Жаш акындын поэзия кечеси ОшМСУнун ынтымагын бекемдеди

Ош мамлекеттик социалдык университетинин 3-курсунун студенти, жаш акын Шайдилла кызы Динаранын алгачкы поэзия кечеси Ош шаардык С. Ибраимов атындагы улуттук драма театрында өттү.

Жаш акын Динаранын жакында эле «Ыр булак» деген экинчи ыр китеби басылып чыккан. Былтыр ал алгачкы «Дилдеги дилде» аттуу китебин өз окурмандарына тартуулаган. Бул эки китеби теӊ Ата мекенди, эл-жерди, ата-энени сүйүп, аларды  даӊазалоого, Кудай алдында адамдык ариетин сактоого үндөйт.

Кечеге ОшМСУнун ректорунун милдетин аткаруучу М.Орозбеков баштаган жалпы окуу жай жамааты, адабиятты, поэзияны баалаган, сөз багып, сөз өстүргөн адамдар, студенттер күбө болушуп, Динарага жылуу сөздөрүн айтышты. Өзгөчө анын жаш туруп ырлары философияга бай экенин белгилешип, алгачкы тушоо кескен поэзия кечеси менен куттукташып, ага мындан кийинки да чыгармачылык жолунда ийгиликтерди каалашты. Окуу жайдын басма сөз кызматы кабарлагандай, Динара ыр жазгандардын сабын толуктабайт. Өзүнүн пикиринде, ал акын, акындык жолду тандап алган. Ал А. Пушкиндин, А. Осмоновдун, А.  Исмаиловдун изи менен барчу акын кыз.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*