Түрк дүйнөсүнүн агартуучуларына арналды

2013-жылдын 15-19-май  арасында Азербайжан Республикасынын Баку шаарында Кавказ университети менен Мехмет Акиф Эрсой жана Искусствочулар Вакфнын (Түркия) тарабынан уюштурулган “Түрк дүйнөсүнүн агартуучулары Мехмет Акиф Эрсой жана Хусейин Жавит” аталыштагы эл аралык симпозиум  болуп өттү.

 Мехмет Акиф Эрсой (1872-1937) түрк элинин белгилүү акыны Түркия Республикасынын гимнинин автору (1921), Ыйык Куранды түрк тилине которгон даӊазалуу инсан, ал эми Хусейин Жавит (1882-1941) болсо Азербайжандын эл акыны, жазуучу жана драматург «Шейх Санан» (1914) «Сиявуш» (1933), «Хайям» (1935) драмаларынын, “Азер” (1937) поэмасынын автору. Сталиндик репрессияга кабылып курман болгон. Экөө теӊ түрк дүйнөсүнүн ааламга атын чыгарган адамдардан. Симпозиумдун ишине Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Түрк цивилизациясын изилдөө борборунун директорунун орун басары, тарых бөлүмүнүн профессору Дөөлөтбек Сапаралиев катышып келди.

– Симпозиумдун ишине 12 өлкөдөн (Азербайжан, Түркия, Казакстан, Кыргызстан, Кипр Түрк Республикасы, Крым Автоном Республикасы, Сербия, Македония, Египет, Өзбекстан, Татарстан, Туркменистан) 103 окумуштуу жана чыгармачыл адамдар катышышты. 18 отурумда 100дөн ашуун докладдар угулду. Отурумдар жандуу баарлашууда өтүп жатты, суроолорго толук ынанымдуу жооптор алынды, – дейт симпозиумга Кыргызстандан барып катышып келген  окумуштуу Д.Сапаралиев биз менен болгон маегинде.

“Түрк дүйнөсүнүн агартуучулары Мехмет Акиф Эрсой жана Хусейин Жавит” аталыштагы эл аралык симпозиумдун катышуучуларынын орток билдирүүсү кабыл алынды. Анда симпозиумдун ишин жыйынтыктоочу маалыматтар менен бирге түрк дүйнөсүнө агартуучулук үзүрлүү эмгектерин көрсөтүшкөн Мехмет Акиф Эрсой жана Хусейин Жавиттин баскан жолдору, мекенчилдиги өрнөктүүүлгү деп айтылды.

– Симпозиум тиешелүү уюшкандыкта, жогорку деӊгээлде өттү. Мен Кыргызстандын атынан уюштуруучулардын курамында болдум. Симпозиумдардын уюштуруу жана илимий иштерине жигердүү катышуум менен “Түрк маданиятына, искусствосуна жана адабиятына кошкон салымы үчүн” деген Мехмет Акиф Ерсой жана Искусствочулар Вакфы тарабынан ыраазычылык плакети менен сыйландым. Мындай илимий форумдардын мезгил-мезгили менен өтүшү биз үчүн да өтө маанилүү. Анткени бир тууган-боордош элдерибиздин чыгаан инсандарынын эмгектерин изилдеп, билүү менен бирге алардын руханий мурастарын аздектөө маданиятыбызды өркүндөтүп, түбү бир тамырларыбыздын тереӊдигин биле жүргөнгөөбөлгө түзмөкчү, – деди Д.Сапаралиев өз сөзүндө.

 М.ТОКТОРОВ, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*