МЕКТЕП БАРДЫК ТАРАБЫНАН ТАЗА БОЛУУГА ТИЙИШ

Мектеп куттуу жай. Мында бардыгы жакшы болууга тийиш. Бирок турмушта ар кандай пендечиликтер боло берет экен. Директорлукту талашкан, мансапка тамшанган, татыктуу тарбия, жугумдуу сабак өтпөгөн айрым саналуу мугалимдерден эмнени күтсө болот. Мектептеги башаламандуулукту уюштурган мугалимдерди кайсыл окуучу сыйламак эле. Мугалимдин күзгүсү – окуучу. Заманага жараша окуучулардын кабылдоосу, байкоосу,  зиректиги да башкача боло баштады. Биз, мугалимдер, ар дайым алдыда жүрүшүбүз парз.

Сабакты жакшы түшүн-дүрбөгөн, мектепте кирди-чыкты, 45 минутаны толук өтпөгөн мугалимдерге окуучулардын салам айтпаганы чындык. Мугалимдердин арасында пикир келишпестикти байкашкан окуучулардын ошого жараша жүрүм-турумдары да өзгөрөт. Ошондуктан  окуучуга да, мугалимдерге да бекем талап керек. Жетекчиликке кызыкпай жеткиликтүү иштешке умтулуш керек. Иш жылыш үчүн жетекчи өзү үзүрлүү иштерди жасоого тийиш. Айрыкча мектеп администрациясы жамаатка «жагам,  кызмат ордуму эптеп сактайм» деген аракетти жасабаш керек. Анан да кокустан, айрымдар менен жылуу маанайда сүйлөшүп койсоӊ, эртеси сабакта жок. Тийип качып жүрсө саатын, сабактарын, класс арасындагы тарбиялык иштерди ким аткарат?

«Жакшы көрүнөм» деп убактылуу чай-майына кызыккан жетекчиден майнап жок. Жетекчилик жыргаганга коюлбайт, мектептин тарбия, билим берүүсүн алдыга жылдырыш үчүн коюлат. Жетекчи өзү жамааттын алдында жеткиликтүү иштеши керек. Кабинеттик системада сабак бериш керек. Окуучуга жаттама билим бербестен, логикасын, кабылдоосун өстүрө алган, келечегин аныктай алган билим бергенибиз оӊ. Ар бир мугалим, талап менен иштебей, талант, чыгармачылык изденүү менен иштөөнү коом талап кылып турат.

Мугалим айлыкты эӊсебей, окуучунун келечегине кам көрүүсү абзел. Сумканы көтөрүп, класс, кабинеттердин иреттүүлүгүн колго албай, окуучуларга тарбия ишин тереӊ жүргүзбөгөн мугалим «жаш пенсионер»  десем жаӊылбайм. Мугалимдер жамаатына айтып калам: – жашыӊарды эсептебей, жасаган ишиӊерди эсептегениӊер оӊго”, – деп.

«Жыл мугалимине» барып, талантыӊарды, билимдерди, тиешелүү жетекчилерге, элге, чыгаан мугалимдерге көрсөтүп  келгиле десем, «мен барам» деген мугалимдерди аз көрөм. Окуучуну алдагандай, эптеп-септеп, сылап-сыйпап жатып зорго жибересиӊ. Андай мугалимден кайдан ийгилик жаралмак эле. Муну жаш мугалимдерге насаат катары айтып жатам.

Маяна көбөйгөнү менен, өмүр баянын жаза албаган мугалимдер көп экенине кейийм. Албайын десеӊ ошол предметтен мугалим жетишпей калат. «Миӊ кошчуга бир башчы» дегендей, жетекчи күчтүү болбосо, мугалим жамаатынын жана мектептин иши жайлайт. Талапка чыдай албагандар арыз жазат. Арыз жазгандар жалкоолор. «Жалкоодон жаа бою кач», «жалкоо жарыбай жүрүп өтөт», «жалкоого талапты койсоӊ миӊ шылтоо»  дегенге барып такаласыӊ. «Айлык десе алаӊ-булаӊ, чегерилген предметтик сабактарыӊды тыӊдап өт»  десеӊ, ийри-буйру болгондор арбып  баратат.

Бөздүн изи калбайт, ак эмгек маӊдай терден жасаган эмгектин изи, көөлөсө да өчпөйт. Мисалы: мен үч жыл жетекчи болуп иштедим. Жаӊы пальто кийгим келбеди, а бирок үч этаж мектебиме жаӊы иштерди жасадым деп  элимде жана билим-тарбия алып жаткан окуучуларыма эркин тиктей алам. Абалы  жасаган ишимдин айрымдарына эле токтоло кетейин.

Мектептин короосунун дарбазасы түндүктү карайт. Дарбазанын алды эӊкейиш. Жамгыр жааганда, кышкысын тырмышып киребиз, окуучулар муз тээп түшүп кетишчү. Ошол жерге  үч жолу 60 тонналык камаз машинасы менен кум төккөндөн кийин түзөлө түштү. Мектептин түндүк чыгышында 40 сотукка жакын жер бар эле, шыбак өсчү, таштандылар жатчу. Ал жерди өздөштүрүп, терек, кара жыгач, бадалдарды отургуздук. 1500дөй көчөт бар. Педагогикалык жамааттын жана Жалал-Абад областынын администрациясынын, коомдук уюмдардын жардамы менен мектепти оӊдоп чыктык. Ошентип, окуучулар билим-тарбия алган билим бешиги – мектеп көркүнө чыга келди.

Көп иштерди жасадык. Анын барын бул жерде мактангансып айтпай эле коеюн. Муну эл билет. Көрүп турат. Мектепте ынтымак болбосо, кайдагы сапаттуу билим.

Мектепти койкойтуп койсом, тегерегиндеги курган кыргызым, эми «улашкан топ» депутаттарын кошо уюштуруп директорду жаалап жүрүшөт. Мен бул мектепте 37 жылдан бери эмгектенем. 20 жыл директордун орун басары, он беш жыл завуч,  үч жыл директор болуп иштеп келе жатам. Мектептин мурдагы директору өз арызынын негизинде түшкөн. Мени менен иштешкендердин 70 пайызы жаштар. Улуу муундар жаштарга насаат айткандын ордуна көп учурда арызчылдыкка үйрөткөнү өкүнтөт.

Эмгекчи кишиде тубаса эргүү болот. Андай адамдардын аракетин окуучулардын келечеги үчүн пайдаланып калыш керек.

Сын, чындык ачуу болгону менен келечектеги жолу кенен. Жасалма сөз, жасалма иш жан жыргатпайт эмеспи. Ошондуктан мектеп бардык жагынан таза болушу үчүн өзүбүз да таза болушубуз керек экен.

Күлүйпа Усенова, Токтогул району, Үч-Терек айыл округу. №29 М.Нургазиев атындагы орто мектебинин директору, КР эмгек сиӊирген мугалими.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*