Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин шайлоонун регламентин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 2013-ж. 7-майдагы № 237/1 буйругу

 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин шайлоонун регламентин бекитүү жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-апрелиндеги №209 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин шайлоо тартиби жөнүндө жобонун” 8-пунктунун негизинде

БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Тиркелген “Кыргыз Республикасында мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин шайлоону өткөрүүнүн регламенти” бекитилсин,

2. Бул буйрук “Кутбилим” газетасына жарыялансын, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин сайтына жайгаштырылсын.

3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө министрдин тийиштүү орун басарына жүктөлсүн.

  

Об утверждении Регламента проведения выборов  руководителей государственных  высших учебных заведений Кыргызской Республики

 На основании пункта 8 Положения о порядке проведения выборов руководителей государственных высших учебных заведений Кыргызской Республики, утвержденного постановлением Правительства Кыргызской Республики от 19 апреля 2013 года № 209,

приказываю:

1. Утвердить прилагаемый Регламент проведения выборов руководителей государственных высших учебных заведений Кыргызской Республики.

2. Опубликовать настоящий приказ в газете «Кутбилим» и разместить на сайте Министерства образования и науки Кыргызской Республики.

3. Контроль над исполнением настоящего приказа возложить на курирующего заместителя министра.

 Министр К.Садыков

Кыргыз Республикасында мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин шайлоону өткөрүүнүн Регламенти

1. Бул регламент “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-апрелиндеги №209 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин шайлоо тартиби жөнүндө Жобонун” негизинде иштелип чыкты жана мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин шайлоону өткөрүү менен аны уюштуруунун тартибин аныктайт.

 1. ЖОЖдун жетекчисин шайлоону өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин отурумдарын өткөрүүнүн тартиби

2.  Уюштуруу комитетинин биринчи отуруму анын курамы бекитилген күндөн баштап үч күн ичинде өткөрүлөт. Биринчи отурумда төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынат:

–  уюштуруу комитетинин мүчөлөрүнүн ичинен жөнөкөй көпчүлүк добуш берүү менен уюштуруу комитетинин катчысы шайланат;

–  жождун жамаатынын жалпы чогулушун өткөрүү датасы аныкталат;

–  жождун жетекчилигине талапкерлерди көрсөтүү менен аларды каттоо мөөнөтү жөнүндө кулактандыруу массалык-маалымат каражаттарына жарыялоонун убактысы аныкталат;

– жождун жетекчилигине талапкерлерди кароо жана аларды каттоонун мөөнөтү белгиленет;

–  жалпы шайлоочулардын тизмесин түзүү үчүн уюштуруу комитетинин мүчөлөрүнөн жана жождун кызматкерлеринин ичинен жумушчу топ түзүлөт;

–  уюштуруу комитетинин экинчи отурумун өткөрүүнүн датасы белгиленет.

3.  Уюштуруу комитетинин экинчи отуруму жождун жетекчилигине талапкерди каттоо мөөнөтү бүткөн күндөн кийинки күнү өткөрүлөт. Экинчи отурумда төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынат:

– талапкерлер берген документтеринин негизинде жождун жетекчиси кызматына ар бир талапкерлерди каттоо же каттоодон баш тартуу тууралуу;

–  шайлоочулардын жалпы тизмесин бекитүү;

–  талапкерлер тарабынан үгүттөө иш-чараларынын мөөнөтүн аныктоо;

–  уюштуруу комитетинин үчүнчү отурумун өткөрүүнүн датасы белгиленет.

4.  Уюштуруу комитетинин үчүнчү отуруму шайлоо өткөрүүнүн алдында өткөрүлөт. Уюштуруу комитетинин үчүнчү отурумунда зарыл болгон учурда шайлоочулардын тизмеси такталып, жамааттын жалпы чогулушун өткөрүүнүн тартиби аныкталат.

5.   Уюштуруу комитетинин чечими уюштуруу комитетинин төрагасы менен катчысы кол койгон протокол аркылуу бекитилет.

6. Уюштуруу комитети бир күндүк мөөнөттө жождун жамаатына өзүнүн чечими жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.

 2. Талапкерди каттоо

 7. Шайлоону өткөрүү датасы аныкталгандан кийин мүмкүн болушунча кыска мөөнөттүн аралыгында массалык-маалымат каражаттарына жождун жетекчилик кызматына талапкерлерди каттоо жана шайлоонун мөөнөтү жөнүндө кулактандыруу жарыяланат.

8.  Мамлекеттик жождун жетекчиси кызматына талапкерлерди каттоо календарлык он күндөн кем эмес убакытта жүргүзүлөт.

9. Мамлекеттик жождун жетекчиси кызматына талапкерлерди каттоо үчүн уюштуруу комитетине төмөнкүдөй документтер берилиши керек:

–  мамлекеттик жождун жетекчиси кызматына талапкерди көрсөтүү жөнүндө жождун окуу жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн чечими;

–  мамлекеттик жождун жетекчиси кызматына талапкердин жеке өзүнүн арызы (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде катталуучу талапкерлер үчүн);

–  талапкердин фамилиясы, аты, атасынын аты, ээлеген кызматы, иштеген жери, жашаган жери, туулган жылы-өмүр баяндык маалыматы;

–  “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесинде мамлекеттик жождун жетекчиси кызматына талапкерлерге коюлган талаптарды тастыктаган тийиштүү документтер.

10.  Мамлекеттик жождун жетекчиси кызматына көрсөтүлгөн талапкердин берген документтери белгиленген талаптарга жооп берүүсү уюштуруу комитетинде каралат. Уюштуруу комитети талапкерди каттоо же каттоодон баш тартуу тууралуу жүйөөлү чечим кабыл алат жана бир күндүк мөөнөттө талапкерлерге жазуу түрүндө билдирет.

11.  Мамлекеттик жождун жетекчиси кызматына талапкердин каттоодон баш тартуунун негизги себептери төмөнкүлөр болушу мүмкүн:

–  мамлекеттик жождун жетекчиси кызматына талапкерге “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген талаптардын сакталбагандыгы;

–  мамлекеттик жождун жетекчисин шайлоо тартиби жөнүндөгү Жобонун 15-пунктунда көрсөтүлгөн каттоодон өтүү үчүн зарыл болгон документтердин талапкер тарабынан толук берилбегендиги.

12. Мамлекеттик жождун жетекчилик кызматына талапкер каттоодон өтпөй калгандыгы тууралуу чечимге канааттанбаса, анда ал Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга же болбосо сотко арыздана алат.

13. Мамлекеттик жождун жетекчиси кызматына талапкер добуш берүүгө эки күн калганга чейинки убакытта уюштуруу комитетине шайлоого катышпоо тууралуу жазуу түрүндө арыз берүүгө укуктуу.

14. Эгерде шайлоого катышууга белгиленген талаптарга жооп берген төрттөн кем талапкер көрсөтүлсө, анда уюштуруу комитети беш күндүн ичинде, мамлекеттик жождун жетекчиси кызматына талапкер көрсөтүүнүн жана шайлоону өткөрүүнүн жаӊы мөөнөтүн жарыялайт.

15. Шайлоого 10 күн калганга чейин мамлекеттик жождун жетекчиси кызматына көрсөтүлгөн талапкерлердин ээлеген кызматтары, илимий даражалары, илимий наамдары, кыскача өмүр баяндары көрсөтүлгөн тизмеси илинип, талапкерлерге үгүттөө иштерин жүргүзүүгө уруксат берилет.

16. Жождун жетекчиси кызматына көрсөтүлгөн талапкерлерге үгүттөө иштерин жүргүзүү мезгилинде бирдей укукту жана мүмкүнчүлүктү түзүү максатында ушул жождун жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринен, уюштуруу комитети тарабынан тандалган талапкерлер (ректор, проректорлор жана институттун директорлору) убактылуу ээлеген кызматынан  четтетилет.

 3. Жождун жамаатынын жалпы чогулушун өткөрүүнүн типтүү тартиби

 17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-апрелиндеги №209 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин шайлоо тартиби жөнүндө Жобонун” 3-пунктуна ылайык шайлоочулардын тизмелери түзүлөт жана уюштуруу комитети тарабынан бекитилет. Бир эле учурда, шайлоочулардын тизмелери менен бирге, жождун жетекчиси кызматына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси кошо илинет. Ал тизме шайлоо алдындагы үгүттөө иш-чаралары аяктаганга чейин такталышы мүмкүн.

18. Уюштуруу комитети шайлоочулардын тизмесинин тактыгына жооп берет жана тизмеде көрсөтүлгөн маалыматтарды да текшерүүгө укуктуу.

19. Чогулуш башталаар алдында бекитилген тизмеге ылайык шайлоочуларды каттоонун жыйынтыгы боюнча жождун жетекчисин шайлоону баштоо үчүн белгиленген кворумдун бардыгы аныкталат.

20. Жамааттын жалпы чогулушун уюштуруу комитетинин төрагасы ачат, жождун жамаатына шайлоону өткөрүү боюнча жүргүзүлгөн даярдык иштер тууралуу маалымат берет, кворумдун бар же жок экендигин билдирет, жождун жетекчиси кызматына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин окуйт, талапкерлердин жана жождун жамаатынын өкүлдөрүнүн чыгып сүйлөөсүнүн регламентин сунуштайт.

21. Жалпы чогулушта жождун жетекчиси кызматына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси ачык добуш берүү менен бекитилет.

22. Талапкерлерге жана жождун жамаатынын өкүлдөрүнө сөз сүйлөөгө убакыт берилет.

23. Эсептөө комиссиясынын сандык жана персоналдык курамы жамааттын жалпы чогулушунда ачык добуш берүү менен бекитилет. Талапкерлердин ар бири эсептөө комиссиясынын курамына өз өкүлдөрүн сунуштоого укуктуу. Эсептөө комиссиясынын курамы тизме менен же персоналдуу түрдө бекитилиши мүмкүн. Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү комиссиянын төрагасын, катчысын шайлайт, тиешелүү милдеттерин бөлүштүрөт. Аталган чечим №1 протокол түрүндө аныкталат.

24. Уюштуруу комитетинин төрагасы эсептөө комиссиясына добуш берүү үчүн даярдалган бюллетендерди өткөрүп берет жана добуш берүүнүн тартибин жарыялайт.

25. Шайлоо бюллетендери уюштуруу комитети тарабынан бекитилген шайлоочулардын санына жараша мамлекеттик тилде жана расмий тилде компьютердик ыкма менен даярдалат. Шайлоо бюллетендери жождун иш кагаздарын жүргүзүүчү бөлүмдүн мөөрү менен тастыкталып, анын арткы бетинде уюштуруу комитетинин төрагасы менен катчысынын колу коюлат. Бюллетенге жождун жетекчилик кызматына көрсөтүлгөн талапкерлер алфавиттик тартипте тизмеге киргизилет.

26.    Эгерде белгиленген мөөнөттө жамааттын жалпы чогулушуна тизмедеги шайлоочулардын жарымынан азы катышса, анда ошол күнү уюштуруу комитети жалпы чогулушту өткөрүүнүн жаӊы датасын белгилейт. Мындай жагдайда, жамааттын кезектеги жалпы чогулушу бир жуманын ичинде өткөрүлүшү керек.

27. Эгерде тизмедеги шайлоочулардын теӊинен көбү шайлоодо добуш берүүгө катышса, анда жамааттын жалпы чогулушунун чечими жарактуу деп эсептелинет.

 4. Добуш берүүнүн тартиби

 28. Добуш берүүнүн астында добуш берүү бюллетендери салына турган кутуча текшерилет, пломба коюлуп, уюштуруу комитетинин төрагасынын жана эсептөө комиссиясынын төрагасынын колу коюлуп, жождун мөөрү басылат.

29.  Ар бир шайлоочу жекече добуш берет, башка бирөөлөр үчүн добуш берүүгө жол берилбейт. Шайлоочу өз жарандыгын тастыктаган тиешелүү документин көрсөткөндөн кийин гана шайлоо бюллетени берилет, шайлоочу шайлоочулар катталган тизмеге кол коёт.

30. Добуш берүү аяктаганын уюштуруу комитетинин төрагасы жарыялайт. Пайдаланылбаган бюллетендер, эсептөө комиссиясы аркылуу бюллетендер салынган кутуча ачылганга чейин эсептелинет жана жараксыз абалга келтирилет. Таратылган, пайдаланылбаган жана жараксыз абалга келтирилген бюллетендердин саны көрсөтүлүп, №2 протокол түзүлөт.

31. Бюллетень салынуучу кутучаны добуш берүү аяктаганга чейин ачууга тыюу салынат.

32.  Добуш берүү бюллетендерин эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан добуш берилген имараттан чыкпастан, ачык-айкын жана дем алышсыз саналат.

33. Жараксыз бюллетендер өзүнчө санактан өтөт, ал тууралуу жазуу добуш берүүнүн жыйынтык протоколуна киргизилет. Кимге добуш берилгени билинбеген (бир дагы графага белги коюлбаса же бир нече графага белги коюлса), жождун мөөрү басылбаган, уюштуруу комитетинин төрагасынын жана анын катчысынын колу коюлбаган же формасы мурда бекитилген формага дал келбеген бюллетендер жараксыз деп табылат.

34. Эсептөө комиссиясы кутучадагы бюллетендердин негизинде, жождун жетекчиси кызматына ар бир талапкерине “макул” деп берилген добуштун, добуш берүүгө катышкан жалпы шайлоочулардын санын аныктайт.

35.  Добуш берүүнүн жыйынтыгы берилген добуштарды эсептөөнүн негизинде аныкталып, №3 протокол менен тастыкталат.

36.  Эсептөө комиссиясынын төрагасы жамааттын жалпы чогулушунун кароосуна шайлоонун жыйынтыгы жөнүндөгү №1, №2, №3 протоколдорун окуп берет, ал протоколдор жөнөкөй көпчүлүк добуш менен бекитилет.

37. Уюштуруу комитети бир күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга шайлоо протоколунун түп нускасы менен шайлоонун жыйынтыгында эӊ көп добуш алган үч талапкердин тизмесин жөнөтөт.

 

Регламент проведения выборов руководителей государственных высших учебных заведений Кыргызской Республики

1. Настоящий Регламент разработан в соответствии с Законом Кыргызской Республики «Об образовании» и Положением о порядке проведения выборов руководителей государственных высших учебных заведений Кыргызской Республики, утвержденным постановлением Правительства Кыргызской Республики от 19 апреля 2013 года № 209, и определяет порядок организации и проведения выборов руководителей государственных высших учебных заведений.

 1.Порядок проведения заседаний организационного комитета по проведению выборов руководителя вуза

 2. Первое заседание оргкомитета проводится в течение 3 дней с момента утверждения его состава. На первом заседании принимаются следующие решения:

– из числа членов оргкомитета простым большинством голосов избирается секретарь оргкомитета;

– определяется дата проведения общего собрания коллектива вуза;

– устанавливаются сроки размещения в средствах массовой информации объявления о сроках выдвижения  и регистрации кандидатур  на  должность  руководителя вуза;

– устанавливаются сроки регистрации и рассмотрения кандидатов на должность руководителя вуза;

– из числа членов оргкомитета и работников вуза создается рабочая группа для формирования общего списка избирателей;

– назначается дата проведения второго заседания оргкомитета.

3. Второе заседание оргкомитета проводится на следующий день после истечения срока регистрации кандидатов на должность руководителя вуза. На втором заседании принимаются следующие решения:

– о регистрации или об отказе в регистрации каждого из кандидатов на должность руководителя вуза на основании представленных документов;

– утверждение общего списка избирателей;

– определяются сроки проведения агитационных мероприятий кандидатами;

– назначается дата проведения третьего заседания оргкомитета;

4. Третье заседание оргкомитета проводится перед проведением выборов. На третьем заседании по необходимости уточняются списки избирателей, определяется порядок проведения общего собрания коллектива.

5. Решения оргкомитета оформляются протоколами, подписываемыми председателем и секретарем оргкомитета.

6. Оргкомитет обязан в однодневный срок информировать о своих решениях коллектив вуза.

 2.Регистрация кандидатов.

 7. После определения даты проведения выборов руководителя вуза в возможно более короткий срок в средствах массовой информации размещается объявление о сроках выдвижения  и регистрации кандидатур  на  должность  руководителя вуза.

8. Регистрация кандидатов на должность руководителя вуза проводится не менее 10 календарных дней.

9. Для регистрации кандидата на должность руководителя государственного вуза в оргкомитет представляются  следующие документы:

– решение учебного или структурного подразделения вуза о выдвижении кандидата на должность руководителя государственного вуза;

– личное заявление кандидата на должность руководителя государственного вуза (для кандидатов, регистрирующихся в порядке самовыдвижения);

– биографические данные кандидата с указанием его фамилии, имени, отчества, даты рождения, места работы, занимаемой должности и места жительства;

– соответствующие документы, подтверждающие требования, предъявляемые к кандидату на должность руководителя государственного вуза согласно статье 38 Закона Кыргызской Республики “Об образовании”.

10. Кандидатуры, выдвинутые на должность руководителя вуза, после подачи документов рассматриваются оргкомитетом на соответствие установленным требованиям. Оргкомитет принимает решение о регистрации кандидата либо мотивированное решение об отказе в регистрации, которое доводится до сведения кандидата в однодневный срок в письменной форме.

11. Основаниями отказа в регистрации кандидата на должность руководителя государственного вуза могут быть:

– несоблюдение требований к кандидату на должность руководителя государственного вуза, установленных Законом Кыргызской Республики «Об образовании»;

– непредставление кандидатом всех необходимых для регистрации документов, указанных в пункте 15 Положения о порядке проведения выборов руководителей вузов;

12. Решение об отказе в регистрации кандидата на должность руководителя государственного вуза может быть обжаловано в уполномоченный государственный орган в области образования Кыргызской Республики  или суд.

13. Кандидат на должность руководителя вуза вправе в любое время до окончания срока регистрации отказаться от дальнейшего участия в выборах, подав письменное заявление об этом в оргкомитет.

14. Если для участия в выборах были выдвинуты менее четырех кандидатур, отвечающих установленным требованиям, то оргкомитетом в течение пяти дней объявляются новые сроки выдвижения кандидатур и проведения выборов руководителя вуза.

15. За 10 дней  до выборов вывешиваются списки кандидатур на должность руководителя с указанием занимаемой должности, ученой степени, ученого звания, краткой автобиографии и разрешается проведение кандидатами агитационных мероприятий.

16. В целях создания равных прав и возможностей кандидатурам,  выдвинутым на должность руководителя вуза, в период проведения агитационных мероприятий отобранные оргкомитетом кандидатуры из числа руководителей данного вуза и его  структурных  подразделений  (ректоры,  проректоры,  директора институтов и др.) временно отстраняются от исполнения своих обязанностей.

 3.Типовой порядок проведения общего собрания коллектива вуза.

 17. Списки избирателей составляются и утверждаются оргкомитетом в соответствии с пунктом 3 Положения о порядке проведения выборов руководителей высших учебных заведений, утвержденного постановлением Правительства Кыргызской Республики от 19 апреля 2013 года № 209. Списки избирателей вывешиваются одновременно со списками кандидатов на должность руководителя вуза. До окончания срока проведения агитационных мероприятий списки могут уточняться.

18. Оргкомитет несет ответственность за достоверность списков избирателей и имеет право осуществить проверку достоверности сведений, указанных в списках.

19. Перед началом собрания проводится регистрация избирателей в соответствии с утвержденными списками, по итогам которой устанавливается наличие кворума для начала выборов руководителя вуза.

20. Общее собрание коллектива открывает председатель оргкомитета, который информирует коллектив вуза о проделанной подготовительной работе по проведению выборов, сообщает о наличии либо отсутствии кворума, зачитывает список кандидатов на должность руководителя вуза, предлагает регламент выступлений кандидатов и представителей коллектива вуза.

21. Открытым голосованием общее собрание утверждает список кандидатов на должность руководителя вуза.

22. Предоставляется время для выступлений кандидатов и представителей коллектива вуза.

23. Количественный и персональный состав счетной комиссии утверждается общим собранием коллектива открытым голосованием. Каждый из кандидатов на должность руководителя вуза имеет право предложить своих представителей в состав счетной комиссии. Состав счетной комиссии может быть утвержден по списку, либо персонально. Члены счетной комиссии избирают председателя и секретаря комиссии, распределяют обязанности. Данное решение оформляется протоколом №1.

24. Председателем оргкомитета в счетную комиссию передаются бюллетени для голосования, и объявляется порядок проведения голосования.

25. Избирательные бюллетени изготавливаются компьютерным способом на государственном или официальном языках по количеству избирателей, включенных в утвержденные оргкомитетом списки. Избирательные бюллетени заверяются канцелярской печатью высшего учебного заведения и подписями председателя и секретаря оргкомитета с обратной стороны. В бюллетень включаются кандидаты на должность руководителя вуза в алфавитном порядке.

26. Если в назначенный срок в общем собрании коллектива участвовало менее половины списочного состава избирателей, то оргкомитетом в этот же день назначается новый срок его проведения. Очередное  общее собрание коллектива в данном случае должно быть проведено в течение недели.

27. Решение общего собрания является действительным,  если в голосовании участвовало более половины списочного состава  избирателей.

 4. Порядок голосования

 28.    Перед голосованием ящик для голосования проверяется, пломбируется и опечатывается печатью вуза за подписью председателя оргкомитета и председателя счетной комиссии.

29. Каждый избиратель голосует лично, голосование за других лиц не допускается. Избирательный бюллетень выдается при предъявлении документа, удостоверяющего личность, избиратель расписывается в списке избирателей.

30. Окончание голосования объявляется председателем оргкомитета. Неиспользованные избирательные бюллетени подсчитываются и погашаются счетной комиссией до вскрытия ящика для голосования. Составляется протокол №2, в котором указывается количество розданных бюллетеней, количество неиспользованных и погашенных бюллетеней.

31. Вскрытие ящика для голосования до окончания голосования запрещается.

32. Подсчет голосов осуществляется открыто и гласно, исключительно членами счетной комиссии и проводится в помещении для голосования без перерыва.

33. Недействительные бюллетени подсчитываются отдельно, и запись о них вносится в протокол итогов голосования. Недействительным является бюллетень, по которому невозможно определить волеизъявление голосовавшего (не отмечена ни одна графа, отмечен более, чем один кандидат), отсутствует печать вуза, подписи председателя и/или секретаря оргкомитета, или если бюллетень не соответствует утвержденной форме.

34. На основании бюллетеней, находящихся в ящике для голосования, счетная комиссия устанавливает общее число избирателей, принявших участие в голосовании, число голосов, поданных “за” каждого из кандидатов на должность руководителя вуза.

35. По результатам подсчета голосов определяются итоги голосования, которые оформляются протоколом №3.

36. Председатель счетной комиссии зачитывает протоколы №1-3 об итогах выборов, которые утверждаются общим собранием коллектива простым большинством голосов.

37. Оргкомитет в однодневный срок направляет в уполномоченный государственный орган в области образования Кыргызской Республики оригинал  протокола выборов и список трех кандидатов, получивших по итогам выборов наибольшее количество голосов.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*