ОшМУда “Ачык эшиктер күнү” өттү

Ош мамлекеттик университети абитуриенттер жана жалпы каалоочулар үчүн “Ачык эшиктер күнүн” уюштурду.

ОшМУнун кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Насыралы Батыров  иш-чарага Ош, Баткен жана Жалал-Абад областтарынан 500гө жакын мектеп окуучулары, кесиптик окуу жайларынын студенттери, ата-энелер жана мектеп мугалимдери катышканын маалымдады.

Чогулушта университеттин ректору Каныбек Исаков даӊктуу, барктуу тарыхы бар университет алтын туурунан жылына миӊдеген жаштарга өнөр, билим берип чоӊ турмуш жолуна аттандыраарын, аймактагы бийиктикке умтулган жаштар ОшМУ менен келечегин кураарын баса белгиледи. Андан соӊ ар түрдүү программалар менен чет өлкөлөрдө окуп келишкен жана алыскы чет өлкөлөрдөн келип окуп жаткан ОшМУнун студенттери дагы сөз сүйлөштү. 40 жылдан бери мектепте иштеп мугалимдик кесиптен чоӊ кадыр тапкан, ОшМУнун  биринчи бүтүрүүчүсү К. Жунусов  бардык балдар-кыздарын ушул куттуу окуу жайдан билим алдырып, мугалимдик кесипти аркалап жүрүшкөнүн айтып, жаштарды мугалим болууга, бул окуу жайдан билим алууга чакырды.

“Ачык эшиктер күнү” ОшМУнун таланттарынын концерти жана “Жаш дизайнерлер” тобунун жазгы жаӊы коллекцияларынын көргөзмөсү менен коштолду.

Күндүн экинчи жарымында коноктор университеттин материалдык-техникалык базасы жана факультеттери, билим алуудагы түзүлгөн мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып, кызыккан суроолоруна жооп алышты.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*