезде окуткан жана футбол менен волейболго машыктырган окуучуларым тим эле маӊдайлары жарылганча кубанышып, куттуктап да, кучактап да жатышканы өзүнчө бир руханий көрөӊгөнүн көрүнүшү болду.

…Мурда Оштон, Кыр-Арыктан Дароот-Коргонго чейин почтага же башка көккашкаларга (ЗИЛ-130) түшүп, жолдун начардыгынан  жана жүктүн оордугунан 7-8 саатта араӊ жетсек, эми тасмадай созулган асфальт жолдо машиналар 3 жарым  4 саатта зуулдап кирип барарына күбө болдук.

Ордодогу ар кандай кутумдуктан тажап, Алайыма барып кубаттанып келейин деген элестеги Алымбек датканын эстелиги дал ошол Кыр-Арыкка орнотулуптур. А азыркыча алганда шаардан тажаган кыргызым айылына бараткансыйт.

Памирбек КАЗЫБАЕВ, “Алыкул үйү-борбору”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*