ЖАМУ Кытай окумуштуулары менен кызматташат

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору Акунжан Абдрашев баштаган топ Кытайдын Үрүмчү шаарындагы Айыл-чарба академиясында «Климаттын өзгөрүшү жана жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу» деген эл аралык конференцияга катышып, Кытай окумуштуулары менен келечекте биргеликте иштөөүчүн беш жылдык келишимге кол коюп кайтышты.

Окуу жайдын табият таануу факультетинин деканы З.Сакбаеванын айтымында, Кыргыз Республикасынын  Билим берүү жана илим министрлигинин жана СУАР Кытай Эл Республикасынын Илим жана техника башкармалыгынын илимий-техникалык кызматташтыгы боюнча Меморандумдун негизинде 2008-жылдын 9-июнунан баштап азыркы мезгилге чейин окумуштуулардын тобу «Глобалдык климаттын өзгөрүүсүнүн негизинде Кыргыз Республикасындагы жаратылыш ресурстарын изилдөө жана айлана-чөйрөнү коргоо» деген Кыргыз-Кытай эл аралык илимий долбоордун аткарылышы боюнча иштеп келет. Долбоор Шанхай Кызматташтыгынын алкагында ишке ашырылууда.

Долбоордун негизги максаты – айыл-чарба, суу ресурстары, өнөр-жай, социалдык-экономикалык, экология багытында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана алынган жыйынтыктар боюнча ар тараптуу анализдөө, климаттын өзгөрүүсүнүн негизинде өлкөнүн экономикалык өнүгүшү боюнча узак мөөнөттөгү прогнозду түзүү жана илимий-практикалык рекомендацияларды берүү болуп саналат. Андан башка окумуштуулардын арасында тажрыйба алмашып, эл аралык кызматташтыкты чыӊдоо дагы каралган. Конференцияда бул максатты ишке ашыруу үчүн топуракты изилдөө жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча кызуу талкуу жүрүп, тажрыйба алмашуулар болду.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*