Жаш муундарды рухий-адептик жана патриоттук жактан тарбиялоо концепциясы

РЕДАКЦИЯДАН: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-2017-жылдарга түзүлгөн план-программасында элдик нравалык баалуулуктарга негизделген тарбия концепциясын иштеп чыгуу каралган. Кыргыз билим берүү академиясында түзүлүп, жарыяланып жаткан концепция ушул өкмөттүк планды ишке ашыруу максатын көздөйт. “Жаш муундарды рухий-адептик  жана патриоттук жактан тарбиялоо концепциясы“ бир катар жылдардан бери басма сөздө, сыналгыда талкууланып, коомчулуктун оӊ баасын алып, сунуш-пикирлердин негизинде улам өркүндөтүлүп келе жатат. Билим берүү  жана илим министрлиги аталган концепцияны дагы бир ирет педагогикалык коомчулуктун талкуусуна коюп, мектептердин жана ЖОЖдордун жамааттарынан сунуш-пикирлерди күтөт.

I. Кириш сөз

 Таалим-тарбия маселеси стратегиялык маселе катары ар дайым мамлекеттин көӊүлүнүн чордонунда турушу зарыл. Анткени тарбия адамзат, улут, социум топтогон социалдык-тарыхый тажрыйбаны, маданиятты, руханий адеп-ахлак салттарын муундарга мурастап өткөрүүнүн куралы. Коомдогу өтмө-катыштык жол-жобосун жүзөгө ашырып турган улуу күч-тарбия механизми аркылуу гана коом – коом катары  сакталат жана келечекке карай илгерилеп өнүгөт. Тарбиялоо — бул коомдун мүдөөлөрүнө жана муктаждыктарына жараша адамдын адеп-ахлак сапаттарын калыптандыруу боюнча  максатка багытталган, планченемдүү иш. «Мамлекет өз жарандарынын рух адамдары болуп калыптанышына камкордук көрүүгө милдеттүү. Руханиятсыз адам коому – бул макулуктардын коому»   (И.П. Подласый, Педагогика, 28-б.)  «Замана деген ушундай, таптаганга жараша түшүм берет кызылдай, тарбияӊа жараша, уулуӊ болот замана» (Нурмолдо), “Билбегенин билгизип, минтип жолго салалы, туйбаганын туйгузуп, Манасты туура жолго салалы” (“Манас” эпосунан), “Баланы жамандан адаштыр, жакшыга жанаштыр” (эл макалы). Элдик педагогика илгертен бери карай коомдогу таалим-тарбиянын ролун ар дайым көсөмдүк менен аныктап, ага чечүүчү маани берип келген. 

Эгемендүү республикабыз, мамлекетибиз коомдун коом катары, калктын калк катары сакталышына  жана өнүгүшүнө тирек-таяныч болуп берчү, андагы таалим-тарбия ишине багыт-маяк катары кызмат кыла турган өзүнүн социалдык-философиялык, моралдык-этикалык, руханий-патриоттук дөөлөттөрүнүн системасын иштеп чыгып, аны муундардын социалдашуусунун  кызматына чегиши керек. Ушундай шартта тарбиячылардын жетекке ала турган, ориентир тута турган, жогорку идеясы жана идеалы пайда болот. Ошол жогорку норма-өрнөктөргө, идеалдарга умтулуу, аларды реалдуулукка  айландыруу, практикада жүзөгө ашыруу таалим-тарбия ишмердигинин башкы мүдөөсү, негизги максаты болуп калат. Ушундай башкы мүдөө, кыймылдын негизги вектору аныкталса гана, таалим-тарбия ишин максатка багытталган түрдө уюштурууга жана системалуу алып барууга мүмкүндүк түзүлөт. Бул концепцияда мектеп окуучуларын жана жаштарды тарбиялоого багыт-маяк болуп бере тургандай нарк-дөөлөттөрдүн ошондой системасы сунуш кылынды.

 II. Концепциянын негиздемеси

 Бүгүн коомубуздун адеп-ахлак кризисине дуушар болгондугу чындык. Республикада коррупция илдети күчүндө туруп жатат. Мектептерде рэкет оорусу каптагандыгы белгилүү. Расмий статистика боюнча өспүрүмдөрдүн жана жаштардын арасында кылмыштуулук улам өсүүдө. Өлкөбүздө бүгүнкү күндө баӊгилердин саны 100 миӊден ашса, анын 15 пайызын өспүрүм жаштар түзөт. Өспүрүмдөрдүн анкеталык жооптору негизинен «акча», «пайда», «бийлик-байлык», «жеке атак-даӊк» сыяктуу түшүнүктөрдүн тегерегинде айланчыктап турат.  Аларда турмушка жана адамдарга карата прагматикалык-пайдакечтик, өзүмчүл мамиле күч алууда. Ата-бабаларыбыздын салтка айланган коллективисттик-корпоративдик адеп-ахлагынан акырындап алыстоодобуз. Кыргызстандын алыскы айылдарында жүргүзүлгөн социологиялык сурамжылоолор бүгүнкү балдардын кыйласынын мектепти бүткөндөн кийин батыштагы бай өлкөлөргө кетүүнү каалашкандыгын маалымдап отурат. Жаштарыбызда өздөрүнүн тагдырын бир тууган мекени, Ата-Журту менен бекем байланышта карабаган тенденция өсүп бара жатат. 2011-2012-жылдарда Кыргызстандын бардык жети областында социологиялык изилдөөгө тартылган 1410 жаш адамдын баалуулук ориентациясында “мекенчилдик” акыркы орундардын бирин ээлеген (8,3%). Жаштар өз өлкөсүнүн рухий мурастарын үйрөнүү жагынан да пассивдүүлүктөрүн көрсөтүшүүдө. Ошол эле социологиялык изилдөө жаштардын, мисалы, “Манас” эпосун айрым үзүндүлөр түрүндө гана үсүл-кесил билерлигин аныктаган (Романов Б., Исаев К., Сыргабаев С. Кыргызстан жаштарынын социалдык бейнеси – Бишкек, 2012, 47-бет).

Сюжеттери уруш-кармаштарга, кан төгүүлөргө толгон, зордук-зомбулукту үгүттөгөн теле-компьютердик программалардын ишенчээк жаш балдардын психикасына терс таасирин тийгизип жаткандыгы да анык. Өспүрүмдөр бүгүнкү замандын “экран маданиятынан” көбүрөөк пайдаланышып, ал эми китеп окуу маданиятынан уламдан улам алысташууда. Азыр жаштардын интеллектиси, маалыматтуулугу, кругозору өнүгүп, ал эми алар руханий-ыймандык өнүгүү жагынан артта калып жатышат. Кыскасы, кыргыз мамлекетинин таалим-тарбия стратегиясы, программасы иштелип, системалуу түрдө жолго коюлбагандыгынан улам өлкөдө келип чыккан вакуумду батыштык массалык маданияттын арзан стандарттары жана баш-көзсүз стихиялуулук ээлеп, түркүн күчтөр, чет өлкөлүк диндик секталар тарбия «арабабызды» Крыловдун тамсилиндегидей бири туурага тартса, бири өйдөгө тартып, бири төмөнгө тартып, жаш муундарыбыздын социалдашуусунун ыраатсыз, башаламан өтүп жатат. Бүгүн кыргыз балдардын бири баптист, бири буддист, бири хизбут-тахир ж.б. Экономикалык жана адеп-ахлак кризисинин шарттарында коомдун биринчи ячейкасы болгон үй-бүлөөзүнүн тарбиялык функциясынан көп жагынан четтеп кетти.  

Жыйынтыктаганда, коомубузду каптаган адеп-ахлак кризисинин шартында эгемендүү кыргыз мамлекети өлкөдөгү тарбия институттарына так багыт, нуска болуп бере тургандай улуттук дөөлөттөргө, элдик рухий, адептик-ыймандык нарктарга жана жалпы адамзаттык моралдык кенчтерге негизделген таалим-тарбия стратегиясын, концепциясын түзүп, кабыл алып,  анын негизинде узак мөөнөттүү тарбия программасын, практикалык иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашырышы күн тартибинде турган зарыл милдет. Элдик негизге таянбаган тарбия күткөндөй түшүм бербестигин тарыхый тажрыйба далилдеп отурат. (Руханий-адептик, патриоттук тарбиялоо – бул “жүрүм-турум адаттарын жана көндүмдөрүн, адеп-ахлак сапаттарын калыптандыруу процесси” – Педагогикалык сөздүк, 771-бет). «Мамлекет өз жарандарынын рух адамдары болуп калыптанышына камкордук көрүүгө милдеттүү. Руханиятсыз адам коому – бул макулуктардын коому»   (И.П. Подласый, Педагогика, 28-бет), «Замана деген ушундай, таптаганга жараша түшүм берет кызылдай, тарбияӊа жараша, уулуӊ болот замана» (Нурмолдо).

 III. Концепциянын мыйзамдык-укуктук негизи

 Концепциянын мыйзамдык-укуктук негизине Кыргыз Республикасынын Конституциясынын «элибиздин руханий өнүгүшүн өргө сүрөө»,  «мамлекет балдарды тарбиялоону камсыз кылат», «ар бир бала анын дене боюнун,  акыл-эсинин, ички руханий ыймандык өнүгүүсүүчүн зарыл болгон жашоо деӊгээлине укуктуу», «элдик үрп-адаттар, каада-салттар мамлекет тарабынан колдоого алынат» деген стратегиялык идеялары жана Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамынын «инсандын адеп-ахлактык жактан өсүп жетилишинин негиздерин түптөө» туурасындагы  жобосу, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жаштар саясатынын негизи» жөнүндөгү мыйзамындагы «Жаштардын  адеп-ахлактык баалуулуктарын  жана маданиятын калыптандыруу» боюнча белгилүү жобосу, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүүнү тереӊдетүү жана жарандык атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндөгү” Жарлыгы (27-январь, 2012-жыл) идеологиялык таяныч катары алынды.

 IV. Тарбиянын максаты жана милдети

 Педагогикалык илимдин классиктери таалим-тарбиянын негизги көздөгөн максаты жөнүндөгү маселени коомдун педагогикасынын биринчи философиялык маселеси деп эсептеген. Демек, тарбия концепциясы, биринчи иретте,  өлкөбүздүн, коомубуздун таалим-тарбия ишмердигинин түпкү, башкы максатын алдын ала так аныктап алышы керек.

Эгемендүү ата-журтубузга ким, кандай атуул жөлөк-таяк, тирек боло алат?  Кандай атуулдук менталитет улуттун келечегине гарантия болуп берет? Кыргыз Республикасына, мамлекетине өз мекенин, Ала-Тоо Ата Журтун, анын эгемендүүлүгүн, көз карандысыздыгын, өз алдынча мамлекеттүүлүгүн, эл-журтунун ички ынтымак-биримдигин эӊ жогорку дөөлөт (высшая ценность) деп эсептеген, муну менен сыймыктанган, өз эне тилин сүйгөн, калкынын рух нарктарына, моралдык кенчтерине, түптүү адат-салттарына аӊ-сезими жана жан дүйнөсү тереӊ сугарылган, элинин тарыхын мыкты билип, ата-бабаларынын азаттык үчүн, бактылуу турмуш үчүн болгон каарман күрөшүн ичинен өрнөк туткан, өз мамлекетинин символдоруна: Гимнге, Желекке, Гербге урматтап мамиле жасаган, ошону менен бирге  жалпы адамзаттык маданияттын гуманисттик, адептик асыл-нарктарын өздөштүргөн, демократиялык коомдун баалуулуктарын жана идеалдарын урматтаган, достуктун жана улут аралык ынтымактын туусун бийик кармаган, көп маданияттуу чөйрөдө жашоого жөндөмдүү (поликультурность), сабырдуу, толеранттуу,  ар намысы бийик, эмгекчил, чынчыл, элин-жерин жанындай сүйгөн мекенчил атуул, коррупцияга,  трайбализмге, баӊгичиликке жана башка терс моралдык илдеттерге каршы күрөштө активдүү граждандык позицияны тутунган патриот жаран гана бекем тирек, таяна турган тоо болуп бере алат. Биздин эгемендүү мамлекетибиздин тарбияга берген социалдык заказы ушундай болууга тийиш. Ушундай атуулдук менталитет мекенибизди сактайт жана өнүктүрөт. Дал ушундай типтеги граждандык менталдуулукту, атуул патриотту, гуманистти жаратып, калыптандырып, өстүрүп чыгаруу өлкөбүздүн таалим-тарбия стратегиясынын башкы мүдөө-максаты жана милдети болуусу талапка ылайык.

Республикада жашаган боордош калктардын муундарынын өз элинин, өз этносунун нарк-дөөлөттөрүнүн жана кыргыз элинин рухий-маданий баалуулуктарын өздөштүрүп, өзү жашаган Кыргызстандын активдүү атуулу, мекенчил патриоту болуп өсүшү —  мамлекетибиздин гүлдөп өнүгүшүнүн кепилдиги. “Мамлекет ар бир этностун тарыхын жана маданиятын  окуп-үйрөнүүгө жана жайылтууга  болгон адамдардын умтулуусун урматтоого жана кубаттоого милдеттүү. Ар бир кыргызстандык өзүнүн диний  ишенимин жана этностук  таандыгын унутпай, эӊ оболу өзүн Кыргызстандын жараны экендигин аӊдап түшүнүп жана аны менен сыймыктана тургандай шартты түзүү зарыл” (өлкөнүн президенти А.Атамбаевдин жарлыгынан).

 V. Тарбиянын мазмуну

 1) Тарбиянын мазмунун куруунун методологиялык негизи

Тарбиянын мазмунун курууда, түзүүдө маселеге культурологиялык мамиле жетекчиликке алынды. Мындай методологиянын маӊызы инсандын жан дүйнөсүн, адеп-ахлагын өз элинин, ата-бабалардын маданий-рухий, адептик-ыймандык асылнарктар системасынын, өлкөбүздө жашаган боордош калктардын гуманисттик, моралдык салт-санаасынын, жалпы адамзаттык маданий баалуулуктардын негизинде калыптандыруу жана өнүктүрүү идеясына негиздегендигинде. Аталган методологиялык амалдын түпкү мүдөөсү кылымдардын жүрүшүндө социумда топтолгон маданий-тарыхый, адеп-ахлактык тажрыйбанын трансформацияланышына сүрөө болуу.  

 2) Улуттук казынадагы эки борбордук идея — таалим-тарбиянын мазмундук булагы жана башкы багыты катары

Жогорудагы мекенчил, гуманист атуулду жаратуучу, калыптандыруучу тарбия ишмердигине мазмундук кор, фундамент, база болуп бере турган маданий-рухийказынаны кайдан табууга болот? Жалпы адамзаттык казынаны айтпаган күндө да, мындай мазмундук корду, базаны биринчи иретте, өлкөбүздүн улуттук, элдик коломтосунан издешибиз шарт. Улуттук негизге, элдик кыртышка таянбаган тарбия күткөндөй түшүм бербесин тарыхый тажрыйба ырастап отурат.

Борбордук Азиядагы эӊ байыркы элдердин бири кыргыз калкы сан кылымдарды карыткан тарыхый жолунда өз тулкусуна өзөк болуп тамырлаган, ич жактан мотор сындуу айланып, жүрөк болуп кагып, жамаатка күч-кубат, өмүр-жашоо берип келген өзүнүн улуттук идеясын, көөнөрбөс акыл-ой, рух дөөлөттөрүн, менталдуулугун иштеп чыккан.

Биринчиден, ошондой улуттук ыйык идея-дөөлөттөрдүн бири — бул Ата Мекендин эркиндиги, көз карандысыздыгы. Кыргызстандыктын ыйык дөөлөтү – эгемендүү Ата Мекен, Ала-Тоо. Ата Журттун эгемендүүлүгү улуттук идеясынын символу бул – улуу «Манас» эпосу. Ата Мекендин азаттыгы, эркиндиги, өз алдынчалыгы, бөлүнбөс бүтүндүгүүчүн карууну казык, башты токмок кылып кызмат кылуу, керек болсо кара башты курман чалуу идеясы, эл-журтка толуп-ташкан сүйүү сезими «Манаста» берилген. Манас бабабыздын анты:

Алты сан аман турганда,

Ыйык кыргыз жеримди,

Душмандын буту баскыча,

Асыл кыргыз элимди,

Тебелетип бөтөнгө,

Кор кылып карап жаткыча,

Туулбай туна чөгөйүн,

Тирүү жүрбөй өлөйүн,

Аткарбасам антымды,

Төшү түктүү жер урсун!

Көкө Теӊир өзү урсун!!! 

Манас атанын ушул улуу идеясы менен мекенибиздин уул-кыздары Барсбектен тартып Курманжан даткага чейин, Исках Раззаковдон тартып Чолпонбай Түлөбердиевге чейин аба менен дем алгандай дем алып, тарыхта жашап, күрөшүп келишкен. Ата Журт менен камыр-жумур болуп жуурулушкан биримдиктен Ала-Тоо атуулу өз өмүрүнүн маӊызын көргөн.

Бүгүнкү «Устаранын мизинде оодарылган заманда» (Арстанбек) Ата Журттун эгемендүүлүгүн, өз алдынча мамлекеттүүлүгүн Манас ата сыяктуу көздүн карегиндей сактоо идеясы, ошондой эле бир боор өлкөбүздүөнүктүрүү жана аны дүйнөлүк прогресстин даӊгыр жолуна алып чыгуу үчүн тикесинен тик туруп күрөшүүнүн патриоттук философиясы бүгүнкү таалим-тарбиянын мазмунунун негизинде жатууга тийиш. Мындай тарбия идеологиясы Кыргызстандын бүгүнкү шартында эӊ актуалдуу.

Экинчиден, таалим-тарбиянын пайдубалында жата турган дагы бир улуу идея-дөөлөт бар. Бул – бүгүнкү күндө актуалдуулугу күчөп турган биримдик, ынтымак, улут аралык бейпилчилик философиясы. Өзүнүн тарыхый тагдырында калкыбыз ички бытырандылыктан, бөлүндүлүктөн, өз ара чабыштардан далай азап чеккен, бүгүн да трайбализм, жер-жерлерге бөлүнүүчүлүк, регионализм илдетинен жабыр тартып отурат. Бирок ошондой болсо да, «Бөлүнсөӊ бөрү жеп кетет, бөлүнүп калды кыргыз деп, бөлөк элге кеп кетет», «өлсөк бир чуӊкурда, тирүү болсок бир дөбөдө бололу» («Манас») деген патриоттук даанышмандык кыргыз социумунун ички өзөгүн тепчип өткөн дайымкы улут идеясы болуп келген. Дал ушундай философиядан улам кыйын-кезеӊ кырдаалдарда калайык-калк бир жеӊден кол, бир жакадан баш чыгарып, бир туунун алдында биригишип, тарыхтын бороон-чапкындарынан аман-эсен чыккан учурлары көп болгон. Алдыӊкы акылман акыл-эс өз ара коюн-колтук алышкан, күмүштөй оролушуп, жездей чырмалышкан улуттук биримдиктин, калк аралык ынтымактын («Бирдик болбой – тирдик болбойт» — эл макалы. Өз ара ыркыбыз кетсе, «Пил да болсок жыгылдык, миӊ да болсок кырылдык» — Бакай. «Ырыс алды ынтымак, ынтымагыӊ жок болсо, алдыӊдан таяр алтын так» — Калыгул. «Бакыт – чыгаандардыкы – бир жеӊден кол, бир жакадан баш чыгаргандардыкы» — Нурмолдо) идеясы улут тагдыры үчүн фундаменталдык мааниге ээ экендигин тереӊ туюнган. Улуттук биримдик идеясын бүгүн республиканын ички монолиттүүлүгүн чыӊдоонун фактору катары таалим-тарбия ишмердигинин идеологиялык ориентири жана мазмундук философиялык базасы катары таалим-тарбияда активдүү жашатышыбыз зарыл. Элдин биримдиги жөнүндөгү идея жаш муундардын жетекчиликке алган атуулдук-граждандык асыл дөөлөтү болуп калууга тийиш. Мындай менталитетти жаратуу, бекемдөө азыркы Кыргызстандын социалдык-саясий жана адеп-ахлактык  муктаждыгы.

 3) Мамлекеттик тил – таалим-тарбиянын мазмундук пайдубалы

Улуттун улут экенин билгизген башкы көрсөткүч – эне тил. Кыргыз тилибиз – улутубуздун жүрөгү. Кан тамырында жүгүрүп, көөдөнүндө  согуп турган эне тили — жүрөгү токтосо, улут улут катары жашоосун токтотот. Эне тилин жоготкон, унуткан адам – тирүүөлүк, маӊкурт, экономикалык  макулук. «Эне тилин билбеген, элин сүйүп жарытпайт» (Байдылда). Демек, эне тилибиз ар бир алатоолук атуулдун ар намысы, сыймыгы, жашоосунун маӊызы, дүйнөгө көрсөтө турган «улуттук паспорту» (Э. Ибраев).  «Тил — улуттун жаны» (Гумбольд). Дал ушундай философияны бекем тутунуп жашаган, мамлекеттик тилдин кызматы үчүн тикесинен тик турган намыскөй атуулдарды өстүрүп чыгаруу мүдөөсү нравалык тарбиянын өзөгүн аныктап, ар дайым  активдүү аракетте турса, анда мындай менталдуулук – республикабыздын дүйнөлүк цивилизация көчүнөөз жүзүн, колоритин сактап кошулушунун өбөлгөсү болмок. Эне тилге болгон тереӊ урмат-сый -жаш гражданиндин ички рухий-ыймандык, патриоттук маданиятынын чен-өлчөмү.

Ошондой эле дүйнөлүк тилдерди үйрөнүү да өнүгүүбүздүн муктаждыгы. Улуу «Манас» эпосунда Ажыбай баатыр «Жетимиш түрлүү тил билген, жетимиш түрлүү эл көргөн» деп мүнөздөлөт. Демек, «Манас» эпосу илгертен насыяттап келген көп тилдүүлүк идеясы бүгүнкү тилдик тарбиянын негизине алынуусу абзел. Көп тилдүүлүк — азыркы дүйнөлүк интеграциянын шартында жаш адамдын конкуренцияга жөндөмдүүлүгүнүн көрсөткүчү.

Кыргызстандагы боордош калктардын жаштарынын өз эне тилин билиши жана Республиканын Мамлекеттик тилине болгон урматы, анын ички атуулдук-адептик маданиятынын көрсөткүчү.

 4) Тарбиянын мазмундук уюткусу – калктын улуу тарыхы

Тарбия ишинин негизине алынып, мазмунун аныктай турган кенч — бул улуттук тарых. Кыргызстандын тарыхы – сыймыктана турган тарых. Кыргыздар — Азияда биринчилерден болуп өзүнүн жазмасына ээ болгон эл. Кыргыздар  биздин эранын V кылымында эле рун жазуусун колдонгон. Борбордук Азия калктарынын ичинен  байыркы тарыхта аты биринчи учураган кыргыздар илгерки  доорлордо алгачкылардан болуп алтын, темир кендерин иштеткен, өзүнүн хандыгына, мамлекеттүүлүгүнө эгедер болгон (кытай жазмаларынын далилдери), IX кылым Азияда өзүнүн империясын түзгөн, темирден аскердик куралдарды жасоо жагынан чыгышка даӊкы чыккан, кытай  жазмаларынын жана орто  кылымдагы саякатчылардын берген маалыматы боюнча чептерди, шаарларды (маселен, «Алакчын», «Кыргыз хан» шаарлары) курган, башка тайпалар, калктар менен дипломатиялык активдүү мамиледе болгон. «Манаста» айтылгандай «Эрендер менен маӊдайлаш, чечендер менен таӊдайлаш, беттеп адам барбаган, ар душман жеӊип албаган» жоокер, эмгекчил, баатыр эл болгон. Манас атабыз, Барсбек, Алп Сол, Тагай бий, Кубат бий, Жаӊыл Мырза, Курманбек баатыр, Эр Табылды, Эр Солтоной, Атаке, Бердике, Жайыл, Тайлак, Курманжан датка, Искак хан, Алымбек датка, кийинкилерден Абдыкерим Сыдыков, И.Раззаков көкүрөгүн окко тоскон Чолпонбай сыяктуу улут ар намысы жана боштондугу үчүн кара жанын садага чапкан жүздөгөн, миӊдеген баатырларыбыз, 2010-жылдын 7-апрелинде элинин эркиндиги үчүн курман болгон патриот уулдарыбыз — улуттук тарыхыбыздын мактанычы жана сыймыгы. Калкыбыздын уникалдуу боз үйү,  түркүн сайма буюмдарына, ала-кийиз, шырдакка чөгөрүлгөн, түшүрүлгөн не бир керемет оюулар менен кыял-көчөттөр — дүйнөдө сейрек кездешкен  эстетикалык сулуулук. Калк зергерлеринин, уздарынын, жез оймокторунун, усталарынын колунан бүткөн зергер буюмдар, жасалгалар өзүнүн ажайып кооздугу жана чеберчилиги менен илгертен Азия аймагына даӊкталып келген. Көз жоосун алган алтын-күмүш билерик, шакектерди, керемет кемер курларды, жаркыраган жүгөн-куюшкандарды, койкойгон  ээрлерди, колодон жасалган кумураларды, «шиберге койсо өрт кеткен, шилтегени мүрт кеткен» өткүр кылычтарды жасаган атактуу Бөлөкбай («Манас») сыяктуу кыргыз усталарынын керемет өнөрү, чеберчилиги  айлана тегеректи таӊданткан. Археологиялык казуулардан табылып, дүйнөгө белгилүү болгон алтындан уютулуп жасалган бугу, куш, жейрен алган илбирс сыяктуу көркөм эстеликтер жалаӊ эле байыркы сактарга эмес, кыргыздарга да тиешелүү болгон. Кыскасы, элдин байыртан өнүгүп келген керемет кол өнөрчүлүгү, материалдык маданияты, мындай өнөргө эгедер ата-бабаларыбыз менен кийинки муундар сыймыктанууга акылуу. Кыскасы, биздин бүгүнкү муундарыбыздын рухун жогору көтөрө турган, көкүрөгүн сыймыкка бөлөп, улуттук ар-намыс сезимин (чувство национального достоинства) бийиктете турган даӊктуу тарыхыбыз жана маданиятыбыз бар экендигин эч ким тана албайт. Кыргыз тарыхынын бай жана баатырдык мазмуну – патриоттук тарбиянын соолбос булагы. Патриоттук тарбия үчүн, улуттук өзүн-өзү аӊдап түшүнүүнү (национальное самосознание) өстүрүүүчүн керектүү орошон мазмун ушул жерде жатат. «Өзүнүн тарыхын ийне-жибине чейин билип, аны жаш муундардын энчисине айландырып жаткан улут бактылуу улут» (Махатма Ганди).

Кыргыз элинин тарыхы менен бирге республикабызда жашаган боордош калктардын тарыхы – жеткинчектерде, жаштарда  тарыхый эстутумду калыптандыруунун каражаты.

 5) Кыргыздын бай фольклору, адабияты жана искусствосу – таалим-тарбиянын көөнөрбөс көрөӊгөсү.

Калкыбыз Азияда эӊ бай фольклордук адабиятты жараткан. Элибиздин даанышман макал-лакаптары, накыл сөздөрү, нуска китептери, мазмуну патриоттук идеяларга, рухий-адептик дөөлөттөргө карк “Манас” баш болгон залкар эпосторубуз, дастандарыбыз, Арстанбек, Жеӊижок, Токтогулдай сандаган ак таӊдай акындарыбыздын поэзиясындагы тереӊ маанилүү санат-насыяттар, Карамолдо, Ниязаалы сыяктуу шаалар комузга кол ойнотуп черткен, «кулактан кирип бойду алган» сандаган залкар күүлөр,  Боогачы,  Мусалар созгон керемет обондор улуттун гана эмес, жалпы адамзат маданият казынасынын асыл кенчи. Бир сөз менен айтканда, элибиздин кылымдап жараткан адабий-музыкалык маданияты, кыргыздын духун, философиясын, идея-идеалдарын, каада-салтын көтөрүп алып жүргөн көркөм өнөрүүрөтү, киносу), Түгөлбай Сыдыкбеков, Чыӊгыз Айтматов баштаган профессионал адабияты — тарбиячылар үчүн пайдалана турган баа жеткис гүлазык, орошон маани-маӊыз, табылгыс педагогикалык курал. Тарбия үчүн суудай сузуп ала турган мазмун ушул жерде.

 6) Кылымдар бою түзүлгөн элдик мораль, ата-бабаларыбыз түзгөн улуу адептик-ыймандык нарк-дөөлөттөр – тарбия-таалимдин гүлазыгы.

Тарбия ишинин мазмундук пайдубалына уютку болуп жата турган дагы бир кубаттуу ресурс бул күнүмдүккө эмес, түбөлүктүүлүккө эсептелген, калктын тарыхый тажрыйбасынан жаралып, доорлор сыноосунан өткөн көөнөрбөс элдик этикалык нарктар, адеп-ыймандык мурастар. 

Биздин элдик менталитетинде индивидуалисттик-коммерциялык жана технократиялык дүйнө жоготуп, таппай калган эӊ мыкты сапат-касиеттер бар. Ошолордун бири – коллективизм. Айдоого тукум сээп жатканда Баба дыйкан бизде мындай дейт: «Жылуу жерден конуш тап. Мунусу — жетим-жесирге, мунусу — алсыз карыпка, мунусу – курт-кумурскага, мунусу – сурамчы-тилемчиге, саламчыга, сизге, бизге, мага». Мына, жалпынын кызыкчылыгын көздөгөн элдин улуу коллективисттик, гуманисттик, адамгерчиликтүү этикасы. Калыгул даанышмандын гуманисттик этикасы насыяттайт: «Орой айтсаӊ адамга жукпайт, орой сөздү киши укпайт, сылык-сыпаа сөз жетет, ал мээге эмес, жүлүнгө кетет». Элдик кеменгер Калыгулдун ишениминде оройлукту назиктик, сылыктык, ачууну токтоолук, сабырдуулук, жек көрүүнү мээрим менен сүйүү жеӊет. Улуттук менталитетибизде меймандостук, кайрымдуулук, күйүмдүүлүк, башкаларга жардамдашкан боордоштук касиети, керегелеш, үзөнгүлөш, канатташ жашаган калктар менен достук салты өнүккөн. “Эр достугу – эгиз, эл достугу – деӊиз”, “Эки эрдин достугу бир белден ашырат, эки элдин достугу миӊ белден ашырат”. Кыргыз элинин салтындагы мындай достук этикасы – бүгүнкү улут аралык ынтымактын ачкычы.

Элдик этикада калыстык, чынчылдык, адилеттүүлүк, акыйкатчылдык, жоомарттык, “таш менен урганды аш менен урган” айкөлдүк, топуктуулук, сабырдуулук, сылык-сыпаалык, кечиримдүүлүк, мээримдүүлүк, ар намыстуулук, жоопкерчиликтүүлүк,  мекенчилдик ж.б. улуу сапаттар ар дайым даӊазаланып, адамдык жүрүм-турумдун идеалы болуп келген. 

«Куйругу жок, жалы жок, кулан байкуш кантти экен, же сойлоорго буту жок, жылан байкуш кантти экен» деген улуу Асан Кайгы кыргыздын экологиялык маданиятынын, экологиялык акылмандыгынын символу. Асан Кайгынын адеп-ахлагы табият менен жуурулушкан руханий уруулуктун өрнөгү. Кишинин жер менен киндиктеш экенин, жер менен коюн-колтук алышкан улуу биримдиктин зарылдыгын туюнтуп, ата-бабалар ким табиятка каршы барса, кийиктерди миӊ-сандап кырган Кожожашчасынан аскада калып, «Буудайык» жомогундагы саятчы Төлөктөй апаатка учурарын адамзат балдарына эскертип кеткен. Жаратылыш менен гармонияда жашоо – бул элибиздин илгертен келаткан экологиялык улуу осуяты жана бүгүнкү адамзаттын алдыӊкы акыл-эсинин тутунган философиясы. Бизде жерди эне дейт, Жер-Энени, табият-энени тереӊ сыйлай билүүгө баланы кенедей кезинен тарбиялоо керек.  Жаратылышка болгон боорукер мамиле – инсандын гумандуулугунун, адеп-ыйманынын критерийи. Тарбия ишинде мына ушундай улуттук философия жана дүйнөлүк экологиялык маданияттын жетишкендиктери – этикалык-экологиялык тарбиянын мазмундук ресурсу.

«Байлыктын атасы – эмгек, энеси – жер», “мээнетиӊ катуу болсо, татканыӊ татуу болот” деп насыятталат кыргыз эл макалында. Буга удаа “Манастагы”  “эмгек кыл, балдар, эмгек кыл, акыӊды эмгек кайырат, арыганыӊ семирет, ачкан курсак тоюнат” деген осуятты дагы эске түшүрүү ылайыктуу. Элдик акылмандыктын эмгек философиясынын духунда улуу Жеӊижок акын “адал эмгек – динибиз, жаралган адам эмгектен” деген даанышмандыкты жар салып турат. Чындыгында, Манас атабыздын адам болуп жаралышында, калыптанышында эмгек зор роль ойногон. Бала кезинде Манас Ошпур койчунун эмгек мектебинен өткөн. Демек, биздин элдик педагогикабызда эмгек, биринчи иретте, бул баланы адам катары калыптандыруунун, киши кылуунун, атуул катары жетилтүүнүн бирден бир жолу, ошону менен бирге береке, байлыктын булагы. “Эрдин көркү – эл менен, эмгегиӊ менен элге жак”, “Жаш кезиӊде жаркылдап, калкыӊа тийгиз керегиӊ” дейт тоо булбулу Токтогулдун насааты. Элдик акылмандыкта калк бакыбатына багышталган эмгекчилдик, эмгекти дин катары тутунган мээнеткечтик – адамдын адеп-ахлактуулугунун көрсөткүчү. Дегеле дүйнөнүн калктарында эмгек бак-таалайдын ачкычы катары саналат. Жамааттын жакшылыгына арналган эмгектин маӊыздуулугу, кундуулугу, социалдык-баалуулугу, эмгектин, адамдын нравалуулугунун чен-өлчөмү жана кишинин өзүнүн ички жөндөм-мүмкүнчүлүктөрүн ачуунун, өзүн өлбөс кылуунун жолу экендиги жөнүндөгү элдик акылмандыктын залкар философиясы азыркы жаштарды тарбиялоо ишинин негизине идеялык пайдубал катары алынышы шарт.

“Зөөкүрдү чабар камчы бол, кургак жерге тамчы бол, дүлөйлөргө кулак бол, чөлдүү жерге булак бол, аргымак минген баатыр бол, алсыздарга жакын бол, жетимдерге көмөк бол, канкорлорго касап бол, калп айтканга мазак бол, урууларга айгак бол, ушакчыга сайгак бол, эрегиш чыкса элчи бол, эл-журтуӊдун кенчи бол, кара өзгөй болбой калыс бол, кошоматтан алыс бол, жери жокко конуш бол, эти жокко союш бол” (Жеӊижок). Улуу акын Жеӊижоктун бул осуятында адамдык-атуулдук, патриоттук жүрүм-турумдун бүтүндөй бир кодекси, программасы берилген.

Мекенчилдик, патриотизм – элдик моралдык улуу касиеттеринин бири (“Ала-Тоо асыл жер үчүн, калкым кыргыз сен үчүн, курман болуп кетейин” – Манас. “Денем афган жеринде калса калсын, жүрөгүмдү Алайга алып барып көмгүлө” – Курманжан датканын уулу Абдылдабектин керээзинен. “Элимди, жеримди кор кылбай өмүр бою коргойм” – Эр Солтоной). 

Кыскасы, тарыхтын узак жолун баскан элибиз өсүп жаткан муундарга адам болуунун жолун, шартын көрсөткөн моралдык-этикалык дөөлөттөрдүн бүтүндөй бир системасын иштеп чыккан. Жогорудагы элдик моралдык нарктар жана идеалдар универсалдуу, жалпы адамзаттык мааниге ээ. Ушул адеп-ахлак нарктары кечээки ата-бабаларыбыздын жүрүм-турумунун регулятору болуп келген жана тарыхтын «аяздуу бороон-чапкындарында» улутубузду аман-эсен сактаган башкы тиректерден болгон. Бүгүн да ушул түбөлүктүү мүнөздөгү рухий-ыймандык дөөлөттөр таалим-тарбиянын мазмуну үчүн табылгыс ресурс, көрөӊгө, гүлазык. Эгер ушул моралдык баалуулуктар менен жаштарыбыздын жан дүйнөсүн асылдандырууга жетише алсак, анда бул суверендүү Ата Журтубуздун моралдык жактан тазарышынын, өркүндөшүнүн жана анын жаркын болочогунун кепилдиги болмок.

 7) Жалпы адамзаттык рухий-адептик дөөлөттөр – тарбия ишинин мазмундук булагы

Бүгүнкү адамзаттын алдыӊкы гуманисттик акыл-эси цивилизациялардын, маданияттардын бири-бирине үстөмдүк кылышы, конфронтация идеясына эмес, маданияттардын өз ара диалогуна, кызматташтыгына артыкчылык берип отурат. Маданияттардын диалогу – биздин Кыргызстан да жетекчиликке ала турган методология. Ушул контекстте караганда биздин жеткинчектерибиздин, улан-кыздарыбыздын  дүйнөлүк прогрессивдүү маданияттын алдыӊкы өрнөктөрүн, жалпы адамзаттын чындык, жакшылык, сулуулук (истина, добро, красота) жөнүндөгү идеалдардын өздөштүрүшү, эл аралык этиканы үйрөнүшү, диалогиялык чеберчиликке көнүгүшү, көп маданияттуу чөйрөдө (поликультурность) жашай билүү жөндөмүнө эгедер болушу, мыйзам сыйлоо, укук сыйлоо сыяктуу демократиялык коомдун баалуулуктарын аӊ сезимге жана жан дүйнөгө сиӊириши — улуттук өнүгүүбүздүн зарыл шарттарынын бири. Ошондой эле жаштарыбыздын  атаандаштыкка жөндөмдүүлүк, билимдүүлүк, профессионалдык компетенттүүлүк, ишкердүүлүк, социалдык мобилдүүлүк, демократиялык принциптерге берилгендик сыяктуу ж.б. жаӊы заманбап сапаттарды күтүшү бүгүнкү жашоонун муктаждыгы. 

Кыскасы, жалпы адамзаттык рухий-адептик баалуулуктар жана жаӊы инновациялык сапат-касиеттер таалим-тарбия мазмунунун гүлазыгын түзөт.

 VI. Рухий-адептик жана патриоттук тарбиянын мазмунун жүзөгө ашыруунун технологиясы

 Жогорудагы мазмундук база-казына, мазмундук багыт коомубуздагы бардык институттардын: үй-бүлөнүн, бала бакчанын, мектептин, кесиптик орто жана жогорку окуу жайларынын, айыл өкмөтүнүн, акимиаттын, мамлекеттик мекемелердин, органдардын, министрликтердин, коомдук уюмдардын, массалык маалымат каражаттарынын таалим-тарбия ишмердигинин негизине алынып, алар бул мазмунга чыгармачылык менен мамиле жасап, аны дагы да байытып, өркүндөтүп, ушул багытта өздөрүнүн күндөлүк иш-пландарын түзүп, иш алып барууга тийиш. Тарбия ишинин мазмунуна негиз катары алынган баалуулуктарды жаш баланын рухуна сиӊирүүдө айрыкча үй-бүлөнүн ролу зор. «Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат» дейт эл макалы. Уя – бул үй-бүлө. Бала – “балапандын” дене-боюнун физикалык негиздери жана руханий пайдубалы алгач дал ушул “уяда” түптөлөт. Үй-бүлөдө алган көнүмүш, таалим-тарбия баланын жан-жаратылышына өчпөс тамга болуп басылып, аны өмүр бою коштоп жүрүп отурат. Баланын сезгич, бат таасирленгич кезинде, анын дүйнөсүнө себилген тарбия «үрөндөрү» жемиштүү түшүм берерин турмуш тажрыйбасы миӊ бир ирет далилдеген. Мына ошондон улам элдик педагогика чүрпөнүн тарбиясын, анын «уядагы» кезинен «көк бүчүр», «тал чыбык» учурунан баштоону зарыл деп санаган. Ошол үчүн кыргызда «Сүт менен кошо бүткөн нерсе сөөк менен кошо кетет», «Бала көргөнүн кылат, көсөө  түрткөнүн кылат», «Баланы башынан үйрөт, чырпыкты жашынан ий», «Баланы жакшылыкка жетелеп жанаштыр, жамандыктан кубалап адаштыр» деген даанышман макалдар жашайт.

Рухий-адептик жана патриоттук дөөлөттөрдү баланын жан дүйнөсүнө интериоризациялоодо үй-бүлөнүн тарбиялык ролун активдештирүү зарыл. Үй-бүлөлүк мыкты тарбия – коомдун руханиятынын асылдыгынын, мамлекеттин бекемдигинин булагы.   

Таалим-тарбия иши аныкталган максаттан жана мазмундук ресурстан гана турбайт. Ошол максат менен мазмунду реалдуулукка айландыра турган принциптердин, методдордун, формалардын, уюштуруу иш-чараларынын өз ара тутумдашкан комплексинен турат. Жогорудагы тарбиянын башкы максаттарын жүзөгө ашыруу үчүн көрөӊгө, гүлазык, база катары аныкталган мазмунду тарбиялануучунун аӊ-сезимине жана жан-дүйнөсүнө кандай технологиялар аркылуу жеткирилет, сиӊирилет. Алар төмөнкүлөр:

 1. Тарбиялоонун принциптери

Авторитардык-акимчил тарбияда тарбиялануучу объект катары саналып, анын жүрүм-турумун тыштан туруп жөнгө салуу, башкаруу идеясы үстөмдүк кылат. Бүгүнкү жаӊы тарбия методикасында бул анохронизм. Бүгүнкү тарбия ишинде маселеге чыгармачылык мамиле, тарбиялануучуну тарбиянын субъектиси катары саноо жана партнердук кызматташуу аркылуу анын инсанын өнүктүрүү идеясын биринчи планга коюу баарынан маанилүү. Колдонулуучу принциптер: 

—   адамгерчиликтүү, мээримдүү (гумандуу) мамиле принциби;

—   жаратылышка ылайыктуулук принциби;

—  инсанчыл-жекече (принцип личностно-индивидуального подхода) мамиле жасоо принциби;

— тарбия ишине инсанчыл-ишмерчил мамиле принциби;

—  турмуш менен байланыштуулук принциби;

—  өнүктүрүп тарбиялоо принциби;

—  тарбияны уюштуруунун көп варианттуулугу жана ийкемдүүлүгү  принциби;         

—  коллективде тарбиялоо принциби;

—  үлгүлүүөрнөктөргө таянуу принциби;

– окутуунун жана тарбиялоонун биримдиги принциби ж.б.

Рухий-адептик тарбиялоо ишинде аталган принциптерди жетекчиликке алып, ыктуу пайдалануу натыйжа бермек.

 2. Тарбиялоонун  методдору

Тарбия методу – бул тарбиянын алдыга коюлган максатына жетүүнүн жолу, башкача айтканда, тарбиялануучуда белгилүү бир адамдык сапатты калыптандыруу үчүн анын аӊ-сезимине, эркине, таасир кылуунун амалы.  Адеп-ахлак жоболорунун жүрөккө, жан-дилге тамырлаган ички ишенимге, андан ары реалдуу жүрүм-турумга  айланышы эч убакта автоматтык түрдө болбойт. Бул татаал руханий изденүүлөрдүн жолун баса турган процесс. Аткарылууга тийиш болгон нравалык эреже-норма инсан тарабынан акыл менен гана эмес, эмоционалдык толгонуулар аркылуу кабылданып, адам ал эреже-норманын өзүүчүн да, коом үчүн да зарыл экенин өз «жон териси» менен, жеке тажрыйбасы аркылуу туюнуп, аны ички ыктыяры менен аткарууга өтсө, ошол этикалык эреже-норма тышкы талап болуудан калып, кишинин өзүнүн ички керектөөсүнө, ички адептик сапат-касиетине айланып калса ошондо адеп-ахлак тарбиясынын ийгилиги жөнүндө сөз кылууга болот. Мына ошондуктан, «Манаста» айтылгандай, тарбиялануучунун «жүлүнүнө жетээр кеп айтуу, жүрөгүн өрттөп бек айтуу», башкача айтканда, ийкемдүү методика зарыл. Бардык деӊгээлдеги, бардык тепкичтердеги тарбиячылар кургак насаат менен чектелбей, аӊгеме, түшүндүрүү, лекция, этикалык маек, диспут, проблемалуу кырдаалдарды түзүү, үйрөтүү, көнүктүрүү, машыктыруу, ынандыруу (метод убеждения), өзүн-өзү тарбиялоо, адептик үлгүөрнөк көрсөтүү, көрсөтмө, тапшырма берүү, талап коюу, материалдык жана моралдык кызыктыруу, мелдеш, жекече мамиле, интерактивдүү аракеттенүү, сынчыл ойлом, «мээ чабуулу» ж.б.у.с. турмуштун сыноосунан өткөн усулдук ыкма, айла-амалдарды колдонуулары шарт. Ар бир усулду конкреттүү шарттын спецификалык бөтөнчөлүгүн, жаш адамдын индивидуалдуу өзгөчөлүгүн эсепке алуу менен колдонуу чеберчилиги тарбия ишинде үзүрлүү натыйжага алып келмек.

 

3. Тарбия ишинин  формалары жана уюштуруу иш-чаралары:

Тарбия ишинде дүйнөлүк педагогикалык практиканын элегинен өткөн төмөнкү негизги үч форманы пайдалануу ылайык.

1. Тарбиянын массалык формасы: тарбия жумалыгы, тарбия он күндүгү (декадасы), окурмандардын конференциясы, тематикалык кечелер, суроо-жооп кечелери, кароолор, конкурстар, олимпиадалар, туристтик жүрүштөр, фестивалдар, көргөзмөлөр, өмүрүөрнөк адамдар менен кызыктуу жолугушуулар, тарбия оюндары ж.б.

2. Тарбиянын топтук (группалык) формасы: класстык сааттар, экскурсиялар, ийримдер, түрдүү коллективдүү тарбия иштери ж.б. 

3. Тарбиянын жекече (индивидуалдуу) формасы: жекече китеп окууну, жекече бош убактыны өткөрүүнү, баланын өзүн-өзү тарбиялоосун, кызыккан оюнун уюштуруу ж.б.     

– Коомдогу бардык билим берүү мекеме-уюмдары, бардык тарбия институттары, үй-бүлө, бала бакча, мектеп, айыл өкмөтү таалим-тарбиялык максатта өз ара тыгыз байланышта иштөөсү зарыл.

 — Биринчи иретте, концепциянын мазмунунда көрсөтүлгөн нарк-дөөлөттөрдү мектептердеги, атайын орто жана жогорку окуу жайларындагы кыргыз тили, кыргыз адабияты, тарых, философия, маданияттаануу, Манастаануу, музыка, педагогика ж.б. гуманитардык предметтердин программаларына, окуу китептерине, окуу колдонмолоруна тереӊ сиӊирүү, бул предметтерди окутуу сапатын көтөрүү кажет. Көрсөтүлгөн мазмунду реализациялоодо табигый предметтердин да мүмкүнчүлүгү чоӊ экендиги эске алынууга тийиш.

— Элдик рухий-адептик, патриоттук нарк-дөөлөттөрдү жана жалпы адамзаттык адеп-ахлак кенчтерди өздөштүрүү максатында билим берүү мекеме-уюмдарында Республикалык, областтык, жергиликтүү масштабда фестивалдарды, жумалыктарды, декадаларды, конференцияларды, семинарларды, тегерек столдорду, көргөзмөлөрдү, концерттерди, кароолорду, конкурстарды, мелдештерди, музейлерди, ийримдерди, кечелерди, майрамдарды ж. б. иш-чараларды туруктуу уюштуруп, өткөрүп турууну салтка айландыруу.

— Жаш муундарды мамлекеттин символдоруна — Гербге, Гимнге, Желекке урматтап мамиле жасоого көнүктүрө турган иш-чараларды уюштуруу.

— Мектептердеги «Адеп» предметин окутуунун сапатын жакшыртуу, анын материалдык, окуу педагогикалык базасын чыӊдоо, «Адеп» предмети боюнча  жогорку окуу жайларында атайын адистерди даярдоону жолго коюу менен аталган окуу предметин жогорку адистиктеги кадрлар менен камсыз кылуу.

— Кыргыз билим берүү академиясында «Этнопедагогика» лабораториясын түзүү.

—  Мамлекеттик бюджеттин негизинде «Адеп тарбиясы» журналдарын уюштуруу. 

— Республикада атайын педагогикалык университетти түзүү, студенттердин психологиялык-педагогикалык, этнопедагогикалык, тарбиячылык даярдыгын күчөтүү.

— Ар бир мектепте ошол айылдын, чөлкөмдүн, өрөөндүн тарыхын, улуу адамдардын өмүр жолун, жергиликтүү табияттын бөтөнчөлүгүн, жан-жаныбарларын ж.б. таанып-билүүгө багытталган музейлерди түзүү жана аларды тарбиялык багытта натыйжалуу пайдаланууну уюштуруу;   

– Улуттук руханий нарк-дөөлөттөрүбүз, материалдык маданиятыбыз, тарыхыбыз жөнүндө жаштар үчүн илимий-популярдуу басылмаларды үзгүлтүксүз чыгаруу, кинотасмаларды, мультфильмдерди тартуу, улуттук жана жалпы адамзаттык адеп-ахлак кенчтерин басма сөз, телерадио аркылуу кеӊири пропагандалоо, бөбөктөр үчүн сүрөттүү жомок китептерин чыгаруу, аларды кенен жайылтуу;

– Телеберүүлөрдүн, компьютердик программаларды гумандуулуктун, маданияттын, адептүүлүктүн негизинде оӊ багытка буруу;

– Мектеп окуучуларынын “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” сыяктуу өзүн-өзү башкаруу органдарын, уюмдарын өнүктүрүү;

– Класстан тышкаркы, аудиториядан тышкаркы, мектептен тышкаркы тарбия иштерин активдештирүү;

– Жогорку окуу жайларында мектеп жана тарбия мекемелери үчүн психологдорду даярдоо жана бардык мектептерде психологдун штатын ачуу;

– Баланын тарбиясы үчүн ата-энелердин жоопкерчилигин көтөрүү, алардын тарбия чеберчилигин, педагогикалык сабатын жогорулатуу үчүн жер-жерлерде окуу-тарбия мекемелеринде лекцияларды уюштуруу;

— Рухий-адептик, патриоттук тарбия боюнча үй-бүлө китепканаларын уюштуруу;

– Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамды турмушка ашырууну билим берүү мекеме-уюмдарында активдештирүү;

– Мектептердеги класстык тарбия сааттарынын мазмунун рухий-адептик маданияттын жана патриоттуулуктун духунда тереӊдетүү;

– Мектептеги жана жогорку окуу жайларындагы бардык окуу предметтеринин тарбиялык мүмкүнчүлүктөрүн эффективдүү пайдалануу;

– Бардык билим берүү мекеме-уюмдарында «Мамлекеттик тил» күнүн, «Нооруз» майрамын, «Мамлекеттик көз карандысыздык» күнүн, «Конституция» күнүн, «Карылар» күнүн, «9-май – Жеӊиш майрамын» ж.б. белгилүү даталарды белгилөөнүн тарбия берүүчүлүк мазмунун арттырууга маани берүү;

– Мектептерде жана жогорку окуу жайларында “Манас” эпосун окутуунун материалдык окуу-педагогикалык базасын чыӊдоо;

– Дене тарбия сабактарынын программаларына улуттук спорт оюндарын киргизүү жана кайрадан жандандыруу, бул боюнча спартакиадаларды уюштуруу;

– Эмгекке үйрөтүү сабактарында улуттук этнографиялык жасалгаларды, элдик кол өнөрчүлүктү: устачылыкты, жыгаччылыкты, зергерчиликти, узчулукту, оймочулукту, саймачылыкты үйрөтүүнү жолго коюу;

– Билим берүү мекеме-уюмдарында өз ара «Ыр кеселерди», фольклордук фестивалдарды уюштурууну практикалоо жана аны салтка айландыруу;

– Элдик акылмандардын, улуу ойчулдардын насыят-нускаларын, элдик баатырлардын жана өмүрүөрнөк инсандардын патриоттук-нравалык үлгүлөрүн жаштар арасында кеӊири жайылтуу;

– Кыргызстан элдеринин достук, улуттар аралык ынтымагын чыӊдаган иш-чараларды туруктуу өткөрүп туруу;

– Жаштарда мыйзам сыйлоо маданиятын, укуктук маданиятты калыптандыруу максатында мыйзамдык-укуктук билимдерди кеӊири үгүттөө;

—  Табиятка камкордук көрүү, ага урмат менен мамиле жасоо жана айлана-тегеректи таза кармап, жашылдандыруу боюнча класстан тышкаркы, мектептен тышкаркы иш-чараларды туруктуу уюштуруп туруу.

 — Рухий-адептик, патриоттук тарбия багытындагы колдонмолорду басып чыгаруу ишин активдештирүү.

— Ички  иштер министрлиги менен Билим  берүү жана илим  министрлигинин  тарбия  максатындагы  тыгыз  кызматташтыгын жолго  коюу.

 4. Тарбиянын натыйжалары же нравалык сапатты калыптандыруунун этаптары

 Тарбиялоонун натыйжасы – «Тарбиянын максатында» көрсөтүлгөн сапат касиеттерге эгедер инсан-атуул. Башкача айтканда, Ата журттун эгемендүүлүгүн ыйык санаган мекенчилдик, эл журттун, мекендин кызыкчылыктарын жогору койгон патриоттуулук, мамлекеттин символдоруна: Гимнге, Гербге, Желекке өзгөчө сый мамиле, өз элинин тарыхы, ата-бабалардын каарман  күрөшү менен сыймыктана билген улуттук  ар намыстуулук, эл журттун ынтымагы, биримдиги идеясына берилген атуулдук бийик парасат. Эне тилге болгон тереӊ сүйүү, өз калкынын салт-санааларын, үрп-адаттарын урматтоочулук жана колдоно билүүчүлүк, элдик рухий нарк-дөөлөттөргө, улуттук маданиятка сугарылгандык, ата-энени ыйык көрүп урматтоо, меймандостук, достук идеясын аздектегендик. Жалпынын жыргалчылыгын көздөгөн мээнеткечтик. Эл алдындагы, башкалардын алдындагы милдет-парзды тереӊ туюнгандык, жоопкерчиликтүүлүк, калыстык, адилеттүүлүк, ак ниеттүүлүк, чынчылдык, кайрымдуулук, жоомарттык, жаратылышка болгон гумандуулук, коомдогу терс, ыплас көрүнүштөр–коррупция, трайбализм, талап-тоноочулук, баӊгичилик, аракечтик, кайдигерлик, өзүмчүлдүк менен келишпестик, аларга каршы күрөшүүдөгү активдүүлүк, бирөөнүн укугун жана эркиндигин сыйлоочулук, толеранттулук, мыйзамды кадырлоочулук, өз ара мамилелердеги сылыктык этикетин өздөштүргөндүк, жалпы адамзаттык маданияттын өрнөктөрүн сиӊиргендик, өзүнө сын көз менен карай билүүчүлүк, жаӊыга умтуулучулук ж.б.

Өздөштүрүлүүгө тийиш болгон  нравалык эреже-норманын, принциптин тарбиялануучунун жан дүйнөсүнө көчүп өтүп, бекем орун-очок алышы төмөнкүдөй этаптарды басып өтөт:

Биринчи. Нравалык эреже-норманын, принциптин тарбиялануучунун акыл-эсине   жетиши, башкача айтканда тарбиялануучунун адеп — ахлак нормалары жөнүндө маалыматка, билимге ээ болушу.

Экинчи. Нравалык норманын аӊ сезимге маалымат, билим түрүндө кабылданган абалдан чыгып, андан ары барып, инсандын ынанымына, ички ишенимине  айланышы.

Үчүнчү. Нравалык норманын ынаным-ишенимден андан ары тереӊдеп, инсандын       жүрөгүнө жетип, кан-жанына сиӊип, сезимине, «натурасына» айланып калышы.

Төртүнчү. Нравалык норманын инсандын реалдуу журум-туруму түрүндө көрүнүшү, анын адатына, көнүмүшүнө айланышы.

Жогоруда саналган тарбия принциптеринин, методдордун, формалардын, иш-чаралардын ар бири тарбиялануучунун ушул этаптар аркылуу өтүшүнө салым кошууга тийиш. Нравалык тарбиянын жүрүшү татаал процесс.

  5. Тарбияны баалоо

 Бул жерде тарбиялануучунун тигил же бул адеп-ахлак стандартына, эталонго дароо эле туура келер-келбеси эмес, биринчи иретте, конкреттүү адамдын инсанында (личностунда), адептик жүрүм-турумунда өтүп жаткан динамика, процесс маанилүү. Тарбиялануучунун өзгөрүшүнүн даражасы канчалык, кечөө ким эле, кандай эле, бүгүн ким болуп калды, өзгөрүү жакшы жагына ооп жатабы, адебинде жылыштар барбы, кыскасы, негизги критерий бул жерде кишинин, окуучунун инсандык өнүгүү кыймылы. Өзгөрүүнү тарбиялануучунун күндөлүк агымдагы, күндөлүк тириликтеги, сабак учурундагы жүрүш-турушуна, эмоционалдык-нравалык ал ахыбалына байкоо жүргүзүү аркылуу билүүгө болот. Ошондой эле өзгөрүүнү адамдык түркүн-түстүү мамилелердин жана маселелердин татаал дүйнөсүнө алып кирген атайын түзүлгөн педагогикалык кырдаалдарда, ар кандай ролдук оюндарда, мугалим тарабынан уюштурулган, бүгүнкү күндүн актуалдуу проблемаларын талкуулаган топтук-группалык, класстык дискуссияларда тарбиялануучуга акырындап аӊдоо салып жүрүп билүүгө болот. Окуучунун жазуу иштерин, күндөлүгүн, дилбаяндарын, мектеп газетасына жазган эссе, макалаларын талдоо аркылуу көп нерседен маалымат алууга болот. Мындан башка «Инсандык өсүш» («Личностный рост») деп аталган атайын диагностикалык сурамжылоо (опросник) суроолорун түзүп, ага тарбиялануучудан жооп алуу менен кишидеги өсүү жылыштарын байкашка мүмкүнчүлүк бар. Тарбиялануучудагы нравалык өсүүнү атайын тесттик сыноо менен байкоого болот. Тарбиялануучунун жүрүм-туруму кандай экенин аныктоодо колдонулуучу критерийлерден турган шкалаларды пайдалануу (бул шкалаларды атайын адистер иштеп чыгат) натыйжа берет.  Баалоо процессинде нравалык кадамдын (поступка) сырткы натыйжасына гана эмес, ошол жасалган кадамдын, жоосундун ички мотивин да эсепке алуу керек. Реалдуу иш – инсанды баалоонун негизги критерийи.

 6. Тарбия ишинин финансылык булактары жана иш-чаралардын аткарылышын көзөмөлдөө

 Тарбия иш-чаралары төмөнкү булактардан каржыланууга тийиш

1. Мамлекеттик бюджет.

2. Областтык бюджет.

3. Жергиликтүү бюджет.

4. Атайын каражаттар.

5. Демөөрчүлөрдүн каржылоосу.

6. Коомдук фонддордун каржысы.

8. Гранттык каражаттар.

Билим берүү мекеме-уюмарынын ар биринде Концепциянын аткарылышына жооптуу атайын адамдар аныкталат. Мекеме-уюмдар өзүнөн жогору турган инстанцияга тарбия иши боюнча отчет берет жана Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү башкармалыктарынан отчет алат. Аталган министрликтин курамында билим берүү системасындагы тарбия иштерин жөнгө салган жана көзөмөлдөгөн координатордун кызматы иштейт.  

Корутунду

 – Тарбия деген жаныӊдагы башка адамдардын тарбиялуулугуна багынычтуу.

Искак Раззаковдун «Сен таза болсоӊ, мен таза болсом коом таза болот» деген сөзү даанышмандык менен айтылган ой. Тарбиялануучунун мыкты адам, атуул болушу үчүн ыӊгайлуу, гумандуу коомдук чөйрө түзүлүшү зарыл. Насыятталып үйрөтүлүп-окутулуп, жайылтылып жаткан нравалык эрежелер, жол-жоболор, адеп-ахлак принциптери кишини курчап турган коомдук чөйрөнүн реалдуу практикасы менен ырасталып, чынга чыгып турушу шарт. Тарбиялануучу жүздөгөн, миӊдеген кишилердин турмуш-тиричилигинен, күн кечирүү образынан, турмуштун күндөлүк агымынан: көчөдөн, мекемеден, дүкөндөн, мектептен, окуу жайдан, кыштактан, шаардан, аткаминерлердин, өкмөттүн, депутаттардын, шайлоо комиссияларынын ишмердигинен, кыскасы, турмуштун бардык чөйрөлөрүнөн мыйзамды, укукту, жашоо эрежелерин бекем сактаган нраваны, тартипти жана иреттүүлүктү, социалдык адилеттүүлүктү, калыстыкты, маданиятты, улуу максат үчүн биригип, уюшкандыкты көрүп турса, иш жүзүндө мээнеткеч, ак ниет, чынчыл, таза, түз жүргөн адамдар, элим-жерим деген патриот инсандар коомдо аброй күтүп, ийгиликке жетишип, сыйланып, урматталып жатканын сезип-туюп турса, терс иш кылгандардын жазаланып турганын көрүп турса, анда мындай атмосферада адамда адептүү, ыймандуу, ар намыстуу, активдүү атуул болуп өсүүгө шыктандырган күчтүү стимул түзүлмөк. Тарбиянын мүдөөлөрүүчүн, муундардын позитивдүү нукта социалдашышы үчүн, өлкөнүн келечеги үчүн, Кыргыз мамлекети өзүнүн экономикалык, социалдык-маданий, жарандык турмушун мыйзамдуулуктун жана социалдык адилеттүүлүктүн негизинде түп тамырынан жаӊыча курушу, жаӊы деӊгээлде уюштурушу, оӊ тарбияга сүрөө болгон педагогикалык чөйрөнү калыптандыруусу талап кылынат. Мындай оӊойго турбас реформанын башында мамлекеттин өзү чечкиндүү турса натыйжага жетишүүгө болот.

Ар бир жаш адамдын руху, адеби жогорудагы улуттук жана жалпы адамзаттык дөөлөттөрдүн кыртышынан тереӊ тамырлап өсүп чыкса, анда калкыбыз ар кандай чоочун маданий экспансиянын, сырткы терс таасирлердин бийлигине алдырбай, глобалдашуунун ассимиляциялап жиберүүчү  өкүм күчүнө туруштук берип, улут катары өз бетинчелигин сактап, жалпы адамзаттын көчүнө татыктуу кошула алмак.

 Коомчулуктун сунуштарын эске алып, концепцияны иштеп чыккан Советбек БАЙГАЗИЕВ, Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти, филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиӊирген кызматкер,  КРдин илим жана техника жагындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.

3 Комментарии

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*