Ош МСУ жетекчилиги кароосуз балдарга кам көрдү

1-июнь – Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнө карата Ош мамлекеттик социалдык университетиндеги гуманитардык-педагогика факультетинин жамааты Ош шаарындагы “Алтын уя” балдар үйүндөгү тарбиялануучуларга майрамдык концерт уюштурушту.

Бул күнү окуу жайдын ректорунун милдетин аткаруучу М. Орозбеков өз сөзүндө студент кезиндеги В. Ленин атындагы комсомол сыйлыгын алганын, ал сыйлыгынын жарымына балдар үйүнө белек алып бергенин айтып берип, балдардын келечеги,  алардын мыкты тарбияланышы үчүн деп акчалай жардам көрсөттү. Иш-чаранын алкагында атайын балдар үйүнө жардам көрсөтүү максатында марафон да өткөрүлдү. Майрамдык иш-чараны өткөрүүдө гуманитардык-педагогикалык факультетинин улук окутуучусу Мавлюда Курганбаева  менен ушул факультеттин 2-курсунун студенттери  демилге көтөрүшкөн. “Алтын уя” балдар үйүнүн жетекчиси Тамара эжей да чыгып сүйлөп, окуу жайдын жетекчилигине жана жалпы уюштуруучуларга ыраазычылыгын айтты. Андан соӊ балдар студенттер аткарган оюн-зоокторго күбө болушуп, алардын белектерине ээ болушту. Бул тууралуу Ош МСУнун маалымат кызматы билдирди.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*