Билим айдыӊындагы сынак сапатты көздөйт

15-майда Ноокат районунда “Жыл мектеби – 2013” кароо сынагынын областтык этабы өткөрүлүп, “Мыкты айылдык мектеп” номинациясына Ынтымак айыл округундагы Т.Кулатов орто мектеби, “Мыкты инновациялык мектеп” номинациясына  Ноокат билимканасы, “Мыкты шаардык мектеп” номинациясына  Н. Крупская орто мектептери катышты.

Мектептердин жободогу критерийлерине карата даярдыгын талдоону ОшБИнин директорунун орун басары А. Артыкбаев жетектеген 6 адамдан турган комиссиялык топ жүргүзүштү. Анын натыйжасында Тажибаева Насиба жетектеген Ноокат билимканасы “Мыкты инновациялык мектеп” номинациясы боюнча 1-орунду, ал эми Н.Крупская орто мектеби “Мыкты шаардык мектеп” номинациясы боюнча 2-орунду камсыз кылды.

1-орунга ээ болгон Ноокат билимканасы жалпы командада дагы 1-орунду алып, сынактын республикалык туруна катышууга жолдомо алышты.

Жеӊүүчү болгон Ноокат билимканасына 25-майда ОшБИнин директорунун орун басары А.Артыкбаев,  райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси С.Эгембердиев жана Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары А. Паязовдор “1-даражадагы диплом” менен бирге акчалай сыйлыгын тапшырды. Ал эми Н. Крупская орто мектебине “2-даражадагы диплом” ыйгарылып жана акчалай сыйлыкка ээ болушту.

Учурда Ноокат районунда 44 миӊ 506  окуучуну камтыган 102 жалпы билим берүүчү мектеп иш алып барат. 

 Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы  

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*